Киргизско-русский словарь Юдахина
кар I
снег;
кар жаады или кар түштү выпал снег;
сары кар снег, выпавший в горах ранней весной или в конце лета;
казан асып, кар салган, катын алып, үй тиккен кары, жаштан калбасын фольк. пусть не останется никто из живущих своим домом (букв. никто из тех, кто прилаживает котёл, кладя снег, кто женился и поставил юрту - стар и млад);
казан асып, кар салып фольк. исполняя чёрную работу по кухне (букв. прилаживая котёл и кладя в него снег; в горных местах киргизы часто бывали вынуждены вместо воды оттаивать снег);
кызыл кар жааганда когда рак свистнет (букв. когда выпадет красный снег);
кар баскан каких-л. лет (о возрасте самцов некрупных животных: собаки, барана, козла, косули и т.п.; в переносном смысле говорят и о человеке);
эки кар баскан
1) двухлетний;
2) бывалый, хитрый;
алты кар баскан калтар шестилетняя чернобурая лисица;
отуз кар бастың мал менен орошон, курбум Абдылда стих. . тридцать лет подряд жил ты, мой сверстник Абдылда, со скотом (т.е. был пастухом);
кар таштоо бросание записки (в старом быту среди представителей верхушки: при первом снеге другу, знакомому посылалась записка с извещением об этом явлении; вручив записку, посланный должен был убежать; если это ему удавалось, угощение устраивал получивший записку, в противном случае - написавший её).
кар II
ир.
испытывающий унижение, находящийся в пренебрежении, терпящий оскорбления;
кар бол- испытывать унижение, быть в пренебрежении;
өлгүчө эштемеден кар болбоду он до самой смерти не знал нужды и унижения;
кар кыл- унижать, оскорблять;
каары ашкан жан болду, кайран элди кар кылып фольк. он был свиреп сверх меры, унижал он бедный народ.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кыш мезгилинде түшө турган атмосфералык жаан-чачын жана кыш күндөрүндө жер бетин каптап жаткан ушул жаан-чачындын тутаан массасы. Быйыл кыш эрте түшүп, кар калың жаады (Убукеев).
Сары кар — жаз алдында жааган тез эрүүчү кар. Сары кар түшүп, эки күндөй жатты (Сыдыкбеков). Кыламык кар абдан жука, аз түшкөн кар. Ошол түнү кыламык кар жааган (Каимов). Кар баскан (бир кар баскан, эки кар баскан..) — айрым жаныбарлардын жаш эсебин туюндуруу үчүн колдонулат (канча кар баскан болсо, анын жашы да ошончо болууга тийиш). Эки кар баскан ит.
КАР II сын. Кордук тарткан, муктаждык, кордук көргөн. Кар болуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ак түстөгү, кристалл түрүндөгү кышкы атмосфералык жаан-чачын, кыш күндөрүндө жер бетин каптап жаткан ушундай жаан-чачындын туташ массасы. Жаш кар аңчылык үчүн абдан ыңгайлуу (Каимов). Тоонун агарган кары, жалтыраган музу алыстан көздү уялтат (Сыдыкбеков). Ак кар, көк музда үйүңүздөн кубалашыңыз кандай (Жантөшев). 2. өт. Туура эмес, туруктуу эмес. Кайнаган кытай дини кар («Манас» С. О.). Каапырдын дини кар экен («Манас» С. О.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кордук, муктаждык, азапка салган кыйын абал, оор шарт. Бул уулуң чоңойсо, Акылбек келгенче кар болбойсуң, аяш! (Жантөшев). Чама чарчап, ал кетип, Байкуш чоро кар болгон («Сейтек»). Талатып малын түгөтүп, Акыры өзүн кар кылды (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина

кара I
1. чёрный; вороной; брюнет; бурый (о верблюде, у которого только чууда (см.) чёрная);
кара ат вороной конь;
кара кой чёрная овца;
кара буура бурый верблюд (жеребец);
кара ала чёрно-пегий, чёрно-пёстрый;
кара чаар чёрно-пёстрый;
кара боз см. боз I 1;
кара тору тёмно-гнедой (о масти); смуглый (о лице);
кара көз чёрный глаз; черноглазый;
көздүн карасы см. көз 1;
2. силуэт, очертания;
алыстан бир кара көрүндү вдали (неясно) показался какой-то предмет;
булбулдан чечен бир куш жок, тырмактай-ак карасы погов. нет птицы красноречивее соловья, а величиной он только с ноготь; мал золотник, да дорог;
3. без примеси чего-л.;
кара кесек или кара мясо (без жира, хотя бы и от жирного животного);
кесерге карасы жок (о скоте, мясе) сплошной жир, очень жирный;
бир жеринде кара жок - бүткөн бою баары май фольк. (у перепёлки) нет нигде мяса, всё туловище её - жир;
кара шамал ветер без осадков;
кара суук сухой мороз;
кара токоч сухой хлеб (без масла, молока);
кара бороң см. бороң;
кара жарыш см. жарыш I 1;
4. перен. опора;
кара кылып отурган жалгыз уулум мой единственный сын, на которого я возлагаю надежды;
эзелден эркек бала жок, сенден башка кара жок фольк. у меня (до этого) никогда не было сыновей, (а потому) кроме тебя (у меня) нет опоры;
как талаада калып, көзүмдөн кара учуп отурат остался я (один) в дикой степи и остро почувствовал отсутствие помощника, спутника;
5. перен. письменность, грамота;
кара тааныбайт неграмотный;
6. что-либо скверное, отрицательное; ложь, неправда;
акка кара иштесе, өзү көрөт залалды фольк. если он на добро ответит злом, то сам пострадает;
кара көңүл или кара жүрөк
1) нечестный;
2) жестокий;
ак ийилет, кара сынат погов. правда гнётся, кривда ломается;
кара жоо коварный враг;
кара ооз бран. скверный, пакостный рот;
кара оозуңа кан толгур! чтоб твой пакостный рот кровью наполнился!;
кара балакет беда неизбывная;
кара мүртөз безжалостный;
кара сана- злоумышлять;
7. траур (по мужу); горе, печаль;
кара кий- надеть траур;
кара тут-быть в трауре, соблюдать траур;
кара аш этн. поминки в день смерти;
кара болбо не горюй, не печалься;
8. миф. злой дух, нечистая сила;
кара бастыбы сени? нечистый тебя задавил, что ли? (где ты запропастился?);
кара баскыр! или кара бас! чтоб тебя (его) нечистый задавил!;
9. виновный, обвинённый;
ак жерден кара болду он оказался без вины виноватым;
ак карасын текшерип разобравшись в том, прав он или виноват;
иши акпы, карабы - текшербеген он не разбирал, справедливо дело или несправедливо;
карасы бетке тартылды фольк. его вина (преступность, позор) начертана на лице;
10. крупный скот (лошади, коровы);
бир карасы бар у него есть корова;
калың берип, кара чачып алган катыны эле это была его жена, за которую он дал калым и щедро расходовал скот (на угощение);
11. ист. простолюдин;
кара калык простой народ, простонародье;
карадан тууган рождённый от простолюдина, простого происхождения;
кара орус ист. русский крестьянин;
кара дыйкан южн. крёстьянин-бедняк;
12. простой, безыскусственный;
кара сөз проза, прозаическая речь;
карып болгон кандырмын, кара жез болгон зардырмын фольк. я хан, ставший бесприютным, я золото, ставшее простой жестянкой;
кара алачык бедная юрта (см. алачык);
13. (в эпосе) простое, фитильное ружьё;
чын бадана торгой көз бараңдын огу батпаган каранын огу какпаган фольк. настоящий кованый панцирь - пуля пистонного ружья (в него) не проникает, пуля фитильного ружья (его) не пробивает;
14. ист. распространённый эпитет раба, рабыни;
тогуз кара кул, тогуз кара күң менен мал башынан миңдеп-миңдеп байге берилген устраивались скачки с призом в два раба, две рабыни и тысячи голов скота;
15. (часто в сочетании с калың I) множество, масса;
орчун кара кол большое, многочисленное войско;
үчүнчү салам айта бар калың кара элиме фольк. третий привет передай моему миогочисленному народу;
кара аламан, кара журт простой народ, народная масса;
16. южн. не покрытое снегом место в горах;
кара тартып в поисках не покрытого снегом места (напр. о горной. куропатке зимой);
жүрөгүндө кара жок
1) (о богатыре, скаковом коне) настоящий (по старым народным представлениям, у настоящего богатыря, а также у хорошего скакового коня сердце сплошь покрыто жиром; "чернинка" - непокрытое жиром место - считается дефектом);
атасы Садырдын жүрөгүнүн башында эки эли жери кара, баласы Доскулунун жүрөгүндө кара жок, баары да май экен фольк. у отца, у Садыра, на тупом конце сердца "чернинка" в два пальца (см. эли), а у сына его, Доскулу, "чернинки" нет, сплошь жир (т.е. сын превосходит отца в богатырских качествах);
туягында тура жок, жүрөгүндө кара жок фольк. (о коне) в копыте у него нет (излишне отросшей) стрелки, на сердце у него нет "чернинки";
2) на сердце у него нет лукавства;
катыкдын карасы ист. вира вдове за убитого мужа;
эртеден кара кечке с утра до поздней ночи;
кара шрифт жирный шрифт;
кара башыл киши человек, живой человек;
кара башыл кишини байгеге саяр ою бар фольк. у него есть намерение выставить в качестве приза на скачках живого человека;
кара көө южн. куколь;
кара таман см. таман 1;
кара күчкө см. күч;
кара кашка кедей см. кедей I 1;
кара желин см. желин;
кара борчо см. борчо.
кара- II
1. смотреть, глядеть; осматривать; обращать внимание; смотреть за кем-л., заботиться о ком-л.; ждать, ожидать;
асманды карады он посмотрел на небо;
жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара погов. не смотри на самого молодца, а смотри на то, что он говорит;
бала чоңоюп, ата-энесине карабай кетпейт ребёнок, став взрослым, не может не заботиться о родителях;
жер кара-
1) смотреть вниз; опустить голову, понурить голову;
катын эрди карайт, ар жерди карайт погов. если жена на мужа взглянет (намекая на нехватки. в доме), муж голову опустит;
жер карабай, ачык-айрым жүрөт он голову не вешает, ведёт себя бодро;
2) перен. быть пристыженным, посрамлённым;
жер карабасаңар эле болду хорошо, если вам не придётся краснеть;
абаны карай вверх, в воздух;
абаны карай атты он выстрелил вверх, в воздух;
эшик жакты карады он посмотрел в сторону двери (обратив внимание);
эшик жакка карады он повернулся лицом к двери;
мени карап глядя (именно) на меня;
мага карап
1) посмотрев на меня (не имея именно меня в виду);
2) направляясь ко мне;
ала караган алыска барбайт погов. кто лицеприятно смотрит, тот далеко не уйдёт (напр. о начальнике, неодинаково относящемся к подчинённым);
2. прям. , перен. иметь направление;
базарга карай или базарга карап в направлении базара;
төрт дөңгөлөгү асманды караган машина (авто) машина, перевернувшаяся вверх колёсами;
жаңы ийгиликтерге карай к новым успехам;
3. принадлежать, быть в зависимости;
жер кимге карайт? кому принадлежит земля?
эл колун кара- быть в зависимостн от других, нуждаться в чужой помощи;
күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан өлөт погов. кто на солнце надеется, тот замёрзнет, кто на бая надеется, тот с голоду умрёт;
4. (о жеребце) быть в ярости; покрывать кобылицу; (иногда о мужчине) оплодотворять;
айгыр бээни карады жеребец покрыл кобылицу;
айгыр карап, бээ тууган фольк. жеребец покрыл, кобылица ожеребилась;
эркек карап, катын тууп фольк. мужчина породил, а женщина родила;
5. с вспомогательными глаголами тур- или жат-
оставаться безучастным;
ал да карап турган жок он тоже не остался безучастным, не сидел сложа руки; он тоже принял свои меры, не бездействовал;
ал сени жамандап жатканда сен карап турасыңбы? он тебя будет хаять, а ты останешься к этому безучастным?
ал иштеп жатканда сен карап турасыңбы? он работает, а ты будешь сложа руки сидеть?
6.: бери карай с предшеств. исх. п. начиная от..., вот уже...как;
жүз жылдардан бери карай вот уже сотни лет как...;
буга карабастан несмотря на это;
тамакка карагыла прошу кушать (обращаясь к гостям);
караган түнү или караган түндө с предшеств. дат. п. в ночь на...;
үчүнчү мартка караган түнү в ночь на третье марта;
жашы он алтыга карады ему пошёл шестнадцатый год;
караганда по сравнению с..., сравнительнос...;
мага караганда сен жакшы билесиң ты знаешь лучше меня;
жашка карай в зависимости от возраста;
мындан ары карай впредь;
карап гана турарлык прямо загляденье;
карап ганатурарлык ат конь - прямо загляденье;
бери карачы послушай-ка (обращение);
муну карасаң! или муну кара! подумаешь!, вот ещё что выдумал!;
муну карасаңыз! скажите, пожалуйста!;
карап эле отуруп калдым я прямо опешил.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
III сын. 1. Көмүргө, көөгө окшош түс, актын карама-каршысы. [Алтынайдын].. кийгени чолок жеңдүү кара баркыт бешмант (Жантөшев).
2. өт. Күнөөлүү, айыптуу. Ак жерден кара болуу. Ак-карасын текшер.
¨ Кара кер ачык кара эмес түс (жылкынын түсү жөнүндө). Арыктын угунан өтө берерде кара кер мүдүрүлүп кетти (Касымбеков). Кара тору к. тору. Кара куурай к. куурай. Кара мүртөз — орой, терс кыял, мүнөзү терс. [Атабек].. айтканынан кайтпаган кара мүртөз киши (Жантөшев). Кара саноо — арамдык ойлоо, жамандык ойлоо, кара ниеттик кылуу. Анын эмне мага кара санай турган жөнү бар (Байтемиров). Кара жолтой к. жолтой. Жүрөгүндө кара жок — баатыр, эр жүрөк. Кара жаак к. жаак. Кара курт к. курт. Оюнда кара жок — бирөөгө кара санабаган, жамандык ойлобогон, ак пейил. Оюнда кылдай кара жок Дүйшөнкулду кампачы кылып шайлашты (Бөкөнбаев). Кара сөз к. сөз. Кара кесек — майы жок эт. Максым жамбаштын кара кесек этин арыдан-бери кайсап жиберип.. колун чөпкө сүрттү (Жантөшев). Кара алтын к. кара III. Кара өзгөй к. өзгөй. Кара башы — керт башы, жеке эле өзү. Кара башыбыздын камын ойлосок биерде жүрөт элек (Абдукаримов). — Алтыным элим, силерге кара башым садага (Жантөшев). Кара басуу — 1) миф. төрөт мезгилинде болуучу кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн кара күчтөрдүн таасири астында эсинен тануу, эч нерсени билбей калуу; 2) өт. акылынан адашуу, кырсык басуу. Канды кара басканда Калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саранжи—Бөкөй»). Бети кара же жүзү кара — арсыз, уятсыз, адамгерчилиги жок. Бети кара шум кемпир Бизге жалаа жапканың (Жантөшев). Бизге каршы кара ниет, Жүзү кара жаттарды Тосо чыгып жалтанбастан, Далай мөрөй алганбыз (Осмонкул). Кара көсөө к. көсөө. Кара кийүү — эри өлгөндө кара кийим кийип, аза күтүү. Кара кийип олтурсам, Ошондо курса боло кеңешти! (Жантөшев). Кара аш — киши өлгөн учурда берилүүчү аш. Кайран атам өлдү деп, Кайгыланып бакырып, Калайыктын баарысын Кара ашына чакырып («Манас»). Кара жумуш — кол эмгеги менен иштелүүчү ар кандай жумуш. Кара жумуштун кайсынысы болсо да, менден кутулчу эмес (Абдукаримов).
КАРА IV этиш. 1. Бир нерсеге көз жүгүртүү, көрүү, көз салуу, байкоо. Адыл ордунан турду да, олтургандарга.. карады. Динар чоң энени аянычтуу карады (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  өт. Куу (малдын кууту жөнүндө). Бээни айгыр карады.
  2. 3.                  Тийиштүү болуу, карамагына өтүү. Жер кимге карайт?
  3. 4.                  Жашка чыгуу, келүү Касейин.. быйыл жыйырма төрткө карады (Сыдыкбеков).
  4. 5.                  Текшерип көрүү, талкууга алуу, Кечээ Садык жыйналыш чакырып, Татыбектин маселесин караган (Байтемиров).

¨ Жер кароо к. жер. Көңүлгө кароо же көңүлүн кароо — ою менен болуу, көңүлү менен болуу. Көзүн кароо — бирөөнүн колун кароо; бирөөнүн бийлигинде болуу, баш ийүү Жалтак болот эр жигит, Өз колунда жок болуп, Бирөөнүн көзүн караса (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Ири мал, бодо мал (кой-эчкилерден башка мал). Алтоо сага алты кара берсин, Менин берерим башка (Аалы). Элемандын сан кара Ушунда жаткан көрүнөт («Эр Төштүк»).
КАРА II зат. 1. Тирек, жөлөк, медер, таяныч. Жабдык салып ат минип, Жака салып тон кийип, Жанымда болгон карам жок («Манас»). Аттанып жоого чыкканда,. Ала-Тоодой карасы («Семетей»).
2. Караан. Эл карасын көргөндө, Эси чыгып бөгүптүр («Манас»).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
кара (өң)
кара аксак (ылаң)
кара ала
кара аламан
кара алтын
кара аш (этн.)
кара барпы
кара басуу
кара баш
кара баштуу
кара башы
кара башыл
кара бет
кара беттик
кара боз
кара боор (зоол.)
кара бороң эт
кара бороон
кара борчо
кара буулантма (а. ч.)
кара буура (суу бөгө-
гүч)
кара буурул
кара бүргөн (бот.)
кара далы
кара дары
кара долу
кара дөң
кара жаак
кара жаактык
кара жал
кара жама
кара жамынуу
кара жан
кара жаны
кара жарма
кара желин
кара жемсөө
кара жер
кара жин
кара жол
кара жолтой
кара жолтойлук
кара жоо
кара жумуш
кара жүрөк
кара жүрөктүк
кара жыгач
кара инген
кара иңир
кара иш
кара кагаз
кара каз (зоол.)
кара казан
кара каптал
кара карга
кара каш (куш)
кара кашка (карагашка
эмес)
кара кер (карагер
эмес)
кара кесек
кара килең
кара кол
кара кой
кара коо
кара кочкул
кара көбөлөк (миф.)
кара көз
кара көк
кара көңүл
кара көө (бүркүт түрү)
кара көсөө (илдет)
кара кулак
кара кулак шер
кара кунас
кара курт
кара куурай
кара куурдак
кара кучкач (канаттуу)
кара күрөң
кара күрүч (гречиха)
кара күч
кара күчкө
кара кызыл
кара кыргыз
кара кыяк (бот.)
кара мал
кара моюн (бот.)
кара мурч
кара мүртөз
кара мүртөздүк
кара ниет
кара ниеттик
кара нөшөр
кара ой
кара өзөк
кара өзгөй
кара өпкө (вет.)
кара өрүк (бот.)
кара сакал
кара сан (вет.)
кара сана-
кара санатай
кара санатайлык
кара саноо
кара саноочулук
кара сойлок
кара солок
кара сөз
кара сулу
кара сур
кара суу
кара суук
кара так
кара тал
кара талаада калуу
кара таман (эск.)
кара тамга
кара таш
кара тер
кара терек
кара тил
кара тоо
кара топурак
кара тору
кара төбөл (сын а.)
кара төш таркылдак
кара туз
кара тумоо (оору)
кара тут-
кара үй
кара чаар
кара чай
кара чач
кара чыйырчык
кара чымын
кара шакылдак
кара шыбак
кара эгин
кара эт
кара эттүү (мал)

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА — элдик оозеки чыгармаларда, эпостордо эпитет жана символдук маааниде колдонулат. Кара кан, Кара дөө, Кара жер, Кара кабылан, Алп кара куш өңдүү энчилүү аттардын тутумунда келген К. сөзү өң-түскө байланыштуу эмес, күчтүү, өтө зор, опсуз айбаттуу, алп, каардуу, тайманбас, эр жүрөк же анын тескерисинче терс кыял, кырс, орой, ой-санаасы арам, мүнөзү жаман деген мааниде айтылган. Мисалы, «Кара оозуңа кан толгур, Кандай неме айтты экен» (Саякбай Каралаев, 1. 138). Этноним сөздөр менен бирге келгенде өтө көп, сан жеткис, эсепсиз, опсуз көп, быкылдаган, бүткүл деген мааниде айтылган: «Ойроттон чыккан жол менен, Орчун кара кол менен». К. тирек, жөлөк, таяныч, медер тутуу символу катары келет: «Кабар уккан сөзүмдөн, Жакшы келдиң кандарым Кара учканда көзүмдө» (Сагымбай Орозбаков, 2. 77). К. эпосто тарыхый термин иретинде калайык, эл, будун, кул, күң сыяктуу сөздөр менен тутумдашып келип (кара калайык, кара калың эл, кара будун, кара күн, кара кул) элдин төмөнкү катмарын билдирет. К. элдин же адам башына түшкөн катаал кезең, азап-муң, оор турмуш же коомдогу алааматты билгизген: «Кара түшүп башына, Качкан кыргыз мындан көп». К. эпосто бодо мал деген мааниде да айтылат: «Канды булоон болушуп, Кара малдан союшуп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 216).
С. Сыдыков

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА АТ — Чынкожонун укмуштуу канаттуу аты. Саякбай Каралаевдин варианты нда төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чынкожонун Кара аты
Кара атынын бар экен,
Капталында канаты.
Ажайыптан дуба окуп,
Уча жүргөн адаты.
Кыйын зээрчи жадыгөй,
Кылганы ушул Кожонун —
Астында бедөө
Кара аты Кара жанга күч келсе,
Кармашкан жоону көргөндө
Калкылдап учаар адаты (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 134).

Канаттуу К. а. минип, асмандап учуп урушкан Чынкожо Семетейлерге үстөмдүк кылат. Качан гана Күлчоро канатка атканда К. а. жерге түшүп өлүп, Чынкожо жеңилет, к. Канаттуу аттар.
А. Жайнакова

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилиндеги көр жана кара этиштери бирдей эле маани берет. Ошондой болсо да болор-болбос айырмасы бардыгы байкалат. Көр этиши «бир жолу гана көз чаптырып өтүү» дегенге жакын маани берсе, кара сөзү «бир нече ирет көз жүгүртүү, байкоо» дегенге жакын маани берет. Мисалга «Мен жоголгон атты көрдүм» менен «Мен жоголгон атты карадым» дегенди алалы. Көрдүм сөзү катышкан учурда сүйлөөчү аны кайсы бир жерден бир жолу көзүнө учуратканын айтса, карадым сөзү катышканында болсо жоголгон атты табуу үчүн көп убакыт бою бир топ жерлерге көз чаптырганы айтылат. Мына ушуга карап кара этишинин аягындагы -а – мүчө, ал көп кайталанган кыймыл-аракетти билдирет дешке болот. Ал эми кар уңгусу көр этишинин бир варианты болуп эсептелет. Болжолу, маанилериндеги өзгөчөлүктү дааналаш үчүн алардын тыбыштарын өзгөртүп жиберүү аркылуу формасы боюнча да айырмаланып тургандай кылуу талабы боюнча ушундайча иштелген.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан каардуу, кишиге тайманбай кол салма, коркунучтуу (жырткычтарга карата). Кара ооз аюуга катылса, чайнап салат («Ала-Тоо»). 2. Тили суук, албуут, ажаан. Кандай кара ооз неме эле, жаагын басып койсоңорчу. Ак кемпир жалакор, кара ооз катындын сөзүн кулагына илген жок (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ири мал, бодо мал (майда жандыктардан башка мал). Байгенин артын айталы: Тогуз кара, токсон кой («Манас»). Он карадан, бир кара кесими бар дечү эле (Токтогул). Азыр деле анча кедей эмесмин, Жүздөй жандык, ондон артык кара бар (Токомбаев). 2. диал. Уй (бул кара мал болуп да айтыла берет).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйынчылык учурда, башына иш түшкөндө таяныч кылар, бел тутар жөлөк, тирек. Аттанып жоого чыкканда, Ала-Тоодой карасы («Семетей»). Жабдык салып ат минип, Жака салып тон кийип, Жанымда болгон карам жок («Манас»). 2. Көзгө элестелген, көрүнгөн караан, сөлөкөт, элес. Байгеге жакын барганда, Карасы жакын калганда (Тоголок Молдо). Беш жыл бою тентип кеттим дайынсыз, Сагындың го бир көрө албай карамды (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көмүргө, көөгө окшогон түс, өң. Кара жоолук. Кара көйнөк. Кара козу. 2. Ушул түстүн башка өң менен аралашкан, кошулган түрүн атоо үчүн колдонулат. Кара кочкул. Кара сур. Кара күрөң. Кара ала. Кара көк. Кара чаар. 3. Жалаң, башка эч нерсе аралашпаган, катышпаган, карандай. Кара кесек. Кара жарма. Кара суук. Кара шамал. 4. өт. Жазуу. Кара тааныбаган адам. 5. Адаты, ой-санаасы, адамга кылган мамилеси ж. б. жагынан терс мүнөздө экендигин көрсөтүүдө колдонулат. Кара көңүл. Кара ниет. Кара санатай. Кара бет. Ичи кара адам. Бирөөгө кара саноо. Пейли кара уулума бере албаймын атымды («Курманбек»). Кара жүрөк Канчоро, Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). 6. Өлүмгө байланыштуу түшүнүктөрдү атоодо колдонулат. Караны башка салынып, Карагымдын түшөт мээнети («Эл адабияты»). Кара аш. Кара тутуу. 7. Айыбы, күнөөсү бар, ак эмес. Азыркы заманда бирөөнү ак жеринен кара деп айта турган ким экен? («Ала-Тоо»). Карага иши айланды, Кастыгы жок кармады («Семетей»). 8. Кары жок, кар жатпай, карарып турган абал. Алайда быйылкыдай жер кара болчу эмес эле («Ала-Тоо»). Жер карада мал колду карабай, жайыттан оттойт («Ала-Тоо»). 9. Башкалардан өзгөчөлөнбөгөн, даражасы, мансабы жогору деп таанылбаган, жөнөкөй, карапайым кара калк. Кара дыйкан. Кара букара. 10. Эл, көпчүлүк масса. Калың кара жедигер Калбай кел деп чакырды («Сейтек»). 11. Кулдарды, күңдөрдү же башка бейбечараларды кемсинтүү, «кем» деп баалоо маанисинде айтылган эпитет. Кара кулдан тогузду, Кара күңдөн тогузду, Байгесине сайыптыр («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү же бир нерсени көрүү үчүн көз жүгүртүү, көз салуу, көрүү сезими аркылуу байкап чыгуу. Адыл ордунан турду да, отургандарга кыдырата карады (Сыдыкбеков). Элик эдиреңдеп жүгүрүп келип, маңдай жагыбызга тура калды да, эки жагын карады («Ала-Тоо»). || Белгилүү бир тарапты, багытты карай баш буруу, багытталуу. Башы ылдый, аягы асманды карап калганын көрчү («Чалкан»). Терезелери батышты караган чатырлуу тамдан түтүн бурулдайт («Ала-Тоо»). 2. Кандайдыр бир ишти, маселени талкууга алуу, текшерүү жүргүзүү. Кечке Садык правления чакырып, Татыбектин маселесин караган (Байтемиров). 3. Малдын куутун билдирүү үчүн колдонулат. Айгыр бээни карады. 4. Белгилүү бир убакыттын, мезгилдин өтүшү же бирөөнүн канчага келгенин, канча жашка чыкканын ж. б. билдирүү үчүн колдонулат. Биздин үй-жайлуу болгонубуз качан, мына быйыл он жылга карап калды («Ала-Тоо»). Үчүнчү мартка караган түнү болгон окуя («Чалкан»). Касейин быйыл жыйырма төрткө карады (Сыдыкбеков). 5. Карамагына өтүү, тийиштүү болуу. Бул жайыт жерлер көптөн бери биздин колхозго карайт эмеспи, андыктан башка жактан келгендерди кондурбай, коруй турган акыбыз бар («Ала-Тоо»). 6. Көңүл буруу, көз салуу, кам көрүү, каралашуу, асыроо. Үй-жайына, бала-чакасына карабай бет алды кете берген ким бар, биз да алардын камын жеп жүрөбүз («Ала-Тоо»). Ышкынаалыны аялы карабайт, карабаган сайын эри буулугуп баратат (Бейтемиров). Тууганына карабаган жигитпи?! («Ала-Тоо»). Ата-энесине карай турган адам сендей болобу? («Чалкан»). 7. Сарп кылууну, коротууну же кандайдыр бир керекке жаратууну каалабоо, аёо, сараңдык кылуу. Акчага карап отуруп куру калдыкпы, ала турган малды баасы келгенде алып коюш керек эле («Ала-Тоо»). 8. Тамак-аштан алгыла, жегиле деп сунуш кылуу, өтүнүү маанисинде айтылат. Курбум, чайга кара! – деди Иса чай сунуп жатып (Сасыкбаев). Кана, Чүкө, нанга караңыз (Баялинов). 9. Кандайдыр бир ишке, окуяга таң калуу, өкүнүү же аны мактоо, кубаттоо маанисинде айтылат. Эртеден бери алам деп отуруп, кетеримде унутуп калганымды кара («Ала-Тоо»). Кубалап жетпей калганымды кара («Чалкан»). Э-эй, тетиги аюунун карагайга чыгып баратканын кара («Жаш ленинчи»). Ишибиз оңдой берди болуп, бүгүн күн ачылып кеткенин кара («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жөнөкөй эл, карапайым букара эл, көпчүлүк. Кара аламан бары өлдү («Семетей» С. К.). Кара аламан калганы («Манас» С. О.). 2. Көпчүлүк катышкан чаң-тополон, будун-чаң. Кара аламан чабуулда Кайсы экени билинбей («Эр Табылды»). Наркы күңгөйгө чыгышса, быяктагыдан өткөн кара аламан (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-АЛМА — топоним. Шоорук кан Алайда жаткан окчу кыргыз уруусун чаап алганда Манас кол курап, элге кабар жибергенде кыргыздар жашаган жер катары эскерилет: Кара-Кулжа тарынан, Көкүрөк, Көгарт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен, Калба деп кыргыз элинен (Сагымбай Орозбаков, 2. 206). Географиялык реалияда Көгарт алабындагы өзөн, өрөөн.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. неясные очертания, контуры (виднеющегося вдали предмета); силуэт;
эрбейген караан көрүнөт (вдали) что-то (маленькое) шевелится;
бириндеген караандар көрүно баштады начали показываться едва заметные одиночные силуэты;
караанын көрүп завидев его силуэт;
карааны көрүнбөй кетти он исчез бесследно;
караанын үзүп скрывшись из виду;
караан-бараан признак чего-л., что-либо виднеющееся;
эч кандай караан-бараан көрүнбөдү никаких признаков чего-л. не было видно;
2. величина, количество;
алардын карааны эки жүздөн артык на взгляд их было более двухсот;
3. перен. опора, защита, покровительство;
сизди караан кылып келдим или сизди караандай келдим я пришёл искать у вас защиты;
аз гана кыргыз элиңе, эми, качан караан болосуң? фольк. когда же ты станешь опорой своему малому киргизскому народу?
калыстыктын өзү болбосо да, карааны турсун если уж нет настоящей объективности, то был бы хоть намёк на неё;
караанын көргөзбөй качып жүрөт удирает, и близко не подпуская к себе; его с собаками не разыщешь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Нерсенин алыстан көрүнгөн сөлөкөтү. Чаргынды караанынан эле тааныды (Сыдыкбеков). Эки караан жакындап келе жатат (Жантөшев).
  1. 2.                  Бир нерсенин көрүнүш көлөмү, канчалык экендиги. Алардын карааны эки жүздөн артык.
  2. 3.                  өт. Медер, жөлөк, бел, таянч, тирек, жардамчы. Каргадай жалгыз иниңдин Караан болгун жанына («Эр Табылды»). Кырк миң колго барабар Кырк жигит менин карааным («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерсенин алыстан көрүнгөн элеси, сөлөкөтү. Караанын көрүп айылдын, Суусунан өттүм Нарындын (Казыбек). Кечирээк токой четинен караан көрдүм («Ала-Тоо»). Жалгыз караан өзүнчө кыңылдап ырдап, орто көчөдө келе жатты (Убукеев). Айланада эч кандай караан же табыш билинбейт (Жантөшев). Каухарым-ай, кайдан кезиктиң, Карааның кайберендей кайып болуп (Гапаров). Айтматовдун алп карааны көрүнөт, Сөздөрүнөн Шоола шаңы төгүлөт (Акматалиев). 2. Бир нерсенин сыртынан, алыстан байкалган жалпы көлөмү, көрүнүш абалы, канча экендиги. Суук көзгө карааны, Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Удургуган көп караан, Оттоп жүргөн мал бекен? («Курманбек»). Дүмүрөйгөн көп караан, Токойбу десем, эл экен («Манас»). 3. өт. Бел кылар таяныч, жөлөк, медер, тирек. Кырк миң колго барабар, Кырк жигит менин карааным («Курманбек»). Мага караан эле болуп бер (Бейшеналиев). Айчүрөктүн баласы, Эгерде эркек уул болсо, Караан кылып алалык («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
заметить очертания; подойти на такое расстояние к предмету, чтобы были видны его очертания;
артымдан караандай эле жүрүп отурду он ехал сзади на некотором расстоянии от меня;
деги караандабайт и близко не подходит.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Карааны көрүнөрлүк, көзгө илешерлик абалда болуу, ошончолук деңгээлде жакындап баруу. Калмактардын артынан Кетип барат караандап («Эр Табылды»). Сен учканда карап туш-туш, Санаа жетпей, Шамал жетпей, караандабай шумкар куш (Осмонов). 2. Айрым белгилери боюнча окшош, түспөлдөш келүү, жакындашуу, туура келүү. Биздин мектептин имараты силердин мектепке караандабайт экен да («Жаш ленинчи»). 3. Караан тутуу, баш калкалоо. Суукка үшүп уча албай, Караандап торгой келди эми («Олжобай менен Кишимжан»). Келатыпсың, кулунум? Эр Манасты караандап («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от караанда-
дать возможность приблизиться к себе; подпустить к себе на такое расстояние, чтоб стать хотя бы чуть видным;
караандатпай идя далеко впереди;
үч жолу байгеге түштү, үчөөндө тең караандатпай чыгып келди (этот конь) трижды участвовал в скачках и во всех трёх был далеко впереди;
чабышта жыйырма аттан караандатпай чыгып келген на скачках он шёл далеко впереди двадцати коней;
орокчуларга караандатпайт он идёт далеко впереди (других) жнецов (т.е. жнёт быстрее всех).

Киргизско-русский словарь Юдахина
караандаш I
заметный, видный;
мен да караандаш болчу жан элем фольк. я тоже был заметным человеком.
караандаш- II
взаимн. от караанда-
быть близко друг к другу;
экөөңүн арыз-муңуң меникине караандашпайт ваша печаль (букв. печаль вас двоих) ничто по сравнению с моей (букв. и близко не подходит к моей).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирине бири көрүнгөндөй, караандары жакын аралыкта. Алар бири-бирине караандаш бастырып келатышты («Ала-Тоо»). 2. Өз ара жакындыгы, окшоштугу бар, бири-бирине барабарлаш, тең чамалуу. Кайсы жагынан алса да силер менен биз караандаш эле болуп жүрбөйбүзбү? («Ала-Тоо»). 3. караанда этишинин кош мамилеси. Бул айткандарың чындыкка караандашпайт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Дайынсыз, дарексиз, белгисиз.
  1. 2.                  Карааны көрүнбөгөн узакта, алыс, ыраак. Ат караансыз келе жатат.
  2. 3.                  Карашары жок, бел кылар, таянар адамы жок. Жетим калып караансыз, Жашында көрдүң сен чунак (Элебаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА АТ — Калкамандын аты. Алмамбеттин келишине арналган тойдогу ат чабышта «Жакын жерден чабылып, Жазылбай калып канаты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 341) он биринчи болуп келет. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде К. а. онунчу келип, Калкаман тагдырына буюрган Ташбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 423). Көкөтөйдүн ашында Аккуланы байгеге кошуп жиберген Манас Коңурбай менен сайышка К. а-ты минип, Алмамбеттин Сараласын жайдак коштоп чыгат. Сайыш көпкө созулуп, К. а. алсырап калгганда Манас Саралага жайдак ыргып минип, Коңурбайды сайып түшүрөт (Саякбай Каралаев, 2. 60—63). Бул окуя К. а-тын эпостук башкы каарманга тете келбеген чамалуу эле тулпар экенинен кабар берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да сайышка түшөрдө К. а-ты Кошой тандаганы айтылат, бирок Манас Алымсарыктын Жармаңдайын жактырып минип чыгат (Сагымбай Орозбаков, 3. 242 — 252).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА АШ — өлгөн адамды жайына коюп келгенден кийин чогулган элге берилүүчү тамак. Адатта К. а-ка бодо мал, жылкы жана майда жандыктар да союлат:
Токсонго чыгып мен өлбөй,
Тоодоюм Манас сен көмбөй,
Алдыңкы жолду чаңдатып
Кылым журтту айдатып
Кара ашыма тойбодуң (Саякбай Каралаев, 2. 246).

Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Көкөтөйдүн К. а-ы берилгендиги баяндалат, к. Аш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. карабаир (помесь кровной лошади с простой; лошадь не чистопородная, но выносливая);
карабайыр жылкы жок, казанат бүткүл минилген фольк. карабаиров нет, все кони, на которых они сели, породистые;
2. (о ловчей птице) простой (не очень ценный, напр. балабан).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-БАЛТА — топоним. Эпосто кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүүчү жер тандаган учурда эскерилет: «Кара-Балта ашамын, Кайыңдыны басамын» (Радлов жазып алган вариант, 146). Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосундагы ашуу, анын түндүк капталындагы өзөн, өрөөн.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Көзү бозоруу, эс-учунан тануу. Анын төрөтүү кыйын, дайыма төрөгөн сайын кара басат («Советтик Кыргызстан»). Катынын кара баскандай, Айкырыкты салды Карагул («Сейтек»). Кыйкырыгы баш жарып, катынын кара баскансып, куугуну жаңы качкансып (фольк.). 2. Кырсык басуу. Канды кара басканда калыстыктан адашат (Жантешев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саринжи-Бөкөй»), Кара басып, кайдан гана бардык экен (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. миф. Азыткы күч, жин-шайтан басып, эстен тандыруу, эс-акылынан ажыроо, адашуу. Анын төрөтү кыйын, дайыма төрөгөн сайын кара басат («Советтик Кыргызстан»). Катынын кара баскандай, Айкырыкты салды Карагул («Сейтек»). Кыйкырыгы баш жарып, катынын кара баскансып, куугуну жаңы качкансып (фольк.). Канды кара басканда, Калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып, мен эмне үчүн ушундай ишке бардым экен («Ала-Тоо»). 2. Кырсык басуу. Канды кара басканда калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саринжи-Бөкөй»). Кара басып, кайдан гана бардык экен (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз керт башы, жеке өзү. Сүйүнчүгө эрмегим, Кара башым ал деди («Эр Табылды»). Жан соогалап комуз чертип берип зорго кара башы кутулду (Бейшеналиев). В.: Коколой башы. Тазабек коколой башы жүргөн молдокенин сазайын окутуп коюсу ыктымал (Сыдыкбеков). Кара жаны. Өздөрүнүн кара жанын ала качышты (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Киши экендигин (адамдык касиетин) өзгөчө белгилөөчү эпитет катарында колдонулат. Мал турмак, кара башыл кишибизден айрылып кала жаздабадыкпы? («Ала-Тоо»). Мен азыр кара башыл киши издеп чыктым (Сыдыкбеков). Кара башыл адамдан байге сайышы да ыктымал (Жантөшев). Кара башыл кишини, Байгеге саяр ою бар («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кырсык, жамандык башкага эмес өзүңө тийсин, керт башыңа болсун деген мааниде колдонулат. Калп айтышса, алардын кара баштарына көрүнсүн («Ала-Тоо»). В.: Кара башыңа көрүнгүр! Андай кара башыңа көрүнгүр, төрөлөр күнү асман жарылып кетчүдөй күркүрөйт имиш (Осмоналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАБЕК — эпизоддук кейипкер. Манас Кортукту өлтүрүп, калмактар кун кубалап Жакыптын жылкысын тийип, элин чаап алмак болгондо Жакып казак бийи К-ке да кабар жөнөтүп, К-тин Айдаркан, Күнөс балбандар менен чогуу келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 146, 218).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Шерменде, маскара, жүзү кара (жазалоонун эски салтынан пайда болгон сөз. Кылмышкердин бетине көө сүйкөлүп, эл алдында маскараланган). Кара бет болуп кантип барам? (Абдукаимов). 2. Эри өлгөн аял, куда түшкөн күйөөсү өлгөн кыз (күтүүнүн белгиси катары бетти тытуудан беттин карттанып карарышы, таалайсыз болуунун белгиси). Карабеттин таалайга, Жазып койгон эри экен («Манас» С. К.). Кара бет болдуң, эриңди жалмадың (Жантөшев). Кара жолтой, кара бет болдуң, эшиктен үйгө башың кире электе эриңди жалмадың (Жантөшев). Анда ата-энеси кара бет болуп, өзү тозокто жалбырттайт да (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уят болуу, маскара болуу, шермендеси чыгуу. Кара бет болуп кантип барам? (Абдукаимов). Кара жолтой, кара бет болдуң, эшиктен үйгө башын, кире электе эриңди жалмадын, (Жантешев). Анда ата-энеси кара бет болуп, өзү тозокто жалбырттайт да (Осмоналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАБОЗ — эпизоддук кейипкер, шибээ элинин баатыры. Бакайдын Кардыгач тууралуу айткан баянында Кардыгачтын кытайлар менен болгон согушка катышкандыгы айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 262).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАБОЗ — Атайдын байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы жар тандоо ат чабышында он үчүнчү болуп келет Сагымбай Орозбаков, 2. 424).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бөлөк өсүп, өзүнүн тууган-туушкандарына кайдыгер болуп калган. Жаман чапан кийгиздим, Катыгып адам болсун деп, Кара боор жүргүздүм (фольк.).-Аялыңда кеп жок, кеп кара боор жолдоштордо (Алышбаев) Бир көргөн киши жеткен түнт, кишиге ымаласы жок, кара боор дегидей (Алышбаев). 2. Таш боор, ырайымсыз, боору таш, адамкерчилиги жок. Адамдын тагдырын кандай кара боор акчага сатат («Ленинчил жаш»). Артынан бала ээрчибеген кара боор как баштан опо таппайсың (Укаев). Чыныкан өзүнүн кара боор, катуулугуна ушул айткануу сөздөрүнө өкүнгөн жок (Абдукаимов). З. Кедей, колунда жок, жарды. Кара боор адамдын кызы ыпча жакта жүргөнү жакшы (Сыдыкбеков). Ага кара боор журт илгеритенбагынган(Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөлөк өсүп, өзүнүн тууган-туушкандарына кайдыгер болуп калган. Жаман чапан кийгиздим, Катыгып адам болсун деп, Кара боор жүргүздүм (фольк.). – Аялыңда кеп жок, кеп кара боор жолдоштордо (Алышбаев). Бир көргөн киши жеткен түнт, кишиге ымаласы жок, кара боор дегидей (Алышбаев). 2. Таш боор, ырайымсыз, боору таш, адамкерчилиги жок. Адамдын тагдырын кандай кара боор акчага сатат («Ленинчил жаш»). Артынан бала ээрчибеген кара боор как баштан опо таппайсың (Укаев). Чыныкан өзүнүн кара боор, катуулугуна ушул баштан уу сөздөрүнө өкүнгөн жок (Абдукаимов). 3. Кедей, колунда жок, жарды. Кара боор адамдын кызы ыпча жакта жүргөнү жакшы (Сыдыкбеков). Ага кара боор журт илгеритен багынган (Сыдыкбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАБӨРК — каарман, Манастын биринчи аялы, Кайып даңдын кызы. Аскери жеңилип, атасы колго түшүп калганда жаа аткыч мерген кыз К. жанындагы кырк кызды баштап согушуп, Бакайды жарадар кылып, кыргыз колун бир топ зыянга учуратат. К-түн мүнөзүндө эл-жерине болгон сүйүү, ошондой эле, кан кызына таандык текебердик, баатырга таандык көктүк, кыз балага ылайык адептүүлүк бар. Атасын өлдү деп ойлогон К. Манас өзүн жактырарын билсе да ага жар болгусу келбейт. Атасынын тирүү экенин билгенден кийин гана Манаска тийүүгө макул болот. Кайып даң чоң той жасап, кызын Манаска берет. К. Бакайды жарадар кылганы үчүн уялып, ага көрүнбөй качат, кезигип калганда жүгүнүп таазим кылат. Айтуучу жүгүнүү салты ушундан калган деп баяндайт. Манаска чыккандан баштап К. бир жактуу аракетсиз каарманга айланат. Кийинки эпизоддордо Манастын аялы экендиги гана айтылат жана Манастын кийинки аялдарына болгон күнүлүгү көрсөтүлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 10—11, 342). Саякбай Каралаевдин варианты нда Кайып кан кызы делет (Саякбай Каралаев, 2. 42).
А. Жайнакова

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-БУЛАК — топоним. Кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо К.-Б-тын белинен бейшекел, коңур эли менен беттешип жеңип чыгышат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 225-б.). Аталган топоним Кичи-Кемин аймагында окшойт. Буга мындагы Бейшеке, Коңур, К-Б. өңдүү жер-суу аттарынын кезигиши далил боло алат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-БУУРА — топоним. Манастын эли такай мекендеген жерлердин бири. Эпосто: «Кара-Буура, Чаткалда, Кайкалап кыргыз жатканда» (Саякбай Каралаев, 1. 172),— деп сүрөттөлөт. Бул К.-Б. Таластын сол алабындагы суу жана аймак. Азыркы кезде Бакай-Ата жана К.-Б. райондорун ажыратып турган өзөн. Анын боюнда К.-Б., Бейшеке, Тамчы-Булак жана башкалар кыштактар жайгашкан. Талас менен Чаткалды байланыштыруучу жол ушул К.-Б. аркылуу өтөт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кербен. Жарак-жабдык жүктөлгөн караванды эртең таң сүрө тосуп алгыла (Жантөшев).
2. Ээрчишип жүрүүчү соода кемелери. Үстүндө бир канча алп кубаттуу кемелердин каравандары тынымсыз чубашып жүрөт (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ель; еловый лес;
бай карагай большая развесистая ель;
кызыл карагай сосна;
Сибирдин кызыл карагайлары сибирские сосны;
2. (в языке старшего поколения) горный лес (в отличие от токой; см.);
карагай башы разг. лесник (лесной сторож);
сым карагай уст. телеграфный столб;
сым карагай жолу уст. телеграфная линия;
тилим шыдыр, түздүгү сым карагай жолундай стих. (поэт о себе) язык мой гладок, его стройность подобна телеграфной линии.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Дайыма көгөрүп туруучу ийне жалбырактуу жыгач. Карагай, кайың, арча, шилбилери Көйкөлүп өнүп турган бак эмеспи (Шүкүрбеков).
¨ Бай карагай бутактуу чоң карагай. Бай карагай балаты, Тамыры менен суурулуп («Семетей»). Карагай башы — токойчу, токой сакчысы (көбүнчө карагайлуу токойго карата). Сым карагай — электр жана телефондун сымдары керилген устун, багана. Термелтип поезд жүрдү арыш салып, Саналып сым карагай жатты калып (Турусбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Карагай сөзүн кара+гай бөлүктөрүнөн турат деп эсептесек, -гай мүчөсү ыргай деген сөздө да бар деп билебиз. Торгой, чакчыгай сыяктуу канаттуулардын аттарынын аягында да жогорку эле -гай мүчөсү бар дешке болот. Анткени моңголчо шаазгай сөзү кыргызча сагызган, моңголчо халхай сөзү кыргызча чалканга туура келет. Кыргызча сөз аягында келген н тыбышы моңголчо й тыбышына алмашкан. Ушундай алмашуу алгачкы караган сөзүндө да болгон деп эсептесек, азыркы карагай сөзү экөө тектеш болуп чыгат. Кыргыз тилиндеги караган деген бадал өсүмдүгү өңү-түсүнүн каралыгынан ошондой аталса, карагай сөзү болсо байыркы түркчө кара «бийик» сөзүнөн келип чыккан. Карагай менен караганды чаташтырбоо үчүн караган деген алгачкы омонимдин биринин аягындагы н тыбышын й тыбышына алмаштыруу аркылуу экөө эки башка формага келип калган.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Алтыгана бадалы өзүнүн алтын сыяктанган түсүнө карата аталган сыяктуу эле караган бадалы да сабагынын сырткы түрүнө жараша аталган. Чындыгында эле анын сырты кара болот. Кара сөзүнө өсүмдүктөрдүн атында көп учуроочу -ган мүчөсү уланган. Мисалы: бүлдүркөн, балдыркан, көбүргөн, бүргөн ж. б.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эки нерсени бири-бирине салыштырууда, ички бөтөнчөлүктөрүн айырып айтууда же биринен кийин экинчи бир натыйжа тууларын көрсөтүүдө колдонулат. Жылдызканга караганда Уркуя тың (Байтемиров). Радионун кабарына караганда келе жаткан жума жаан-чачындуу болот экен (Каимов). Аяк ташташына караганда бул тың жылкы көрүнөт («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
общее название некоторых диких ягод;
чыны карагат или карагат чёрная смородина;
карагат көз перен. глаза как смородина; чёрные глаза; черноглазая;
кызыл карагат красная смородина;
бөрү карагат барбарис (ягода);
катын карагат сев. название несъедобной дикой ягоды;
элди карагаттай сыгып выжимая из народа все соки, безжалостно эксплуатируя народ.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кычкыл же кычкылыраак таттуу даамы бар жемиш берүүчү бадал өсүмдүгү. Кара карагат. Кызыл карагат.
¨ Бөрү карагат — сары жыгачтын ашы. Чыны карагат — кара, кызыл карагаттар (бөрү карагаттан башкасы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кычкыл же кычкылыраак таттуу даамы бар мөмө берүүчү бадал өсүмдүгү. Кызыл карагат. Кара карагат. 2. Ушул бадалдын кара, кызыл түстөгү майда тоголок жемиши. Бул жолду нечен жолу басып, шактарга асылып, карагат терип жеген элем («Жаш ленинчи»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАГЕР — Кайгылдын байгеге чапкан күлүгү. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чабышта К. жыйырма жетинчи келип, Кайгыл тагдырына буюрган Үркөрбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАГЕР — Түлөөнүн байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда өткөрүлгөн ат чабышта К. отуз бешинчи келип, Түлөө тагдырына буюрган Калемкашка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 426).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАГУЛ — каарман. Коңурбайдын жылкычы башчысы. Ашынган айлакер, жеткен куу, кыйын сынчы К-дун жылкычыга башчы болгондон тышкары негизги милдети душмандан шек-шыба болсо Коңурбайга дароо кабар жеткирүү (жоокерчилик доордо жоолашуу адатта жылкы тийүүдөн башталган). Жиберген баатыр-балбандары Манасты кармап келмек түгүл колунун баарын кырдырып келгенде кароол коюп Эсенкан Манастын келер жолун тосоттогондо да К-дун аткара турган иши белгиленет: «Катаалдын уулу Карагул, Кара саат мына бул, Кайгуулга чыгаар ал болуп» (Саякбай Каралаев, 1. 165). «Карагул деген аяр бар, Кандай да болсо келет деп, Калкына кабар салгандыр» (Сагымбай Орозбаков, 4. 260),— дейт чалгында жүргөн Алмамбет жанындагы Сыргакка.
Кытайча кийинип турса да чалгында жүргөн Алмамбет менен Сыргакты көргөндө эле кексе К. алардын жоо экенин сезет, Алмамбетке жакындабай алыстан сүйлөшөт, кабар жеткирмекчи болуп, Торайгырын зыргытып жөнөп берет. Алмамбеттен найза жеп жарадар болгон К. Каспаңдын суусунан кечип баратып, атынан шыпырылып калат. Ээси жок келген Торайгырды көргөн Коңурбай жоо келгенин билет (Сагымбай Орозбаков, 4. 278 — 292). Атасынын кунун кууп Семетейдин акыры бир келерин билген Коңурбай жылкысын көргөнү келгенинде К-га «Жылкыны жакшы багыңар, Чалгынды мыктап чалыңар. Кокустан, мага жоо келсе Тезирээк кабар салыңар?!» (Курама варианты, «Семетей», 253),— деп бекеринен эскертпейт.
Жол чалып кайтмакчы болгон Семетей К-дун жаман түш көрөсүң деп от жаккан баланы кыйнап өлтүргөнүн көрүп, каарданган боюнча жанындагылардын баарын жайлап, К-дун сакалын такыр жулуп салат. Чуут К. адатынча ак көңүл Семетейди арыдан-бери алдап, атаңдын бир тууганы Жоодар баатырмын деп ишендирет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 63). Алгара деп Семетейди баспаган атка мингизип, өзү Алгараны минип алат да, Коңурбайдын жылкысын тийип алып кетип бараткан Семетейди суудан кечеринде укурук менен башка чабат. Семетейди акмалап жүргөн Тайбуурул куйругун тосо берип ээсин суудан чыгарат. Тайбуурулду минген Семетей К-ду кууп жетип, Алгараны куйруктан алып токтотмок болгондо, куйругу түбүнөн жулунуп калат. К. «Сакалы жок мултуюп, Алгара куйругу жок чултуюп», Коңурбайга барат (Курама варианты, «Семетей», 253—257). Коңурбайдын Таласка жасаган жортуулунда К. Канчоро колдуу өлүм болот.
А. Жайнакова

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кароого адам даай алгыс; кебетеси, көрүнүшү начар, адам бет бага алгыдай эмес. Ажал десем адамдай, Айланып адам карагыс, Айбаты бороон шамалдай («Манас»). Бети-башың ботала, кебетең адам карагыс болуптур («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Турмушка чыгар маалынан өтүп калган, жашы өтүп кеткен кыз. Алда качан кара далы болуп калса да, чыдап жүргөн кыйын кыз экен (Байтемиров). Мен эсептесем, кызың кара далы болуп кетти,– деди Адыке (Сыдыкбеков). Бир эсептен сиздики туура, минтип кара далы болуп калдым (Тойбаев). Кара далы бойдон калсам да, сүйүүсүз турмуш курбайм (Борбиев). Же кара далы болуп отура бересиңби? (Борбиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Турмушка чыгар маалынан өтүп калган, жашы өтүп кеткен кыз. Бир эсептен сиздики туура, минтип кара далы болуп калдым (Тойбаев). Кара далы бойдон калсам да, сүйүүсуз турмуш курбайм (Борбиев). Же кара далы болуп отура бересиңби? (Борбиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-ДЕҢИЗ — топоним. Каныкей Тайторуну чапканда ат айдоочу Эшенчалга күлүктөрдү К. -Д -ден коё берүүнү тапшырат. Эпосто К.-Д. «Чып этип ууртар суусу жок, чымчып жээр чөбү жок, Боз мунарык, күйгөн кум» — нечен чөлдөрдүн, ашып өткүс адыр, белдердин эң наркы жагындгы жер катары сүрөттөлүп, тулпарларды алыскы жолго чабуу аркылуу,
Тайторунун чыныгы талыбас күлүктүгү көрсөтүлөт. Географиялык реалияда К. -Д. Европа менен Азиянын ортосундагы деңиз.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА ДИН — исламдан башка дин. «Манас» эпосунда Кытайдан качып келип мусулман болгон Алмамбетке карата айтылат: «Кара динден ак болуп, Капырдан качып жат болуп». Бул араб тилинин «гайридин» деген сөзүнөн өздөштүрүлгөн: «гайри» — «башка, бөлөк» деген мааниде, к. Кайырдин.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мусулман көз карашында ислам дининен башка диндин баары бузулган, булганган дин. 2. өт. Дини кара, ниети бузук, жамандык каалоочу. Кара диндүү капырга («Семетей» С. К.). Кара динден ак болуп, Калмактан качып жат болуп («Манас»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-ДӨБӨ — топоним. Күлчоро, Каныкейлер Таласка келгенде, «Бере, Кара-Дөбө кайкаңча Берендер ордо аткан жер» (Курама варианты, «Сейтек», 165) экендиги эскерилет. Жердин рельефине байланыштуу географиялык реалияда Кыргызстандагы көптөгөн топонимдер ушундай аталат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАДӨӨ — «Сейтектеги» көрүнүктүү каармандардын бири, Кутубийдин баласы. Атасы Кутубий Манаска кандай ак кызмат өтөсө, баласы К. да Манастын урпактарына ошондой эле адал кызмат кылат. Айчүрөктү олжолоп алганда Кыяс чоң той берип, ошол тойдо «Атасы шайдоот кыраакы, Артык балбан мураапы» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 958-инв., 1099-б.) К. «эгер жеңсем Айчүрөк жеңем эркек төрөп, душмандан өч алабыз, жеңилсем кыз төрөгөнү, анда тирүү жүрбөй өлгөнүм оң», — деп төлгө кылып эр сайышка түшөт. Ошондон баштап К. Сейтектин чоңоюшун тилеп, эл керегине жарай турган күнгө күтүнүп жүрөт. Барбаган жери калбай жер кезип жүрүп дарыгер Момунжанды таап келип, Күлчоронун айыгышына да К. себепчи болот. Кайып болуп кеткен Семетейдин элге кайрылып келишинде да К. көп күч жумшайт. Кыяс өлгөндөн кийин жедигерге кан болуп калган К. коркунучтуу жоонун алдынан тосо чыгып, Желмогуз уулу Сарыбай менен кармашта курман болот.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Чечен, сезмер, жаагын жанып мыкты ырдаган текме акын. Кара жаак, жез таңдай, Кайраным, Током, аманбы? (Токтогул). Кара жаак, жез таңдай, Ырчы-чечен аралаш, Баары келсин тоюна («Манас»). Экинчиси –Чүйдөгү кара жаак Калмурза, ал шордуу кошоматчылыгынан тапты (Бейшеналиев). 2. Тилдүү, ооздуу, шакылдаган, сүйлөөк, тажаал. Тил-ооздуу какшанган бир кара жаакка жолуксам кантет элем (Саатов). Ушундай кара жаак катын болот экен ээ? (Бердикеев). Саат баскырдын үйүнө барбаганда бул кара жаак катынга кабылбай калат белем? (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чечен, сөзмөр, жаагын жанып мыкты ырдаган төкмө акын. Кара жаак, жез таңдай, Кайраным, Током, аманбы? (Токтогул). Кара жаак, жез таңдай, Ырчы чечен аралаш, Баары келсин тоюна («Манас»). Экинчиси – Чүйдөгү кара жаак Калмурза, ал шордуу кошоматчылыгынан тапты (Бейшеналиев). Кара жаак эр Үрбү («Манас» С. О.). 2. Тилдүү, ооздуу, шакылдаган, сүйлөөк, тажаал. Мен эле жандан чыккан кара жаак бекемин («Чалкан»). Тил-ооздуу какшанган бир кара жаакка жолуксам кантет элем (Саатов). Ушундай кара жаак катын болот экен ээ? (Бердикеев). Саат баскырдын үйүнө барбаганда бул кара жаак катынга кабылбай калат белем? (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардык күч-кубатын, мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай, тынымсыз катуу иштөө. Кара жанды карч урган Жаркынбай там-таштуу, мал-жандуу, очор-бачар (Бейшеналиев). Мен биякта кара жанды карч уруп, ага акча жөнөтүп турсам (Бердикеев). Жөндөн жөн эле далбастап, кара жанды карчуруп кыйнала бергиле (Медетов). Ошого бир шыпаа болор бекен деп кара жанды карч уруп жүрүп, мобу оокатты тапты эле (Саатов). Кара жанды карч уруп канча күйбөгүн, өгөйдөн убай буйурбайт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардык күч-кубатын, мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай, тынымсыз катуу иштөө. Кара жанды карч урган Жаркынбай там-таштуу, мал-жандуу, очор-бачар (Бейшеналиев). Кара жанды карч урдук, Атбашы, Нарын бооруна (Казыбек). Мен биякта кара жанды карч уруп ага акча жөнөтүп турсам (Бердикеев). Жөндөн жөн эле далбастап, кара жанды карч уруп кыйнала бергиле (Медетов). Ошого бир шыпаа болор бекен деп кара жанды карч уруп жүрүп, мобу оокатты таптым эле (Саатов). В.: Жанды карч уруу. Жанды карч уруп иштедик («Ала-Тоо»). Жанды карч уруп окуп, акылды байытуу керек (Бейшеналиев). Кара жанын карч уруу. Сүрөтчүлөргө дайыма иш табылат, ар бир мекемеде, ишканада жумуш чыгат, Асек кара жанын карч урду (Борбиев). Куу турмуштун айынан жердин жети түбүнөн ооп келип, кара жанын карч уруп иштеген колу жөндүү адамдар (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КАРА ЖАНДЫ КАРЧ УРУУ Сүрөтчүлөргө дайыма иш табылат, ар бир мекемеде, ишканада жумуш чыгат. Асек кара жанын карч урду (Борбиев). Куу турмуштун айынан жердин жети түбүнөн ооп келип, кара жанын карч уруп иштеген колу жөндүү адамдар (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. расход;
жол каражат путевые расходы;
2. в разн. знач. средство;
каражаттар средства;
көркөм каражаттар художественные средства;
турмушка керектүү болгон каражат средства к жизни;
өндүрүш каражаттары эк. средства производства.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жумшала турган акча, байлык. Кыргыз элинин фольклорун жыйноо үчүн совет өкмөтү эчен каражаттар берген (Бөкөнбаев).
2. Кандайдыр бир иштерди иштөөгө, иш жүзүнө ашырууга арналып жасалган предметтердин, куралдардын ж. б. жалпы жыйындысы, аталышы. Өндүрүш каражаттары. Байланыш каражаттары. Транспорт каражаттары.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир максат үчүн сарп кылынуучу, төлөнүүчү, жумшалуучу акча же мал-мүлк, байлык. Аны Асылкан эжем менен өзүң акылдаш, ал эми каражат болсо табылат (Жантөшев). Рудольфтун каражаты такыр түгөндү (Баялинов). Төлөйүн десем, ага жетерлик каражатым жок (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир ишти жүргүзүү, ишке ашыруу үчүн керек болгон ар кандай нерселердин жалпы жыйындысы, жалпы аталышы. Өндүрүш каражаттары. Транспорт каражаттары. Кошумча каражат. 3. Тилдин сөз байлыгы. Көркөм сөз каражаты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүтү аз, желининде сүтү болбогон, сүтү аз чыккан деген мааниде колдонулат. Эчкиче опо бербеген, Кара желин уйлардан, Каймак сүтүн алышат (Токомбаев). Кара желин картаң кой, Каруусуз козу бага албайт (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жегич-ичкич, алдым-жуттум, паракор. Кара жемсөө ит эле, Калкка колун салат деп («Эр Табылды»). Кара жемсөө калкка зыян келтирет (Сыдыкбеков). Баягы кара жемсөөлөр дагы мыкаачылыгын карматкан экен ээ! («Ала-Тоо»). Токтогул өз очогуна күлтартма, кара жемсөө, зордукчул, ырайымсыз болуш-бийлерди ачык сынакка сала баштады (Касымбеков). – Залим, кара жемсөө деп, жаңы эле бий атпайга, болуш атпайга кинээ айтып, күнөө коюп жүрөсүң (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жегич-ичкич, алдым-жуттум, паракор. Баягы кара жемсөөлөр дагы мыкаачылыгын карматкан экен ээ! («Ала-Тоо»). Токтогул өз очогуна күл тартма, кара жемсөө, зордукчул, ырайымсыз болуш-бийлерди ачык сынакка сала баштады (Касымбеков). - Залим, кара жемсөө деп, жаңы эле бий Атпайга, болуш Атпайга кинээ айтып, күнөө коюп журөсүң (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан сүйүнүү, катуу толкундануу, кубанычы койнуна батпоо. Төбөм көккө жетип, кара жер тардык кылып, кайда батарымды билбей турганымды көр! (Эшмамбетов). 2. Айласы кетүү, эмне кыларын билбөө (көбүнчө уят болгон учурга карата колдонулат).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан сүйүнүү, катуу толкундануу, кубанычы койнуна батпоо. Төбөм көккө жетип, кара жер тардык кылып, кайда батарымды билбей турганымды көр (Эшмамбетов). 2. Айласы кетүү, эмне кыларын билбөө (көбүнчө уят болгон учурга карата колдонулат).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Буркан-шаркан түшүп катуу ачуулануу, каарын төгүү. Айласы кеткен жаш акын эми кара жини кармаган адамга долуланып өзү мыкты деп түшүнгөн ырларын үстөккө-босток окуп кирди («Кыргызстан маданияты»). Ошондон улам ыза болгон байкуш апамдын кара жини кармай кетти окшойт (Акматов). 2. Көңүлү караруу, ниети бузулуу. Кара жини кармаса жооп да бербейт.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Буркан-шаркан түшүп катуу ачуулануу, каарын төгүү. Айласы кеткен жаш акын эми кара жини кармаган адамга долуланып өзү мыкты деп түшүнгөн ырларын үстөккө- босток окуп кирди («Кыргызстан маданияты»). Ошондон улам ыза болгон байкуш апамдын кара жини кармай кетти окшойт (Акматов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАЖОЙ — кытайдын кыйын мергени, Кожожаштын атасы. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын Нескара, Жолой менен болгон Алтайдагы экинчи урушунда:
Ал Каражой баатырың
Бет алганы кетпеген,
Огу сая өтпөгөн
Оңой эмес чоң мерген (Саякбай Каралаев, 1. 156).

К. Манастын жоого минип жүргөн алгачкы аты Торучаарды атып өлтүрөт. Чоң казатта Сыргактан найза жеп, жөө калган К-ду Жесе деген балбаны атка мингизип кеткенче Алмамбет жетип башын кесип кетет (Саякбай Каралаев, 2. 190).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАЖОЙ — топоним. Нескара менен Манастын урушун баяндаган окуяга катышкан калмактардын Даң-даң аттуу балбанынын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 201).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАЖОЙ — эпизоддук кейипкер, калмактын түндүкчүсү. Манас туулганда берилген тойдогу ат чабышка кошуп ийген кунаны сай тулпарды артка таштап, байгелүү орунга ээ болот (Сагымбай Орозбаков, 1. 100).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жамандыкты, кырсыкты кошо ала келе турган, жолу катуу. Каалабасаң кара жолтой немени талкалап сал (Медетов). Кара жолтой болдуң, эриңди жалмадың (Жантөшев). Маа калганда Чүрөктүн Орою суук кеби бар, Кара жолтой шуркуя сала турган чени бар («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жамандыкты, кырсыкты кошо ала келе турган, жолу катуу. Кара жолтой балаңды, Канча жыл башта туубадың (Казыбек). Каалабасаң кара жолтой немени талкалап сал (Медетов). Кара жолтой болдуң, эриңди жалмадың (Жантөшев). Маа калганда Чүрөктүн Орою суук кеби бар, Кара жолтой шуркуя сала турган чени бар («Сейтек»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жолу катуулук, жамандыкты, кырсыкты, бактысыздыкты алып келе тургандык. Кара жолтойлуктан качан болсо жамандыкты ээрчите келесиң (Баялинов). Кожоюндарым бул кырсыкты менин кара жолтойлугуман болгондой көрүшөт (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жолу катуулук, жамандыкты, кырсыкты, бактысыздыкты алып келе тургандык. Кара жолтойлуктан качан болсо жамандыкты ээрчите келесиң (Баялинов). Кожоюндарым бул кырсыкты менин кара жолтойлугуман болгондой көрүшөт (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ниети бузук, кара санатай, оң санабаган, кара ниет. Кара жүрөк-залимдер, Кайыштай кести демимди (Токтогул). Кара жүрөк Канчоро, Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). Ошондо жылкы адамдын канаты болуп турганда чыгыштан селт этпес, кара жүрөк кан ичээр кол башчылар чыгат (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ниети бузук, кара санатай, оң санабаган, кара ниет. Кара жүрөк Канчоро, Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). Кара жүрөк-залимдер кайыштай кести демимди (Токтогул). Ошондо жылкы адамдын канаты болуп турганда чыгыштан селт этпес, кара жүрөк кан ичээр кол башчылар чыгат (Осмоналиев). В.: Кара көңүл. Кара көңүл адамдан, Бөлө жүр дайым чегиңди (Жантөшев). Кара көңүл Канчоро, Байгамбардай Бакайга каарын төгүп кордуктап («Сейтек»). Кара ниет. Адам бактысын байлаган кара ниет тажаалдар чыккан (Жантөшев). Алар кара ниет эмеспи? (Медетов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карай I
южн.
то же, что кара I 1;
карай көз чёрный глаз; черноглазая, черноокая, черноглазый, черноокий;
карай көз деп, көп ырлап, дувана болдум быйыл жыл фольк. воспевая черноокую, в этом году стал я помешанным;
карайлар чэчиң жарашкан фольк. хороши твои чёрные волосы;
карай куш то же, что кара куш (см. куш I 3).
карай- II
то же, что карар- II 1, 2;
дини карайып алыптыр его всё раздражает, он на всё и на всех фыркает; его ничем не убедишь;
көөнү карайды у него в мыслях дурное;
жаны карайды см. жан II;
каш карайганда см. каш I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I жанд. Көздөй, карата. Колду баштап, Мендирман жоону карай жөнөдү (Жантөшев).
КАРАЙ II этиш. 1. Кара болуу, кара түскө айлануу, караруу. Жаткан жеринин кары эрип, Карайып, кургап да калат (Шүкүрбеков).
  1. 2.                  Кара болуп көрүнүү, карарып дүмпүйүп, калың болуп көрүнүү. Карайган дарак чарбагым, Карааның көрбөй зарылдым (Токтогул).
  2. 3.                  өт. Абдан ачуусу келүү, кыжыры кайноо. Карайды жаныч ушундай, Каныма тоюп жутса да (Токтогул).

¨ Каш караюу күүгүм кирип, көз байлануу, караңгы түшүү. Каш карайгыча [Бектендикинен] эл аягы үзүлгөн жок (Байтемиров). Өзөгү караюу — абдан ачка болуу, кургагы ачуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Караруу, кара түскө айлануу. Жер бети карайып, ак кар, көк муздан арылган кез («Ала-Тоо»). Карайган калың булуттар ары-бери сүрүлүп отуруп, көлдүн үстүндө самсаалап турган кезде, биз чатырларды көздөй дыр коюп жөнөдүк («Ала-Тоо»). 2. Калың, жыш болгон нерселер алыстан түнөрүңкү тартып, карарып көрүндү. Маңдайынан көрүндү, Карарган шаардын барааны («Курманбек»). Карайган дарак чарбагым, Карааның көрбөй зарладым (Токтогул). Алыстагы карайган чоң караанды көздөй түз жылып отурдук (Баялинов). 3. өт. Аябай ачуусу келүү, кыжыры кайноо, түнөрүү. Атаңдын мүнөзүн билесиң го, бир карайганына экинчи агарбайт (Каимов). Карайды жаным ушундай, Каныма тоюп жутса да (Токтогул). 4. диал. Кара. Карай көз. Карай куш.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көзү көрбөй, бүдөмүктөп калуу. Кан агып суудай шарылдап, Карайлап көзү тунарды (Бөкөнбаев). Карайлап көзүм тунарат, Караңгы түн баскандай (Бөкөнбаев).
2. Эмне кыларын билбей кайсалоо, айласы кетүү. Баш буруп басалбай, карга камалган малдар катуу карайлады (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. двигаться или действоэать ощупью, шарить впотьмах;
карайлаган там сүзөт погов. ощупью идущий стену бодает;
2. перен. быть в сильном горе и растерянности (гл. обр. о человеке, потерявшем единственного ребёнка).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көзү жакшы көрбөй бүдөмүктөп калуу. Жалгыз көзүң карайлап, Жардан учуп өлөсүң (Токтогул). Карайлап кара көз көрбөй, Кайырсыз катаал түн беле? (Абдыраманов). 2. өт. Эмне кыларын билбей кайсалоо, карбаластай берүү, айласы кетүү. Каныш байкуштун, күнү карайлады го (Сыдыкбеков). Кайда барарын, кимден сураарын билбей, карайлап турбайбы (Байтемиров). Баш буруп баса албай, карга камалган малдар катуу карайлады (Убукеев). Калчаса тагдыр кайратым кетип карайлап, Кайгырып келип, кубанып чыгам үйүңдөн! (Бегимкулова).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от карайла-;
калган элин кубалап, карайлатып, жөөлөтөм фольк. остальных (букв. остальной народ его) я буду преследовать, поставлю в безвыходное положение, оставлю пешими (см. жөөлөт-);
аны карайлатып талаага айдап жиберген он его выгнал на все четыре стороны в жалком состоянии;
кудай карайлаткыр! чтоб тебе ослепнуть!

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: тири карак живой, жизнерадостный;
тири карак, кичи пейил, алпек келин жизнерадостная, учтивая, приветливая молодуха;
карагым ласк. (в местах соседства с казахами) светик мой, милый мой.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Согушта курман болгондорду билдирүү үчүн жиберилген кабар. Касымдын кара кагазы жарым ай мурун колхозго келген экен (Айтматов). Балдарынан кара кагаз алгандан кийин таенем алма багына карабай, айыл арасына көчүп барды («Советтик Кыргызстан»). Кырк үчүнчү жылы күйөөсүнөн кара кагаз алган (Мырзаев). Жакында эле кара кагаз алып, күйөөсүнөн айрылып (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
сүйл. Согушта курман болгондорду кабарлоо, угузуу үчүн жиберилген билдирүү кагазы. Касымдын кара кагазы жарым ай мурун колхозго келген экен (Айтматов). Балдарынан кара кагаз алгандан кийин таенем алма багына карабай айыл арасына көчүп барды («Советтик Кыргызстан»). Кырк үчүнчү жылы күйөөсүнөн кара кагаз алган (Мырзаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКАЛПАК — этноним. «Манас» эпосунда эскерилген элдин аты Ар кандай эпизоддордо кездешет. Мисалы, Чубактын Бакайга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө мындай деп айтылат:
Ногойдон Манас, нойгут мен,
Ойлонгун Бакай, муну сен!
Кара калпак, думара,
Карап турсаң буларга,
Атабыз бир экен деп,
Ар качандан бир качан
Катарыңдан калбастан
Бу да жүрөт убара (Курама варианты, 2. 240).
Бул саптарга караганда К-тар кыргыздарга тууган эл. Ал эми тарыхый даректерде, кыргыздардын арасында айтылган санжыра боюнча К-тар Адигинеден тарайт. Кээ бир санжырада тескерисинче, К-тардан саяктын ичиндеги каба уруусу чыгат. С. М. Абрамзондун А. Чоробаевден жазып алган маалыматтары боюнча бир кездерде кыргыз жергесинде К-тардын жетекчиси (же уруу башчыларынын бири) Эшмат өлтүрүлгөн. Ушул окуядан кийин К. душмандашып кеткен. Ошондон улам кыргыздардын айрым бир бөлүктөрүндө мындай ылакап сөз калган: «Кара калпак Эшматтын кунундай болду».
Кыргыздар менен К-тардын туугандыгына далил болгон Түш. Кыргызстандан жазып алган санжыралар бар. Мисалы, ал санжыралардын биринде Адигине, Тагайдын түпкү аталарынын бири катары — Ак-Чолпон деген адамдын аты эскерилет. Ал эми К-тардын санжырасында да Есим кандын кызы Ак-Шолпан Муйтен уруусунун негиз салуучусу катары белгилүү.
«Манаста» К-тардын кыргыздарга жакындыгы бозек аттуу уруунун эскертилиши менен бышыкталып турат. Себеби, бозан, бозек формасында К-тардын санжырасында кездешет. Дегинкиси «Манас» эпосунда жана кыргыз санжырасында кезиккен учурлар менен К-тардын санжырасына тиешелүү болгон кыпчак, коңурат, каңгы, катаган, курама, уйгур, түркмөн, мангыт, эштек (өстөк) аттуу уруулардын жалпылыгын белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары эки элге жалпы болгон асан, байбиче, (каракалпакча — байбише), бакы, бешкемпир (бес кемпир), жаман, казак, калмак, кара курсак, кара моюн, кара тай, кызыл аяк, сарт, сары, сегизбек (сегизек), суу мурун, тогузак, тубай жана башкалар майда уруулардын аттары белгилүү.
Ошентип, «Манас» эпосу К-тар жөнүндөгү маалыматтарды тарыхый чындыктын негизинде чагылдырган. Бир кездерде К-тар менен бирге ак калпак кыргыз болуп жашаган. Бул мезгил «Алтын ордонун» убактысына туш келет. Эпостун Орто Азияда калыптанган мезгили болуп эсептелет.
И. Молдобаев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКАН — каарман. Каныкейдин атасынын ылакап аты. Өңү кара киши болгондуктан К. аталып кеткен. Өзүнүн ысмы Сагымбай Орозбаковдун вариантында Атемир, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Темиркан. Манасчы Жакшылык Сарык уулу Каныкейдин атасы К-ды дүнүйөкор, колу тар адам катары сүрөттөйт. Кызы Каныкей К-дын кара олпогун кадырын салып эки жолу сураса (биринде Манаска, экинчисинде Семетейге деп), урушуп бербей коёт, к. Темиркан.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКАН — «Манас» эпосунун бардык варианттарында кезигүүчү салттык туруктуу каарман. Айрым манасчылар (Сагымбай Орозбак уулу, Жакшылык Сарык уулу) Манастын түпкү аталарынын бири десе, айрымдары (Саякбай Карала уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Актан Тыныбек уулу) Манастын чоң атасы дейт. Саякбай Каралаевдин варианты нда катылганды жайлап, душманга намыс бербеген баатыр, эл коргогон эр болгондугу жана К. олгөндөн кийин Алооке менен Молто кан кыргызга көп кордук көрсөткөндүгү айтылат (Саякбай Каралаев, 1.27—28, 35, 114). Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында «күчтүү кан», «улуу кан» деген маанидеги титул ат катары кеңири кезигет. Айрым изилдөөчүлөр Манастын чоң атасы (түп атасы) К-дын прототиби катары азыркы Кыргызстандын аймагында 10—12-кылымда өкүмдарлык кылышкан Караханийлер сулалесин карашат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКАРА, Каракара-кан — эпизоддук кейипкер. «Мажму ат-таварих» боюнча Манастын чоң атасы (Жакыптын атасы) жана уруусу катары баяндалат.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Daptriinae) тарпчыл ителгилер; Америкада жашоочу тарп менен тамактануучу, шумкар сымалдуу куштардын бир тукумчасы, буларга төмөнкү түрлөр жана уруулар кирет: каракара гуадалупская (Polyborus lutosus) — Гуадалупа тарпчыл ителгиси, к.  обыкновенная (P. plancus) — кадимки тарпчыл ителги, каракары горные (Phalcobaenus) — тоонун тарпчыл ителгилери (уруу), каракары крикливые (Milvago) — чаңырган тарпчыл ителгилер (уруу).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Myopsida) каракатицалар, башбут моллюскалардын бир түркүмү; буларга төмөнкү тукумдар да кирет: каракатицы кальмарообразные (Lobiginidae) — мүрөккеп сымалдуу каракатицалар (тукум), к.  настоящие (Sepiidae) — накта каракатицалар (тукум).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКАШ — эпизоддук кейипкер, Үргөнчтүн боюнда Семетейдин жолун тосуп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КАШАТ — топоним. Кыястын өлүмү окуясында: «Кара-Кашат тоосуна, Кароол-Таштын боюна, Чыгып Кыяс караса» (Курама варианты, «Сейтек», 122) Тооторуну минип Күлчорого келген Чүрөктүн көрүнгөнү айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстандын аймагында К.-К. аттуу бир нече топоним кездешет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКЕСЕК — эпизоддук кейипкер, окчу уруусунан. Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке катышат жана Кер-Көлдөгү Орго канды көздөй жөнөгөн аскердин ичиндеги баатырлардын катарында аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 14, 68).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА КИЙҮҮ — аза күтүү салты. Күйөөсү же башка тууганы каза болгон аял кара түстөгү кийим кийип, чачын жайып, башына кара жоолук салынып жүрүшү аза күтүү белгисин билдирет. К. к. көбүн эсе күйөөсү өлгөндөргө карата айтылат. Элдик оозеки чыгармаларга, этнографиялык эски материалдарга караганда илгери кара кийген, өлгөн эринин кебетесин элестеткен сөлөкөт (тул) жасап, ага анын чапанын жаап, баш кийимин үстүнө коюп, көшөгө тартып, аза күтүп ыйлаган. «Манас» эпосунда да кара кийген, каралуу же кара жамынган, тул калган, кара элечек болгон деген сөздөр К. к. менен бирдей маанини билдирет: «Айкөлгө тулду тарттырып, Кыз Сайкал келип түштү дейт, Асемин журттан арттырып, Кара кийип, кан жутуп, Кабыланга аза күттү дейт» (Курама варианты, 1. 303). «Ошондо кайран катын Каныкей, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу Калдайган кара башында» (Курама варианты, 1. 307), к. Тул.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аза күтүү. 2. Күйөөсү өлгөн аялдын кара жоолук салынып, кара кийим кийип аза күтүү. Мен жыйырма тогузумда кара кийингемин (Медетов). Жалгыз бой калган Зейнеп кара кийип бир аз отурган соң, жан багыштын аракетинде баласын колдон жетелеп алып тамчыларга кошулган болчу (Айтматов). 3. өт. Мүшкүл, оор кайгы, оор. Кара кийген тулдарын («Манас» С. О.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кара жоолук салынып, кара кийим кийип аза күтүү. Мен жыйырма тогузумда кара кийингемин (Медетов). Жалгыз бой калган Зейнеп кара кийип, бир аз отурган соң, жан багыштын аракетинде баласын колдон жетелеп алып тамчыларга кошулган болчу (Айтматов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКОЖО — эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аргын уруусунун билерманы, эл аксакалы. Манастын бала чагын жана анын Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишин баяндаган окуяларда К. казактын чоң урууларынын бири аргындардын башчысы катары уруу аксакалдарынын кеңештерине, ар түрдүү иштерине активдүү катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 104, 164, 232, 250; 2. 14, 23, 25, 39, 68, 94). Манас жолдоштору менен салбырынга баргандагы эпизоддо Калдардын атасы делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 255). Кийин Манастын кырк чоросунун катарында «Аргын Каракожосу, Акылга бирге кошосу» деген туруктуу стилдик форма менен сыпатталган, акылман, чечкиндүү кейипкер катары көрүнөт. Чоң казат мезгилинде, он башы болгон Тазбаймат өз тобундагы Манасты унутуп койгондо, К. душмандын босогосунда турганда он кишини жакшылап көзөмөлдөй албаган мындай башчы шек жок жаза тартыш керек деп чечкиндүүлүк кылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 169 —170). Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Желтаман он бешинчи келген К. тагдырына буюрган Кусабүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 424).
А. Жайнакова

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКОЖО — этноним. Эпос боюнча казак урууларынын бири: «Алчын, Үйшүн, Найман бар, Аргын, Кара кожо бар» (Курама варианты, 1. 69). К. казактардын аргын уруусунун ичине кирген же болбосо аларга жакын уруунун аты. Эпосто К. кээде уруунун, кээде кейипкердин аты катары колдонула берет. Реалдуу турмушта казак, кыргыз жана башкалар элдердин курамындагы уруулардын бири катары адам аттарынан пайда болгонун көрөбүз. Казак окумуштуу лары К. аргындардын урааны катары колдонулганын белгилеп жүрүшөт. Буга караганда К. уруусунун аты адам атынан алынып коюлган жана ал «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКОЛ — топоним. Манас башта кытай-калмак басып алган ата-журтун бошото баштаганда анын Үрбү, Мунаркан башкарган колу Кочкор өрөөнүн бийлеген калмак Арсы жаң-жуңдун кол башчылары Таргыл жайсаң, Дангабылды жеңген жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 536— 539-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түндүк -батышындагы аймак.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дүмпүлдөк, кыргыздын улуттук оюндарынын бир түрү (эки жаат болуп бөлүнүп, бир тараптын кароолчудан башкалары ортодо бир нерсе жамынып жатышат, экинчи тарап аларды эшилген жоолук менен уруп качат, кароолчу болгон киши аларды кууп кармайт, кармаган болсо, экинчи тараптагылар ортого келип жатып, биринчи тарап аларды жоолук менен чаап качат). Кыргыздын улуттук оюндарынын бири – кара коюн, аны биз бала кездерде ойночубуз (Сыдыкбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКӨЗ — эпизоддук кейипкер. Кыястын аялы, Күнжүнүн кызы. Кыяс аялдары Жайнаке менен К-дүн төрөбөй жүргөнүн эскерет (Курама варианты, «Сейтек», 81).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оор кырсыкка, чоң жоготууга дуушар болуу. Балам өлүп, кара көзүм кашайгандан бери, ошонун досторун эш тутуп жүрөм (Бердикеев). Бизди кудай урду, кара көзүбүз кашайды (Казакбаев). Соо калтырбайт ко, кудурет, кара көзүмдү кашайтып (Бердикеев). В.: Көзү кашаюу. Көзүм ушинтип кашайбадыбы! – деди Ажар Айнанын жүзүн аймалай бакырып (Жоошбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Оор кырсыкка, чоң жоготууга дуушар болуу. Балам өлүп, кара көзүм кашайгандан бери, ошонун досторун эш тутуп жүрөм (Бердикеев). Бизди кудай урду, кара көзүбүз кашайды (Казакбаев). Соо калтырбайт ко, кудурет, кара көзүмдү кашайтып (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоң кырсыкка учуратуу, шорун катыруу, түбүнө жетүү. Ач бел, куу жондо жат көзүнө бир тууган болбосок, катын жандуу сарттар кара көзүбүздү кашайтат (Сыдыкбеков). «Коку-уй, кара көзүмдү кашайтып кеткенби-и, кокуй?!» деген жаман ою менен ичкери жулунуп кирди (Касымбеков). В.: Көзүн кашайтуу. Маа караба, балам, кутулуп кеткиле, колго түшсөңөр көзүңөрдү кашайтат (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чоң кырсыкка учуратуу, шорун катыруу, түбүнө жетүү. Ач бел, куу жондо жат көзүнө бир тууган болбосок, катын жандуу сарттар кара көзүбүздү кашайтат (Сыдыкбеков). «Кокууй, кара көзүмдү кашайтып кеткенбии, кокуй?!» деген жаман ою менен ичкери жулунуп кирди (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айтканынан кайтпаган көк адам (психологиялык өтө чымыркануудан бетти кан тээп чыгып кара көк тартышынан улам айтылган). 2. өт. Беттегенин жеңмейинче тынбаган өтө кайраттуу, баатыр. Шер атанган кара көк («Манас» С. К.). Алп каракуштай кымпыйган, аскар тоодой заңкайган Күйүк Теңгир Кут өлдү, эми жаман уйсундардын таянган тоосу, ишенген кара көктөрү жок деп ойлошконун (Субанбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КӨЛ — топоним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жана Радлов жазып алган вариантта кездешкен көл. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн кырк ашында байгеге чабылган аттар айдалып барып, кайра коё берген жердин чеги катары айтылат.
Барганы деңиз Кара-Көл
Мага ишенбей барып көр...
Камышы көп жер экен,
Камышы үйдөн жоон экен,
Кайтарар жери шол экен (Сагымбай Орозбаков, 3. 62—63).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү бир ишти, оюнду ж. б. баштоо жагы кимге ыйгарылат дегенди аныкташ үчүн таякты же жипти бир учунан экинчи учуна чейин биринен сала бири кармап чыгуу. Кара көтөн кармашканда мага кара фигуралар, начальникке ак фигуралар тийди («Чалкан»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Тоноп алуу, тартып алуу» маанисиндеги каракта сөзү карак+та бөлүктөрүнөн турат. Сөздүн уңгусу карак азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Бирок башкыр, ногой тилдеринде карак сөзү «уруу» маанисинде азыр да колдонулат. Татар тилинде ошол эле сөз «ууру» дегенди билдирсе, караим тилинде «тоноо, талоон» дегенди билдирет (Кар-РПС, 293)- Кыргыз тилиндеги каракта этишиндеги карак сөзү мына ушул караим тилиндегидей маанидеги сөз болгон, ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, каракта сөзү келип чыккан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн дүнүйөсүн, кийим-кечесин ж. б. тоноп кетүү, тартып алуу, каракчылык кылуу. Куршаб дарыясынын өйүз-бүйүзүндө карактап кетүү өнөкөтү көп болор эле (Абдукаримов). Жолдон өткөн кишинин, Атын сойгон карактап (Барды).

Энциклопедия "Манас". ч.1.

КАРА-КУЛЖАтопоним. Эпосто сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: «Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына» (Сагымбай Орозбаков, 2. 163); «Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй Кара-Кулжа Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кара -Кулжанын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет:

Кароолдуктун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара Кулжадан,
Көбүн атып салыптыр.
Акыр заман журтуна
Кара-Кулжа атагы
Так ошого калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170)...


Капкара болгон Кулжадан
Элүү төртүн атышып...
Баатырлар жолго салыптыр,
Кара-Кулжа атакка
Жер атагы калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

Географиялык реалияда Кара-Кулжа азыркы Ош облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү.

 

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
небрежно, неразборчиво написанная буква, неразборчиво нарисованный значок // Я стоял подле него и смотрел, как он выводил каракули. И. А. Гончаров, «Фрегат «Паллада»», 1855 г. Айрым этимологдордун ою боюнча, бул сөз түрк тилдеринен алынган: кара «чёрный; плохой» кул//кол «почерк». Кол сөзүнүн «почерк» деген мааниси кыргыз тилинде да бар: Кат уулум тарабынан жазылганына көзүм жетти, колунан тааныдым («Алат-Тоо») (КТС 2010:721).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КУМ — топоним. Манастын төрөлүшүндөгү жентек тойго келген калмактардын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 76). Жакып элди чогултуп Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндө кеңеш курганда, ар бир элдин көчүп баруучу жеринин орду аныкталганда:
Жетиген жагын карасак,
Жерин өлчөп санасак
Илепси бар Кара-Кум
Күн чыгышы Сары-Арка
Күлдү баары казакта (Сагымбай Орозбаков, 2.15)
делип К. -К-дун аты аталат. Эпостогу эпикалык К. -К. Казакстандын Балкаш тараптагы чөлү менен байланыштуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жөргөмүш түркүмүнө кирген, уусу өтө күчтүү, түсү кара, жонунда бир нече кызыл темгилдери бар, шыбактуу жерде жашоочу курт. Эгин чаап жүргөндө Тойлукени кара курт чагып, эс-учун билбей жыгылган (Айтматов). Кара курту бармактай, Кымыздыгы билектей («Манас»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КУРУМ — топоним. Эпостун сүрөттөөсү боюнча Каар аярдын баласы Култаң баатыр качып, Терс-Маёодогу Текес канга барып К.-К. талаасына Манас көп кол менен келгенин айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 34).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«1. Козуларынан баалуу көрпө алынуучу кылчык жүндүү кой тукуму. 2. Белгилүү тукумдагы койдун (каракүл коюнун) козусунан алынуучу тармал жүндүү баалуу көрпө» (КТС 2010:649). Бул сөз Өзбекстандын Бухара шаарынын жанындагы Кара-Көл оазисинен улам келип чыккан, тактап айтканда, 19-кылымда 3-4 күндүк козу терилерин ушул жерден чыгарып сата башташкандыктан, теринин аты жердин аты менен орус тилинде «каракуль» (Иссык-Куль деген сыяктуу) деп аталып калган. Кыргыз тилине каракүл болуп өткөн. Европага Астрахань шаары аркылуу кеткендиктен, каракүл немис жана француз тилдеринде «астракан» деп аталат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КҮНГӨЙ — топоним. Кытай-калмактар басып алган ата журтун бошотуу үчүн Алтайдан Манас баш болуп аттанып чыккан кыргыздардын Мунаркан баштаган колу Кочкор өрөөнүн башкарган калмак жаң-жуңу Арсы менен беттешип, анын аскерин талкалаган жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 514—520-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы аймак, тоо жана өзөн.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Калп эле, курулай. Кайын атам кара күчкө жайымды сураган болду да чыгып кетти («Ала-Тоо»). Кара күчкө каткырып күлдү («Советтик Кыргызстан»). Мунуушаната-эне уулун кара күчкө кыстап, адабият китептерин күнүгө эки маал окушат («Чалкан»). Ал бир жаман ой ойлоп, кара күчкө күлдү (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Калп эле, курулай. Кайын атам кара күчкө жайымды сураган болду да чыгып кетти («Ала-Тоо»). Муну уккан ата-эне уулун кара күчкө кыстап, адабият китептерин күнүгө эки маал окутат («Чалкан»). Ал бир жаман ой ойлоп, кара күчкө күлдү (Абдукаимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. грабитель, разбойник;
ууруну каракчы урат погов. вор у вора дубинку украл (букв. вора бьёт грабитель);
аба каракчылары воздушные разбойники;
2. то же, что карачкы;
таң каракчысы предрассветное время;
Жети Каракчы то же, что Жети Аркар (см. жети).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Талоончу, тоноочу, карактап тартып алуучу. Илгери жети каракчы болгон экен («Жомоктор»). Каракчы болуп мал уурдап, Канча бир жылы жашаган («Эр Табылды»).
  1. 2.                  Эски кийимден, чүпүрөктөн ж. б. жасалган короонун же огороддун четине коркутуу үчүн коюлган сөлөкөт. Ичи жаргак бешманттан Каракчы кылып жасады (Жантөшев).
  2. 3.                  Жаман көргөндө же эркелеткенде айтылуучу сөз. Итирейген каракчы.. дарыядан барып суу алып кел (Турусбеков). — Садагаң болоюн, жаман каракчым (Сыдыкбеков).
  3. 4.                  Кир, булганч, таза эмес, кебете-кешпири кеткен. — Каракчыдай болуп кантип барам (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Талоончу, карактап кетүүчү, каракчылык кылуучу, Каракчылардын колунан эмне келет? (Сасыкбаев). Каракчылар кол салышып, жүгүбүздү талап алышты («Жомоктор»). 2. Эски кийимден, чүпүрөктөрдөн ж. б. жасалып, таранчыдан же башка нерседен эгинди, бакчаны ж. б. коруу максатында сайып коюлган сөлөкөт. Карга, кузгун келбеске, Эт менен тери бар жерге, Каракчы кылып салалы («Эл адабияты»). 3. Кебетеси жаман, булганч, жүдөө кишиге карата же бирөөнү кодулоо, кемсинтүү иретинде айтылат. Селпейген каракчы деп уруп-согуп, Ажаандар айбандарча алды кекти (Турусбеков). Кармалаба, селпейген каракчы (Жантөшев). Каракчыдай болуп кантип барат элем (Сыдыкбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Киши сөлөкөтүнө окшотуп эски кийим-кечеден жасалып, короонун же огороддун четине орнотулган нерсе» маанисиндеги каракчы сөзү метатезаланып, кээде карачкы болуп да айтылат. Бул сөз карак+чы бөлүктөрүнөн куралган. Анын карак уңгусу – азыркы кароо деген кыймыл атоочтун байыркы кездеги формасын сактаган варианты. Ага кесипти билдирген -чы мүчөсү уланган. Келип чыккан каракчы сөзү «кароочу» маанисин берген. Каракчы жаман-жуман нерселерден жасалып, коркунучтуу көрүнгөн. Ошондуктан анын алгачкы «кароочу» деген түз мааниси өзгөрүп, «кейпи суук нерсе» деген өтмө мааниси жаралган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРАКЧЫЛЫК – КР кылмыш-жаза укугундагы менчикке каршы кылмыштын бири; уурдоонун эң коркунучтуу зомбулук түрү. К. башка бирөөнүн менчигине ээ болуу максатында, өмүр менен денсоолукка коркунучтуу зордук-зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоно тургандыгы менен коркутуу аркылуу жасалган колсалуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан калыс, бардыгына бирдей калыстык кылган, эч кимге жан тартпаган адилет. Кара кылды как жарган, Калыс болчу неме го («Семетей»). Сатаров кара кылды как жарган калыс адам (Байтемиров). Бердиштей кара кылды как жарган калысты кайдан табасыңар? (Ш.Үмөталиев). Кара кылды как жарып акыйкатты туу кармаган бийлер, Аргын менен Тезекбайдын мээнети сиздердин колуңуздарга түштү (Өгөбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардыгына бирдей калыстык кылган, эч кимге жан тартпаган. Ушул Алапайдын бир ыгын келтирип бергиле, эмгегиңер эсте. Кара кылды как жарган калыссыңар (Өгөбаев). Бердиштей кара кылды как жарган калысты кайдан табасыңар? (Ш. Үмөталиев). Кара кылды как жарып акыйкатты туу кармаган бийлер, Аргын менен Тезекбайдын мээнети сиздердин колуңуздарга түштү (Өгөбаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КЫР — топоним. Алоокени жеңип Манасты кан көтөргөндө:
Алтын казган казына
Кенимди кошо берейин
Чай алуучу Кара-Кыр
Жеримди кошо берейин (Саякбай Каралаев, 1. 211),— деп айтылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КЫРЧЫН — топоним. Кытайлар менен болгон экинчи урушта атынан жана кырк жолдошунан ажырап жоонун курчоосунда жөө калган Манасты көп колу менен келген Кошой куткарат. Ошондо өз жерине кайткан жоокерлердин жолунун сүрөттөлүшүндө: «Кайра тартып Алтайдан, Кара-Кырчын, Тал-Мазар Бойлоп көп кол конду эле» (Саякбай Каралаев, 1. 161),— деп айтылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА КЫТАЙ — этноним. «Манас» эпосунда кыргыздардын кытай деген этноним менен аталган эпикалык башкы душманы. «Кыргыз элинин бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып сүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя 10-кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн Кара-Кытайлардын (алардын дагы бир аты — кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет... Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын «кара кытай», «кытай» деп аталышы, тилде да «кара кытайдай каптап» деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес» — деп Б. М. Юнусалиев көрсөтсө, Б. Жамгырчинов да «Манас» эпосунун алгачкы тарыхый негизи К. к-лардын чабуулдарына каршы күрөшү мезгилинде пайда болгондугун белгилейт. Орхон-Эне-Сай жазууларында К. к. түрктөрдүн чыгышында жайгашкан күчтүү душманы катары бир нече ирет эскерилген. Ал кытай жазмаларында 8-кылымдан тартып белгилүү. К. к-лар алгач Манжуриянын түштүгүн мекендеген эл. Мусулман жазууларында К. к. жалпы эле кытай деген түшүнүктө колдонулган. 10-кылымдын башында 916-ж. ченде (тунгус, кээ бир булактарда моңгол тилинде сүйлөгөн эл К. к-лар Тынч океандан тартып, түндүгү Байкөл (Байкал), түштүк - батышы Тянь-Шанга чейинки аралыкты ээлеген күчтүү империяны түзгөн. В. В. Бартольд менен А. Г. Малявкиндин маалыматгары боюнча К. к. сулалесинин борбору Түндүк Кытайда болуп, ал Ляо (Кытай жазмаларында) деп аталган. Сулалени негиздеген Абаоцзи (Ила-Абула) 840-ж. эне-сайлык кыргыздардын карамагында болгон Түн. Моңголияны басып алып, Ордо Балыкты талкалап, бийлигин чыгыш Түркстанга чейин кеңейтет. Орхондогу Билге канга арнап тургузулган эстеликти бузуп, өзүн даңазалаган жазууну чегүүгө буйрук кылат. Кытайда кыйла мезгилге чейин бийлик жүргүзгөндүктөн, кытай маданиятын дээрлик кабыл алат. Түш. Кытайдагы Сун сулалесинен алман алып да турган. 1125-ж. тунгус тилинде сүйлөгөн чжурчжендер Сун сулалеси менен биригип К. к-лардын сулалесин жок кылат. Елюй Да-ши башчылык кылган К. к-лардын тобу Орто Азияны басып кирип, Си Ляо (Батыш Ляо) деген мамлекетин түзөт. К. к. империясынын башында Гуркан аттуу башкаруучусу болгон. Мусулман жазууларында Гуркан « Кандардын каны» деген маанини билгизген. К. к-лар маникей дининде болушкан. К. к-лардын батышка карай келиши эки жол менен өтөт.
К. к-лардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан аркылуу өтөт. Бирок ал Табгач кан Хасандын уулу Кашкарлык Арслан кан Ахмедден сокку жеп, кол башчысы анда өлгөн. Бул согуш 1128-ж. болгон деп болжолдонот. Араб жазуу булактарында мусулман элдеринин ичинен К. к-ларга биринчи болуп Баласагун кан баш ийген деген кабар айтылат. Ибн Ал-Асирунын маалыматында 16 миңден турган К. к-лардын бөлүгү Жети-Сууга Арслан кандын (Сулеймандын) мезгилинде эле келип орношуп, кийин жергиликтүү көчмөн калктар менен сиңишип кеткен. К. к-лар эпосто кыргыз элинин айыгышкан жоосу иретинде сүрөттөлөт:
«Биздин кыргыз аз болот,
Кара кытай, манжу журт
Биздин журтка кас болот» (Саякбай Каралаев, 2. 8).
Тегерегин карабай
Алоокенин Коңурбай
Чымын жанын аябай
Каңгайдын дөөсү өлгөндө
Мен эмне болом — деп,
Кара кытай көп журтум
Кай бетим менен көрөм — деп (Курама варианты, 2. 217).

К. к-лар 10-кылымда Чыгыш Түркстандагы көчмөн калктар сыяктуу эле Чынгыз кандын мамлекетине туруштук бере албай, өзүлөрүнүн мамлекеттик абалынан ажырап, кийин казак, кыргыз элдеринин калыптанууу процессинде аралашып кеткен. Балким, кыргыз элинин уруулук курамында кытай, манжу деген эски аттардын сакталып калышы, ушул тарыхый факты менен да түшүндүрүлүшү мүмкүн.
К. к-лардын «Манас» эпосунда эпикалык душман катарында чагылгандыгына колубузда болгон анын көптөгөн варианттарына караганда 16-кылымдын башында жазылып калган «Мажму ат-таварих» кол жазмасы көбүрөөк ишенимдүү маалыматтарды берет. Кол жазмадагы Манас баатыр жөнүндөгү окуялар менен кыргыз уруулары тууралуу тарыхый-этнографиялык маалыматтар эпостун тарыхый жана анын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоо боюнча маанилүү фактыларды берет. «Мажму ат-таварих» боюнча Манас баатырдын негизги душманы Жолойдун тарабында солон, шибе элдери катышкандыгы айтылат. «Манас» эпосунун кийинки варианттарында да кыргыздын башкы душмандары болгон калмак-кытайлар жаатында солон, шибе деген элдин өкүлдөрү катышат. Демек, солон, шибе деген конкреттүү элдердин ысымдары салттык түрдө сакталып келатышы да бекеринен эмес. Бул элдердин өткөндөгү тарыхы да К. к-лар менен байланышат. Мына ошол «Мажму ат-таварихте» сүрөттөлгөн Жолой менен К. к-лардын башчысы Елюй Да-шини бир адам деп эсептөөгө болот. К. к-лардын негизги бөлүгү (жаңы келишкенде) азыркы Түн. Кыргызстандын аймагына жайгашып калышкан. Алардын калдыгы «кара-кытай», «кытай» деген ат менен кыргыз элине кошулган. Чаткал кыргыздарынын арасында «кара-кытай» уруусунун басымдуу болушу бекеринен эмес, уламыштарга караганда алардын Чаткал өрөөнүндө Күлбөскан деген башкаруучусу болгон экен. Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп турган кезде (9—10-к.) баскынчылык кылган К. к-лардан жапаа тартышы, быты рандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы «Манас» жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн.
Ө. Караев, С. Сыдыков

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАКЫШ — топоним. Эпос боюнча кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндөгү кеңешине К-тан да келишет:
Анын арка жагынан
Каракыш шаардын Бурчагы
Каркап кырк миң кол менен
Каптап келди бу дагы (Сагымбай Орозбаков, 2. 30).
Географиялык реалияда Синьцзяндагы Каракаш шаарчасына туура келет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КЫШТАК, Кара-Кишлак — топоним. «Мажму ат-таварих» боюнча К. -К. Манас баатыр мекендеген жер катары айтылат. Калмактар менен кыргыздардын урушунда Манас он үч жеринен катуу жарадар болуп, калмак каны Жолой К.-К-ты талап, Якуб-бекти (Жакып) туткундап кетет. Жолойдун кол алдындагы Тубай деген киши К. -К-ка келип Манасты ууландырат. Тубай дагы Көзкаман сыяктуу калмактан аял алып, алардын динине кирип, кыргыздарга келип чыккынчылык кылат. Тубайдын Манасты ууландырышы, башкы баатырдын өлүп, тирилиши жөнүндөгү окуя К.-К-та өтөт. «Манас» эпосунун негизги варианттарында да К.-К. кыргыздардын байыркы мекендеген жерлеринин бири катары айтылат. Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, азыркы Мерке районунун аймагында жайгашкан өрөөн. Баш жагы кенен, түндүк-батышта Терек суусу кошулгандан кийин, Кара-Дөбөнүн тушунда кууш капчыгайга айланат. К.-К. мал-жанга ыңгайлуу; жайкысын — жайлоо, кышкысын кары аз болгондуктан кыштоо катары пайдаланылат.
К. Сейдакматов

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КЫЯ — топоним. Туткундардын кайра кошулушу окуясында Күлчоро «Кара-Кыя капчалга Жол салганда бир өлбөй» (Курама варианты, «Сейтек», 66),— деп арман кылат. Географиялык реалияда Кыргызстанда К.-К. сыяктуу тоо беттерин кыялап кесип өткөн чыйыр жолдор өтө көп.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карал I
то же, что каралды.
карал II
ар.
обещанный срок;
каралым үч ай өттү ден фольк. обещанный мною трёхмесячный срок (оказался) мал, прошёл.
карал III
раб.
карал- IV
страд. от кара- II
1. подвергаться рассмотрению, рассматриваться;
эки маселе каралды рассмотрено два вопроса;
2. предусматриваться;
мектепти ремонттоого үч миң сом каралган эле на ремонт школы было предусмотрено три тысячи рублей.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Медер, бел, тирек, таяныч. Карал кылган, Олжобай, Калкыңа кетип сен калсаң («Олжобай менен Кишимжан»). Жанындагы беш жолдош Жанга.. карал эш жолдош («Саринжи — Бөкөй»).
  1. 2.                  өт. Бала, перзент. Караламды ыйлатпа («Саринжи — Бөкөй»).

КАРАЛ II кара этишинин туюк мамилеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Караан тутар, бел кылар тирек, таяныч, медер. Абабыз элең уялаш, Карал кылдым, бел кылдым, Кан абам, сени шер кылдым («Сейтек»). Коркок жигиттен короочу дөбөт жанга карал (макал). Жанындагы беш жолдош, Жанга карал эш жолдош. («Саринжи-Бөкөй»). 2. каралды менен бирдей. Каралымды ыйлатпа («Саринжи-Бөкөй»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карала I
то же, что кара ала (см. кара I 1).
карала- II
1. смотреть, посматривать;
2. заботиться, присматривать за кем-чем-л.;
малга каралап, жайлоого көчтүм заботясь о скоте, я откочевал на летовку;
жумушка каралап, жакада калдым в заботах о работе (полевой) я остался на равнине (не выехал на джайлау);
мага каралап, ал кетпей калды ради меня (заботясь обо мне, ожидая меня) он остался;
менин каралай турган кишим человек, который заботится обо мне.
карала- III
1. чернить;
2. перен. порочить, обвинять.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Кароо, күйүү, күтүү, айланчыктоо. Малга каралап, жайлоого көчтү. Мага каралап, ал кетпей калды. [Чүрөк].. баласына каралап.. айылга чейин. келди (Жантөшев).
КАРАЛА II этиш. 1. Күнөөлөө, жаманатты кылуу. — Белекке байланыштырып Сыдыкты да каралаптыр (Жантөшев).. Кармады мени Керимбай Каршылык менен каралап (Токтогул).
2. Карартуу, карайтуу, чиймелөө, жазуу, кара кылып боёо. Ак кагазды каралап,. Кат билбеген айыбым (Токтогул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАЛА — Ажыбайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин Манаска келишине арналып өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта алтынчы болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 340).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАЛА — Агыштын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылган аттардын бири катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таштап кете албай айланчыктоо, кармалып калуу, айланышуу. Бээ кулунуна каралап токтой калды («Ала-Тоо»). Жакшы болсо жолдошуң, жаныңдан чыкпай каралайт (Осмонкул). 2. Кароо, кам көрүү, күтүү. Малга каралап мына ушул жайыт жерлерге көчүп келбедикпи («Ала-Тоо»). Үй оокатка каралап, отун-сууга кол тийгизип коёр кимибиз калды? («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө күнөө коюу, жамандоо, кара кылуу, айыптоо. Каралап мени залимдер, Кармалып элден кеткемин (Токтогул). Силерди каралап жатпайбы? (Жантөшев). Актай башын каралап, Айдай бетин жаралап («Саринжи-Бөкөй»). 2. Карага боёо, карартуу, кара кылуу, чиймелөө. Ак кагазды каралап, Кат билбеген айыбым (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что кара аламан (см. аламан);
караламан киши эмес, нускасы турат улуктан фольк. он не простой человек, в нём видна осанка начальника;
караламан букара или караламан эл или караламан калк (в эпосе) народные массы, простой люд;
караламан черүү (в эпосе) рядовые бойцы (в отличие от предводителей и богатырей);
караламан уруш (в эпосе) общая свалка, побоище (не богатырский поединок);
катуу чаап салбаңар, караламан урушта кайраттуусун тандаңар фольк. в общей свалке не переусердствуйте, (среди врагов) выбирайте (и убивайте) наиболее сильных.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жардамдашуу, жардам берүү, кол кабыш кылуу. Өз эрки өзүндө эмес, Канымбүбү байкуш бөбөктөрүнө канткенде каралашат (Сыдыкбеков). Досумдун бала-чакасына кез-кез каралашкан болом (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. близко расположенный, живущий в близком соседстве;
алты зубун калмактан, жердеп турган жер бар дейт; так ошого каралдаш кыргыз деген эл бар дейт фольк. говорят, есть место, где обитают шесть калмыцких родов; как раз рядом с ним, говорят, есть народ, называемый киргизами;
2. оказывающие друг другу помощь;
3. близкие друг другу (по качествам, состоянию);
байге аты-каралдаш погов. скаковые кони (в общем) одинаковы (о людях или о делах, когда они не очень выделяются и нё очень отстают).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: жан каралдуу то, что, по поверью, является выкупом за душу, за жизнь;
жакшы мал жан каралдуу погов. хороший скот душу спасает (чтобы спасти человека, можно пожертвовать хорошим животным).

Киргизско-русский словарь Юдахина
опора, надежда (чаще в отношении детей);
каралды кылганым - жалгыз бала моя надежда - мой единственный ребёнок;
жаныңа каралды кылып ал возьми (его) себе в качестве спутника (на которого можешь положиться);
каралды болгун, энеке, мен бир жетим начарга фольк. будь опорой мне, матушка, слабому сироте.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бел кылар медер, тирек, жөлөк (көбүнчө балага карата айтылат). О кагылайын тентегим, Каралды болчу, Сейтегим («Сейтек»). Каралдым ай, кимге барып зарылдың экен! (Бейшеналиев). Кайдыгер жоого кетирбе Каралдыңдын намысын! («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Анча кара эмес, карараак, карага жакын. Каралжын тарткан булгаары шапке кийген бирөө эшиктен салам айтып кирди («Ала-Тоо»). Кара алтындан уютма, Каралжын ыраң тон менен («Манас»). Павел Семенов келбеттүү чоң киши чачы каралжын (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
каралуу I
носящий траур;
каралуу катын вдова (до года после смерти мужа);
каралуу көч похоронная процессия (кочевая);
жоо аяган - жаралуу, катыны - каралуу погов. кто жалеет врага, тот ранен, а жена его в трауре.
каралуу II
имеющий крупный скот, обладатель крупного скота;
бирин-экин каралуу, бардар адам у него есть несколько голов крупного рогатого скота, человек он зажиточный.
каралуу III
и. д. от карал- IV;
каралуучу маселе вопрос, подлежащий рассмотрению.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кара кийген, эри өлгөн жесир. Каралуу калган Каныкей, Көрбөгөндү көргөн дейт («Семетей»). Жесир калган каралуу Агача аттуу энеңден («Эр Табылды»). Каралуу башың эр кылгын, Катын башың туу кылгын («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. чернота;
2. перен. нечестность;
каралык бар го оюңда фольк. у тебя в мыслях нечестность; ты задумал недоброе;
айылды алалык бузат, араны каралык бузат погов. аул портят раздоры, отношения портит нечестность;
каралыкка салын- предаться скверным, недобрым делам;
каракчы болуп, мал уурдап, каралыкка салынып фольк. став грабителем, воруя скот, он предался делам скверным;
бети каралык или жүзү каралык гнусность, коварство.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Арамдык кара ниеттик, жамандык. Айылды алалык бузат араны каралык бузат (макал). Каракчы болуп мал уурдап, Каралыкка салынып («Эр Табылды»).
2. Күнөөлүүлүк, айыптуулук. Ак-каралыгын текшер.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамга ак санабаган кара ниеттик, арамдык, жамандык, арам ойлуулук. Каракчы болуп мал уурдап, Каралыкка салынып («Эр Табылды»). Айылды алалык бузат, араны каралык бузат (макал). 2. Күнөөлүүлүк, айыптуулук. Каралыгын калыс адамдар текшерип көрөр («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: бет карама или жүз карама несамостоятельный, действующий по чужой указке;
көз карама зависимый, находящийся в зависимости (от другого);
жер карама забитый, запуганный; застенчивый, замкнутый;
жеме угуп жүрүп эле, жер карама болуп калыптыр всё время слыша (по своему адресу) брань, он стал запуганным;
күн карама
1) подсолнечник;
2) сума перемётная, "и нашим и вашим".

Киргизско-русский словарь Юдахина
ведение;
кимдин карамагында? в чьём ведении?, кому подчиняется?
университет агартуу министерствосунун карамагына өттү университет перешёл в ведение министерства просвещения.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир мекеменин, уюмдун же айрым бирөөнүн өзүнө таандык экендиги, ээлиги, ошого карай тургандыгы. Колхоздун карамагындагы жайыт аймактар. Министрликтин карамагындагы мекемелер. Мал кимдин карамагында болуу керек? («Эркин Тоо»). Булар кимдин карамагына өтмөкчү? («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бетме-бет, тике маңдай. Карама-каршы жолуга калган шахтёрлор Ашырды ичке үнүнөн тааный калышчу (Сасыкбаев). 2. Бири-бирине туура келбеген, эки башка, бирине бири окшош эмес, кайчы, айырмалуу. Карама-каршы пикирлер. Ар бир кубулуштун өзүнө жараша карама-каршысы бар (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Айланчыктоо, күйүү, күтүү, каралоо. Сен бизге карамалабай кете бер (Абдукаримов). Саандан бошогон бээлер кулундарынын жанынан кеталбай, бир топко чейин карамалап, улам жанына барып жыт берет (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
всматриваться, смотреть вслед разыскивая, опасливо озираться;
"кайдасың?" деп, Аккочкор карамалап баратат стих. Аккочкор идёт, всматриваясь и думая "где же ты?";
карамалап жүрүпсүң, кең Арпада тоорулуп стих. бродишь ты, выслеживаемый, по обширной Арпе, боязливо озираясь.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кете албай айланчыктоо, каралап туруп калуу, кармалуу. Саандан бошогон бээлер, кулундарынын жанынан кете албай, бир топко чейин карамалап, улам жанына барып жыт берет (Абдукаримов). Сен бизге карамалабай кете бер (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА МАНАС Өзбек ССРинин Бостон районунундагы айыл. Элдик уламыш боюнча бир замандарда бул жерди Манас баатырдын бир жээни бийлеп турган экен. Ал жээни той берип, Манасты чакырбай коёт. Тойго келген кытай-калмактар тике карап каяша айтар баатырлардын жоктугун көрүп, тойдун чаң-тополоңун чыгарышыптыр. Ошондо карыялар, айыл аксакалдары жашыруун кеңешип, Манаска кабар беришет. Баатыр Манас колу менен келатканын кытай-калмактар алыстан көргөндө эле «Кокуй, кара Манас келип калды качкыла!», — деп чуру-чуу түшүп качкан экен. Ошондон улам бул жер К. М. аталып калыптыр.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ни с чем, без ничего (без средств, без крова, в тяжёлом положении и т.п.);
караманча кал- остаться без ничего;
энем экөөбүз таптакыр караманча калдык мы вдвоём с матерью остались ни с чем;
жетим-жесир, эчтемеси жок караманчалар сироты и вдовы, у которых нет ничего;
акча жок эле, караманча отуруп калдык денег не было, и мы ничего не могли сделать (купить, поехать и т.п.);
жалгыз ую өлуп, караманча отуруп калды у него пала единственная корова, и он остался без ничего;
кетер эмес караманча, тигилерди кармаганча стих. он не уйдёт ни с чем, пока вон тех не поймает.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч нерсесиз, такыр эчтемеси калбай, так каткан боюнча. Үй жайынан, мал-мүлкүнөн айрылып, караманча калган кедейлер үркүндө катуу азап тартканы эсибизден кете элек («Эркин Тоо»). Ириде жетим-жесир, караманча эчтемеси жокторду эсиңе ал (Жантөшев). Тапкан-ташыганын бүт көтөрүп алып, бизди караманча калтырып кете берген экен да! («Ала-Тоо»). 2. Таптакыр, түк. Мени караманча эчтеме билбеген келесоо деп турасыңбы?! («Чалкан»). Үйгө барып келүүдөн Шарип караманча баш тартты (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАМАР (иранча мар — жылан) — өтө чоң, зор жылан, ажыдаар. Эпосто К. Алооке кандын ажайыпканасын сүрөттөөдө учурайт: «Байкап көргөн кишинин Акылы жобоп, дал кылган, Төө кийиктен төртөө бар, Жыйырма жылан — карамар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 184).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАМАР — эпизоддук кейипкер. Калмак баатыры. Көкөтөйдүн ашында Коңурбай ат чабыштын байгесине зордук кылмак болуп курган кеңешке катышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөөнүн (мис, ата-энесинин, тууганынын) оокатына, турмушуна ж. б. карашып турган, кам көргөн, жардам кылган, күйүмдүү. Энеге карамдуу мындай мыкты кыз болорбу («Ала-Тоо»). Тууганыңа карамдуу болоюн десең, аялың ажылдап балааны кылгыдай. Ошон үчүн туугандар деле таарынганын коюп, кеп-сөз кылбай калышты, досум («Чалкан»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА МЕРГЕН — эпизоддук кейипкер, мергенчи. Манас боюнда барында жолборстун жүрөгүнө талгак болгон Чыйырдыга Беделбай аттуу жылкычы Каңгайдын К. м-и аткан жолборстун жүрөгүн алып келип берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 69).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыялы терс, таш боор, кыянатчыл, адамга жакшылык кылбаган. Киши кара мүртөз, киши ак көңүл – дааналана берет (Осмоналиев). Өзүң деле байкагандырсың, жеткен кырс, кара мүртөз неме (Бердикеев). Мен кара мүртөз, таш боормун (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыялы терс, таш боор, кыянатчыл, адамга жакшылык кылбаган. Киши кара мүртөз, киши ак көңүл - дааналана берет (Осмоналиев). Өзүң деле байкагандырсың, жеткен кырс, кара мүртөз неме (Бердикеев). Мен кара мүртөз, таш боормун (Абдукаимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карамык I
1. куколь (сорная трава);
2. название накожной болезни (при которой всё тело покрывается зудящей сыпью).
карамык- II
направить свои помыслы на что-л. (гл. обр. на то, чтобы поспать, не замечая всего остального);
уйкуга карамыгып отуруп, тамак ичалбай койду он так хотел спать, что не мог есть;
уйкуга карамыгып, турбай койду он никак не мог проснуться, не хотел расстаться со сном;
уйкусуна карамыгып, бат эле корулдап кетти его одолел сон и он быстро захрапел.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уйкуга берилүү, уйкусу келүү, уйкуга мас болуп кыйналуу.– Барбаймын, кеткиле! – деп, уйкуга карамыгып, Кабыл чатырды башына чүмкөй түштү (Элебаев). Ширин уйкусуна карамыгып жатып калды (Сасыкбаев). Токтогул уйкуга карамыкса да, эски кементайын тартып жамынды (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
каран I
то же, что караан;
караның аман көрүндү фольк. вид у тебя хороший.
каран II
1. несчастье, беда;
каран күн или каран түн
1) несчастный день; день, который приносит несчастье;
2) проклятая жизнь;
күнү каран болду он попал в тяжёлое положение;
башыма каран түн түштү я попал в большую беду, со мной случилось большое несчастье;
каран түн сал- или каран түн түшүр- обрушить беды, несчастья; учинить разгром;
башыма каран түн түшүрөбүз мы ему учиним разгром;
каран дүйнө злосчастный мир; мир, полный несчастий и бед;
2. оставшийся без присмотра, оставшийся без помощи;
каран кал- остаться без крова;
оокаты каран калды он совершенно обеднел; он очень бедно живёт.
каран- III
возвр. от кара- II
осматриваться, оглядываться; рассматривать себя (напр. в зеркале);
эки жагыңды каранып бас иди, оглядываясь по сторонам; иди осторожнее;
кара чачын таранып, жан-жагына каранып фольк. расчёсывая свои чёрные волосы и по сторонам поглядывая;
өз боюна каранып коюп оглядев себя (напр. взглянув, как сидит платье);
жол каран- всматриваться вдаль; смотреть на дорогу с ожиданием;
жерди каранат он стыдливо опустил голову;
каранган-карманганым то, что я имею.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Азап-тозоктуу кыйын шарт, начар турмуш-абал. Кечээги каран турган айылдарда, Балбылдайт электрик күйүп-жанып (Бөкөнбаев). Жедеп күнүм каран болгондо келип отурбаймынбы (Маликов). Келин ошентип башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан каран күн түштү (Акматов). 2. Ээн калган, кароосуз, багуусуз абалда болгон. Каран калган жетимим, Каран түндү салбагын («Сейтек»). Каран калган малдарың, Каарына алса жуттуку, как баш! («Эр Төштүк»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. без какой-л. примеси;
карандай чай чай без молока;
карандай суу вода без всяких добавлений и примеси;
карандай жала сплошная клевета, наглая ложь;
карандай шамал сухой ветер (без снега, без дождя);
карандай ысык ничем не смягчаемая жара (напр. совсем без ветра);
2. совершенно, окончательно;
карандай бузуп совершенно разрушив, испортив; окончательно развратив, совратив.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаан-чачын болбой, кар жаабай, күн ачык болуп тургандагы өтө катуу суук, ызгаар. Кыймылсыз селдейип тура калсаң өпкөдөн өткөн карандай суук колдоруңдун учтарын, беттериңдин отун ийне менен сайгандай тызылдатып иет (Кыдырмышев). В.: Кара суук. Тү деген түкүрүк жерге түшпөй тоңуп, жаланган кара суук колу-бетти аймалайт (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаан-чачын болбой, кар жаабай, күн ачык болуп тургандагы өтө катуу суук, ызгаар. Кыймылсыз селдейип тура калсаң өпкөдөн өткөн карандай суук колдоруңдун учтарын, беттериңдин отун ийне менен сайгандай тызылдатып иет (Кыдырмышев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыгач таякчанын ичине графиттен же кургак боёк затынан өзөк салынып жасалып, жазуу, чийүү, сүрөт тартуу үчүн колдонула турган курал. Боёк карандаш. Сыя карандаш. Инженер-майор картаны столдун үстүнө жайды да карандашын колуна алып, сүйлөй баштады (Сасыкбаев). Столдогу карандашты алып, жаза баштады (Токомбаев). 2. Графит, күмүш, коргошун менен аткарылган сүрөт тартуу техникасынын аталышы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или көз каранды)
1. смотрящий просительно, с ожиданием;
2. зависимый;
көз каранды өлкөлөр зависимые страны;
көз каранды бол- быть в зависимости;
сага көз каранды болбоймун я от тебя зависеть не буду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кара санатайлык, ою бузуктук, ниети жамандык. Алар кара ниеттик кылышып, азык-түлүктөрүн катып коюшкан (Бектенов). Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Ал эми арамзалык, кытмырлык, кара ниеттик сыяктуу уюткусу күчтүү болсо, андайлар деги эле өзгөчө өгөй учурап кыйын-кыстоо учурунда жамандыкка өлчөбөй койбойт экен! (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кара санатайлык, ою бузуктук, ниети жамандык. Алар кара ниеттик кылышып, азык-түлүктөрүн катып коюшкан (Бектенов). Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Ал эми арамзалык, кытмырлык, кара ниеттик сыяктуу уюткусу күчтүү болсо, андайлар деги эле өзгөчө өгөй учурап кыйын-кыстоо учурунда жамандыкка өлчөбөй койбойт экен! (Медетов).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Сагапх) — каранкстар; ставрида балыктарынын бир уруусу, буларга кыйла түрлөр кирет: каранкс большой (С. hippos) — ири каранкс, к.  гавайский (С. cheilio) — Гавай каранксы, к.  длинноперый (С. armatus) — узун канат каранкс, к.  золотистый (С. crysos) — сары каранкс, к.  малабарский (С. malabaricus) — Малабар каранксы, к.  сенегальский (С. senegalensis) — Сенегал каранксы, к.  черный (С. lugubris) — кара каранкс, к.  шестиполосый (С. sexfasciatus) — алты түшкүндүү каранкс.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат. Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди... Каран күн түштү биздин үйгө (Мырзаев). -Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колу буз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат. Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди... Каран күн түштү биздин үйгө (Мырзаев). Каран күн, эмне болуп кетти! («Ала-Тоо»). – Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колубуз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков). В.: Кокуй күн! Кокуй күн турбайсыңбы! (Бейшеналиев). А, кокуй күн, дагы эмне болуп кетти! – ыя, кокуй күн, көңүл иши куруп кетсин! (Бердикеев). Алат күн. Атыңдын оозун бура тур, Алат күн, Чүрөк, тура тур («Сейтек»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА НОГОЙ — этноним. Эпосто кыргызга канатташ жашаган уруулардын бири. Көпчүлүк эпизоддордо К. н. белгилүү каармандардын уруусу катары сүрөттөлөт: «Кара Ногой Жамгырчы, Сары Ногой Эр Манас (Радлов жазып алган вариант, 7). «Манаста» К. н. жана Сары ногой тууралуу маалыматтар, тарыхый болмуш көркөм формада чагылдырылган. К. н. тарыхта Жуучу кандын чебереси болгон Ногойго (13-кылымда жашаган) караштуу эл. Кийинчерээк ногойлор деген эл жалпы аталып өзүнчө болуп калыптанган. Бул түрк-моңгол элдеринен куралган калк. Алтын-Ордонун жана ал кулаганда Ногой ордосунун курамына кай бир кыргыз уруулары киргенин эсепке алганда «Манас» эпосундагы К. н. тууралуу билдирүүлөр тарыхый чындыкты чагылдырган дешке болот.
И. Молдобаев

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жугуштуу оорулар таралып кетпес үчүн жугуштуу оорулуу кишилерди же айбандарды бир жерге бөлүп коюп, ага эч кимди киргизбөө, андан эч кимди чыгарбоо чарасы. Айдан ашык карантинде жаттык (Сыдыкбеков).
2. Жугуштуу оору бар жерлерден келген адамдарды, товарларды текшерип көрүүчү санитардык пункт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
карантин (1. жугуштуу оорулар таралып кетпес үчүн жугуштуу оорулуу кишилерди же айбандарды бир жерге бөлүп коюп, ага эч кимди киргизбөө жана чыгарбоо; 2. жугуштуу оору бар жерлерден келген адамдарды, кемелерди, товарды текшерип көрүүчү санитардык пункт).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОСОТ (КАРАНТИН) (ит. quaranta giorni – кырк күн) – жугуштуу оорулардын эпидемиялык чордондон (келүүгө жана кетүүгө тыюу салуу, оорулуу же алар менен аралашкан адамдарды аныктоо же бөлүү ж. б.) же эпизоотиялык чордондон (сезимтал жаныбарларды киргизүүгө, чыгарууга жана топтоого тыюу салуу, ылаңдаган малдарды бөлүү ж. б.) таралуусун алдыналуу үчүн чаралар тутуму.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жугуштуу оорулардын таралышын (соолорго да жайылып кетишин) токтотуу үчүн оорулуу адамдарды же малдарды башка чөйрө менен катыштырбай, изоляциялап бөлүү чаралары. Айдан ашык карантинде жаттык (Сыдыкбеков). 2. Жугуштуу оорулар тараган жерлерден келген жүктөрдү, кемелерди жана адамдарды текшерип көрүүчү санитардык пункт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРАНТИНДИК МАТЕРИАЛДАР – жыйноочу жайлар, транспорт каражаттары, контейнерлер жана башка кандай гана болбосун зыяндуу организмдердин таралуусу мүмкүн болгон заттар жана материалдар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОСОТ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛУУ – өлкөгө жугуштуу оорулар менен айыл чарба зыянкечтеринин каптап кирүүсүн токтотуу боюнча мамлекеттин санитардык ишчараларды жүргүзүүсү. Ушу тапта түпкүлүгү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдөн келип чыккан жүктөр, таңгактар, унаа каражаттары тосот көзөмөлүнө алынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОСОТ ОБЪЕКТИСИ – КР аймагында али жок же чектелүү гана таралган, бирок өсүмдүктөр менен өсүмдүк өнүмдөрүнө кыйла залал келтире турган зыянкечтердин түрү, өсүмдүк илдеттерин козгоочулар же отоо чөптөр.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОСОТ ТАСТЫКТАМАСЫ – тышка чыгарылып (ташылып келинип) жаткан түпкүлүгү өсүмдүк өнүмдөрүнө (өсүмдүк, жержемиш, жашылча) келишимде эскертилген зыянкечтер менен оорулар жукпагандыгы жана тосот тартиби боюнча байымдуу аймактарда өстүрүлгөндүгүн күбөлөндүрө турган санитардык документ.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыйынчылык, чоң кырсык, өтө оор абал. Калдайган калктын башына каран түн мынча келе элек («Манас»). Туйгундардан айрылып, Каран түн түштү Манаска («Манас»). Карындашым Зууранын башына каран түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйынчылык, чоң кырсык, өтө оор абал. Калдайган калктын башына каран түн мынча келе элек («Манас»). Туйгундардан айрылып, Каран түн түштү Манаска («Манас»). Аларга каран түн болуп, Агарып таң аткан жок (Тоголок Молдо). Карындашым Зууранын башына каран түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»). В.: Кара түн. Жалпы эле Журттун башына кара түн түшүптүр (Бектенов),

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или караң-сураң или караң-караң или караң-кураң)
едва заметно, чуть видно (о далёком предмете);
көзүнө караң-сураң болду ему было (издали) чуть видно;
караң-сураң бир неме, караң этип жоголду фольк. что-то неясное показалось (вдали) и скрылось;
караң-караң эткен эки адамдын шаңы едва виднеющиеся силуэты двух человек.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. темно; тьма, темнота, мрак;
караңгы эмес түнү бейм фольк. для него, видно, ночь не темна (напр. для грабителя, вора);
айдын караңгысы период, когда нет луны, когда ночи безлунные;
2. перен. невежественный, тёмный;
караңгы эл тёмный народ;
караңгынын көзү жок в темноте ничего не видно;
караңгыда көзүм жок название детской игры;
караңгы жай могила.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жарыгы жок, көрүүгө мүмкүн болбогон, жарыксыз абал, түн. Күн батып, көз байланып, караңгы түшүп калды (Жантөшев). Караңгы түндө чыккан чыйылдаган үн алардын кулагына шумдуктуу угулду (Байтемиров). Үйдүн ичи караңгы болуп көзүнүн курчу кеткен байкуш кемпир казан-аягын таба албай жүрдү («Ала-Тоо»). 2. өт. Кат тааныбаган, билимсиз, түшүнүгү, аң-сезими өспөгөн, өнүкпөгөн. Караңгыны ойготуп, – Колго берген талабың («Жазгыч акындар»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Караңгы түшүү, караңгы болуу, күүгүмдөө. Айлана караңгылай баштады («Ала-Тоо»). Түн караңгылап, уламдан-улам бүркөлүп келе жатат (Жантөшев).
2. Караңгы түшүрүү, жарыкты тосуу. Терезени караңгылап кой.
Көзү караңгылоо — көзү тунаруу, көзү ымыр-чымыр болуу. [Гүлайымдын].. көңүлү айланып көзү караңгылайт (Абдукаримов). Көңүлү караңгылоо — көңүлү айнуу, жүрөгү айлануу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Караңгы түшүү, караңгы боло баштоо, көз байлануу, күүгүм кирүү. Күн караңгылагандан караңгылап, катуулап соккон желге ыргалган карагайлар күүлдөгөн болот (Жантөшев). Аңгыча болбой айлана да караңгылай баштады («Ала-Тоо»). Күн батып, күүгүм кирип бара жатты, Көрсөтпөй караңгылап эки жакты (Үмөталиев). 2. Жарыкты бир нерсе менен тосуп караңгы түшүрүү, караңгы кылуу. Үйдү караңгылап алып, үч күн бою дым тартай уктай берсем да өзүм билем («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жарык жоктук, жарык эместик. Айлананы караңгылык басып,.. шамал боло баштады (Жантөшев).
2. өт. Билимсиздик, кат тааныбагандык, окубагандык. — Караңгылык курусун, Болуштун лампасына көрүндүк бергенибиз да ырас, — деп Акман борс-борс күлдү (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жарыгы жоктук, түн болгондук, жарык эместик. Асман улам барган сайын түнөрүп, жер бетиндеги караңгылык коюулана берди (Абдукаримов). Күн батып, уламдан-улам жер бети караңгылыктын кучагына кирди (Жантөшев). Караңгылык тоонун аппак жүзүн да көрсөтпөдү (Каимов). 2. өт. Кат тааныбагандык, окубагандык, билимсиздик, түшүнүгү, аң-сезими өнүкпөгөндүк. Окуу – жакшылык, окуусуз –караңгылык (макал). Караңгылыгыман ушул күнгө туш келдим (Бектенов). Караңгылык курусун, болуштун лампасына көрүндүк бергенибиз да ырас (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан каардуу, кишиге тайманбай кол салма, коркунучтуу (жырткычтарга карата). Кара ооз аюуга катылса, чайнап салат («Ала-Тоо»). 2. Тили суук, албуут, ажаан. Кандай кара ооз неме эле, жаагын басып койсоңорчу. Ак кемпир жалакор, кара ооз катындын сөзүн кулагына илген жок (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаман, жагымсыз сөз айткан, жашыруун сырды сыртка чыгарып жиберген кишиге карата жек көрүү маанисинде колдонулат. – Бул кандай кара оозуңа кан толгур эле?! Кайдагы торпок?! (Өгөбаев). Ушундан кийин катуу айтсам, кара оозума кан толсун, – деди (Бердикеев). Кара оозуңа кан толгур, Кайрылгысыз күн болгур («Манас»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чыр, чатак, кыянатчыл, кара санатай, уят-сыйыты жок, жандими. Маркум атасы жакшы киши эле, уулу кайрымы жок кара өзгөй чыкты (Жусупов). Салыймага Бозгунчудай кара өзгөй күйөө керек беле? (Егиналиев). - Кийин кол бошогондо куран окутарбыз, -деп кара өзгөй жардыгын ашырды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыянатчыл, кара санатай, чыр, уят-сыйыты жок. Маркум атасы жакшы киши эле, уулу кайрымы жок кара өзгөй чыкты (Жусупов). Салыймага Бозгунчудай кара өзгөй күйөө керек беле? (Егиналиев). – Кийин кол бошогондо куран окутарбыз, – деп кара өзгөй жардыгын ашырды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кара санатайлык, катаалдык, кыянатчылык, уятсыздык. Ушул жерде да кара өзгөйлүк кылдым, наадандык кылдым (Мырзаев). Тазабек кара өзгөйлүгүн карматса, өз элинен алыста, бөтөн жерде коколой башы жүргөн молдокеңдин сазайын окутуп коюшу ыктымал (Сыдыкбеков). Кара өзгөйлүк менен алган акчасын кайтарып төлөй турган болгондо Молдакунов прокурор Жумабаевге мөгдүрөп барган («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кара санатайлык, катаалдык, кыянатчылык, уятсыздык. Ушул жерде да кара өзгөйлүк кылдым, наадандык кылдым (Мырзаев). Тазабек кара өзгөйлүгүн карматса, өз элинен алыста, бөтөн жерде коколой башы жүргөн молдокеңдин сазайын окутуп коюшу ыктымал (Сыдыкбеков). Кара өзгөйлүк менен алган акчасын кайтарып төлөй турган болгондо, Молдакунов прокурор Жумабаевге мөгдүрөп барган («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан жугуштуу эчки оорусу. Кара өпкө болгон эчки көздөнүп (Жантөшев). 2. Эчкилерге карата тилдөө, каргыш иретинде айтылуучу сөз. 3. Күйүгүү. – Базарга жете электе эле кара өпкө болуп күйүгүп калды, – деди Элебес (Мидин).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-ӨТКӨЛ — топоним. Манас баатыр баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөр алдында казактардын уруу башчысы Көкчө жер чалып кайра кайткан учурда «Кара-Өткөл деңиз көл менен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 154) өткөнү айтылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-ӨТӨК — топоним. Алооке кандын Анжыяндан качып кетишин баяндаган окуя боюнча бош калган Анжыянга Манас колу менен келип, К. -Ө. жерине кыштайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 230).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
разрушенный, разгромленный;
карап кылам элиңди фольк. я разгромлю твой народ;
карап болот каныңыз, курман болот жаныңыз фольк. хан ваш будет разгромлен, сами вы погибнете;
кана карап обездоленный, несчастный (букв. разрушенный дом);
кана карап кыл- обездолить, сделать несчастным;
күнү карап болот он пропадёт, погибнет;
иш карап дело дрянь.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бүлүнгөн, талоонго түшкөн абал, бүлгүн, кыйроо. Толкуп кетсе тозогуң, Толгон жандын баарысын, Карап кылып салгандай («Сейтек»). Калктын баарын коркутуп, Карап кылып таштадың («Семетей»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Чоподон бышырылып жасалган идиштерди билдирген карапа деген сөздөн кийин кабыл алынгандыгы жөнүндө К. К. Юдахин белги койгон эмес. Биздин оюбузча, карапа сөзү гректин кегаточ «топурак» деген сөзүнөн кабыл алынган. Кабыл алынганда биринчи муундагы е тыбышы аяккы муундагы жоон үндүүлөрдү ээрчип, а болуп өзгөрүп, м тыбышы п тыбышына алмашкан: керамос>карама>караба>карапа.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоподон жасалган идиш, кумура. Аздан соң бир жигит чоң карапага куюлган бирдемени алып кирди («Жаш ленинчи»). Карапага өстүрүлгөн канча түрдүү гүлдөр терезелердин текчесинде жайнап турганын көрөсүң («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
простой, безыскусственный;
карапайым жылкы простая (непородистая) лошадь, лошадь киргизской породы;
карапайым ит простая (непородистая) собака, дворняга;
карапайым киши заурядный человек (ничем не примечательный);
карапайым тил простой, безыскусственный, невычурный язык.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мүнөзү, жүргөн-турганы жөнөкөй, жупуну, бой көтөрбөгөн, менменсинбеген. Биздин командирибиз, Василий Мартынович, курулай чакчаңдай бербеген карапайым, ак көңүл адам эле («Ала-Тоо»). Адам канчалык карапайым болсо, элге ошончолук жагымдуу, жугумдуу болот («Ала-Тоо»). 2. Кызматы же башка даражасы боюнча өзгөчөлөнбөгөн, катардагыдай эле абалда болгон. Калтабай, эми сен мурдагыдай карапайым көптүн бири эмессиң (Токомбаев). Кечээ жакында эле карапайым колхозчу болуп жүрүп, эми бир мекемени башкарган мыкты жетекчилердин катарына кошулдуң («Чалкан»). 3. Тукуму асылдандырылбаган, зоот чалыш эмес, кадимкисинен өзгөчөлөнбөгөн (үй айбандарына карата айтылат). Карапайым кыргыз жылкысы. Карапайым ит. Илгерки карапайым уйлардын ордуна азыр зоот тукум уйларды кармоого өттүк («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
быть не в своём уме, помешаться, тронуться (по мнению знахарей, это происходит тогда, когда в организме человека развивается суук; см. суук 3);
суугу ашып, караптап кетти в нём возобладал суук, и он помешался;
караптаган адамдай, карбаластап жөөлуйсүң! фольк. ты мечешься и бредишь, подобно тронувшемуся человеку!

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оору адамдын алы кетип жөөлүп, башы айланып, эс-учунан танган абалда болуусу. Суугу ашынган байкушум караптап, ойду-тоону сүйлөп жөөлүй баштаганда, балдарынын эси чыкты («Ала-Тоо»). Караптаган адамдай, Карбаластап жөөлүйсүң («Мендирман»). Жаш козунун сорпосу, ооба, жаш эт, жаш козунун сорпосу, антпесе караптап кетет (Токомбаев).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Carapidae) карапус сымалдуулар; треска балыктарынын бир тукуму, буларга төмөнкү уруу жана түрлөр кирет: карапус (Carapus) — карапустар (уруу), к.  красный (С. homei) — кызыл карапус, к.  средиземноморский (С. acus) — Жер-Орто деңизинин карапусу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карар I
ар.
1. решение;
карар чыгар- вынести решение;
2. южн. успокоение;
карар тап- успокоиться.
карар- II
1. чернеть, темнеть, тускнеть; виднеться чернея;
карарып турган кара үңкүр чернеющая пещера;
карарган бойдон түн турбайт, калкылдап тийип күн турбайт фольк. не может неизменно оставаться тёмная ночь, не может неизменно, плавно двигаясь, светить солнце;
ай карарды луна затмилась;
күн карарды солнце затмилось;
2. перен. быть во множестве, чернеться (напр. о людях, лесе);
карарган жыйын огромное сборище, собрание с огромным числом народа;
3. перен. быть опозоренным, посрамлённым;
карарып, уурум чыккыча, саргарып жаным чыксын погов. чем мне, опозорившись, оказаться вором, лучше в печали пусть выйдет душа моя (т.е. лучше смерть, чем позор);
4. перен. рассвирепеть, остервенеть; задумать недоброе;
силерди шерменде кылууга карардым эле я, было, замыслил недоброе против вас;
караргандай түнөрүп замыслив коварство;
жамы карарды он рассвирепел;
жүзү карарып калган он опозорился;
оозу карарган язык у него пакостный;
дини карарды см. дин.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Токтом, чечим, бүтүм. Мал зооту Орто Азиядагы улут республикаларынын пайдасына калсын деген карар болду («Эркин Тоо»). Алдын-ала сөз менен эмес, кат менен карар чыгарып ич ара акысын берсек болот. (Абакиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от карар- II;
карартып, калың алып, кызартып, той жеймин фольк. я возьму бесчисленный калым (скотом), буду резать без числа и есть свадебное угощение;
калың кошуун алайын, катаган элин каптатып, карарта чаап салайын фольк. возьму я большое войско, пущу лавиной на катаганское племя и разгромлю;
карартып күйгөн чок (о мальчике) озорной;
карарта көрбө бетимди фольк. не осрами ты меня.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ак санабаган, кара санатай, кара ниет, шум. Каргышы ката кетпеген кара саат жан экен («Эр Төштүк»). Каап, кайдан кара саат сенин «мөлтүрөгүнө асыл» деген тилиңе кирдим эле (Бейшеналиев). 2. Абдан кыйын, кырсыктуу, татаал, азаптуу деген мааниде. Карыспандын кара суусу бар, Кара саат ушу бар (фольк). Кара саат жолу бар (фольк.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кара санатай, кара ниет. Каргышы ката кетпеген, Кара саат жан экен («Эр Төштүк»). Каап, кайдан кара саат сенин «мөлтүрөгүнө асыл» деген тилиңе кирдим эле (Бейшеналиев). 2. Кырсык, кесепет, жолтоо. Карыспандын кара суусу бар, Кара саат ушу бар (фолък). Кара саат жолу бар (фольк.). Кара сааттай болуп кайдан келе калды. – Молдо дос, дагы кара саат чырмады (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАСАЕВ Хусаин Карасаевич (1902, Түп району, Кең-Суу айылы) — кыргыз совет адабиятчысы. Профессор (1966). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1992), Кыргыз Республикасынын Илимдер акдемиясынын ардактуу академиги (1992). «Манас» эпосун изилдөөчүлөрдүн бири.


1914—16-ж. Пржевальск орус-тузем мектебинде окуган. 1922 — 23-ж. Кең-Суу кыштагындагы ревкомдун төрагасынын орун басары. 1923 — 27-ж. Ташкендеги казак, кыргыз эл агартуу институтунда билим алган. 1924-ж. кыргыздын туңгуч «Эркин-Тоо» газетасын чыгаруучулардын бири. 1928—31-ж. Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш таануу институтун бүтүргөн. 1961 — 74-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгектенген. Эмгектери: «Жаңылык» туңгуч кыргыз алиппеси (1928, И. Арабаев менен бирге), «Сабат ачкыч» алиппеси (1927), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1928, И. Батманов менен бирге), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1938, И. Батманов менен бирге), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1944), «Орфографиялык сөздүк» (1966), «Накыл сөздөр» (1984), «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1987) жана башкалар Кыргыз элинин биринчи агартуучусу Осмонаалы Сыдыковдун «Тарых кыргыз Шадмания» аттуу китебин (1990) азыркы тамгага өткөрүп, ага баш сөз жазган. 1931-ж. улуу манасчы Саякбай Карала уулу менен биринчи жолу таанышкан. Анын оозунан «Манас» эпосун жаздырып алууга көп эмгек сиңирген. «Манасчы» деген терминди биринчи болуп манастаанууга киргизген. К. «Накыл сөздөр» китебинде кыргыз тилиндеги, ошондой эле «Манас» эпосунда жолуккан көптөгөн накыл сөздөргө түшүндүрмө берип чечмелеген. «Өздөштүрүлгөн сөздөрдө» кыргыз тилине жана «Манаска» башка тилдерден (орус, араб, иран, моңгол, кытай жана башкалар) оошуп кирген сөздөрдүн маанисин ачып берген. 1990-ж. жарык көргөн «Камус наама» («Манас» сөздүгү) эмгеги эпостогу көөнөрүп бараткан сөздөргө түшүндүрмө берүүгө арналган.
3. Бектенов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө ак санабаган, жакшылык каалабаган, бирөөнүн ишин тескери кылганды, бүлдүргөндү жакшы көргөн кыянатчыл. Көпүрөнү кандайдыр бир карасанатайлар гана кулатып жибергендиги билинип турат (Жантөшев). Хандар ошончолук карасанатай болушчу турбайбы (Убукеев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРАСАНАТАЙ АКТЫ – бир мамлекеттин, болбосо анын юридикалык же жеке жактарынын башка мамлекетке каршы, сөзсүз эле укукка каршы келбеген, бирок достук эмес болуп эсептелген аракеттери (м.: башка мамлекеттин юрисдикциясына таандык өз адамдарынын дипломаттык иммунитетин коргоону ишке ашырып жаткан мамлекеттин негиздүү дооматтарын канаттандыруудан баш тартуусу).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө оң санабаган, жакшылык каалабаган карасанатай адамдарга мүнөздүү жорук-жосун, ошолор тарабынан болуучу иш. Карасанатайлык кылып, сууну жыгып жибериптир («Чалкан»). Карасанатайлык, көрө албастык, душман болуу мамлекеттин ишине зыян келтирет («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө жамандык издөө, кара ниеттик, кыянаттык кылуу. Анын эмне мага кара санай турган жөнү бар? (Байтемиров). Бардыгыңар кулагдар болуп койгула, бизге кара санап, көпүрөөнү бузган ким? (Жантөшев). Кара санаганды өлгөндөй жек көрөм (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жамандык издөө, кара ниеттик, кыянаттык кылуу. Анын эмне мага кара санай турган жөнү бар? (Байтемиров). Бардыгыңар кулагдар болуп койгула, бизге кара санап, көпүрөөнү бузган ким? (Жантөшев). Кара санаганды өлгөндөй жек көрөм (Бектенов).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Carassius) таман балыктар; каңылтыр балыктардын бир уруусу, буларга төмөнкү түрлөр таандык: карась золотой (С. carassius) — алтынсары таманбалык, к.  круглый — к.  к.  золотой, к.  обыкновенный — к.  к.  золотой, к.  серебряный (С. auratus) — күмүштөй таман балык.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАСМАН — эпизоддук кейипкер, калмак балбаны. Манас төрөлгөндө берилген тойдогу балбан күрөштө казак балбаны Калдардан жыгылып калат (Сагымбай Орозбаков, 1. 97).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАСУР — Ошпурбайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арнап өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта байгелүү орундардын бирин ээлейт (Сагымбай Орозбаков, 2. 341).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАСУР — каңгайлардын байгеге чапкан күлүгү. Манас туулгандагы тойдогу ат чабышта байге алган тулпарлардын бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 82).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-СУУ — топоним. Эпосто Алтайда, ошондой эле Ала-Тоодо да кезигет. Манастын жентек тою К. -С-нун боюнда өткөрүлгөн.
Жакып бай жайнай конуптур
Үч-Аралдын түзүнө,
Каңды тоонун оюна,
Кара-Суунун боюна.
Карап тургун калайык
Кан Жакып кылган тоюна (Сагымбай Орозбаков, 1. 77).

Географиялык реалияда Алтай тараптагы жерлердин бири.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө эпчилдик, айлакерлик иш кылуу, ар нерсенин ыгын, амалын таба билүү. Бирок элдин мүлкүнө суук колун салып, кара суудан каймак алгандардын машинасы биринчи эле бурулушта бузулду («Советтик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
этн. Жыл маалына жеткенден кийин аза күтүү убагында кийген кийимин чечтирип, башка кийим кийгизүү (көбүнчө күйөөсү өлгөн аялдарга карата). Салт ушундай, төркүндөрүн чакыртып, Айзааданын карасын алып, кааласа башын ачып, уруксат кылышы ыктымал (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
этн. Аш берилгенден кийин жесирдин аза күтүү убагында кийген кийимин чечтирип, башка кийим кийгизүү. Салт ушундай, төркүндөрүн чакыртып, Айзааданын карасын алып, кааласа башын ачып, уруксат кылышы ыктымал (Касымбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кара- II
1. заставить смотреть;
докторго карат покажи врачу;
2. дать направление;
бери карат поверни сюда;
башын жерге каратып олтурат он сидит понурив голову;
дөңгөлөгүн асманды каратып перевернув вверх колёсами;
3.: карата с предшеств. дат. п. по случаю, по поводу; в зависимости от...; к...;
Биринчи майга карата к Первому мая (по случаю Первого мая);
маселеге карата к вопросу об...;
Кипрдеги абалга карата к положению на Кипре;
иштөө нормаларын кайра кароого карата к пересмотру норм выработки;
жазга карата даярдануу подготовка к весне;
күчүнө карата по мере своих сил;
алына карата в силу своих возможностей;
кылган жумушка карата акы берилет плата выдаётся в соответствии с выполненной работой;
бери карата начиная от..., вот уже... как;
үч айдан бери карата вот уже три месяца, как...;
ошондон бери карата с тех пор;
4. (чаще в сочет. с ооз и көз) подчинять, покорять, ставить в зависимость;
элди езүнө каратып алды он подчинил себе людей;
элди өз оозуна караткан феодал феодал, который подчинил себе народ; феодал, который заставил людей делать то, что он говорит;
5. случать (кобылиц);
бээни айгырга карат- случать кобылицу с жеребцом;
жер карат- поставить в неловкое или в затруднительное положение;
каратып туруп в глаза, на глазах (букв. заставив смотреть);
каратып туруп калп айтат врёт в глаза;
каратып туруп, атымды уурдатып ийдим лошадь мою у меня на глазах украли.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
жанд. 1. Жараша, карай, ылайык. Кылган жумушуна карата акы берилет.
  1. 2.                Көздөй, карай. Каныбек менен Ажар ары карата жөнөдү (Жантөшев).
  2. 3.                Арнап багыттоо. Алым менен Сатар жылуу сөздөрүн Абазга карата айтып жатышты (Таштемиров). Биринчи майга карата.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Барыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, ошого жараша, ошого ылайык келип чыккан натыйжаны билдирүү, баяндоо үчүн колдонулат. Жарышка карата саяпкерлердин тынчы кетип жүргөн убак (Каимов). Кийинки күндөрдө Акбардын мамилесине карата Амантурдун да кыялы бузула түшкөн эле (Убукеев). 2. Кыймыл-аракет багыт, алган тарапты, багытты билдирет. Кызыл нарды карата Көкөтай барат калдактап («Эр Төштүк»). Каныбек менен Ажар ары карата жөнөдү (Жантөшев). Алым менен Сатар тамаша иретинде жылуу сөздөрүн Абазга карата айтып жатышты (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан көп, сан жеткис, жайнаган. Күндө кара таандай ылайчы, бакчачыларга союш, суусун жеткирүүнү токтотушту (Бейшеналиев). Эмне эле кара таандай чогулуп, ажылдап калгансыңар? (Мырзаев). Кара таандай жайнаган колду баштап, алоолоп батышка түрүлөт (Осмоналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАТАЗ — эпизоддук кейипкер, көөрүкчү. Манастын ач албарсы жасалганда кырк алты устаны жадатып, көөрүк басып бергени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 339).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн жардамын күтүп, жанын калкалоого, кыйынчылыктан кутулууга аракеттенүү, жан аргасын издеп далбасалоо. Эл кара талашып, алактап кетип баратып, Муз-Арттын күркүрөгөн суусуна көч-мөчү менен чуркурап киришти (Элебаев). Ал кара талашып жуушап жаткан койду аралай чуркады (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн жардамын күтүп, жанын калкалоого, кыйынчылыктан кутулууга аракеттенүү, жан аргасын издеп далбасалоо. Эл кара талашып, алактап кетип баратып, Муз-Арттын күркүрөгөн суусуна көч-мөчү менен чуркурап киришти (Элебаев). Ал кара талашып жуушап жаткан койду аралай чуркады (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кедей-кембагал, жарды адамдарга карата айтылуучу эпитет. Кара таман эмгекчилерди кылымдар бою эзип келген бай-манаптарды аягына чейин жеңдик (Элебаев). Алдыраак жакта отурган Калыбай Мырзаматов деген кара таман томаяк ордунан турду (Абдукаримов). Мандикерликке баруу кара тамандардын иши («Ала-Тоо»). Кара таман кедейлер, жалпы түшкүн оң жолго (Тоголок Молдо). Кара тамандар Тоозактын сөзүнөн чыгышпайт (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-ТАШ — топоним. Манастын кытай-калмактар менен болгон экинчи жолку урушунда душмандардын Каражой мергени (Кожожаштын атасы) «Алачыктай кара таш Кара-Таштан Манасты» (Саякбай Каралаев, 1. 156) тосуп, анын Торучаар тулпарын атып өлтүрөт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-ТАШ — топоним. Эпосто Манас Бээжинге кол топтоп аттанганда басып өткөн жерлердин бири:
Как Чөмүчтүн башына,
Кашага, Кара-Ташына
Кымкаптаган чатырга,
Чай кайнатып нан салып,
Сары аякка бал салып,
Чатыраш ойноп даң салып (Сагымбай Орозбаков, 4. 112 — 113).

Географиялык реалияда Чүйдүн Чөмүч өрөөнүндөгү микротопоним.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин орундалбай, ордунан чыкпай тургандыгын күчөтүү, таасындоо маанисинде колдонулат. Карганы күйкө кара ташты алсынбы? Кара ташына арман кыласыңбы? Заман азыр кедейдики (Каимов). Кенде кара ташты бычак болсунбу?

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Балакеттиби! (бир нерсенин орундалбай, ордунан чыкпай тургандыгын күчөтүү, таасындоо маанисинде колдонулат). Карганы күйкө караташты алсынбы? Кара ташына арман кыласыңбы? Заман азыр кедейдики (Каимов). Кенде кара ташты бычак болсунбу?

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАТЕГИН — топоним. Алтайдан көчүп келип Алай өрөөнүнө отурукташкан кыргыздын нойгут, окчу урууларын чапкан Шоорук канга караштуу жер, аны тоолук калчалар жердеген. Бокмурун Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн элди чогултуп кеңешкенде ылайыктуу жерлердин катарында аты аталган Алай жайлоосунун географиялык жайгашкан орду «Каратегиндин башында» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76) экенин туюндуруу үчүн колдонулган. Географиялык реалияда Тажикстандын түндүк-чыгышында, Сурхоб дарыясынын чөлкөмүндө, Алайга чектеш жаткан тоолуу аймак.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА ТЕЙИТ — этноним. Эпосто кыргыздын белгилүү урууларынын бири: «Катарлаш болуп Кошойго, Кара тейит Найманга Кабардаш болуп ошого» (Сагымбай Орозбаков, 2. 230). К. т. бир катар каармандардын уруусу катары да сүрөттөлөт: «Казактан бар Жоорунчу, Кара тейит журтунан Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу» (Курама варианты, 2. 178). Кыргыздардын санжырасы боюнча К. т-тер тейит уруусунун курамына кирет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ойдо жок жерден кокустук болуп, кырсыктап, бузулуп, ордунда болбой калуу. Кара теке сүзгөндө, каргашалуу куржунду кайдан ала койдум эле (Саатов). Жетимиштеги пенсионерди кайсы кара теке сүзүп жүрөт? («Советтик Кыргызстан»). Бул жерге кайсы кара теке сүзүп келдим экен («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ойдо жок жерден кокустук болуп, кырсыктап, бузулуп, ордунда болбой калуу. Кара теке сүзгөндө, каргашалуу куржунду кайдан ала койдум эле (Саатов). Жетимиштеги пенсионерди кайсы кара теке сүзүп жүрөт? («Советтик Кыргызстан»). Бул жерге кайсы кара теке сүзүп келдим экен («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кыйналып, көл-шал түшүп тердеген абалда болуу. Сөөктөрү кара тер басып, бирок уйкуга карамыгып, көзү бир аз илине калды (Бердикеев). Кайра аркасына чыгып бастыра албай кара тер басты (Абакиров). В.: Кара терге түшүү. Мени кыздын ыры шердентип ийди, кара терге түшүп кар күрөдүм (Жусупов). Ит үрсө терезеден көчө карап Калича кара терге түшүп турган (Абакиров).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАТОКО — эпизоддук кейипкер, Мажиктин атасы. Кошойго кандагай батпай калганда Ажыбай менен Чалыбайга кошулуп «Өнөр менен өткөрө Кылып койгон бир иш деп», кандагайдын жөн шым эмес экенин баамдайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 211). Башка учурларда Мажиктин атасы делип же уруунун аталышы (этноним) катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 50, 175). КАРА-ТОО — топоним. Эпостогу сүрөттөө боюнча мифтик кейипкерлердин тургун мекени. К.-Тго жортуул жасаган Жолойдун эрдигин «Кара-Тоону басып жер кылдың, Беш дөөнү байлап эл кылдың» (Саякбай Каралаев, 1. 80),— деп Эсенкан жогору баалаган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бактысыз, байкуш, ырысы жок, шордуу. Уйкучулугуна жараша бул кара тумшуктун соргоктугун кантейин (Убукеев). Ошо кара тумшук, куу аяк, Качырып жоого кире элек («Сейтек»). Кара тумшук жайнагыр, «Калк меники» деп чыгат («Семетей»). В.: Куу тумшук. Баягы куу тумшук бала энесине кетип калган тура! – деп Сыпай жеңе арыздана кетти (Убукеев). Кем тумшук. Бул кем тумшуктун кылганын кара («Ала-Тоо»). Тумшугу жок. О, тумшугу жоктор, тургула! – деген Бурманын катуу дабышы менен селт ойгонуп кеттим (Элебаев). Тумшугу тайкы. Туулгандан жалгыз кыз, тумшугу тайкы мен элем («Курманбек»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бактысыз, байкуш, ырысы жок, шордуу. Уйкучулугуна жараша бул кара тумшуктун соргоктугун кантейин (Убукеев). Ошо кара тумшук, куу аяк, Качырып жоого кире элек («Сейтек»). Кара тумшук жайнагыр, «Калк меники» деп чыгат («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө ишенүү, ага таянып бел байлоо. Аны эмнегедир жанатан бери Шааркан ичинен кара тутуп калган (Мавлянов). Токтогул кекенген манаптардан жалтанбай, аны кара туткан калың элди чыйралтып октолгон ырды жаадырды (Бейшеналиев). Жалгыз сени ээрчип, жалгыз сени кара тутуп, жалгыз сени эл да, туулган жер да тутунуп, ыргыткан ит шыбагы менен күн өткөрүп жүргөн (Касымбеков). В.: Кара кылуу. Кара кылып кармаган, Кадимки эр Чубактан айрылдым («Манас»). Эгиз козудай ээрчишкен балдары аны кара кылышат («Советтик Кыргызстан»). Караан кылуу. Сенден башка караан кыларым жок («Ала-Тоо»). Караан кылды деп уктум, Аты ургаачы Куялы... («Сейтек») Караан тутуу. Силерди киши деп, караан тутуп, ишенип жүргөн мен акмак (Медетов). Күйөөсү үйүнө келе калса, эмнегедир аны караан тутуп, ага жан тартчу болду (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө ишенүү, ага таянып бел байлоо. Аны эмнегедир жанатан бери Шааркан ичинен кара тутуп калган (Мавлянов). Токтогул кекенген манаптардан жалтанбай, аны кара туткан калың элди чыйралтып октолгон ырды жаадырды (Бейшеналиев). Жалгыз сени ээрчип, жалгыз сени кара тутуп, жалгыз сени эл да, туулган жер да тутунуп, ыргыткан ит шыбагы менен күн өткөрүп жургөн (Касымбеков).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. караул, кароол, күзөтчү, сакчы;
почётный караул ардак караулу;
2. (обязанности по охране) караул, кароол;
нести караул кароолго туруу;
3. в знач. межд. жан соога!, кокуй, жеп салды!;
хоть караул кричи разг. айлаңды кетирет, жаныңды койбойт;
взять на караул воен. мылтык менен честь берүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. кого-что
1. (охранять) күзөтүү, кайтаруу, кайтарып тура туруу, карап туруу, көз сала туруу;
караулить стадо мал кайтаруу;
2. разг. (ожидать, подстерегать) сактап туруу, аңдып туруу;
я караулил его целый день мен аны бир күнү кечке сактадым;
кошка караулит мышь мышык чычканды аңдыйт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА УСТА — эпизоддук кейипкер. Аккелтени жасаган уста. Бакай Манаска Аккелтени тартуу кылганда «Дөөтү досу Кара уста» (Саякбай Каралаев, 1. 189) жасаганын айтат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. чёрный (обычно о верблюде);
карача төө чёрный верблюд;
карача нар чёрный одногорбый верблюд;
карача нардан суу чыкты загадка из чёрного верблюда вода пошла (отгадка жаш слёзы);
2. ист. простолюдин.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАЧА — кейипкер. Кыз Сайкалдын атасы. Бул каармандын образы эпостун варианттарында ар башкача чечилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында калмак доотайы, эл билерманы. Бул вариантта Каткалаң деген ылакап ат менен да айтылат. Текес кан жеңилгенде сексенге таяп калган К-ны эл кандыкка каалайт, көңүлдөнүп калганында кызы Сайкал каршы болуп К. кайра кандыктан айнып калат. Ошондо эл бизге катаалдык кылдың деп, Каткалаң атка конуп кетет. К. Текестин иниси Тейишти кандыкка көрсөтөт. Тейиш кандын тоюндагы эрөөлдө Манастан найза жеген Сайкал сайышка кайра чыкпай койгондо, Манаска К-нын айтуусу боюнча Сайкалдын атын тартуу тартышат. Манас Сарыбуурулду К-га берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 46—48, 64—67). Саякбай Каралаевдин варианты нда кырк уруу кыргыздын бири нойгут элинин каны делет. Атасы Жакыпка таарынып, өзүнө ылайык жолдош издеп чыккан Манас Баба дыйкан менен ортоктошуп айдаган буудайын эли ачарчылыкка учурап, эгин издеп жүргөн К-га берип, акысына «Кулатайды» алып, ал кийин баатырдын айтылуу тулпары Аккула болуп чыгат. Акылы жетик, эл камын ойлогон К.:
Ал абалың кандай деп,
Картайганда Карача
Ал-абалын сурай жүр!
Эрендирсиң, эрдирсиң
Күтүп алчу сендирсиң!
Элди байкап чала жүр,
Менин жерим Лоп дайра
Ошондон кабар ала жүр!
— деп Манаска анын жалпы кыргыз элине арка-бел экенин айтат (Саякбай Каралаев, 1. 172 —182). Манас өлгөндө кызы Сайкалга алтымыш катын кошокчу менен тул салдырып берет (Саякбай Каралаев, 2. 253).
А. Күрөгөнов, С. Төлөгөнова

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өтө тез жүрүш, чапкылаган ылдам жүрүш. Мурункудай кара чабуулга салбай, аттарды теминише зыпылдатып бастырып баратышат (Жантөшев). Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал). 2. Байгесиз ат чабыш. Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дүрбөлөңгө түшүү, бүлүнүү, бүлүк түшүү. Адамдар кара чабуулга түшүп издебесе, менин дагы конгум келер эле, – деди Абдылас (Эсенканов). Убаданы бек аткарган ал уйчу Нускени кара чабуулга түшүп издегендерге төртүнчү күнү айтат (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дүрбөлөңгө түшүү, бүлүнүү, бүлүк түшүү. Адамдар кара чабуулга түшүп издебесе, менин дагы конгум келер эле. - деди Абдылас (Эсенканов). Убаданы бек аткарган ал уйчу Нускени кара чабуулга түшүп издегендерге төртүнчү күнү айтат (Осмоналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРАЧАЧ — эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейди күтүп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47). Кийин Кыяс Айчүрөктү олжолоп алып кеткенде К. Айчүрөк менен кошо жүрөт. Айчүрөк толготуп жатканда эркек төрөсө баласын билгизбей өлтүрүп келгиле деп, Кыястын жети кемпирди жөнөтүп жатканын К. угуп, Айчүрөккө айтып келет. Айчүрөк К-тын жардамы менен жети кемпирди өлтүрүп, Сейтекти аман алып калат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан, өтө жакын, өз көзүндөй болгон, анык, чыныгы (туугандык, жакындык жөнүндө). Мен, Аманбектин кара чечекей агасы Кожекемин («Чалкан»). Мен сени кара чечекей бир тууганымдан артык көргөмүн (Бердикеев). Байымбет кара чечекей боордошундай кам жеп, үйрүлгөн досуна ыраазылыгын айкындады (Бейшеналиев). Жаныңа ала турган кишилериң өзүңдүн кара чечекей жакының болсун (Жантөшев). В.: Кара чечекейдей. Кара чечекейдей болгон, өзүнүн көздөй кишисин алып келди («Бишкек шамы»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан, өтө жакын, өз көзүндөй болгон, анык, чыныгы (туугандык, жакындык жөнүндө). Мен, Аманбектин кара чечекей агасы Кожекемин («Чалкан»). Мен сени кара чечекей бир тууганымдан артык көргөмүн. (Бердикеев). Байымбет кара чечекей боордошундай кам жеп, үйрүлгөн досуна ыраазылыгын айкындады (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА ЧОЮН — эпизоддук кейипкер, калмак балбаны, Эсенкан Манасты кармап келүүгө Жолой менен Дөңгө аттуу баатыр-балбандарын баш кылып жиберген согушта Жолойдун он эки жайсаңынын бири экени айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 94).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыраан бүркүттөрдүн бири. Акылдын түбүн байкаган, ак сакалы жайкалган аксакал ак өргөөдөн чыгып, ажардуу канышанын жанында Карачыктын кара аласындай кымпыйып турган баланы карап, сакалын сылап койду (Субанбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мамилени бузуу, ортосуна от жагуу, араздаштыруу. Таттыгүл кантсе да Мубарек экөөбүздүн ортобузга кара чычкан аралатып, студенттик кезден берки сыйлуу-сыпайы аралыгыбыздын бекем дубалынын кайырын чайыр кылып, заматта бузду да кетти окшойт (Казакбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мамилени бузуу, ортосуна от жагуу, араздаштыруу. Таттыгүл кантсе да Мубарек экөөбүздүн ортобузга кара чычкан аралатып, студенттик кезден берки сыйлуу-сыпайы аралыгыбыздын бекем дубалынын кайырын чайыр кылып, заматта бузду да кетти окшойт (Казакбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
караш- II
взаимн. от кара- II
1. совместно смотреть;
2. совместно принадлежать;
3. помогать, оказывать помощь;
малга караш- помогать ухаживать за скотом;
мал караш- совместно искать пропавший скот;
карашары жок у него нет никого, кто бы о нём позаботился, ему помогал.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. кара IV этишинин кош мамилеси. 2. Жардам берүү, каралашуу, көмөк көрсөтүү. Кабылдын Базарбайдан башка карашар эч кимиси жок (Элебаев). Кыйшаң-куйшаң дебестен, Жоксузга балдар карашсын («Мендирман»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-ШААР (Чоң шаар маанисинде) — топоним. Эпостун негизги варианттарында учурайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: «Жери Шыйкуу, Суушаңда, Калаасы Кара-Шаар болуп, Жердеген экен ошондо» (Сагымбай Орозбаков, 1. 155),— деп Жакыптын жердеген мекени катары айтылса, кээде кытайдын жери (шаары) катарында да учурайт:
Беш калааны айланып,
Бээжин минер мал экен.
Кара-Шаарды айланып
Калдайлар минер мал экен (Сагымбай Орозбаков, 3. 191).

Чоң казатка аттанган Манастын колу Бээжинге бараткан жолдо К.-Ш. аркылуу өткөну айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 92).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от караш- II
искать, изыскивать, присматривать, подыскивать;
караштырып, акча таап бериңиз поищите у кого-нибудь (для меня) денег;
тияк-биягын караштырып көрчү ты там кое-где посмотри (может быть, есть что-л. подходящее).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-ЭМИЛ — топоним. Нескара менен болгон урушта бошотулган маңгулдарга Манас баатыр кыргыз эли менен канатташ жашоону сунуш кылып «Кара-Эмилди, Кажырты Как ошону жердеңер» (Сагымбай Орозбаков, 1. 211),— деп аларды Эсенкандын баскынчыларына каршы күрөшүү үчүн дайым даяр турууга чакырат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
суетиться, метаться, сильно волноваться; торопиться;
эл карбаластап, түркүм арыз-муңдарын айтат люди торопливо рассказывают о своих нуждах;
честь бергенди да унутуп, аябай карбаластап сильно волнуясь, забыв (даже) честь отдать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шашкалактоо, эмне кыларын билбей шашып калуу. Жо-жок! – деп, Эсен карбаластап жооп берди («Ала-Тоо»). Атам карбаластап шашып калгандыктан, эшикти буйдалып ача албай жатты («Кыргызстан аялдары»). Кабинетке карбаластап Пугарев кирди (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. хим. Көмүр кислотасынын тузу.
  1. 2.                  хим. геол. Ар түрдүү металлдардын кошундуларынын көмүр кычкылдуу минералдарынын аты.
  2. 3.                  Бургулоодо, жылмалоодо колдонулуучу майда бүдүрлүү кара алмаз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. хим. Көмүр кислотасынын тузу (соода, патош ж. б.). 2. геол. Ар түрдүү металлдардын көмүр кычкыл бирикмесин берүүчү минералдардын аты. 3. Бургулоо, жылмалоо иштеринде колдонуучу майда бүдүрлүү кара алмаз.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карга I
1. ворона (общее название);
көк карга сизоворонка;
ала карга серая ворона;
ала карганы атынан чакырат погов. ворону зовут по её имени (т.е. следует вещи называть их именами);
чар карга или коң карга грач;
эркек карга
1) самец вороны;
2) перен. смельчак;
бул өрөөндө эркек карга жалгыз сен эмессиң в этой долине не ты один смельчак;
эркек каргача чокчоңдойт или эркек каргадай чокчоңдойт он петушится;
жалгыз карга бокко тойбойт погов. одинокая ворона навозом не насытится (нужна компания);
2. перен. дитя (чаще о малолетнем сыне);
менин колума да карга чычаар погов. и на моей улице будет праздник (букв. и на мою руку ворона нагадит);
карга бок чокуй электе келдим я пришёл чуть свет (букв. я пришёл, когда ещё ворона навоза не клевала);
каргадай маленький (о ребёнке-несмышлёныше);
каргадай жетим сиротка, малый ребёнок-сирота;
каргадайда в раннем детстве;
каргадайынан (он) с раннего детства;
каргадай болгон алтын баш фольк. одинокая, беззащитная головушка;
карга тырмак
1) см. тырмак;
2) (точнее карга тырмак чөптөр) травянистые растения на небольших каменистых или песчаных склонах гор;
карга тебиш см. тебиш I 2.
карга- II
проклинать, клясть, ругать;
ал каргаса, жерге батпайт погов. если народ проклянёт, то на земле места не найдёшь;
каргап-шилеп разругав на все корки.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Тамакты ылгабай жей берүүчү, көбүнчө кара бозомук келген анчалык чоң эмес канаттуулардын жалпы аты. Кара карга. Ала карга. Чар карга. Кон карга. Карга бакса куш болбойт, кара темир курч болбойт (макал).
¨ Көк карга — жалпы каргалардан кичине, көк түстөгү канаттуу.
КАРГА II этиш. Жамандыкка, кырсыкка учуроо тилегин айтуу, каргыш айтуу. Тейитбек Курманбекти каргай баштады (Жантөшев). Казанчы бай уулунун бул кылыктары үчүн анын жалгызына карабастан жатып да, туруп да каргай турган (Аалы).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бирөөгө жамандыкты, кырсыкты тилөө» маанисиндеги карга сөзүнүн кандайча келип чыкканын аныктай турган түздөн-түз далилдер азырынча жок. Ошондой болсо да бул сөздүн келип чыгышына кыйыр далилдерди келтирүүгө болот. Байыркы түркчө йарлыка сөзү кыскарып отуруп жалга сөзү келип чыгып, андан карга сөзүнүн карама-каршы маанисиндеги алка сөзү келип чыкканы белгилүү. Карга сөзү да алгачкы бир-эки муунун жоготуп, тыбыштык жактан кыскарууларга учурап, азыркыдай түргө келиши мүмкүн. Анын алгачкы түрү каршылыка (<каршы+лык+а) болушу ыктымал. Ал алкагандагыга салыштырганда каршы тилектеги сөздөрдү айтканы үчүн ушундай аталган болуу керек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жамандык каалаган, кырсык тилеген мааниде каргыш айтуу. Мендирман ит өлдү деп, Элим каргап жаткандыр («Мендирман»). – Аябай, катуу каргасаң керек, Мырзабайдын үйү өрттөндү (Абдукаримов). Жалгыз баламды каргап отуруп бир балакетке жолуктургуң бар го тилиңе келген как баш! – деди кемпир («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эртең менен эрте, таң заардан, таң азандан. – Кеттиби карга бок чокуй электе? – Кетти («Кыргызстан маданияты»). – Эл-журт тынччылыкпы? Эмне болуп кетти? Карга бок чокуй электе келиптирсиң? («Кыргызстан маданияты»). В.: Карга кык чокуй электе. Ушуну шылтоолошуп, таң заардан карга кык чокуй электе жетип келишет (Борбиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эртең менен эрте, таң заардан, таң азандан. - Кеттиби карга бок чокуй электе? - Кетти («Кыргызстан маданияты»). - Эл-журт тынчылыкпы? Эмне болуп кетти? Карга бок чокуй электе келиптирсиң? («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каргага окшош, карга сыяктуу. 2. өт. Кичинекей, бою, көрүнүшү кичине. Каргадайдан тең өскөн, Канча бир сөзгө кеңешкен («Олжобай менен Кишимжан»). Кабыланга Каныкей каргадайдан жолукту («Манас»). Ушул каргадай болгон байкуш чалды атка таңып, кечке кой кайтартайын деген ою бар го? («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карган I
см. кары- V.
карган- II
возвр. от карга- II
1. клясться, божиться;
ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат погов. вор досыта (ворованным) насытится, (а потом) вовсю (букв. до смерти) клянётся (мол, не брал);
алып-жутуп, жеп коюп, "алганым жок" деп, карганат фольк. урвёт, присвоит, (а потом) клянётся, мол, я не брал;
2. произносить заклятия, заклинать;
карганып-шиленип
1) клянясь и божась;
2) изрыгая ругательства на всех и вся.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Бир нерсени иштебегендигине, күнөөсү жок экенине, айыптуу эмес экенине ишендирүү үчүн каргыш сөздөрдү айтуу. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат (макал). Айдарбек безилдеп, карганып жиберди (Жантөшев).
КАРГАН II кары менен бирдей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнүн актыгын, айыптуу эмес экендигин билдирүү же актануу үчүн өзүнө карата каргыш сөздөрдү айтуу, каргыш кылуу. Иши кара болсо да, Иле менен карганат (Токтогул). Айдарбек безилдеп карганып жиберди (Жантөшев). Арбак уруп кетсин деп, Карганып сөздү көп айтат (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, ой-тилекке, максатка буйдоо болгон, аткарылышына, ишке ашышына жолтоолук кылган кырсык, каршылык, тоскоолдук. Биздин оюбузга койбой, ушул балакет зөөкүр каргаша болот экен да! («Ала-Тоо»). Экөөбүздүн бактыбызга каргаша болуп, түндүн түнөргөнүн карачы (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштин, ойлогон максаттын ж. б. аткарылышына, ишке ашуусуна каргаша болгон, тоскоолдук кылган, кырсыктуу, чырчатактуу. Атай Таластан агылгалап чыга албай жүргөндө мына ушул каргашалуу окуя чыга келди (Каимов). Кайгырып мында турупсуң, Каргашалуу өлүмгө (Токтогул).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРГО (исп. cargo – жүктөм, жүктөө) – эларалык тажрыйбада киреакы алуу максатында деңиз кемеси менен тартылуучу жүк же мүлк. Тышкы соода аткарымдары боюнча «К.» деген түшүнүк так аталышы көрсөтүлбөгөн жүктү билдирет. «К.» деген түшүнүктүн мааниси камсыздоого, соода-сатыкка, деңиз жүк тартуусуна тийиштүү документтерде бирдей мааниге ээ болот.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРГО (исп. cargo – жүктөм, жүктөө) – эларалык тажрыйбада киреакы алуу максатында деңиз кемеси менен тартылуучу жүк же мүлк. Тышкы соода аткарымдары боюнча «К.» деген түшүнүк так аталышы көрсөтүлбөгөн жүктү билдирет. «К.» деген түшүнүктүн мааниси камсыздоого, соода-сатыкка, деңиз жүк тартуусуна тийиштүү документтерде бирдей мааниге ээ болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
каргы I
ошейник;
алгыр болсо тайганың, алтындан алып, каргы так фольк. если борзая у тебя с хорошей хваткой, надень на неё золотой ошейник.
каргы- II
прыгать, вспрыгивать;
үстүнө каргып минди он вспрыгнул на него и сел верхом.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Иттин мойнуна байлап, чынжыр, жип тагуучу кайыш. Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так (макал). Күмүштөн каргы чаптырып, Жез чагарак тактырып, Жез билекке байлаган (Токтогул).
КАРГЫ II этиш. Секирүү, ыргуу. Аста басып аңдыды, Түйүлүп түлкү каргыды (Тоголок Молдо). Ыргыштаган Тайбуурул, Каргып барып тик түшөт («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
тайгандын моюнуна тагылуучу кур. Чеберлер аны булгаарыдан же кайыштан узундугу 30—35 см, туурасы 3—5 см, эки учуна тегерек темир же чагарак, же дөңгөлөк бекитет. Кыраан тайгандар үчүн сырткы бетине ар түрдүү күмүш чөгөрүшөт. Оюм-чийим түшүрүп, ар кандайча кооздойт. Уучулар жетелеп жүрүүгө кыргынын чагарактан ичке кайыш боо-тартма (сыдырма, жүгүртмө, танап) өткөрүп, алгыр тайганды кыраан куштардай көпчүлүк тааныгандай көркөмдөө өнөрү да болгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Итти чынжырга, жипке байлоого ылайыктап тагылган моюн кайыш. Падыша баланын тайганына каргы такты («Жомоктор»). Күмүштөн каргы чаптырып, Жез чагарак тактырып, Жезбилекке байлаган (Токтогул). Каргысын алып ыргытып, Кайып болду Актайган («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үнү ачык чыкпай, тоскоолдукка учурагансып, кардыгып чыгуу. Чоронун үнү каргылданып, сүйлөгөн сөздөрү отургандарга анча ачык угулбагансып жатты («Ала-Тоо»). Түн ортосуна жеткенде үнүм каргылданып бүтүп калды (Элебаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. с ошейником, в ошейнике;
каргылуу тайган борзая с ошейником;
2. перен. крепкий, прочный, надёжный;
каргылуу тоо или каргылуу кара тоо или каргылуу бел
1) неприступная гора; недоступный перевал;
2) перен. обладающий всеми хорошими качествами: умный, доблестный, дающий прибежище, защиту и т.п.;
каргылуу тоом ураптыр - кайран достум сулаптыр фольк. опора моя рухнула - мой милый друг умер;
каргылуу эр сильный и храбрый молодец.

Киргизско-русский словарь Юдахина
каргыш I
сухожилие (гл. обр. у сочленения костей);
калп айтсам, каргыш тиштейин! фольк. если я вру, пусть буду есть сухожилия (а не мясо) !
каргыш II
проклятие;
каргыш тийсин! будь ты проклят!;
каргыш тийген проклятый;
кой каргышы бөрүгө жетпейт погов. проклятие овцы на волка не действует;
каргышың кара ташка! пусть твоё проклятие останется без последствий!;
каргышың кара башыңа көрүнсүн! пусть твоё проклятие падёт на твою голову!

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРГЫШ — бирөөгө карата каргап айтылган сөз. «Манас» эпосунун көркөм түзүлүшүнө кирген салттык-турмуштук ырларынын катарында К-тар кеңири жолугат. Алар алкыш сыяктуу эле тилөө жана арбоо максатында колдонулат. Бирок алкышка карата каршы максатта — бирөөгө наалат, кыянаттык келтирүү үчүн сөздүн магиялык кудурети жумшалат. Эпостун көркөм курамындагы К-тарды бир нече темага бөлүп кароого болот: теңирдин жана жердин кудуретине байланышкан К., ата-бабалардын арбактары менен байланышкан К-тар. Эпостун көркөм поэтикасындагы К-тар бул темалар менен гана чектелбейт, бири-бири менен байланышкан майда темадагы К-тар да жолугат. Байыркы түрктөр, анын ичинде кыргыздар Теңирди (асман, көк), жылдыздарды ыйык тутушуп, ар кандай элдик ишенимдер пайда болгон. Ошого байланыштуу алардын бүгүнкү лексикада да «Теңир урсун!». «Төбөсү ачык көк урсун!», — деген өңдүү арбоо К-тар кеңири жолугат. Эпостун текстинде теңирдин аты менен багытталган К-тар ар кандай кырдаалдарда колдонулат. Мисалы, ыйык тутулуп, Теңирдин аты менен К. багытталат:
Төбөсү ачык көк урсун,
Төшү түктүү жер урсун,
Көк милтенин чогу урсун,
Убадаңар чын болсо
Ушуга кандар кол көтөр...
Ат башындай ак куран
Алып келип баары да
Көкүрөгүн урушту (Сагымбай Орозбаков, 4. 16).

Контексттеги алты кандын К-ы ислам дининин элементтери менен айкалышкан. Мында алты кан Теңирге жана Жерге жалынып, Манасты багындырып бериш үчүн өздөрүнүн арбоолорун тилеп, убадаларын байланыштырышкан К-ында элдик ишенимдеги диндик элементтер колдонулуп К-ты бекемдөө үчүн «Ыйык куранды көкүрөгүнө коюшат». Бул учурда ислам ишеними К-ты баштапкы көөнөлүк түрүн жаап, чүмбөттөп калган. Эпосто көрүнгөндөй элдик көз караштын байыркы жана кийинки катмарлары бири-бири менен сиңишип, Теңир менен Жердин культтук мааниси эпостун бардык варианттарындагы салттык К-тар да кеңири колдонулуп, культтук Теңир, Жерге багытталып айтылган К. эпостогу эң бир каардуу, ырайымсыз, коркунучтуу К. катарында эсептелген. Эпостогу К-тардын башка түрлөрүнө ата-бабалардын арбактарынын аты менен багытталган К. жатат. Элдик ишенимде жаны өлбөйт, ал качан адам өлгөндө анын денесинен чыгып, күнөөсүнө жараша Теңирден же Жерден орун алат. Кыргыздар көпчүлүк учурда өздөрүнүн душмандарына, жамандык тилеген, кырсыктарды көп жасаган адамдарды «арбак урсун!» деген ата-бабалардын арбактары менен байланышкан К-ты колдонуп келишкен. Мындай мазмундагы К-тардын «Манастын арбагы урсун!» деген өңдүү түрлөрү кыргыз эпосунда кеңири жолугат. Ушул эле К-тын саал өзгөргөн түрү «Манастын тузу урсун!» делип да жолугат. Атасы Манас өлгөндөн кийин кырк чоросу кас болуп чыккан аракеттерин башынан өткөргөн Семетей аларды «Манастын тузу уруп кетсин!», «иттерди арбакка койдум!» — деп каргайт. К-тын мындай түрү Манас баатыр өлгөндөн кийин ар кандай шылтоо менен кыргыздардын саясий бирдигин бөлүп-жарган ички душмандарга карата колдонулган. Ата-бабалардын арбактары, алардын аты менен К. айтуу адам баласынын дүйнө таануу турмушунда өтө жаман К-тар катары саналат. Ошондуктан кытай каны Эсенкан коркунуч туудурган Алмамбетти «Арбак урган качкын!» деп каргашынан К-тын жогорку түрү көрүнүп турат. К-тын мындай касиетке ээ болушун Алты кандын Манас баатырга каршы чыкканда Манастын «Арбак урган кандар ай!» деп каргашынан көрүнөт. Эпостун көркөм курамындагы К-тардын арасында Жер менен байланышкан мүрзө-көр деген К-тар да бар. Бул К-тар кыргыздардын турмуш-тиричилигине мусулман салттарынын ургаалдуу кирген дооруна таандык. Мусулман элдеринде карасанатай адамды «Сазайыңды көр берсин!» деп көргө байланыштырып каргашкан. Эпосто Көкчө Алмамбетти Акеркеч менен көңүлү жакын деп күнөөлөгөндө, ак жеринен көө жабылган Алмамбет Көкчөнүн өзүн каргайт: «Адам болбой жит Көкчө Кара жер сорсун нээтиңди, Сенин карарткан кудай бетиңди» (Сагымбай Орозбаков, 2. 260). Семетейге каршы чыккан Канчорого Кыяс Манастын эли менен ынтымакка келүүнү сунуш кылганда, арам ою оңунан чыкпаган Канчоро Кыясты жана Жедигер элин каргап жиберет: «Бек болбой кара жерге кир, Жети кара көргө кир!» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 308). Көрүнүп тургандай адамдардын ишениминде кара жер, көр тозок менен кыйноо болуп эсептелинген. К-тын ушул түрүнө «Кара жер сорсун нээтиңди» деген типтеги К-тар кирип, мында адамдын жаман ою бар экендиги белгиленет.
Эпосто адамдар жашап турган бул дүйнө исламдын таасири менен «азаптуу дүйнө, өлчөөсүз дүйнө, куруп калсын дүйнө, алакчы дүйнө» болуп кайталанат. Негизинен дүйнө менен байланышкан К-тар, каармандын башына кыйынчылык түшкөндө айтылат. «Чоң казатта» Аккуласы окко учкан Манас баатыр:
Азаптуу дүйнө оңбо, — деп
Арманга ичи жык болуп,
Арстаның бармакты жара чайнады.
Алача моюн ак шамшар
Ала коюп кайран шер,
Аккуланы чалганы
Өлчөөсүз дүйнө оңбой кал... (Саякбай Каралаев, 2. 206),
— деп арман кылат. Эпостун контекстиндеги К-тын арасынан «Кара оозуңа кан толсун!» деп айтылган түрү да жолугат. К-тын бул түрү жоокерчилик турмушта, салгылашуу-чабышуулардын таасири астында пайда болушу мүмкүн. Байыркы кыргыздарда жаа, найза, кылыч, канжар жана башкалар кеңири тараган курал-жарактардан болгон. Мындай куралдардан жарадар болгон жоокер кансырап жатып өлгөн. Мына ушундай өлүмдүн коркунучтуу түрүн өзүнүн душманына каалашып багытташкан. Бул К. эпосто ар кандай шарттарда, согуштук окуяларда жана бейкуттукта сюжеттин өнүгүшүнө жараша ыза болгон каарман өзүнүн эмоциясын билдирген учурда колдонулат. Мисалы, Жолойго дит багып күрөшүүгө эч ким чыкпаганда, Кошой мындай К-ты колдонот:
Кара оозуңа кан толгур,
Кайрылгысыз күн болгур!
Куру оозуңа кум толгур
Кубангысыз күн болгур (Сагымбай Орозбаков, 3. 197).

Эпостун контекстиндеги бир топ К-тар элдин салт-санаасы, турмуш-тиричилиги менен байланыштуу. Манас баатыр өлгөндөн кийин анын тууганы Көбөш левират салтынын укугу боюнча Каныкейди Абыкеге алып берүүнү сунуш кылат. Бирок Абыке Манастын арбагын сыйлап Каныкейге үйлөнүүдөн баш тартат, анда иниси Көбөш мындайча К. айтып, тилденет: «Салпаяк акмак деп айтат, Садага кеткин катындан». «Садага кеткин» деген К. өзүнүн чыгыш теги боюнча шамандык ритуалдык атрибуциясынан.
Күндөлүк тиричиликке К-тын «апаңды ал, энеңди ал!» деген тибинин да таасири өто күчтүү болгон. Кыргыз бул К-ты ар намысына тийген учурда колдонуп, адамды жаман сөз менен тилдеген учурда колдонгон. «Семетейде» Айчүрөктү зордук менен алмак болуп келген Чынкожо Күлчородон жеңилип ичи күйгөндө Толтойго мындай деп К. айтат: «Айчүрөк албай апаңды ал, Эрке кыз албай энеңди ал!». Эл арасында уруулук түзүлүштөгү анимисттик көз караштагы К-тар да өтө коркунучтуу эсептелген. «Жети атаңдын боорун же!» деген өңдүү К. да К-тардын коркунучтуу, өтө жаман тибине кирген. Ата-бабалардын рухтары кыргыз элинин аң-сезиминде өзгөчө тутулуп, жети атанын К-ы кырсык алып келе турган К. делинген. «Манас» эпосунун сюжетинде К. Айдарга билдирген мамилесинде Манастын оозунан чыгып, Аккуланы чоң байгеге чапкан мезгилинде, намысына келген баатыр бул К-ты колдонот:
Байге жебей майың же
Медериңдин канын же
Жеткен байге доорун же
Жети атаңдын боорун же! (Курама варианты, «Манас», 2. 124).

Эпосто аялдын же аксакалдын К-нын таасирдүүлүгү белгиленет. Каныкейдин таңдайында мөөрү бар, тамагында сөөлү бар деп белгиленип, ал кимдир бирөөнү каргаса, К-ы дароо ишке ашат, ошондуктан анын К-нын кырк жигити эле эмес, Манас баатыр өзү да сактанган. «Семетейде» Айчүрөктүн Семетейдин орой сөзүнө, жасаган мамилесине нааразы болуп айткан К-ы бар. Анын К-ынан корккон Каныкей Айчүрөктү каргышың ката кетпеген «Эби келсе айчүрөк Каргышыңды кайтып ал!», — деп суранат. Каныкей Айчүрөктүн оозунан чыгып кеткен К. орундаларынан коркот, Каныкей өзүнүн жашы, даражасы улуулугуна карабастан Айчүрөктүн айткан К-ын кайтарып алуусун өтүнөт. Карылардын акылман сөзү, турмуштук тажрыйбалары кыргыздарда алардын сөзүнө сак мамиле кылуусун туудурган. Карынын сөзүнө кулак салбаса, ал сыйлабаган катары эсептелинген. Ошондуктан эпосто кары адамдын К-ы жамандык жаратууга кудуреттүү катары саналат.
Б. Садыков

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жамандык тилеп, каргап айтылган сөз. Ата-эненин каргышына калгыча, алардын тилин алайын дедим (Абдукаримов). Эсиме салат каргышың, Эзелки мастан катынды (Токомбаев). Кой каргышы бөрүгө жетпейт (макал). Каргыш тийген көр сокур, Каадалуудай сүйлөйсүң (Калмырза).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кар жаап кирүү, жамгырдан кийин карга айланып жаай баштоо. Алты күндүк жер бети, Аянбастан кардады («Семетей»). Кабарыңкы тартып, бүркөлүп турган күн кардап кирди (Сасыкбаев). Кеч күздөгү катуу жамгыр адатта кардап барып ачылат («Ала-Тоо»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
кардан-га т.; кардандык;
карданный вал кардандык вал (эң башына кыймылдагыч нерсе бекитилген вал);
карданная передача кардандык передача (автомобилде, трактордо, танкада алдыңкы коробкадан айланууну кардандык вал аркылуу арткы окко берүү).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сатылуучу товарды алуучу, керектөөчү, сатып алуучу. Фергана, Самарканд тарапта жоргого, азынаган айгырларга кардар көп чыгат (Жантөшев). Бала ээрчиткен кишилер улам бир дүкөнгө барып балдары үчүн бирдемелерге кардар болуп калышат (Абдукаримов).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Иран тилдеринен кирген: хэрид «сатып алуу» + дар «чу» = сатып алуучу (Малаев 2011:87). Кээде «кардал» деп да колдонулат жана «жуучу» деген да өтмө мааниси бар: кызга кардал түштү этн. девицу пришли сватать (Юдахин 1965:351).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сатылуучу буюмдарды, товарларды керектөөчү, сатып алуучу, алууга муктаждыгы бар. Кардарларга жең ичинен соода кылып далдалчылар жүрөт (Жантөшев). Комузга кардар болгондор сатып ала коёлу деп талашат («Чалкан»). Ошол кезде биздин жасаган буюмдарга силердин кыргыздардан да кардарлар көп боло турган (Абдукаримов). Биздин кызга гана эмес, силердин кызга да кардар түшүп жатканын уктук («Ала-Тоо»). 2. Насыя берүүчү мекеменин, адвокаттын тейлөө иштерин пайдалануучу инсан.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
Custom Animation list (noun)
A Regional and Language Options setting that specifies the default code pages and associated bitmap font files for a specific computer that affects all of that computer's users. The default code pages and fonts enable a non-Unicode application written for one operating system language version to run correctly on another operating system language version.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кардык I
унижение.
кардык- II
хрипеть, сипеть; охрипнуть, осипнуть;
кимдир бирөөнүн кардыккан үнү угулду послышался чей-то хриплый голос.
кардык- III
1. наесться до пресыщения;
катуу, катуу сугунуп, кардыгып калды он жадно наглотался и уже не мог есть;
кардыкканча кант берип фольк. давая сахару (кормя сахаром) до полного пресыщения;
2. обессилеть;
кардыгып Сейтек турганда, жетип келди Күлчоро фольк. когда Сейтек стоял, обессилев, подъехал Кюльчоро.
кардык- IV
то же, что карык- II;
тиктеп жатып олпокту, кара көзү кардыккан фольк. (швея) так внимательно смотрела на (белый) олпок (см.), что глаза у неё заболели.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үнү бүткөнсүп, ачык чыкпоо, каргылданып чыгуу. Үнү кардыккан арабакечтер кыйкырышып, станциянын ичи базар сыяктуу тополоңдуу (Айтматов). Кылчайып карап койгун деп, кыйкырып үнүм кардыкты («Семетей»). 2. Аптыгуу, бурдугуу, чоң-чоң сугунуу. Нандан бир, эки кардыга сугунгандан кийин Яшанын чечекейи чеч боло баштады (Жантөшев). Апа, нан! – деп, ыйлап тура калган Эркин нандан кардыга жеди («Советтик Кыргызстан»). 3. Кыйналуу, алдан-күчтөн таюу, чаалыгуу. Кардыгып Сейтек турганда, Жетип келди Күлчоро («Сейтек»). Түнөргөн ата үнсүз кайышып, кардыгып отурат (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көздүн ортосундагы карасы. Динардын көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректерин жаш чайды (Сыдыкбеков).
2. өт. Баласы же өтө жакын кишисине кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Уктай койчу, карегим, Кара көзүм эрмегим (Бөкөнбаев). Кагылайын карегим, Жанып турган чырагым (Жантөшев).
¨ Көздүн карегиндей сактоо — абдан жакшы кароо, коруу, жоготпоо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көздүн ортосундагы карасы. Чала жумган кирпиктердин арасынан көздүн каректери жалт эте түшөт (Айтматов). Динардын көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректери жаш чайды (Сыдыкбеков). Көзүнүн кареги көрүнбөй, агы аңтарыла түштү («Ала-Тоо»). 2. өт. Балага же өтө жакын кишисине кайрылган учурда колдонулат. Каргадай болгон Топчубай, Кайрылып көрбөйт экенмин Карегим, сенин өзүңдү (Токтогул). Кагылайын каректи, Аман-эсен көрөмбү (Жантөшев).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Careproctus) карепроктор; конокбаш сыяктуу балыктардын бир уруусу, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: карепрокт северный (С. reinhardti) — түндүк карепрокт, к.  ультраабиссальный (С. amblystomopsis) — өтө тереңдеги карепрокт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөөктөрү чыгып өтө арык көрүнүү, арыктоо, эти качып, кажыган, калжайган көрүнүштө болуу. Кабыргаңды каржайтып, Карылуу элең, жыргалым (Тоголок Молдо). Омор каржайып үнсүз отуруп калды (Сыдыкбеков). Бир түндүн ичинде каржайып арыктаган, киши таанылгыс болуп чачы агарган (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
обессилевать, изнуряться; в бессилии опускать руки;
атым каржалып калыптыр моя лошадь исхудала и обессилела;
эркелик кылбай, Батмажан, эмгектен качып каржалба стих. ты, Батмаджан, не будь неженкой, не уклоняйся от работы, будь бодрой;
жашынан эмгекти сүйгөн, жумушка каржалбаган адам (это) человек, который смолоду любит труд, от работы не утомляется;
каржалбаган буудан неутомимый скакун.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштин оорчулугунан же башка кыйынчылыктан улам чарчап-чаалыгуу, кыйналуу. Секретарь башын чайкап: – Катуу каржалган экенсиңер! – деди (Убукеев). Апама түйшүктү көп үйбөгүлө. Ансыз деле кайгы-кападан каржалып баратат (Абдукаримов). Каржалган аттарды тыныктырып жатышат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөөктөрү каржайган арык, кары кишинин кыймыл-аракетин билдирүүдө колдонулат. Теске салып кайыш ийлеген эрктер өздөрүнчө каржаңдап, талкуу менен алышууда (Сыдыкбеков). Качанкыга чейин эле биз каржаңдай беребиз? (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге жумшалуучу, керектелүүчү акча каражаты. Жол алыс – каржыны мол алсын дешти (Үмөталиев). Жол каржың үчүн бирдеме берейин дедим эле, үйгө кире кетчи, – деди таякем («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ АГЕНТИ – 1) акча талаптарын төмөндөтүүгө кыюудан каржылануучу келишимдин тарабы; 2) КР Өкмөтү тарабынан КР Өкмөтүнүн атынан аткарымдарды ишке ашыруу ыйгарым укугу берилген каржы уюму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ВЕКСЕЛИ – негизги багыты акча каражаттарын жайгаштыруу болуп саналган, товардык жабылуусу жок вексель. К. в-нин түрлөрүнө: банктык, казыначылык, юридикалык жактардын мөөнөттөрү өткөн векселдери боюнча (ымала, коло) векселдер кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ЖЫЛЫ (салык жылы) – мыйзамдуу белгиленген жылдык мөөнөт, салык укуктарынын ченемдерине ылайык анын ичинде аркыл уюштуруучулук-укуктук тариздеги чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердиктеринин жыйынтыктары жөнүндө каржылык отчеттор түзүлөт. Календардык жыл салык төлөөчүнүн К. ж. болуп саналат. Календардык жыл 1-январдан башталып 31-декабрда бүтөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ КОМПАНИЯСЫ – айрым банк аткарымдарын орундатуучу кредиттик уюм. Эларалык иш-тажырыйбада К. к. чакан жана майда ишканаларга керектөө кредиттерин берүүгө, аманаттарды тартууга (эреже катары кыска мөөнөттүк), чектерди жолжоболоого адистешет, ошондой эле факторинг, камсыздандыруу, кыймылсыз мүлктү сатуу менен алектенет. Көпчүлүк уюмдар өз аталыштарында алып жүрүшсө да, КР мыйзамдарында «К. к.» түшүнүгү жок (кара:Банктык эмес кредиттик уюм).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ КӨЗӨМӨЛҮ – мамлекеттин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын акча фонддорун түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тармагындагы аракеттердин мыйзамдуулугун жана максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөө. Баардык каржы-укуктук институттарга таандык К. к. аркыл негиздер боюнча бирнече түрлөргө бөлүнөт. Өткөрүү мезгилине байланыштуу алдынала, агымдагы жана соңку болушу мүмкүн. Аны ишке ашыруучу органдарга (субъекттерге) байланыштуу К. к.: а) мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын; б) президенттин; в) жалып компетенциядагы аткаруучу органдардын; г) каржылоо-кредит органдарынын; д) ведомстволук жана ички чарбалык; е) коомдук; ж) аудитордук болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК ВЕКСЕЛЬ – 1) бир банк мекемесинин экинчисине акча алуу үчүн берген вексели. 2) кредит (насыя) же карыз алуудан келип чыккан карызды кредитордун пайдасына жазуу үчүн карыз алуучу берген жөнөкөй вексель ; 3) кредитор карыз алуучуга өзүнүн кредиторунун пайдасына ыйгарган которум вексели.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР – төмөнкүлөр менен байланыштуу иштер: а) насыяларды, карыздарды, кредиттерди жана кредиттик кепилдиктерди берүү жана өткөрүү боюнча аткарымдар, ошондой эле акчалай кепилдиктерди берүү, кредит берүүчүлөр тарабынан берилген кредиттерди жана кредиттик кепилдиктерди, карыздарды башкаруу; б) депозиттик жана агымдагы эсеп аткарымдары менен байланышкан аткарымдар, ошондой эле башка эсептер, төлөмдөр, которумдар, карыздар милдеттенмелер, чектер жана жүгүртүмдөгү коммерциялык төлөм каражаттары, инкассо жана факторинг; в) алтын тыйындар жана коллекциялык нускалардан башка мыйзамдуу төлөм каражаттары болуп саналаган банкноттор, акча каражаттары; г) акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар менен байланышкан аткарымдар, ошондой эле баалуу кагаздардын сакталуусун камсыз кылуудан башка акциздик маркалар; д) каржылык ижара (лизинг) жана башка кередиттөө менен кыйыр байланышкан аткарымдар; е) инвестициялык фонддорду башкаруу менен байланышкан ишмердик.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК ЛИЗИНГ – лизингдин лизинг берүүчү лизинг алуучу көрсөткөн мүлктү белгилүү сатуучудан өз менчигине сатып алууга милдеттенген жана аны ага лизинг нерсеси катары белгилүү акысына, белгилүү шарттар менен белгилүү мөөнөткө убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүчү түрү. Мында лизинг буюму берилген мөөнөт анын толук амортизациялык мөөнөтүнө барабар (же жогору) болот. Эгер лизинг алуучу лизинг келишиминде аныкталган сумманы толук төлөп берген болсо, келишимдин аракет мөөнөтү аяктагандан кийин (же аяктаганга чейин эле), анын шарттарынан башка жагдайлар келип чыкпаса, лизинг буюму лизинг алуучунун менчигине өтөт. К. л. мамилелери Эларалык каржылык лизингдер боюнча конвенция менен (Оттава, Канада, май, 1988-ж.) жөнгө салынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК-ПЛАНДОО АКТЫЛАРЫ – мамлекеттин жана өзалдынча башкаруу органдарынын ишмердиктеринин жүрүшүндө кабыл алынуучу, белгилүү мезгил аралыгындагы каржы тармагына конкреттүү тапшырманы камтыган, б. а. каржы ресурстарын моблизациялоо, бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча план болуп саналган актылар. К.-п. а-на: а) КР мамлекеттик бюджети; б) мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу фонддордун каржы пландары; в) банктардын каржы-кредиттик жана кассалык пландары; г) камсыздандыруу уюмдарынын каржы пландары; д) министрликтердин, ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын каржы пландары жана сметалары; е) мамлекеттик уюмдардын каржы пландары (кирешелердин жана чыгашалардын баланстары); ж) мамлекеттик бюджетте турган уюмдардын сметалары кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК ЭМЕС ИНВЕСТИЦИЯЛАР – укук, лицензиялоо, ноу-хау, машина, жабдуу, жер участокторуна ж. б. инвестициялык долбоорлорго чегерүүгө байланышкан акчалай эмес инвестициялар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ МЕНЧИГИ – жарандык жана соода укуктарынын четжактык теориясындагы акча кагаздарын (облигацияларды, векселдерди, чектерди, ж. б.) жана документтерди өзүнө камтыган, аркыл коомдордо жана компанияларда (үлүштүк салымдар, акциялар) катышуу укугун чагылдыруучу түшүнүк.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ (Кармин) – аткаруу бийлигинин өзүнүн жоопкерчилигине кирген ыйгарым укуктарынын чектеринде аткаруу-бөлүштүрүү милдеттерин ишке ашыруучу органы. КР Карминдин негизги милдеттери: а) бирдиктүү каржы саясатынын стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; б) республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана аткаруу; в) мамлекеттик каржы иштеринин туруктуулугун жана алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, кайтарымдуу чарба жүргүзүүгө таасир этүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле каржы рыногун өнүктүрүү чараларын ишке ашыруу; г) каржылык ресурстарды КР жана анын аймактарынын экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарына топтоо, максаттуу каржылоо; д) өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк кредиттик ресурстарды тартуу жана аларды жоюунун булактары тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу; е) каржылык-бюджеттик пландоонун, каржылоонун жана эсеп берүүнүн усулдарын өркүндөтүү; ж) бюджеттик каражаттардын жана бюджеттен сырткаркы фонддордун ж. б. каражаттардын сарамжалдуу жана максатка ылайык пайдалануусуна каржылык көзөмөлдү ишке ашыруу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ОТЧЕТУ (уюмдун) – чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүүчү (мыйзам талаптарына ылайык) отчеттуулуктун милдеттүү таризи; уюмдун өткөн каржы жылындагы иштери жөнүндө ачык-айкын сандар менен көрсөтүлгөн отчету.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ УКУГУ – укуктун бир тармагы, мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын акча фонддорунун (каржы ресурстарынын) түзүлүшүнүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жүрүшүндө пайда болгон коомдук мамилелерди теске салуучу, алардын милдеттерин ишке ашыруучу зарыл юридикалык ченемдердин жыйындысы. Тийешелүү илим жана окуу курстары да К. у. деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ УЮМУ – тийиштүү лицензиянын негизинде банк аткарымдарын жана бүтүмдөрүн ишке ашыруучу, болбосо баалуу кагаздар базарында кызмат көрсөтүүчү, каржылык мүнөздөгү камсыздандыруу боюнча жана башка кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик эмес бааракы фонду, аны башкаруучу компания, пайлык инвестициялык фондду башкаруучу компания, кредиттик керек-жарак бирлиги жана башка каржылык рынокто кызмат көрсөтүүчү жана аткарымдарды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу уюм.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карк I
ар.
обилие;
этке карк болдук у нас мясо в изобилии;
карк тойдум я наелся до отвала;
карк дөөлөткө баткан он утопает в роскоши, его богатства неисчислимы.
карк II
сплошь, сплошной; без примеси;
эл жайлоого карк чыкканда когда весь народ сплошь выехал на летовки;
карк алтын чистое золото; из чистого золота;
күчү карк толгон он физически созрел, он достиг полной физической силы;
карк токтолгон катын женщина средних лет (после этого возраста она уже кемпир старуха).
карк III
карк алдыман (или каргалдыман) жыгылдым я упал ниц;
карк алдыман чыкты он появился прямо предо мной.
карк IV
звукоподражание громкому и грубому выкрику;
Байжакып анда барк этип, ачууланып карк этип фольк. Байджакып тут обозлился, крикнул, гаркнул.
карк V:
карк-карк звукоподражание курлыканью;
асманда карк-карк этип каркыралар стих. в небе курлыкают журавли;
карк-карк күлүп громко и отрывисто захохотав;
карк-курк сев. овцы и волки (детская игра: вереница детей держится за подол "матери", "волк" нападает, стараясь оторвать по одному, "мать" защищает).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
1 сын. 1. Таза, нукура, бүт. Казына оозун ачпайбы, Карк алтыным чачпайбы (Токтогул). Кара башың карк алтын, Хан Курманбек аманбы («Курманбек»).
2. Абдан, мыкты, өтө; жык, мол. Алтымыш сарай карк толгон («Манас»). Капчыгай карк толду, Канча түрдүү кол болду («Манас»). Быйыл малчылар аң этине карк болушту (Убукеев).
КАРК II: карк-карк туур. Каз, карга, каркыра сыяктуу куштардын чыгарган дабышын туурап айтууда колдонулат. Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мол, жетиштүү, кемчил эмес, кең-кесири. Карк кылган дейт жалгыз уйдун майына («Ала-Тоо»). Көп дүйнөгө жедигер, Көзү ачылбай карк болду («Сейтек»). Быйыл «Малай» артели кирешеге карк болуп, жылдык азыгын күрөп алды (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каз, карга, каркыра сыяктуу канаттуулардын чыгарган дабышын туурап айтуу үчүн колдонулат. Бала кез, көктөм убак, жазгы баар, Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов). Сүйгөнү канаттуудан ала карга, Карк этсе булбулум, дейт анда-санда (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Аркайып, тарбайып, сороюп көтөрүлүп чыгып туруу. Мүйүзү чоң каркайган, Бугу менен маралы (Осмонкул). Карагайлар каркайып, Бутактары аркайып (Үсөнбаев). Кара зоолор ар кай жерде каркайып (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аркайган, аркайып чыгып турган көрүнүштө болуу. Кара зоолор ар кай жерде каркайып, Катарлашып калың тартып заңкайып (Осмонов). Мүйүзү каркайган тоо теке кулап келип, койчунун тушуна жатып калды (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от каркай-;
эки өркөчүн каркайтып, атаны алты сан болуп холощёных верблюдов с торчащими горбами (т.е. жирных) у него стало шестьдесят тысяч;
кабыргаңды каркайтып, карып кылды жокчулук фольк. бедность (тебя) обездолила, доведя до исхудания (букв. выпятив твои рёбра).

Киргизско-русский словарь Юдахина
полностью, целиком;
каркап кырк күн болгончо фольк. до истечения полных сорока дней;
каркап кырк миң кол менен фольк. с войском в целых сорок тысяч; с сорокатысячным войском;
жайлоо каркап толуптур летняя пастьба в самом разгаре (травы много, она в соку, скота много и т.п.);
өнөргө каркап жеткенде, жаты он сегизге өткөндө, жүрөк эти толуптур фольк. когда в ловкости стал он совершенным, когда возраст его достиг восемнадцати, сердце его достигло полноты (т.е. он стал настоящим богатырём);
кайраты каркап толгондо фольк. когда он вошёл в полную силу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн эрдигин, кыйындыгын мактап, көтөрө чалып сүйлөөдө колдонулат. Баатырсынган берендер, Келишкен экен каркыбар («Манас»). Оо, каркыбарым десе, келип калдыңбы? (Маликов). Бул каркыбарым турганда биздин колдон келбей турган иш жок (Баялинов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. каркать; гоготать;
каркылдап, каздар көл сактайт фольк. гуси, гогоча, на озере живут;
карга, каркылдап учуп, каз болбойт погов. ворона, гогоча во время полёта, гусем не станет; похожа свинья на быка, только шерсть не така;
2. перен. громко кричать, горланить;
азан, айтып, каркылдап фольк. громко выкрикивая призыв к молитве;
жасоолдун баары каркылдап, жапырылып барды эми фольк. все жасоол'ы (см.), горланя, двинулись скопом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Карк-карк этүү, карк-карк эткен добуш салуу. Анда-санда каркылдаган карга, шакылыктап сагызган отурат (Жантөшев). Март да кетти, апрель, май жакындап, Көктө турна, көлдө каздар каркылдап (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келген жерин кирешелүү, ынтымак-ырыстуу кылган, артынан жакшылык келген ак жолтой, жайыл дасторкон бала-чакалуу колукту. Кадырына жете каалап, сүйкүмүн сүйүүнүн тили кылып-түшүнүп, каркыралуу колуктуу кылып кастарлап алар кадыркечи дал ушул болчу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
мощь, сила;
кылымдан кыргыз ошондой: каркыны жоодон сынбаган фольк. искони киргизы таковы: их мощь не сокрушалась врагом;
кардан эрип аккак суу - каркыны кыйын дайрадан фольк. мощь талой воды (там) сильнее большой реки;
атымдын каркыны күчтүү мой конь силён и быстр.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. журавль-красавка;
желе тартып, каркыра чубай учкан чуркурап стих. журавли летят с криком, вытянувшись в ряд;
2. украшение из перьев журавля-красавки (на шапке девочки или девушки);
каркырасын сайынып фольк. приколов себе журавлиные перья;
каркыра туруна, каркыра чертмей название детских игр;
каркырасы сынбаган или каркырасы бар то же, что каркыралуу 2.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Буту, мойну, тумшугу узун, саздуу жерлерде жүрүүчү куш. Каркыра, турна асманда, Кайрылып конбой бактарга (Шүкүрбеков). Каркыра менен турнанын, Деги канатынын дуусу жок (Жантөшев).
2. Сайманын бир түрү. Жүк үстүнө килем жайдырып, анын үстүнө каркыра сайдырган (Жантөшев). Эндик, упа, каркыра Кыз балага жарашар (Токтогул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРКЫРА — топоним. «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгындагы элге кеңири белгилүү салттык туруктуу окуялардын бири Көкөтөйдүн ашы өткөрүлгөн жер. Уруу аксакалдары кеңешип отуруп Кошой карыянын сунушу боюнча ашты өткөрүүгө ылайыктуу жер деп К-ны жактырышат. К. «Манастын» негизги варианттарынын бардыгында Көкөтөйдүн ашы өткөрүлгөн жер — өрөөн катарында сүрөттөлөт. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Көкөтөйдүн ашы эпостун башка варианттарыдай азыркы Ысык-Көл өрөөнүн өн ары чыгыш тараптагы К. жайлоосунда өтпөстөн Эртыштын боюнда өткөрүлөт. Радлов жазып алган вариант боюнча «Бокмурун» деген темада баяндалган Көкөтөйдүн ашы Кулжанын тегерегинде өткөрүлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кошойдун сунушу боюнча К. жайлоосу тандалат:
Баарыңарга эп болсо,
Бабаңар айткан кеп болсо
Күн батыш жагы Ысык-Көл,
Ар тарабы бирдей тең,
Иледен ылдый айдаса
Ат чабуучу жери кең,
Ашка ылайык ушу бар,
Ар тараптан салаалап
Аккан булак суусу бар.
Кең Каркыра атагы,
Сиркедей шакел чыкпаган
Кайнатып алма, тузу бар.
Карагай, кайың, тереги,
Канчалык жагып жатсаң да
Отунга тиер кереги.
Ат чабылар жери мол
Ашка ылайык жер ошол (Сагымбай Орозбаков, 3. 77).
Саякбай Каралаевдин вариантында:
Аты угулат Каркыра,
Артыкча башка ошо жер.
Мүдүрүлөр аңгек жок,
Суу жеген кемер жок,
Жилик чагар ташы жок,
Сай-сайынан шаркырап,
Миңден булак куюлган,
Үкүрчүнүн оюна,
Үч-Капкактын боюна
Кемегени казчуу жер.
Керилген өзөн Кеген-Суу,
Кең бойлоп атты чапчуу жер,
Кең тамаша салчуу жер.
Үч-Каркыра өзөнү
Аш берүүчү жер ошол (Саякбай Каралаев, 2. 10—11).
К-ны Кошой карыя сунуш кылат. Географиялык реалияда азыркы Алматы облусунун түштүк-чыгышындагы Кыргызстанга чектеш аймак.
Ө. Караев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тумшугу, мойну жана буту узун келген, саздуу жерлерде жүрүүчү келгин куш. Бала кез, көктөм убак, жазгы баар, Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов). Каркыра, турналар желесин тартып, ысык жакты көздөй жөнөшкөн экен (Каимов). || Ушул канаттуунун кооздук үчүн сайына турган канаты. Эндик, упа, каркыра Кыз балага жарашат (Токтогул). Каркырасын сайынып («Саринжи-Бөкөй»). 2. Сайманын же оюунун бир түрү. Жүк үстүнө килем жайдырып, анын үстүнө каркыра сайдырган (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о шапке девочки или девушки) украшенный перьями журавля-красавки;
каркыралуу кыз девица с украшением из журавлиных перьев на шапке;
2. перен. держащий себя с достоинством; пользующийся авторитетом;
каркыралуу жигит парень, держащий себя с достоинством, независимо, самостоятельный парень.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРКЫРАЛУУ КЫЗ — тебетейинин, бөркүнүн төбөсүнө каркыранын канат-куйругунан тагынган бойго жеткен кыз. Кыздардын турмушка чыга электигинин белгиси. Мисалы, калмак каны Кайыпкандын кызы Карабөрктү Манас алганы жөнүндө: «Ырас, каркыралуу кыз алдым» (ЩЗ, 1. 253),— деп эскерилет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРКЫРАНЫН САЗЫ — топоним. Калмак тардын жылкысы жайлаган жайлоо. Эпосто кыргыздардын К. С-ндагы калмактардын «каймап жаткан жылкысынан» тийип алышы жоокерчилик доордун шарт, талабына ылайык келген согушуу ыгынын бир түрү болуп эсептелет жана кыргыздын жерин басып алган калмактарга каршы жүргүзүлгөн адилеттүү күрөштүн көрүнүшү катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 72).

Киргизско-русский словарь Юдахина
каркыт I
этн.
бурдючок из верблюжьей кожи (отверстие его обычно украшалось серебром);
кара каркытым, ичиндеги жаркыным загадка чёрный бурдючок, а внутри него светик мой (отгадка торсуктагы кымыз кумыс в бурдюке).
каркыт- II
(ср. каргыт-)
подбадривать;
кары адамдарга бир ооз гана "карыя" деп, каркыткан сыпаа сөз керек старым людям нужно только одно подбадривающее, почтительно сказанное слово (обращения) карыя ( см.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ооз жагы күмүш же баалуу металл менен кооздолгон төөнүн терисинен жасалган идиш. Каркытка куюп арактан Жутуп ийип күү чертти (Жантөшев). Бири куюп бирине каркыттан арак сунушат (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРКЫТ, Аркыт (моңг. саба) — көөкөр сыяктанып төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же дат баспаган металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Көчмөн эл кымыз, айрандан тартылган арак жана башкалар суюктук куюш үчүн пайдаланышкан. Эпостун көпчүлүк варианттарында эскерилет. Кырк чОро жоого аттанарда же үлпөт курушканда:
Кымыз ичип кызышып
Сөөк терин сызышып
Каркыттан арак куюшуп
Арак, шарап мисалдаш
Албан түрлүү сонун аш
Адам татса болгон мас,
Ак боз бээни сойдуруп
Нарын тартып койдуруп — деп айтылат.


Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же башка жалтырак металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Эр үй бүлөлөрүнүн бири чылгыйдан ченеп кесип алып, конок, кол көөкөр, тостогон капкыт, тарамыш тарамы менен көктөп үй буюмдарын жасап, бири ат жабдыктарын көктөп тирилик камында (Абакиров). Каркытка куюп арактан, Жутуп ийип күү чертти («Мендирман»). Кош каркыт арак куйдуруп («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көөкөр ж. б. төөнүн терисинен жасалган идиштерди баалуу металл менен кооздоо. Каркыттаган көөкөр.
2. Ардактоо, алпештөө, кадырлоо, урматтоо. Каркыттап өстүрдүм эле, кандай күнгө туш болоор экенсиң («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. украшать драгоценными металлами (бурдюк, кожаное ведро);
каркыттаган көөкөр этн. украшенный бурдючок;
2. перен. дорожить; чтить, уважать; пестоватъ, лелеять;
өз жанын каркыттайт он заботится только о себе, дорожит только своим благополучием;
каркыттап бак- пестовать;
кан кызындай каркыттап, чачыңды тал-тал тарайын фольк. лелея, точно ханскую дочь, твои волосы по волоску будут расчёсывать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каркытка куюу, каркытка куюп сунуу, каркыт менен ичүү. Бири куюп бирине, Каркыттап арак сунушат («Мендирман»). 2. Көөкөр ж. б. сыяктуу тери идиштерди баалуу металл менен кооздоо, каркыт салуу. Каркыттаган көөкөр. 3. өт. Кадырлоо, урматтоо, ардактоо, алпештөө. Калк кубанып шаттанып, Каркыттап тосуп алышса, Жигиттин көркү элинде («Мендирман»). Кара жанды каркыттап, Качканым жок четтешип («Семетей»). Биз силерден «карыя» деп каркыттаган бир ооз сөздөн башка эчтеме сурабайбыз (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина

то же, что кардыгач;
чабилекей, карлыгач учуп жүрөт зыпылдап стих. ласточки и стрижи летают стремительно;
карлыгач менен бир тууган чабилекей чулдурап стих. кровная родственница стрижа, ласточка, щебечет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРЛЫГАЧ — эпизоддук кейипкер. Бокмурундун карындашы. Валиханов жазып алган эпизоддо Бокмурун жайма Көкүл жаш Айдарды эл чакырууга жиберип жатып кааласаң карындашым К-тын Кайынбоз атын минип бар дейт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 76-б.). К. — адатта түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин эпосторунда башкы баатырдын карындашы катары кезигүүчү салттык кейипкер. «Манас» эпосунун башка варианттарында К. Манастын карындашы, к. Карлыгач.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРЛЫГАЧ, Кардыгач — кейипкер, Манастын карындашы. Эпостун белгилүү вариант тарынын көбүндө айтылат. -К. — түрк-моңгол элдеринин эпосторунда кездешүүчү салттык кейипкер. Баатыр башкы каармандын К. аттуу карындашынын болушу да туруктуу салттык мотив. Мисалы, Табылдынын («Эр Табылды»), Алпамыштын («Алпамыш») карындаштарынын ысымдары да ушундай аталат.
Саякбай Каралаевдин варианты нда К. «найза сунуп топ бузган» баатыр катары сүрөттөлөт («Эпсиз энең Чыйырды Уулдан бирди шер тууган, Кыздан бирди шер тууган» — Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 262). Бакай Семетейге айткан К. жөнүндөгү баянда кытайлар менен болгон согушта Коңурбай баштаган кытай баатырлары К-ка алдары жетпей койгону айтылат:
Каарына бу кыздын
Калайык чыдап турбаган.
Кан Коңурбай баш болуп,
Чымачындын, Бээжиндин
Чын кандары ыйлаган (Саякбай Каралаев, «Семетей, 1. 262).

Ошол согушта минген атын Каражой атып салгандан кийин гана жөө калган К. кытайларга колго түшүп калат. Манас келип, карындашын кытайлардан тартып алып, жердин түбү Желпиништи жердеген Жарманаска күйөөгө берет. Таласка адеп келишинде Семетей К-ка жолугат. Манастын өлгөнүн, Абыке, Көбөштүр Каныкейге көрсөткөн кордугун Ба кайдан угуп, барып баарын өлтүрөм дегенине Семетей көнбөйт. Семетей Букарга кайра кет кенче «алты арам» мерт кылып коёбу деп сыртынан багып жүрөт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кол менен бир нерсени тутуу. Колума комуз кармадым, Козголуп элге жардадым (Тоголок Молдо). Колунан кыса кармап, алкыш айттым (Осмонкул). Курч калем колго кармадың, Ыр жазуудан талбадың (Осмонкул).
  1. 2.                  Токтотуу. Абийир бул олтурушта Ашык сөз сүйлөбөй, өзүн кармай билди (Таштемиров).
  2. 3.                  Чыгарып жибербөө, белгилүү бир жерде токтотуп туруу. Уулдарды [согушка] узатыш үчүн ар бир колхоз.. аттарды сарайга кармап.. күтүп калышты (Сыдыкбеков).
  3. 4.                  Эсте тутуу, унутпоо, көңүлгө сактоо. Эне ордуна көрүнсөм, Балам, бул сөзүмдү кармагын (Токтогул).
  4. 5.                  Кийим-кечени кооздоо үчүн бир нерсени жабыштырып, кыюулап тигүү. Көрпө кармаган ак тон. Кундуз кармады. Баркыт кармады.
  5. 6.                  өт. Башкаруу, бийлөө. Кармаган шаары Бакбурдун, Кыйласын билем ал журттун («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. хватать, ловить;
бөдөнө карма- ловить перепелов;
2. держать;
атымды кармап тур подержи мою лошадь;
3. (о чувстве) охватить;
ак бейли кармады он раздобрился;
марттыгы кармады он расщедрился, раскошелился;
эрдиги кармады или кайраты кармады он расхрабрился;
туткагы кармап (он) в припадке гнева;
4. отделывать чем-л. (одежду);
кундуз карма- отделывать мехом выдры;
баркыт карма- отделывать бархатом;
көрпө кармаган ак тон белый тулуп, отороченный мерлушкой;
бетке карма- выставлять в качестве лучшего; показывать то, чем можно похвалиться, или того, на кого возлагаются надежды;
бетке кармаганыбыз сен на тебя у нас все надежды;
молдого кармап бер- уст. отдать в учение мулле;
орозо карма- держать пост, поститься;
окко карма- взять под обстрел;
сөөк карма- обмывать покойника;
сөөгүн кармаган кишиге бердик мы (это) отдали тому, кто обмывал покойника;
кармаар мал скот, который находится в чьих-л. руках, в собственности кого-л.;
камыгып, ыйлап кайгырды, кармаар малдан түк калбай стих. он печалился, плакал и горевал: у него не осталось никакого скота;
ат кармаар этн. мальчик, который, встречая прибывшего на пир жениха, берёт под уздцы его коня, за что получает подарок;
тамыр карма- см. тамыр 2.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Моңголчо гар сөзү «колду» билдирет. Байыркы түрк жазууларында кары сөзү «колдун билеги» маанисин берген. Мына ушул сөзгө этиш жасоочу -ма мүчөсү жалганган дешке болот. Бирок зат атоочтон этиш жасаганы даана көрүнүп турган -ма мүчөсү катышкан сөз азыркы кыргыз тилиде жок. Тырма, серме, жөрмө, чырма, ирме сыяктуу этиштердин аягында -ма элементи катышкан менен, алардын уңгусу зат атооч сөз экенин далилдөө мүмкүн эмес. Азыркы кыргыз тилинде кары сөзү «колдун чыканактан ийинге чейинки бөлүгу» деген маани берет. Ал эми кар жилик дегенде малдын алдыңкы бутундагы шыйрагы менен далысынын оросундагы жиликти билдирет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кол менен тутуу, колуна алуу. Колума комуз кармадым, Козголуп элге жардадым (Тоголок Молдо). Колунда кармап турган китепти жерге коймокчу болуп, кыз эңкее калды («Ала-Тоо»). 2. Тегерете тосуу, курчоо. Чеп кармаган жерлерин, Талкан кылып өтөйүн («Манас»). Короонун айланасын чычырканак менен кармап чыкпаса, тешиктеринен мал өтүп кете бергидей («Ала-Тоо»). || Кыюу салуу, четтерин кыюулап коюу. Жабык баштын баарына кара кундуз кармаган (Тоголок Молдо). Этегине кара баркыт кармаган көбөөлүү ак тон кийген адам атчан бастырып өткөнүн көргөн элек («Ала-Тоо»). 3. Асыроо, багуу үчүн белгилүү бир жайда болчудай кылуу, токтотуп, камап туруу. Короого кармаган койлор. Капаска кармаган бөдөнө. Ар бир колхоз аттарды сарайга кармап, күтүнүп калды (Сыдыкбеков). || Кетирбөө, кетишине мүмкүндүк бербей, бошотпой туруу, коё бербөө. Атымды кармап турчу, мен кайра келгиче ушул жерде бол! – деп, бригадир конторду көздөй басты («Ала-Тоо»). Аксакал, бизди бекер кармай бербей, тезирээк кетирсеңизчи («Чалкан»). Бизди беш-алты күн кармап жатып иштеткиңер бар экен да («Ала-Тоо»). 4. Туткундоо, камакка алуу, колго түшүрүү. Айыпсыз кармап, сот кылып, Айдаганда кербезим (Токтогул). Душмандын чегине өтүп, нечен ирет «тил» кармап келген мыкты чалгынчы катары бааландым («Ала-Тоо»). || Тутуп алуу, колго түшүрүү (жапайы айбандарды, качкан малды ж. б.). Биз кичинекей кезде мына ушул бактан атам кыргый кармаганы эсимде («Жаш ленинчи»). Азоо бээлерди укуруктап кармап, желеге жакындатып алып келип саадырышат («Ала-Тоо»). 5. Тейлөө, күтүү, асыроо (үй тиричилигине, оокатка карата). Эбин таап кармаса, Үйдүн көркү катында («Мендирман»). 6. Пайда болуу, келе калуу, боло калуу. Ак көңүлү кармады. Марттыгы кармады. Жаман кыялы кармаса, бербей да коюшу мүмкүн. Оорусу кармады. Безгеги кармады. Талмасы кармады. 7. Токтолуу, болуп туруу, күчүндө болуу. Суук күч алып, а дегенде эле катуу кармады (Убукеев). Чилде кымбат кармаса, Малдын майы калбаса, Жут ушунда башталат (Тоголок Молдо). Азыр күн жылып, кар жок болгон менен, жазга жуук кармашы мүмкүн («Ала-Тоо»). 8. Көңүлгө тутуу, эсине алуу, унутпоо, Убалга ата калбагын, Бул сөзүмдү кармагын («Семетей»). Эне ордуна көрүнсөм, Балам, бул сөзүмдү кармагын (Токтогул). 9. Өзүн өзү токтотуу, токтоо болуу. Өзүмдү кармай албай кеттим (Байтемиров). Абийир бул отурушта ашык сөз сүйлөбөй, өзүн кармай билди (Таштемиров). 10. Башкаруу, бийлөө, бийлик кылуу. Кармаган шаары Бакбурдун, Кыйласын билем ал журттун («Манас»). Кайраттуу баатыр Каманбай, Калктын башын кармаган. («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кайта-кайта, бир нече жолу кармоо, кармай берүү, уламулам кармап көрүү. [Динар] .. китепти кармалап турса, колуна сырты калың дептер урунду (Сыдыкбеков). Кабыргасын кармалап. Санап жүрөт семизин (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
повторно хватать; брать руками то одно, то другое;
колу жөн турбай, аны-мунуну кармалай берет руки у него в покое не остаются, хватают то одно, то другое (напр. у нервного человека).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
1. карма этишинин өздүк мамилеси (2-маанисинде).
2. Жөлөк, таянч, тирек кылуу. Каранган, карманганыбыз жалгыз сен [Ашыр] (Сасыкбаев). Анын [Токобайдын] жөлөнөр чынары, карманар бутагы бар (Каимов).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
чөнтөк;
бить по карману разг. зыян тарттыруу;
набить себе карман разг. өзүнүн чөнтөгүн толтуруу;
мне не по карману разг. чөнтөгүм көтөрбөйт (кол кыска, акча жетпейт);
он за словом в карман не полезет разг. сөздөн өнөгүн алдырбайт, сөздү, кишиден сурабайт;
держи карман шире разг. чөнтөгүңдү чоң ач, тут капчыгынды (ташты да алалбайсың; күткөнүң менен сага эч нерсе жок).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от карма-
1. держаться за кого-л.; искать у кого-л. поддержки, уповать на кого-л.;
карайып карманганым ушул он единственная моя надежда и опора;
маңданга карманган опора, надежда (всё, чем живёт человек);
маңдайына карманган бир уулу бар эле у него была надежда - его единственный сын;
2. держать что-л. своё, для себя; держаться за что-л.;
кылычын сууруп карманып, калың кытай тизилип, карап турат жардаңып фольк, выхватив мечи свои я держа их, китайцы выстроились и стоят, удивлённо смотря;
сөзүн карманып ухватившись за его слова;
оозуң карманды (выражая сожаление, раскаяние) он прикрыл ладонью свой рот;
жакасын карманды (выражая удивление или сожаление) он схватил себя за грудки;
учурун өткөзуп, оозуңду карманба раз уж случай упустил, не раскаивайся (что прошло, того уже не еернёшь);
жанын колго карманып стих. клянясь жизнью своей (не сойти мне с этого места! и т.п.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүн өзү токтотуу, токтоо болуу. Ачууга жеңдирип жибербейин деп, каманып отурган эстүү адамга берки эселектер баштагысындай эле бакылдай беришти («Чалкан»). 2. Бирөөнү өзүнө бел тутуу, тирек, жөлөк, таяныч кылуу. Эркек бала ордуна карманган кызын Кузьма Иванович абдан жакшы көрө турган (Сасыкбаев). Токобайдын жөлөнөр чынары, карманар бутагы бар (Каимов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРМАП ТУРУУ – жарандык укукта милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу ыктарынын бири. КР Жарандык кодексине ылайык, карызкорго, же карызкор көрсөткөн жакка берилүүчү буюм колунда турган кредитор, карызкор ал буюмду төлөө боюнча милдеттенмесин аткарбай, же ага байланыштуу чыгымдардын ордун толтурбай койгон учурда тийиштүү милдеттенме аткарылмайынча буюмду бербей кармап турууга акылуу. Буюмду К. тараптары жеке ишкерлер болуп саналган милдеттенмеден келип чыккан талаптарды аткарууну дагы камсыз кылуусу мүмкүн. Кредит берүүчү буюмду ага болгон укукту үчүнчү тарап сатып алгандан кийин дагы эчбир тарабына бербестен кармап турууга толук акысы бар. Буюмду кармап турган кредитордун талабы анын наркынан күрөө милдеттенмелерине карата каралган тартипте жана көлөмдө канаттандырылат. (кара:Барымта).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от карма-
1. заставить поймать;
атмага карматпайт лошадь не даёт мне поймать себя;
сага карматпайм ты меня не поймаешь; я не допущу, чтобы ты меня поймал;
уурдап бараткан жеринен карматып койду он был пойман на месте (или в момент) кражи;
кармата сал- дать (на, возьми);
менин кодума жыйырма сомду кармата салды он дал мне двадцать рублей (вот тебе деадцать рублей!;
2. заставить держать;
атыңды бир балага карматып кой дай какому-нибудь пареньку подержать твою лошадь;
адатын карматты или каадасын карматты он проявил свои привычки;
жаш кезиндеги адатын карматты он тряхнул стариной;
кичи пейил каадасын карматты он проявил свою церемонную учтивость;
ит адатын карматты или иттигин карматты он проявил своё обычное свинство;
берешендигин карматты он раскошелился;
эркелигин карматып, Аманды карап күлүп койгон экен она, со свойственным ей (неженке) кокетством, взглянув на Амана, засмеялась;
карылыкка карматып поддавшясь старости;
сөөк кармат- или кармат- поручить обмыть покойника;
тамыр кармат- см. тамыр 2.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кармаш I
схватка;
кармаш кылып алп менен фольк. схватившись с великаном;
катуу кармаш яростная, жестокая схватка;
катуулал кармаш болду эле фольк. была жестокая схватка;
кармашты катуу салыныз фольк. вы яростно схватитесь (с врагом).
кармаш- II
взаимн. от карма-
1. совместно ловить; хватать друг друга; схватываться;
2. совместно держать;
кол кармашып взявшись за руки, взяв друг друга за руку, рука об руку;
кол кармашып көрүштү они поздоровалвсь за руку;
3. конаться (в начале игры);
келем шарып кармаш- поклясться друг другу на коране;
каралаша жүргөнгө келем шарып кармашкан фольк. они поклялись на коране помогать друг другу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Согуш, күрөш, уруш, салгылаш. Кармашты катуу салайын, Төштүк, Кабылган жоону чабайын, Төштүк («Эр Төштүк»). Олку-солку болуп жалтактоону ташта! Күрөш, кармаш (Сасыкбаев).
КАРМАШ II 1. карма этишинин кош мамилеси.
2. Салгылашуу, алышуу, күрөш жүргүзүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРМОО – кылмыш-жаза процессиндеги кылмышка катышы бар же жок экендигин тактоо жана андан ары камакка алуу (зарыл учурда) маселесин чечүү максатында, шек саналуучу адамга карата колдонулуучу кыска мөөнөттүү чара. Эгер К-дон тартып 72 сааттын ичинде убактылуу адам кармалып турган жайдын начальнигине кармалган адамды камакка алуу түрүндө чектөө чарасы колдонуу тууралуу токтом келип түшпөсө, кармоо жайынын начальниги кармалган адамды К. жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирет. Эгер прокурор тарабынан аны камакка алуу түрүндө чектөө чарасы колдонбогон учурда, адам кармалып турган жайынын начальниги кармалган адамды дароо бошотуу менен, ал тууралуу атайын протокол түзөт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРНАС, Карнас Кара — «Мажму ат-та варихтеги» каарман. Якуб - бектин (Жакыптын) бир тууганы. Жолой көп кол менен келип Кара-Кыштакты талкалап, Якуб - бекти туткундап кеткенде К. качып чыгып Манаска кабарлайт. Жортуулдарда, согуштарда дайыма Манас менен бирге жүрөт. К-тын ысымына караханийлер учурунда «улуу», «кудуреттүү» деген маанини туюнткан «кара» сөзүнүн кошо берилиши мүмкүн бул каармандын баатырдыгынын белгиси. К. кезегинде жекеге чыгып, душман менен бетме-бет кармашса, көп учурларда маанилүү кабарды убагында жеткире алган чабарман дагы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Имараттын дубалдарынын же эшик-терезелеринин сырт жагын көздөй чыгара жасалган үстүнкү кыры. 2. Терезенин же эшиктин үстүнө туурасынан орнотулуп, портьера же штора тагыла турган нерсе, үй буюму.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кароо I
и. д. от кара- II
1. смотрение; смотр, осмотр; рассмотрение;
доктор кароосу врачебный осмотр;
олимпиаданын республикалык кароосунда на республиканской олимпиаде;
Генеральный Ассамблеянын кароосуна коюлган маселе вопрос, поставленный на рассмотрение Генеральной Ассамблеи;
2. надзор; присмотр;
3. защита, оборона.
кароо II
1. имеющий к чему-л. большое пристрастие; падкий до чего-л., жадный;
балага кароо чадолюбивый, заботливо относящийся к детям;
малга кароо жадный до скота, до богатства;
дүйнөгө кароо стяжатель; скупой
тамакка кароо падкий на еду;
козуга кароо кой овца, которая яростно охраняет своего ягнёнка;
2. (точнее катынга кароо или аялга кароо) ревнивый (мужчина);
эрим кароо муж мой ревнив.
кароо III
(точнее көзү кароо)
слепой (с открытыми, невидящими глазами).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Кызганчаак. Аялга кароо.
2. Зыкым, сараң, Дүнүйөкор. Малга кароо. Тыйынга кароо.
¨ Көзү кароо — суу карек, көзү ачык туруп эле көрбөгөн (киши жөнүндө). Балага кароо — баласаак, баласын өтө жакшы көрүүчү.
КАРОО II кара этишинин кыймыл атоочу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кызганчаак, ичи тар. Аялга кароо экенсиң ээ? – деп, Барпы күлүп калды (Байтемиров). Эрине ушунчалык кароо болорбу, өзүң жаш эле келин экенсиң, сиңдим («Чалкан»). 2. Аяп, сараңдык кылып турма адаты бар, зыкым, кызгана берме. Тыйынга кароо. Тамакка кароо. Атакебиз Элеман Малга кароо бай экен («Эр Төштүк»). Бай Байбото кайнатам, Малга кароо өз атам (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стража, караул;
2. место, откуда можно наблюдать за врагом; караульная вышка, холм;
3. мушка (ружья), прицел;
кароолго жеткир- или кароол келтир взять на прицел, взять на мушку;
кароолго башын келтирип, машаа тартып калганы фольк. взяв на прицел его голову, он дёрнул спуск;
кароолго илин- попасть на мушку, на прицел;
кароол баш чыгарыптыр сев. хлеба выколосились.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Күзөт, сакчылык. Каныбек алдыртан кароолдо турган солдаттарды.. карады (Жантөшев).
КАРООЛ II зат. Мээлөө, түздөп атуу үчүн мылтыктын учуна коюлган ичке, кичине темир. Кароолуңа илинбей, Качкан кайып аттырбайт (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кароо, кайтаруу милдетин аткаруучу сакчы, күзөтчү. Эгер зарылчылык туулса, кезмет менен кароол коёбуз (Бейшеналиев). Бирөө кастык кылат деп, Тушунда кароол турчу экен («Манас»). 2. Сакчылык, күзөтчүлүк кызмат же ушундай кызмат орду. Солдат мылтыгын ийнине салып, кароолдо туруп жадагандай аркы-терки көңүлсүз басат (Жантөшев). Кароол карап Сарыбай Күркүрөдү мактанып («Сейтек»). Кара аргымак токулуп, Кароолго шаша жөнөдү («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мээлеп, түздөп атуу үчүн мылтыктын же башка атылуучу куралдын стволуна орнотулган тетик. Чоно таштын үстүндө турган жалгыз кийикти кароолго алды (Каимов). Бала Гүлүс шашпады, Кароолуна кабылтып, Машааны басып таштады («Семетей»). Чару кароолду мелтирей тиктеп, улактын такыр колтугун мээлеп жатты (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
караулить, охранять; выслеживать;
жетимиштеги жалгыз абышка кароолдойт караулит один семидесятилетний старик;
бул жылганы өзү кароолдомо болду эту ложбину он решил охранять сам.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРООЛ ДӨБӨ — топоним. Кытай тарапта Ак-Сайдын оң куймасы Терек суусунун баш жагында Кереге-Саздын жээгинде Кароол Дөбө деген дөбө бар. Учурунда Манас баатыр ага кароол койчу дешет. Дөбөнүн жанында «Жалгыз үй» деп аталган анча бийик эмес дөбөчө бар. Манас: «Чалк-Өйдөнү чала кел Жалгыз үйгө бара кел», — деп кароолго киши жиберчү экен. Чалк-Өйдө — Кытай тараптан узак жол жүрүп, чарчап келе жаткан кол эс алып, аттарын тойгузуп, жатканга ылайыктуу өзөн-суулуу жер. Арпанын күн чыгыш жагынын Ак-Талаа району тарабынан орун алган. Бул жерде илгери коргошун кени көрүнө эле жердин үстүндө жатчу дешет. Колунан көөрү төгүлгөн чебер усталар коргошундан ок куюп жасаган курал-жарактары менен душмандан коргонуп турганы жөнүндө элде уламыш айтылып жүрөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кирг.-ир. ист.
наблюдательный пункт.
--------
кароолкана ароолон-
1. темнеть, чернеть;
токоч кароолонуп бышты хлеб испёкся, подгорев;
2. затмиться;
ай кароолонду луна затмилась;
күн кароолонду солнце затмилось;
3. (о свете) быть тусклым;
тамдын кичинехей терезелеринен кароолонгон жарык үлпүлдөйт в маленьких окнах избушки мерцает тусклый свет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Караруу, ыш, күйүк басып, карарып кетүү. Кароолонуп бышкан нан. Мустафанын колундагы карбид чырагы өтө кароолонуп, каңырсып жанууда (Сасыкбаев). 2. Жарыгы ачык болбоо, күңүрт болуп туруу. Шахтердун чырагынын кароолонгон жарыгы бирде өткөөлдүн таманына, бирде бооруна тиет (Сасыкбаев). Тамдын кичинекей терезелеринен кароолонгон жарык үлпүлдөйт («Ала-Тоо»). 3. Тутулган себептүү карарып көрүнүү, күңүрттөнүү. Ай кароолонду. Күн кароолонду.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРООЛ-ТООСУ, Кароолдун тоосу — топоним. Эпос боюнча Алтайдан Ала-Тоого жаңы көчүп келген Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыккан тоо:
Кароолдунун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара кулжадан
Көбүн атып салыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170),
— деп баяндалып, ал тоо ошондон кийин Кара-Кулжа аталган имиш. Географиялык реалияда Алайкудагы жер.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРООЛЧУ ЖАНДЫКТАР — эпос боюнча кытай-калмак чек арасын кайтарган мифтик жандыктар. Алар «Манас» эпосунда: «Түлкүсү жатат белинде, Өрдөгү жатат көлүндө, Кулжасы жатат каңкайып, Коймого койгон жеринде» (Саякбай Каралаев, 2. 126),— деп сүрөттөлгөндөй жоонун колу келе жатканын Коңурбайга кабар салышат.


Мисалы, Чоң казат мезгилинде чалгындап барган Алмамбет, Сыргак баатыр тарабынан Куу Кулжа менен Куу Түлкү ажал табат да, амалдуу Куу Өрдөк кутулуп Коңурбайга кыргыз колу келгенин кабарлайт. Сыйкырдын жардамы менен иштелип, душман сакчыларынын милдетин аткарышкан Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн образдарына негизинен ашкере куулукту туюндурган амалкөйлүк, митайымдык сапаттар топтоштурулган. Буларды Манастан чочулаган Коңурбай сыйкырдын күчү менен кыргыздардын жолуна атайы кароолго койдурган. Мындай образдардын түпкү тегинде жаратылыштын ээси жөнүндөгү («Кожожаш» эпосундагы Суречки тибиндеги) ишеним жатат. Небак унутулган маанисин билбеген айтуучу элести поэтизациялоонун негизги жолу деп ага чектен тыш, өзгөчө сапат, касиетти таандыкташтырууну түшүнөт. Натыйжада кароолчулук милдет аткарган жандыктар каармандарга жардамын тийгизүүчү касиеттүү күч катарындагы абалынан өзгөртүлүп, адамдар өз акыл күчүнүн жардамы менен жасап алган куралга айландырылып берилип калган. Ошондуктан, кытай баатыры Коңурбайдын кароолго Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн образдарынын негизинде байыркы адамдардын адам баласына жат, оңго карама-каршы турган сырдуу күчтөр жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн өз формасын өзгөрткөн үлгүлөрү жатат да, «Манас» эпосунун алгачкы жомоктук-мифологиялык абалына тиешелүү болот. «Семетей» эпосунун да байыркы катмарын К. ж-тар жөнүндөгү түшүнүктөр түзүп, адамдардын магиялык, анимизмдик ишенимдер менен байланышта сүрөттөлөт. Бээжинге бет алган төрт баатыр (Семетей, Күлчоро, Канчоро, Бакай) Кытай чек арасына жеткенде ар кандай тоскоолдуктарга учурайт. Мындай тоскоолдуктар камырабастыктан, Бакайдын айткандарын так аткарбагандыктан келип чыгат. Бакай Семетейге Коңурбайдын сакчы айбанаттары жөнүндө түшүндүрүп, («Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизодунда өлтүрүлгөн) Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн балдары калгандыгын эскертет. Манастын кунун кууп, өчүн алуу үчүн Коңурбайга каршы аттанган Семетей баатыр алды менен Бакай эскерткен сакчы айбанаттарды жайлайт. «Манас» бөлүгүндө сакчылык милдет аткарган К. ж-дан айырмаланып «Семетей» бөлүмүндөгү сакчы жандыктар негизинен кийинки экинчи муундун өкүлдөрү. Демек, эпикалык душман баатырларынын чек арага койгон ушул кабарчылары эпостун эки бөлүмүндө тең бирдей сакчылык милдет аткарган мифтик образдардан болуп саналат. Түрк, моңгол элдеринин эпосторунун өнүгүшүнүн алгачкы этабында магиялык мүнөздөгү айбанаттардын ролу айрыкча маанилүү орунду ээлейт. Мисалы, мифтик образ Эрликтин айбанаттардан (кузгун, төө жана башкалар) жардамчылары болгондугу Алтай эпосторунда баяндалат.
С. Алиев

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРООСУЗДУК – жашы жетелек баланын өзгөчө социалдык абалы. Ал: а) туруктуу жашаган ордунун жоктугу (үйсүздүк); б) ата-эне (аларды алмаштыруучу адамдар), туугандар, педагогдор, тарбиячылар ж. б. менен болгон мамилелердин үзүлгөнү; в) баланын жана өспүрүмдүн инсанын социалдаштыруунун баардык институттарынан (үйбүлө, окутуп-тарбиялоочу, маданий, медициналык ж. б. мекемелерден) ажырап калганы; г) коомдук пайдалуу эмгек (окуу, иш) менен алектенбегени менен мүнөздөлөт. К. олуттуу криминогендик түрткү болуп саналат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
прямо-таки, точно;
көздөгөн максат, тилектин карп үстүнөн чыгыптыр он прямо-таки достиг цели, добился исполнения желания;
карп-курп или карпа-курп вдруг, неожиданно;
карп-курп алдыман чыга түштү он неожиданно предстал перед моими глазами;
карп-курп кезигип калдык мы совершенно неожиданно встретились;
карылык карп-курп эле келип калат старость приходит вдруг;
бурулуштан карп-курп чыга калса, ат үркө тургандай түргө келди у него (букв. он пришёл в) такой вид, что, если вдруг появится из-за поворота, то лошадь шарахнется.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Барпаңдоо, балпаңдаган көрүнүштө болуу. Ашыр.. карпаңдап калды (Сасыкбаев). Карпаңдай басып... Кузьма келе жатты (Сасыкбаев). Астрит.. карпаңдап.. шахтёрлорго кандайча иштөөнү көрсөтө баштады (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кокусунан, байкоосуздан, күтпөгөн жерден. Локуйган кызыл киши топучан бастырып, алдыңки бурчтан карп-курп чыкты (Сыдыкбеков). Алдынан карпа-курпа чыга келген жигиттен иймене жалт берди («Ала-Тоо»).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Cyprinodontiformes) каңылтыртиш түспөлдүүлөр; тиштери каңылтырдыкындай балыктардын бир түркүмү, буларга карпозубые (Cyprinodontidae) — каңылтыртишсымалдуулар тукуму жана карпозубики (Cyprinodon) — каңылтыртиштер уруусу кирет.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Cypriniformes) каңылтыр түспөлдүүлөр; сөөктүү балыктардын бир түркүмү, булардын 3 түркүмчөсү, 18 тукуму, көп уруусу жана түрү бар, алардын ичинде төмөнкүлөр да кезигет: карповидные (Cyprinoidei) — каңылтыр кебетелүүлөр түркүмчөсү, карповые (Cyprinidae) — каңылтыр сымалдуулар (тукум), к.  маринкоподные — сазан сымалдуу каңылтырлар (топ), к.  расщепобрюхие — к.  к.  маринкоподобные, карпиодес (Carpiodes) — карпиодестер (уруу), карпы (Cyprinus) — каңылтырлар (уруу), карп голый (С. carpic) — турпусуз каңылтыр, к.  зеркальный (С. carpio) — жылтылдак каңылтыр, к.  прудовой (С. carpio) — бакма каңылтыр, к.  к.  зеркальный, к.  чешуйчатый (С. carpio) — турпулуу каңылтыр ж. у. с.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карс I
подражание треску, резкому звуку, звуку от резкого удара;
мылтык атып тарс коюп, добул согуп карс коюп фольк. из ружья выстрелил, бахнув, в барабан ударил, тряхнув;
аттардын карс-карс ооздук кемиргендери угулду слышалось звяканье удил, которые грызли кони;
карс-карс күлүп жиберди он громко захохотал;
карс-тарс атишпей, сыпайы өсүшүп, сылык болуп калышат экен друг другу не грубят, становятся вежливыми, обходительными.
карс II
южн.
белый головной платок.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Урулуудан, согулуудан же катуу нерсенин чорт сынып кетишинен чыккан дабыш. Сырт жактан дүк-дүк, карс-карс каалганы койгулаган дабыш удаа-удаа жаңырды (Бейшеналиев). Карс этип найза сынып, бир кулачы (Маликов). Колундагы сынык сабоо менен кашаң тору атты улам карс эттире бир чаап келаткан Ажар (Жантөшев). 2. Катуу чыккан күлкүнү билдирүү үчүн колдонулат. Мукаш карс күлүп жиберди (Сыдыкбеков). Карт жумушчу жаак сөөктөрүн оркойтуп, карс-карс күлдү (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. общее название рыскающих зверей: волка, лисицы и т.п.;
караңгыда карсактын изин кууса, жаңылбас фольк. если (даже) в темноте он гонит зверя по следу, (и то) не собьётся;
2. (точнее карсак түлкү) корсак, лиса степная;
3. общее название мух и гнуса.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жырткыч айбандардын жалпы аты (түлкү, карышкыр ж. б.). Карсак жүрбөс калыңда, Карайлаган бир жанмын («Манас»). Караңгыда карсактын, Изине түшсө жаңылбас, Укма билген кары бар («Сейтек»). Карыс Дуулат алдыда, Карсактын изин тааныган («Эл адабияты»). 2. Куйругу менен кулагынын учунда карасы бар кичирээк түлкү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кагылганда, урулганда карс-карс эткен дабыш чыгуу, карс-карс этүү. Мылтыктын огу тарсылдап, Доолдун үнү карсылдап («Манас»). Товар жүктөлүүчү кызыл вагондор такоолдорун карсылдата сүзүшүп чиркелүүдө (Сасыкбаев). Кара болот ооздук, Көмөкөйдө карсылдап («Сейтек»). 2. Аябай катуу күлүү, карс-карс күлүү. Атасы муну укканда ого бетер карсылдап күлдү («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от карсылда-;
манжаларын карсылдатып койду он звонко хрустнул пальцами;
карсылдатып саба- тузить с треском;
уста темирди карсылдатып ургулады кузнец так ударял (молотом) по железу, что треск шёл.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карсылдаш I
и. д. от карсылда-
потасовка.
карсылдаш- II
взаимн. от карсылда-
1. издавать треск (о нескольких предметах одновременно);
2. перен. тузить, лупцевать друг друга;
карсылдашып урушту они дрались так, что треск шёл.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРСЫМАН — топоним. Жакыптын жылкысын тийген калмактардын бала баатыр Манастан аман калгандары качып, К. суусунун боюндагы сайга корголошот (Сагымбай Орозбаков, 1. 124).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Сайма буюмдарына көркөм көчөт түшүрүү үчүн жердикти кере турган жыгач алкак. Карскан — электин алкагы. Карскан менен карсынан бири-бирине үндөшүп турат. Кээде мындай керилген алкакты кергич деп да жүрүшөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карт I
то же, что какарт;
сары карт экзема.
карт II
1. то же, что карта II 2;
карт бол- (о козыре) прийтись на карту;
картасы карт болуп калды у него приходится козырь на карту;
2. перен. самый момент, как раз впору;
иш картына келди или иштин карты келип турат подошёл момент, когда нужно действовать;
ишти, картынан өткөрбөй, иштөө керек дело нужно делать вовремя (напр. пахать, сеять и т.п.);
атты, картына келтирип, сат коня продай в нужный момент (когда он в теле или когда кони в цене);
так ушул минутка карт келип как раз в эту самую минуту.
карт III
старый; старик;
карт акын старый акын; старик акын;
карт аюу старый медведь;
карт жолборстой чамынып фольк.
1) взрывая (ногами) землю, как старый тигр;
2) перен. (о человеке) придя в неописуемую ярость;
карт үн старческий голос.
карт IV
подражательное слово;
карт кекир- громко рыгать; громко харкать;
карт-карт күл- хохотать, громко смеяться.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жаранын же күйгөн жердин катып калган катмары, үстүнкү бети. Карты түшкөн айыгып, Так болуп калган жаралар (Маликов).
КАРТ II сын. Кары, картаң. Карт мугалим баарын карайт кубанып, Жан жагында жаштар турат кыналып (Маликов).
КАРТ III туур. Көбүнчө кекиргенде чыккан дабыш. Карт кекирүү.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Кары, карыган» маанисинде айтылган карт сөзү чувашча карт деген зат атооч сөздөн келип чыгат. Чуваш тилинде карт сөзү көп маани берет. Анын 6-мааниси «барыш, тырыш» дегенди туюнтат (ЧГС, 146). Карт кишинин бети-башын, мойнун бырыш басып кетет. Мына ушул өзгөчөлүгүнөн улам карыган кишилер карт аталган окшойт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кары, картаң, улгайган. Карт орустар, көптөн сырын билгендер – Ай, Кийизбай! Ай, Кийизбай!–деп калат (Осмонов). Карады кайберенди көөнү толкуп, Карт мерген кабак серпип жаңы ойгонгон (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карта I
прямая кишка лошади (считается лакомым блюдом);
көтөн карта часть прямой кишки, которая ближе к заднему проходу;
казы менен картаны, тең бөлдүрүп, жегизип фольк. брюшной жир и прямую кишку он поровну делил и кормил (их);
ак боз бээни чалды эми, кырк кулактуу казанга казы-карта салды эми фольк. вот зарезал он белую кобылу, вот в огромный (букв. о сорока ушках) котёл он положил колбасу и карта;
аттардын картасы толду лошади вошли в тело, откормились;
аттардын картасын толтуруп алалык давай-ка откормим коней;
бээ карта тяньш. этн. название кушанья (тонкие плоские галушки, варённые в мясном бульоне).
карта II
1. карта географическая;
2. карта игральная;
карта бөл- сдавать карты;
беш карта игра в подкидного дурака;
карта чыгаргандын анеси менен жаткан шутл. он спал с матерью изобретателя карт (об искусном игроке);
карта ач- гадать, ворожить на картах.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жылкынын майлуу жоон ичегиси. Семиз тай союлуп, казанга казы менен карта толтура салынган (Жантөшев).
КАРТА II зат. 1. Жер бетинин кагазга түшүрүлгөн чиймеси. География картасы. Жер шарынын картасы. Колхоз жеринин картасын кагаз бетине түшүргүлө (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Ойноого арналып жасалган, төрт топко бөлүнгөн, ар түрлүү белгилери, сүрөттөрү бар кагаздар.
  2. 3.                  Тийиштүү суроолорго жооп кылып толтурууга даярдаган, графалары бар бланк, барак. Технологиялык карта.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. карта;
физическая карта СССР СССРдин физикалык картасы;
политическая карта Европы Европанын саясий картасы;
2. (игральная) карта;
карта бита разг. ойлогон ой, тилеген тилек ташка тийип, ордунан чыкпай калды;
раскрыть свои карты өз оюн, сырын билдирүү;
ставить на карту тобокел кылуу, тобокелге салуу.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жылкынын жоон ичегиси карта аталат. Бул сөз карт «бырыш, тырыш» маанисиндеги сөздөн келип чыгат. Жылкынын жоон ичегисинин ички бети карт-карт же бүдур-бүдүр бырыш болуп турат. Ошондуктан ал карт аталган. Чуваш тилинде сездүн аягында бир үндүү тыбыш бирде кошулуп, бирде түшүп, факультативдүү айтыла берет. Бул карта сөзүнүн аягына карт сөзүнө салыштырганда ашыкча келген ушундай тыбыш кошулган. Анын кошулушу менен карт жана карта сөздөрүнүн маанилери айырмалуу болуп, экөө эки башка нерсени билдирип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жер бетинин кагазга түшүрүлгөн чиймеси. Географиялык карта. Жер шарынын картасы. Контурдук карта. 2. Түрдүү оюндарды ойноого ылайыкталган, ар кандай белгилери, сүрөттөрү боюнча төрт топко бөлүнө турган чарчы кагаздар. Карта бөлүү. Картаны ачып туруп, анан акчага колуңду сун! – дейт оюнчу (Абдукаримов). 3. Тийиштүү маалыматтарды жазып толтуруу үчүн атайын графаларга бөлүнгөн бланк, барак. Технологиялык карта. Санаториялык карта.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жылкынын майлуу жоон ичегиси. Кырк кулактуу казанга Казы, карта салды эми («Семетей»). Казы менен картага Тойгонуңду ырдадың (Токтогул). Семиз тай союлуп, казанга казы менен карта салынган (Жантөшев). Казы, карта, жал берип, Байлыгы ашып толгон – дейт (Калмырза).

Киргизско-русский словарь Юдахина
стариться, стареть;
картайып көзүм жумулса, карайып жаткан көп малды кармап калчу адам жок фольк. когда я состарюсь, и глаза мои закроются, некому будет держать мой несметный скот;
көңүл картайбайт, көз картаят погов. сердце не стареет, глаза старятся;
адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят человек стареет, видя тех, кто после него (т.е. молодое поколение).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы картай сөзү карт+ай бөлүктөрүнөн турат. Атоочтон этиш жасоочу -ай мүчөсү жалганганда пайда болгон картай сөзү алгач «бырыш-тырыштуу болуу» деген маани берген. Кийин жалпыланып, «кары болуу, ак сакал болуу» маанисин туюнтуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Карылыкка баш коюу, каруу, жашы улгаюу. Картайып өмүр баратат, Кайрылбай кеттиң бала чак (Бөкөнбаев). Ак басып сакал, мурутун акылмандын, Сездирет кайгы менен картайганын (Үмөталиев). || Эскирүү, каруу (айбандарга же көп жылдык өсүмдүктөргө карата айтылат). Жылкы он асыйдан өткөндө картая баштайт. Алма жыгачы элүү, алтымыш жылда картайышы мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Карып калган, жашы жеткен, улгайган. – Жарыктык де! – деп картаң эне шыпшына берди (Сыдыкбеков). Володянын жалгыз гана картаң атасы бар (Жантөшев). || Карылыгы жеткен, карыган (айбандарга же көп жылдык өсүмдүктөргө карата айтылат). Картаң уй. Картаң алма.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от картаңсы-
считать кого-л. для себя старым;
"мени картаңсынтып жатабы" деп ойлосом, өзү менден он үч жаш улуу думала я, что он меня считает для себя старой, но он сам старше меня на тринадцать лет.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Тобокелдиктер картасы (Risk map) —Анда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер “келип чыгуу ыктымалдыгына – жоготуулардын мүмкүн болуучу деңгээлине” жараша жайгаштырылган график.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каражатталуучу же башка зарылдыгы бар нерсеге аябай тунуу, толук жетиштүү болуу, карк болуу. 2. Кээ бир карта оюндарында (бети калды, сыйдыр) колдогу карталардын жөнөкөйлөрү менен көзүрлөрү сан жагынан барабарлашып, теңме-тең болуп калуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көптү көргөн, турмуштун ысык-суугун башынан өткөргөн, кексе, кагылып-согулган. Ал далайды баштан өткөргөн карт бөрүнүн бири (Сыдыкбеков). Булардын тизгини мына бул Кулбаш карт бөрүнүн колунда (Абдукаримов). В.: Карт шумкар. Манчыркаган жаш манап Дүр карт шумкар менен кызыл эт балапандын эриш-аркак болорун бөгөйт (Бейшеналиев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. эк.
картель (ири капиталисттик өнөр жай бирикмеси; бааны көтөрүү жана пайданы көбөйтүү максатын көздөп, өз ара конкуренция кылуудан баш тарткан бир түрдүү бир нече ишканалардын бириккени).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРТЕЛЬ (фр. сartel, ит. cartello , carta – кагаз, документ) – адатта бир эле тармактагы ишканалардын баалар, сатуу базары, өндүрүш жана сатуу көлөмдөрү, патент алмашуу ж. б. жөнүндөгү макулдашуулары. Монополисттик бирикменин тариздеринин бири. Көп учурда жашырын иштейт. К-ге кирген фирмалар өздөрүнүн юридикалык, каржылык, өндүрүштүк жана коммерциялык өзалдынчалыгын сактайт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРТЕЛЬ (фр. сartel, ит. cartello , carta – кагаз, документ) – адатта бир эле тармактагы ишканалардын баалар, сатуу базары, өндүрүш жана сатуу көлөмдөрү, патент алмашуу ж. б. жөнүндөгү макулдашуулары. Монополисттик бирикменин тариздеринин бири. Көп учурда жашырын иштейт. К-ге кирген фирмалар өздөрүнүн юридикалык, каржылык, өндүрүштүк жана коммерциялык өзалдынчалыгын сактайт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кагазга, жука таарга же тактайга түшүрүлгөн живопистик чыгарма. Дивандын үстүндө Шишкиндин «Эртең менен токойдо» деген картинасы илинген (Шимеев).
  1. 2.                  Драмалык чыгарманын актысынын өзүнчө декорацияны түзгөн бөлүгү. Төрт көшөгө, жети картинадан турган драмалык чыгарма.
  2. 3.                  сүйл. Кинофильм.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. сүрөт (живопистик чыгарма);
2. перен. көрүнүш;
картина гор тоолордун көрүнүшү;
3. театр. картина (драмадагы. бөлүктөр);
драма в четырёх действиях и семи картинах төрт көшөгөлүү жети картиналуу драма;
4. разг. (кинофильм) картина.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРТКҮРӨҢ — Ажыбайдын аты. Эпосто К. аркасы бийик, маңдайы калың, туягы чулу, кайыптын тукуму, чаалыкпас тулпар катары сүрөттөлөт. Анын «Бир изин жаза баспаган, Азар-түмөн жылкы алып, Кошуп ийсе жылкыга Бир жаңылбай баштаган» (Сагымбай Орозбаков, 4. 177) айбандан башка акылдуу мал экенин байкап, Алмамбет Чоң казатта чалгынга жөнөгөндө К-дүн күчүн сурайт. Коңурбайдын жылкычысы Карагул Алмамбет менен Сыргактын өздөрүнөн гана эмес сыны башка тулпар К-дөн да «Тулпардык шаңы көрүнгөн, Биздин элдин малы эмес Коштоп жүргөн атыңыз» (Сагымбай Орозбаков, 4. 283),— деп шек санаганда Алмамбет аны «Макел баатырдын буруттардан олжого түшүргөн малы», — деп жүгөнүн шыпырып жылкыга кошуп жиберет.
Б. Жумабаев. Карткүрөң (Ажыбайдыкы).
Б. Жумабаев. Карткүрөң (Ажыбайдыкы).
Ошентип, К-гө баштатып жылкы тийип алышат. Ажыбайдын ар кандай баатырдык аракеттери К. менен жүргөндүгү Саякбай Каралаевдин варианты нда кеңири сүрөттөлөт (Саякбай Каралаев, 2. 170, 176).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРТОТЕКА (гр. theke – жай, куту) – алфавиттик, номерленген же алфавиттик-цифралуу тартипте жайгаштырылган бирдей форматтагы брошюраланбаган карточкалардын же барактардын тутуму; кол менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРТОТЕКА (гр. theke – жай, куту) – алфавиттик, номерленген же алфавиттик-цифралуу тартипте жайгаштырылган бирдей форматтагы брошюраланбаган карточкалардын же барактардын тутуму; кол менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Анча чоң болбогон фото сүрөт.
  1. 2.                  Азык же товар сатып алууга арналган талондуу кагаз, баракча.
  2. 3.                  Күбөлүк кат, билет сыяктуу төрт бурчтуу кылып кесилген кагаз.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. фото карточка;
фотографическая карточка фотокарточка;
2. карточка (калың кагазга жазылган күбөлүк кат);
учётная карточка учёт карточкасы;
3. карточка (азык же товар сатып алганда, кесип алма талону бар кагаз);
продуктовая карточка азык-түлүк карточкасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ар кандай маалыматтарды жазууга ылайыкталган кичинекей чарчы кагаз, картон. 2. Азык же башка товар сатып алуу укугу көрсөтүлгөн талондуу кагаз. Сабира карточка менен алган нанын, майын Клава энесине берип турду (Сасыкбаев). 3. Чарчыланып кесилген барак, билет формасындагы күбөлүк же башка документ. 4. Кичирээк өлчөмдөгү фото, сүрөт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. карта 2-ге т.;
2. карточка 3-кө т.;
карточная система карточка системасы;
карточный каталог карточка каталогу;
карточный домик
1) балдардын карталардан жасалган оюнчук үйү;
2) перен. негизи бош, негизи начар нерсе.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Түбүндөгү түйүлдүгү азык катары колдонулуучу жашылча өсүмдүгү, ушул өсүмдүктүн тамакка жумшалуучу түшүмү. Айым апа картошка аарчый кетти («Жашленинчи»). Теше-теше картошка айдап, чарбасы ирденет (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
р.
картошка;
картөшкөсү камырдай, бышырса, - буудай нанындай стих. картошка (там) как тесто: если сварить, то она подобна пшеничному хлебу;
аскер иши сен экөөбүз ысык картөшкө жегендей эмес военное дело - это не то, что нам с тобой горячую картошку есть (не так просто);
эсимде мен бала чак: орус келди, картөшкө таң калтырды турган элди стих. помню, я был ребёнком: пришли русские, картошка удивила народ (до прихода русских киргизы картошки не знали);
картөшкө гүл разг. георгин.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Локальная платежная система с использованием карт (Local payment system) —Система расчетов с использованием карт, выпускаемых одним (одноэмитентная) или несколькими (многоэмитентная) эмитентами на территории Кыргызской Республики. Карты локальных платежных систем могут обслуживаться в банкоматах и терминалах национальной платежной системы согласно условиям договора между участниками и системами.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Эквайринг карт (Acquiring) —Деятельность коммерческого банка, включающая в себя договорные отношения с ТСП по установке периферийных устройств и приему карт в качестве средства платежа за реализуемые товары, работы, услуги, обеспечение расчетов с ТСП и/или выдача налично-денежных средств держателям карт.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Международная платежная система с использованием банковских платежных карт (International payment system) —Система расчетов с использованием международных карт, эмитируемых и обслуживаемых в соответствии с правилами международных платежных систем и требованиями ее операторов (нерезидентов Кыргызской Республики) в рамках нормативных правовых актов. Системой устанавливаются определенные правила осуществления взаимных расчетов в иностранной валюте по платежам с использованием карт между участниками системы.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Эквайер карт (Acquirer) —Коммерческий банк, получивший разрешение на осуществление эквайринга, владелец сети периферийных устройств, обеспечивающий возможность проведения авторизации или транзакций через свои периферийные устройства в соответствии с технологией и нормативными актами соответствующих платежных систем и законодательством Кыргызской Республики.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Карт-чек (Card – check) —Документ на бумажном носителе и/или в электронном виде, сформированный терминалом, банкоматом или иным устройством при проведении транзакции с использованием карты, являющийся основанием для осуществления расчетов по транзакции и служащий подтверждением ее совершения. Для снижения риска мошенничества карт-чек не должен содержать в явном виде всю информацию о номере карты и может содержать частичную информацию о номере карты держателя в соответствии с правилами безопасности системы.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Карт-чек (Card – check) —Терминалда, банкоматта же башка жабдууда иштелип чыккан, транзакцияларды өткөрүүдө транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана транзакциялардын өткөрүлүшүн тастыктаган кагаз жана/же электрондук түрдөгүдокумент. Алдамчылык тобокелдигин басаңдатуу максатында, карт-чекте анын номери жөнүндөмаалымат толук эмес болууга тийиш, анда системанын коопсуздук эрежелерине ылайык, карт ээсинин номери жөнүндө маалымат жарым-жартылай чагылдырылышы мүмкүн.

Киргизско-русский словарь Юдахина
этн.
(ср. оңко 2)
небольшая банка (из коровьего рога) для отсасывания крови;
аккан канды чорого картык менен соргузуп фольк. он приказал витязю отсосать банкой вытекающую кровь.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРТЫК — ооруган жерден кан алууга, канды, ириңди, денеге туруп калган желди сордуруп таштоого колдонуучу табыптардын уйдун мүйүзүнөн жасалган аспабы, түтүкчө. К. кыргыздар арасында илгертен эле кеңири таралып, суук тийген, жел турган жерге оңко (медициалык айнек банка) сыяктуу коюлган. «Манас» үчилтигинин «Сейтек» бөлүмүндө далысынын кечири кесилип жараланган Күлчорону табып, аяш атасы Момунжан ириңдеген жарага К. коюп таза эмес кандарды сордуруп дарылаганы эскерилген. К. негизги варианттарда көпчүлүк окуяларда баяндалат. К. жөнүндө кенже эпостордо да кеңири маалымат берилет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от картылда-;
картылдатып кекир- громко рыгать;
картылдатып чайна- жевать с хрустом, с треском;
картылдатып башын тырмап коюп ойготпосоң, күнү-түнү уктай берет если ему не поцарапать ногтями голову так, чтобы захрустело, и (таким способом) не разбудить, он будет сутки спать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что кары I 1;
жеңдерин каруудан жогору түрүп коюшкан они засучили рукава выше локтя;
көп кайраттуу колуңду карууңдан кесип салбасам фольк. не я буду, если твою сильную руку по плечо не отрежу;
каруусу (или карысы) казык, башы токмок болуп (или болгуча) иштеди он работал изо всех сил (букв. так, что рука стала колом, а голова - колотушкой);
каруумду казык, башымды токмок кылганча иштеп берейин я для тебя поработаю, не жалея своих сил;
2. перен. сила, мощь;
каруусу бар киши сильный человек;
каруусу толук дөө могучий див;
каруу-күчкө толорсуң, кадиксиз баатыр болорсуң фольк. наберёшься ты силы-мощи, станешь ты настоящим богатырём;
эч каруу албады или каруу кирбеди он не мог оправиться (напр. после болезни); он не мог набраться сил;
каруу кылар ал жок сил нет противиться;
каруу-жарак оружие, снаряжение.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. кары I менен бирдей. Бардыгы тең жеңдерин карууларына чейин түрүп коюшкан («Ден соолук»). Жылкычы оң каруусуна кызыл четин укуругун сүйрөтүп, минген атын утур теминип ойдолотот («Жаш ленинчи»). 2. Күч, кубат, дарман. Ар бир адам каруусу жеткенче иштейт (Сыдыкбеков). Каруум келсе калмактын, Бир четинен сүйрөйүн («Курманбек»). Айсалкындын курсагы кабырылып, каруусу кетип араң эле отурат (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от каруула-
меряться силами, вступать в поединок; сражаться, схватиться;
Кондубаев солдаттын бирөө менен каруулашканда, беркиси кылычтап өлтүрүп таштаган когда Кондубаев схватился с одним из солдат, тот его убил шашкой (из рассказа о восстании 1916 г.);
карып кетип барамын, каруулашар чама жок фольк. я старею, сражаться нет сил.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күнөөлүү адамды белгилүү убакка чейин жеке камап коюуга, отургузууга ыйгарылган өзүнчө бөлмө, жай. Сага он күн карцер! – деп буюрду (Токомбаев). Аны барып турган караңгы, эң кичине карцерге алып барып камады («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карч I
подражание скрипу, хрусту;
карч эт- скрипнуть;
карч эттир- вызвать скрип, хруст;
ооздугун карч-карч кемирип, бир орунга токтобой, туйлап турат (конь) с хрустом грызёт свои удила, не стоит на месте, взбрыкивает;
кара жанын карч уруп иштейт он работает не покладая рук;
кара жанды карч урбай, кичине сеп алдырсакчы а что, если бы мы не выбивались из сил, отдохнули бы немного.
карч II
ар.
кем-карч нужды и нехватки;
турмушундагы кем-карчын сезбей калат он иногда не чувствует своих бытовых нужд и нехваток;
кем-карчыбызга каралашып тур помогай нам при наших нехватках.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I туур. Катуу нерсенин сынганда же бири-бирине катуу тийгенде чыккан дабышы. Илгерилеген сайын кадамын кызытып, башын чулгуп, ооздугун карч-карч кемирет («САЖИ»).
КАРЧ II: кара жанын карч уруу — катуу, тынбай аракеттенүү, жаны тынбоо, жанын сеп алдырбоо. Кара жанды карч уруп иштейт.
¨ Кем-карч к. кем.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу нерселер сынганда, урунганда же бири-бирине сүрүлгөндө пайда болгон дабыш, качыраган үн. Шамалдан кыйшайып жыгылган карагайлар карч этип, капчыгай ичин жаңыртат («Ала-Тоо»). Эшик карч ачылган сайын селт этип карай калабыз («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кыраан, жырткыч, учкул куш. Кары билет кааданы, Карчыга алат сонону (макал). Калкылдап учат асманда Карчыга менен жорусу (Бөкөнбаев).
КАРЧЫГА II зат. Жетим кабыргадан (жогорку кичине үч кабыргадан) кийинки кабыргалардан баштап эң акыркы кабыргага чейинки бөлүк. Карчыганын үстүнө, Төшөк салып жаткандай («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир катар кыраан куштардын жалпы наамы. Карчыга деген кушу бар, Кадиксиз мерген ушу бар (Тоголок Молдо). Карчыга учат жем үчүн, Каз-өрдөк учат көл үчүн («Олжобай менен Кишимжан»). Калайлуу туур башынан, Карчыга боосу бошонду (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Союлган малдын же эти желе турган ири жапайы айбандардын этин мүчөлөп жиликтөөдө колдун алдындагы боконо кабырга, кара кабыргадан ылдый, кыраркадан ажыратылып кыртыштуу эти менен чыгуучу каптал бөлүк, кабыргалардан турган эти. Карчыганын үстүндө, Төшөк салып жаткандай («Семетей»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
схватитъся, вступить в драку, в бой;
тек туруп алым бергиче, карчылдашып калсам - деп фольк. чем, бездействуя, давать (ему) дань, не лучше ли, мол, мне схватиться (с ним);
карчылдашып, жоо болбой, кызды берип жагалы фольк. чем схватиться с ним и стать врагом, лучше отдадим за него девицу и понравимся ему.

Киргизско-русский словарь Юдахина
нужда и унижения;
карчылык тарт- или карчылык көр- испытывать нужду; терпеть унижения, лишения;
карчылыкты көп тартат Адыл мерген башында стих. много лишений вначале терпит охотник Адыл.

Киргизско-русский словарь Юдахина
бок (рёберная часть бока, гл. обр. у человека);
карчытыман кармап койду он схватил меня за бок;
ок карчытына таянып тура калды он встал, подбоченившись;
карчыты бийик чоң коргон фольк. крепость с высокими стенами;
карчытынын үстүндө төшөк салып жаткандай фольк. на спине (богатырского коня) можно постлать постель и лежать (бока и спина сравнялись).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. против, напротив, навстречу; наперекор;
каршы ал- встретить;
партияга каршы антипартийный;
өзгөрүшкө каршы уст. против революции, контрреволюционный; контрреволюционер;
каршы кезигип калды он столкнулся носом к носу;
каршы чык- выступать против, противодействовать, сопротивляться;
ким каршы? или каршы барбы? (при голосовании) кто против?
каршы-терши крест-накрест, пересекая;
каршы-терши жүрдүк мы шли навстречу друг другу, минуя один другого;
карама-каршы совсем напротив; диаметрально противоположный; противоречивый;
өз сөзүнө каршы келет или өзүнө өзү каршы айтат он противоречит себе (букв. своим словам);
2. (о древесине) кривослойный (что не даёт возможности гладко застрогать);
карагай каршы, тал жумшак, арчадан табыт алды эми фольк. ель неладна, верба мягка, он взял гроб из арчи (см. арча);
тилекке каршы к сожалению;
карылык каршы келди наступила старость;
саатка каршы ай (по поверью) несчастливый месяц.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Кас, өч, душман. Ал мага башынан каршы.
2. Туура, тике, бет маңдай, бет алды. Биз жолдун оң жагы менен баратабыз, бизге каршы келаткан жүргүнчү болсо жолдун сол жагы менен жүрөт (Сыдыкбеков). Кайраттуунун алдынан Каршы душман өтө албайт (Токтогул).
¨ Каршы болуу колдобоо, жактабоо, жактырбоо. Оюна Көсөл каршы болгон жок (Каимов). Шофёр анын сөзүнө каршы болгон жок (Каимов). Каршы алуу — тосуу, тосуп алуу, күтүп алуу, кабыл алуу. Мусабек уулунун коммунист болгонун бөтөнчө кубанычтуулук менен каршы алды (Сасыкбаев). Каршы-терши — аркы-терки, ары-бери. Каршы-терши кеткен коёндордун изинен баш маң болот (Каимов). Карама-каршы — 1) бетме-бет, теке маңдай. Карама-каршы жолуккан шахтёрлор Ашырдын ичке үнүнөн алда кайдан таанышчу (Сасыкбаев). 2) тескери, тетири, бири-бирине туура келбеген, эки башка. Ар бир кубулуштун өзүнө жараша карама-каршысы бар (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде карыш этиши болгон. Ал «1) жолугуу; 2) беттешүү, каршы чыгуу; 3) урушуу, жоолашуу» маанисин берген (ДТС, 428). Ошол сөзгө -ы же -у мүчөсү улануудан каршы сөзү келип чыгып, «1) душмандык, уруш, чатак; 2) карама-каршылык; 3) жоо, душман» жана каршу «1) карама-каршылык; 2) каршы, бетме-бет» маанисиндеги сөз пайда болгон. Кыргыз тилинде каршы сөзүнө -ма мүчөсүн жалгаш, каршы-каршы деген кош сөздү жасоого болот. Бирок бул формасы сейрек колдонулат. Жогорку -ма мүчөсү жалганганда, сөздүн -шы бөлүгү түшүп, анын ордуна а тыбышы келет да, кош сөз карама-каршы түрүнө келет. Татар тилинде эки сөздү бириктирип турган -ма мүчөсү да түшүрүлүп, кара-каршы болуп колдонулат (ТатРс, 229).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ниети оң эмес, душман, кас санаган. Бизге каршы кузгундар, Түпсүз болуп жок болду (Токтогул). Каршы жоодон калкын коргоп калуучу, Эр нускасы илгеркиден салты бар (Нуркамал). Бара-бара каршыларды чабабыз (Токомбаев). 2. Туура келбеген, макул болбогон, жактабаган, карама-каршы болгон. Каршы чыгат – деп, айтып, Каалабастай кеп айтып (Казыбек). Бирок Адылдын акылына каршы Анархан эчтеме айткан жок (Жантөшев). Каршы болбос атасы, Канышымдын сөзүнө («Мендирман»). Биздин арабызда иштин жалпы кызыкчылыгына каршы пикирдеги адамдар да жок эмес («Ала-Тоо»). 3. Бет алды, бетме-бет, тике алды. Баатырлар качып ыктады, Калабалуу калмактын, Каршысына чыкпады («Манас»). Биз жолдун оң жагы менен келатабыз, бизге каршы келаткан жүргүнчүлөр жолдун сол жагы менен жүрөт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнү тосуп алуу, күтүп алуу. Эшик ачылганда, аркы жакта отурган салабаттуу адам тура келип, бизди каршы алды (Убукеев). Мусабек уулунун жогорку даражалуу болгонун бөтөнчө кубанычтуулук менен каршы алды (Сасыкбаев). Ал инисин жылуу жүз менен каршы алды (Бердикеев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРШЫ ЖАРНАМА – анын натыйжаларын жоюу максатында таркатылуучу, туура эмес жарнаманы жокко чыгаруу. КР жарнама жөнүндөгү мыйзамын бузуучу К. ж. жөнүндө чечим кабыл алган жекебасарга каршы орган (анын аймактык органы) тарабынан аныкталган мөөнөттө К. ж. жүргүзүүгө милдеттүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
каршылаш I
противник;
каршылаш бол- быть противником; сопротивляться;
узак убакытка каршылаш болуп тура албайт он не может длительное время сопротивляться.
каршылаш- II
взаимн. от каршыла-
выступать друг против друга, вступать во враждебные отношения.

Киргизско-русский словарь Юдахина
противостояние; сопротивление, противодействие; противоречие;
каршылык көрсөт- или каршылык келтир- оказывать сопротивление, сопротивляться; противодействовать, противиться;
кубаттуу каршылыгына учурап воен. встретив упорное сопротивление;
каршылыгым жок я не против; я ничего против не имею; я не возражаю;
тап каршылыктары классовые противоречия;
карама-каршылык прямая противоположность, диаметральная противоположность; противоречие.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бири-бирине каршы болуп, кас санагандык, душмандык. Мына ошентип каршылык, Эл ичинде күчөдү («Мендирман»). Каршылык менен кармалып, Калкымдан кеттим айдалып (Токтогул). || Тоскоолдук, жолтоолук, макул эместик. Эл падышалык куралдуу күчтөргө туруктуулук менен каршылык көрсөтүштү (Абдукаримов). Менин каршылыгым жок (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир беткей эмес, бири-бирине кайчылашкан, чаташкан, оң-тетиринен болгон. Каршы-терши сызыктар. Каршы-терши ташталган жыгачтар. Көчөдөгү каршы-терши өтүп жаткан адамдар менен машиналардан башың айланат («Ала-Тоо»). Каршы-терши иш кылып, Жаткын дебейт өкүмөт (Казыбек).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРШЫ ЧАЛГЫНДОО ИШМЕРДИГИ – улуттук коопсуздук органдарынын өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана уюмдарынын чалгындоо жана башка иштеринин бетин ачуу, алдын алуу, бөгөт коюу боюнча, ошондой эле айрым адамдардын мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүүгө каршы багытталган ишмердиги.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кары I
1. верхняя часть руки (от локтя до плеча), плечо;
карысы казык, башы токмок болуп см. каруу 1;
кары жилик (в произношении каржилик) плечевая кость;
карыдагы сыр найза, кармай салып оң колго фольк. пику гладкую, что на локте (левой) руки, он схватил в правую руку;
карысынан оң колу жерге түшүп калганы фольк. правая рука его по локоть упала на землю;
2. половина маховой сажени, около одного метра (мера длины: от середины груди до конца пальцев вытянутой руки);
ыштаны жоктун түшүнө бир кары бөз кирет погов. у кого исподних нет, тому полсажени бязи снится.
кары II
старик, старуха; старец; старый (о человеке, животном, растении; ср. эски);
журт (или калк) карысы (иногда кары) народный старейшина (пожилой и уважаемый человек, знающий ңародные обычаи);
карысы жоктун ырысы жок погов. у кого старых нет, у того и счастья нет (о тех, кто не чтит своих стариков);
кары чынар старый чинар, старый платан;
кары-картаң или кары-куртаң старые люди; старики и старухи;
кары-куру старые и дряхлые;
кары-куру бээлер старые и дряхлые кобылицы.
кары III
ир.
1. матица (строительная);
2. часть капкана, придерживающая его дуги.
кары IV
ар. рел.
чтец корана.
кары- V
(прич. прош. вр. карыган и карган)
стареть (о человеке, животном, растении; ср. эскир-);
алганың менен кары пожелание новобрачным состарься вместе с тем, на ком (ты) женился;
карыганда на старости лет;
карыганда жан таттуу погов. когда постареешь, душа (жизнь) сладка (чувствуется её конец);
карыганда, ким болсо, көркөмү жок бакадай стих. кто бы то ни был, если состарится, то некрасив, подобен лягушке;
чай карып калды чай перепрел;
колум карып калыптыр у меня руки сморщились (от стирки белья и т.п.);
сапар карыдыбы? или сапар качан карыйт? когда в обратный путь?
сапар карыбайт, күнчүлүктү саатына басат в обратный путь ему ещё рано, он в час пройдёт дневной путь;
сапарым карып келатат
1) мне пора в обратный путь;
2) моим костям пора уж на покой.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Колдун чыканактан ийинге чейинки бөлүгү Чоконун уулу Алымга көзүн кысып койду да, Дарыпханды карыдан чымчып алды (Жантөшев). Карыга найза илинген, Кадимден баатыр эл элек (Бөкөнбаев).
КАРЫ II зат. Үйдүн үстүнө коё турган устун.
КАРЫ III зат. дин. Куранды мыкты окуган, жат окуган адам.
КАРЫ IV сын. Картаң, карт. Кары киши. Кары да бол, жаш да бол, Кадырлашкын тирүүңдө (Токтогул).
КАРЫ V этиш. 1. Картаюу, улгаюу, жашап калуу. Карыдым деп турбастан, Дагы нуска жазамын (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  өт. Эскирүү. Чай карып калды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колдун чыканактан ийинге чейинки бөлүгү. Чоконун уулу Алымга көзүн кысып койду да, Дарыяханды карыдан чымчып алды (Жантөшев). Кадимден берки сыр найза, Карыга баатыр илгени («Манас»). Карматпай каз каркылдап качкан кезде, Колго алды автоматын карыга илген (Үмөталиев). 2. Көкүрөктөн (төштүн орто бөлүгүнөн) тартып, сунулган колдун учуна чейин жеткен (1 метрче келген) узундук өлчөмү. Бир кары бөз. Ыштаны жоктун түшүнө бир кары бөз кирет (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Карып калган, картайган, улгайган. Сүрөдү биздей карыны, Эмгекти баалап дайындап (Тоголок Молдо). Балдар тигил айбаттуу карынын сүрүнөн чочулашты (Сыдыкбеков). Кары да бол, жаш да бол, Кадырлашкын тирүүңдө (Токтогул). Кары, жашы чогулуп, Кирдүү колго карматпайт (Калмырза).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жашы өтүү, картаюу, улгаюу. Кор болбой турган алтын баш, Күйүттө жүрүп карыдым (Токтогул). Таалайсыз мергенчи карый түшүптүр (Сыдыкбеков). Атты арыганда көр, эрди карыганда көр (макал). 2. өт. Эскирүү, убагы өтүп кетүү. Чай карыды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
заём, долг, задолженность; кредит;
карыз арасына суу жүрбөйт погов. вода в кредит не входит (т.е. вода не относится к тем предметам, которые можно задолжать);
карызга бат- влезть в долги;
карыз-куруз долги-платежи, разные долги;
карыз-куруздан кутулдум я с должишками разделался.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Насыя, белгилүү убакытка чейин пайдалануу үчүн бирөөгө берилүүчү же бирөөдөн алынуучу (акча, буюм ж. б.). Пейли бузук адамдан, Беш тыйын карыз албагын (Токтогул). Көрүнгөнгө карыз болуп, Сөз ээрчитпе артыңдан (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөдөн насыя түрүндө алынган же бирөөгө берилген акча, буюм же башка нерсе. Жайлата карыз алып ичкен эгиндерди өзүңөргө тийген үлүштөн берерсиңер (Жантөшев). Пейли бузук адамдан, Беш тыйын карыз албагын (Токтогул). Карыз арасына суу жүрбөйт (макал). Чомун ойноп жүргөндө, Карызга батып жүргөндө (Калмырза).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Заемщик (Borrower) —Заемщик – одна из сторон договора займа, получатель кредита, займа, принимающий на себя обязательство, гарантирующее возвращение полученных средств, оплату предоставленного кредита.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗГА АЛУУНУН АТАЙЫН УКУКТАРЫ (СДР) – (англ. Spesial Drawing Rights, SDR ) – Эларалык валюта фондуна мүчө өлкөлөрдө колдонулуучу акчалай бирдик; валюта корлорун түзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү аспап-каражат. 1974-жылдын 1-июлунан тартып, СДРдин капиталисттик өлкөлөрдүн 16 маанилүү валюталарына карата орточо таразаланган кыйыр наркын алардын бааларынын күндөлүк кыймылдары жөнүндөгү маалыматтардын негизинде ЭВФ аныктайт (валюталардын бул жыйындысында АКШ долларынын салыштырма салмагы 33 пайызды түзөт).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Система отчетности должников (СОД) (Debtor Reporting System (DRS)) —Система статистической отчетности, используемая Всемирным банком в целях мониторинга долга развивающихся стран. Информация предоставляется в виде отчетов стран-заемщиков. На основе предоставленных данных Всемирный банк готовит ежегодный доклад Global Development Finance («Финансирование глобального развития») (ранее – World Debt Tables).  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Принятие/уступка/перевод долга (Debt Assumption) —Принятие/уступка/перевод долгового обязательства одной хозяйствующей единицы другой, как правило, по взаимному согласию участвующих сторон.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Рефинансирование долга (Debt Refinancing) —Конверсия первоначального долга, включая просроченную задолженность, в новые долговые инструменты. Иными словами, при помощи нового долгового обязательства производится «оплата» просроченных платежей или будущих обязательств по обслуживанию долга.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Реорганизация/ реструктуризация долга (Reorganization/Restructuring) —Реорганизация долга является результатом двусторонних соглашений, заключаемых с участием как кредитора, так и заемщика в соответствии с которыми изменяются условия обслуживания долга. Реорганизация долга включает переоформление, рефинансирование, прощение, конверсию и досрочную выплату долга.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Переоформление (реструктуризация) долга (Debt Rescheduling) —Под переоформлением долга понимается официальная отсрочка платежей по обслуживанию долга и применение новых и более длительных сроков погашения по отсроченной сумме. Переоформление долга является одним из способов облегчения бремени задолженности заемщика путем отсрочки и, в случае льготного переоформления, сокращения обязательств по обслуживанию долга.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗДЫ КЕЧҮҮ – милдеттенмени токтотуу ыкмаларынын бири. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, эгер кредитордун мүлкүнө карата башка бирөөнүн укугу бузулбай турган болсо, кредитордун өз карызкорун ага тагылган милдеттенмеден бошотууга акысы бар.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Долговой инструмент (инструменты) (Debt instruments) —Долговые инструменты, как правило, возникают на основе договорных отношений, в соответствии с которыми одна институциональная единица (заемщик) несет перед другой институциональной единицей (кредитором) безусловное обязательство возвратить основную сумму с процентами или без уплаты процентов, или выплачивать проценты без возврата основной суммы. В число таких инструментов входят долговые ценные бумаги, кредиты и займы, торговые кредиты, а также наличная валюта и депозиты. Долговые инструменты могут создаваться также посредством приведения в исполнение норм закона (прежде всего, это относится к обязательствам по уплате налогов или других обязательных платежей) или на основании прав и обязанностей, влекущих за собой принятие заемщиком обязательства о производстве в будущем платежа (платежей) кредитору.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Коэффициент обслуживания долга (Debt-Service Ratio) —Относительный показатель обслуживания долга (причитающиеся к выплате проценты и основная сумма) в течение года, выражаемый в процентах от экспорта (как правило, товаров и услуг) за этот год, либо к доходам бюджета за год. Для вычисления коэффициентов обслуживания долга на перспективу необходимы определенные прогнозные оценки экспортных или бюджетных поступлений. Этот коэффициент считается важнейшим показателем бремени задолженности страны  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Конверсия долга (Debt Conversion) —Обмен долга на недолговое обязательство (например, на инструменты участия в капитале) или на эквивалентные средства в национальной валюте (например, на средства, которые могут быть направлены на финансирование конкретного проекта, программы или других мероприятий)  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗКОР – жарандык укуктагы бир тарапка – кредиторго карата белгилүү бир аракет жасоого (мүлк берүү, кандайдыр бир жумуш аткаруу ж. б. у. с.) же белгилүү бир аракетти жасоодон карманууга милдеттүү болгон тарап. Жарандык укук менен милдеттерди алып жүргөн, т. а. укук алып жүрүүгө жарактуу жеке жана юридикалык жактар, мамлекет К. катары чыга алат. Бир тараптуу келишимде бир гана тарап (м.: зайым келишиминде – зайым алуучу), эки тараптуу келишимде эки тарап тең К. болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗКОРГО КАРАТА КЫЗЫКДАР ТАРАП – 1) КР мыйзамдарына ылайык, карызкорго карата негизги же туунду болуп саналган юридикалык жак; 2) карызкордун жетекчиси, ошондой эле карызкордун директорлор кеңешине (байкоочу кеңешине) кирген адам, карызкордун акылдаштык аткаруу органы, башкы бухгалтер (бухгалтер ), анын ичинде ага кудуретсиздик жүрүмү жарыяланган маалга чейинки 1 жыл ичинде өз милдетин аткаруудан бошотулган адамдар да кирет. Карызкорго карата кызыкдар тараптардын катарына жогоруда саналып өткөн жеке жактар менен туугандыгы боюнча туугандык мамиледе турган жактар да жатат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗКОРДУН АЙЫПТУУЛУК ПРЕЗУМПЦИЯСЫ – жарандык укукта милдеттенмесин аткарбаган же аны талаптагыдай эмес аткарган адам айыптуу катары шектенилген жобо, ага өзүнүн айыпсыздыгын далилдөө түйшүгү жүктөлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗ КОТОРУМУ – үчүнчү жактын (кредитордун же делегетарийдин) алдында бир жактын (баштапкы карызкордун же делеганттын) өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдетин экинчи бир жакка (жаңы карызкорго же делегатка) берүүсү, ал эми үчүнчү жак мурдагы карызкордукунан кем эмес шарттагы милдеттенме менен алмаштырууга макул болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗ МИЛДЕТТЕНМЕСИ – кредит (зайым) алууда зайым берүүчү тарабынан кредит алуучуга берилген документ. К. м-де кредит өлчөмү менен аны жоюу мөөнөтү көрсөтүлөт. Ал документ боюнча, зайым алуучу кредитти (зайымды) белгиленген мөөнөттө төлөп берүүгө милдеттенет, а кредит берүүчү ал мөөнөт ичинде кредит алуучудан талап кылууга укук алат. К. м-нин түрлөрү: вексель, зайым облигациясы, келишим, кредиттик макулдашуу ж. б. у. с.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карык- II
(о глазах)
1. быть ослеплённым отражённым от снега светом и болеть;
2. болеть, ослепнуть от слёз;
көзү жаштан карыгып, бечара кемпир бир баштан сөз баштады зарылып фольк. бедняжка старуха, глаза которой ослепли от слёз, сразу же горестно заговорила.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Күн ачык болуп турганда карда жүргөн кишинин көзүнө күндүн нуру кардын чагылышынан улам көзү ооруп, жакшы көрө албай калат. Ушундай учурда айтылчу карык сөзү кар+ык бөлүктөрүнөн турат, -ык мүчөсү атооч сөздөрдөн этиш жасай турганын бирик (<бир+ик), жолук (<жол+ук, кезик (<кез+ик), тушук (<туш+ук), өчүк (<өч+үк, ачык (<ак+ык), атык (>ат+ык) сыяктуу сөздөрдөн көрүүгө болот.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРЫКАН — кейипкер. Кырк кан кытай элинин түпкү, башкы каны (императору). Саякбай Каралаевдин варианты нда окуяларга учкай катышса да элестүү сүрөттөлгөн, өзүнчө мүнөзгө ээ кейипкер. К., Эсенкан, Азизкан, Алооке төртөө бир тууган. К. чексиз бийликке эгедер, согуштук эпизоддорго түздөн-түз катышпаганы, баатырдык иштери сүрөттөлбөгөнү менен Эсенкан экөө көп согуштук окуялардын түздөн-түз уюштуруучусу болуп саналат. Ал ар кадамын өлчөп куулук менен бийлик жүргүзгөн кан катары акыл, айла, амал менен сырткы саясатын жүргүзөт. «Эрдигин билип Манастын, Нечен кыстап бурутту, Алалбаган мен ушу» — деп эң башкы душманы Манаска алы жетпегенин, анын баатырдыгын мойнуна алат. Кытайлардын көп маанилүү иштери К-дын буйругу менен бүтөт) Азизканга Алтынайды алып берет; Азизкан ат койдурганы баласын К-га алпарат; Манасты өз туугандары аркылуу тымызын жок кылуу үчүн Таласка Көзкамандарды жөнөтөт; Манас Чет-Бээжинге кан болгондо качып барган Коңурбайга Манастын айбалтадан өлөрүн айтып, айбалта жасатат жана башкалар). Коңурбай баш болгон кытай кандары алдына жүгүнүп турган Эсенкан да керек учурда К-дан акыл сурайт, анын буйругун аткарат, жардамын алат (кандыкты талап кылып келген Алмамбеттен качып, Эсенкан К-га даттанып барат жана башкалар). Айлакер К. Алмамбетке өзүнүн тагын мингизип, таажысын кийгизип, амал менен көзүн тазаламакчы болгонун билгенден кийин Алмамбет Бээжинге дүмөк салып, К. жок болгондуктан аны өлтүрө албай калат (Саякбай Каралаев, 2. 112). Чоң казаттан кийин К-дын тагдыры жөнүндө айтылбайт.
А. Күрөгөнов, С. Алиев

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от карык- II
вызвать ослепление отражённым от снега светом;
күндүн нуруна чагылышып, караган көздү уялтып карыктырат (снег) отражая свет солнца, до боли ослепляет глаза смотрящего.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карылуу I
сильный;
өзү балбан карылуу, алп мүчөлүү, далылуу фольк. сам он сильный (силач), богатырского сложения, плечистый;
анын карылуу колдору Жамыйланын денесин жепжеңил өзүнө алып его сильные руки легко притянули к себе тело Джамили;
карылуу кол или карылуу билек сильная рука.
карылуу II
имеющий старика, старца, старого человека;
карылуу үй дом, в котором есть старые люди (старик, старуха);
карылуу үй ырымсыз болбос погов. дом, в котором есть старики, без примет не обходится.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
каруулуу менен бирдей. Карылуу жигиттер көтөрчү каптарды ийниме салып өйдө чыкканда кабыргам майышат (Айтматов). Мандикерге кеткен карылуу азаматтардын ордун басуу оңой эмес эле (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карылык I
старость;
мылтык менен окууга карылык жок погов. для ружья и для учения старости нет;
колдон келген бардык иш, эбимди алдың карылык стих. руки (мои) всё могли делать, отняла ты, старость, мою ловкость;
карылыгы жеткен абышка дряхлый старик;
карылыгы жеткен кемпир дряхлая старуха.
карылык II
рел.
профессия чтеца корана.
карылык III
локтевой сгиб;
укурукту жылкычылар карылыкка салып жүрөт пастухи, пасущие коней, держат укрючину на локтевом сгибе.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Карып калгандык, улгайгандык, карыгандык. Камка карылыктан күчү кеткен көздөрүн ыкшырайтып, калчылдаган колун чекесине алды (Сыдыкбеков). Карылык кууп жеткен соң, Кайран өмүр өткөн соң (Токтогул). Кайрат урап, карылыкка бой сунуп, Күндөн күнгө карт сөөктөй сынамын (Бегимкулова).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Улгая баштоо, картайганын сезе баштоо, жашы илгерилөө. Адамкулдун сакалы ого бетер агарып, тулку-бою шүйүп, кичине эңкее тартып, карылыкка баш коюп калган экен (Алыбаев). В.: Карылыкка моюн сунуу. Бул кезде Бейше-Баатырдын жашы жетимишке таянып, карылыкка моюн сунуп калган экен (Медетов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРЫМШАК — Жоошбай уулу (1900, Ноокат району, Шорон айылы —1979, ошол эле жер) — манасчы, жомокчу. «Манас», «Эр Төштүк» эпосторунун бир катар окуяларын айткан. 1969-ж. ТАИнин кызматкерлери тарабынан «Манас» эпосунун үзүндүлөрү («Көкөтөйдүн ашы») жазылып алынып, Кыргыз Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда (Кол жазмалар фондусу, 5192-инв.) сакталып турат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карын I
1. живот, брюхо, желудок (у человека и животных; ср. курсак);
карды (иногда карыны) его живот, его брюхо, его желудок;
кардым ток я сыт;
кардым ач я голоден;
ач карын на голодный желудок;
2. кутырь (желудок коровы или овцы, употребляемый в качестве сосуда для хранения масла, топлёного сала);
бир карын май кутырь масла;
козу карын
1) кутырь ягнёнка, маленький кутырь;
козу карын май маленький кутырь масла;
2) гриб (гл. обр. сморчок);
дени-кардың сообу? как твоё здоровье?, здоров ли ты?
карындан чыккан бала родное (матери) дитя;
сары карын бээ кобылица, имевшая трёх-четырёх жеребят;
сары карын катын женщина, рожавшая два-три раза;
төө карын небольшая впадина на склоне горы;
бите карын то же, что битекарын;
тогуз карын см. тогуз.
карын II
поколение;
бир карын оодарылды поколение изменилось (от старого не осталось никого, народилось новое).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдардын, жаныбарлардын тамак сиңирүүчү органы. Эттин баарын, ичек-карыны менен казанга салдырышты (Баялинов).
  1. 2.                  Ич, курсак. Дыйкандардын карды ток, Соодагерде нысап жок (Токтогул).

¨ Таз карын к. таз. Ач карын — тамак иче элек, ачка бойдон. Алар наар татпастан, ач карын бойдон жөнөштү (Абдукаримов). Бите карын — битир, зыкым, сараң. Ак төөнүн карды жарылган убак — күз мезгили, бышыкчылык убак. Козу карын к. козу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдардын, айбандардын тамак сиңдирүүчү органы. Карын токто кайгы жок, Каалагандын айбы жок (Тоголок Молдо). Тондун жеңдери жаңы сойгон жылкынын кардындай былбырады (Токомбаев). Келсең кардың жарылды (Токтогул). ||Койдун, эчкинин же кийиктин ушул органынан май куюуга, сүзмө салууга ж. б. ылайыктап иштетилген идиш. Майды жалаң гана карынга куйбастан, мөөндөргө да куя беришет (Абдукаримов). || Ушундай идишке куюлган май же сүзмө. Кубанычын кандырсам, Карын-карын май берет («Эр Төштүк»), Карын-карын май, сүзмө салып келе турган энекең бар эмеспи («Ала-Тоо»). Карын майга, Капырдын сөзүн козгойсуң (Калмырза). 2. Ич, курсак. Чиедей төрт жаш балдары, Карын ачка, кийми жок (Токомбаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРЫНБАЙ, Карымбай — эпизоддук кейипкер, малга кароо, сараң адам. «Кишичилик чаркы жок» К. кезинде «ат баштаган алтыны» (алты мал) алып, Манас менен Каныкейге өкүл ата болгонун Манас өлгөндөн кийин унутуп коёт (к. Өкүл ата). Манастан калган мал-мүлктү «алты арам» талап кеткенде Каныкейден кер торпогун аяп, а түгүл камчы көтөрүп ыза кылат, өзүнүн адамгерчилиги жоктугун көрсөтөт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 28—29). Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына жана «Манас» эпосуна К-дын образы курандагы Карун жөнүндөгү уламышка байланыштуу кирген. Уламышта К-дын аябагандай сараңдыгына ачууланган Алла тааланын буйругу менен К-дын мал-мүлкү, үй-жайы ташка айланып, өзүн жер соруп кеткен делет. Азыр «Карынбайды жуткан жер» деген топоним да Ош жергесинде бар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
карындаш I
1. племянница (по мужской линии, если она моложе дяди);
2. младшая сестра (в отношении брата, но не сестры; ср. сиңди 1);
3. родственник;
карындаш тууган кровный родственник.
карындаш II
р. разг.
карандаш;
колунан карындаш түшүрбөй не выпуская из рук карандаша.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Өзүнөн кичүү кыз бир тууган (эркек бир туугандан кичүү кыз). Ысмайылдын бойго жеткен карындашы бар (Жантөшев). «Сен жүрө албайсың» деген карындашына Аскар (Сыдыкбеков).
2. Жалпы өзүнөн кичүү кыз-келиндерге карата айтылуучу сөз.
КАРЫНДАШ II туурасы: карандаш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнөн кичүү кыз бир тууган (эркек бир тууганына карата). Карындашы Динарды үйгө калтырып келгенине Аскар азыр өкүнүп да калды (Сыдыкбеков). Манастын жалгыз карындашы (Бөкөнбаев). || Аталаш туугандардын өзүнөн кичүү кыздары (аталаш эркек туугандарына карата). Бул кыз – менин карындашым. Экөөбүздүн аталарыбыз бир тууган – деп, Омор Жамалдын жөн-жайын түшүндүрө баштады («Ала-Тоо»). 2. Жашы улуу эркектер өзүнөн кичүү кыз-келиндерге, аялдарга кайрылуу иретинде айтыла турган сөз. Эмгекте жүргөн карындаш, Турмуштун көркү, жайдарым (Бөкөнбаев). «Мыскал карындаш» дешип, ал кызга сый тааныштай мамиле кылышат (Сыдыкбеков). – Эсенсизби, карындаш жан! (Нуркамал).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карып I
карып-куруп то же, что карп-курп (см. карп);
кароолчусунун бет маңдайынан карып-куруп чыгып калабыз мы выскочим внезапно как раз перед их караулом.
карып II
ар.
бесприютный, обездоленный, бедняк; находящийся в жалком, бедственном положении;
боздотуп жатат карыбын болуш, бийдин чыгымы стих. поборы волостных (управителей) и биев (см. бий II) доводят бедняков до горьких слёз.
карып III
ит карыбында на собачьем положении, как собака (живёт).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тентиген, элинен ажыраган. Алыстан келе жаткан карып элем, сизден жай сурайын деген элем! (Жантөшев). Даниярга боору ачып, үйү-жайы жок, эптеп жан сактап жүргөн бечара карып дешет (Айтматов). Карып болуп сандалып, Кекенген душман калгандыр (Казыбек). 2. өт. Кедей, бечара, байкуш. Сандыргалуу эр Кошой, Санап туруп малдарын, Карыптарга бергени («Манас»). 3. өт. Адам жаны, тирүү адам (алсыз адам маанисинде). Кандайлыктан өлтүрбөй, Карып жан аман калдыңыз («Манас» С. О.). Жети күнү урушуп, Карып көзү киртийип. («Манас» С. К.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бесприютность, обездоленность; крайняя бедность; жалкое, бедственное положение;
карыптык тарт- испытывать тяготы бедности, обездоленности;
башыма түштү карыптык фольк. я оказался бесприютным, обездоленным;
карыптык башка келгенде кайгы менен күн кечер фольк. когда на голову свалится несчастье, жизнь проходит печально.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бечарачылык, багар-көрөрү жоктук, алсыздык, мусапырчылык. Башыма түштү карыптык, Кара нан жеп, суу ичип, Кайран жан тартты арыктык (Токтогул). Карыптык башка келгенде, Кайгы менен күн кечер (Тоголок Молдо).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРЫПЧЫ — эпосто аскердик кийимдин бир бөлүгү. «Жоого кийүү жарагын, Баарын кийди карагын, Карыпчы менен кыягы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 58). Согушта жоокердин колун билегинен ийнине чейин сырткы соккудан сактап калуучу атайын жасалга. Ал кийиз менен кайыштан шырылып тигилип, сырт жагына жазы темирден калканч кадалып, кайып бүчүлөр менен колдун сыртына байланат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кары- V
состарить;
баспас ат, өтпөс бычак эрди тез карытат погов. конь с плохим ходом да тупой нож быстро старят молодца;
сапар карыт-двинуться в обратный путь;
жалгыз-жарым шөлпүлдөп, сапарын карыткан жолоочулар көрүнбөйт не видно (даже и) какого-нибудь плетущегося путника;
атасынын төрүндө карып- этн. (о женихе) оставить (невесту) в старых девах (букв. заставить состариться на почётном месте в юрте отца; жених, который, уплатив калым, сам не женился, но и не освобождал невесту от обязательств, что не давало ей права выйти за другого);
сени атаңдын төрүндө карытам! я тебя в девках оставлю!

Киргизско-русский словарь Юдахина
карыш I
(ср. сөөм 1, укум 2)
пядь (мера длины - расстояние между концами раздвинутых большого и среднего пальцев); четверть аршина;
мерген карыш пядь (расстояние между концами раздвинутых большого и указательного пальцев);
кере карыш пядь, раздвинутая до отказа.
карыш II
эриш-карыш то же, что эриш-коруш (см. эриш).
карыш- III
1. быть сведённым судорогой;
колум карышты мне руку свело судорогой;
жаагы карышты
1) у него скулы свело;
2) перен. у него язык прилип к гортани;
жаагың карышкыр! или жаагың карышсын! да замолчи же ты! (букв. чтоб тебе скулы свело!);
тик ылдыйга келгенде, тизгин колго карышып фольк. при крутом спуске поводья крепко сжимались в руке;
чокуга болжоп салышып, тарткылашып бир-бирин, жакага колу карышып фольк. с расчётом били по макушке, дёргали друг друга, вцепившись крепко руками в воротник (противника);
карчыга барып жабышат, коё бербей, карышат фольк. ястреб летит и нападаег, не отпуская, (когтями) сжимает;
2. ослабнуть, обессилеть;
ат ачкадан карышты конь от голода обессилел;
карышкан, арык койлорго, умаштап, урпак жегиздиң стих. обессилевших, худых овец ты кормил отрубями, смачивая их водой;
3. перен. противиться, упрямиться, упорствовать;
көп карышкан жок он не очень упорствовал;
неге тагдыр Каныбекке карышат? почему судьба так противится Каныбеку?
тер карышат простудится (простудишься и т.д.);
турба, турба! тердеп жатыпсың, тер карышат не вставай, не вставай! ты потеешь, простудишься.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Бармак менен ортонду кергендеги аралык. Бою бир карыш, сакалы миң карыш (табышмак). Кере карыш салаңдап, Ак буудайдын баштары (Осмонкул).
2. өт. Алыс эмес, жакын. Карыш турган нойгутка Барбай кантип кетебиз (Тоголок Молдо). Карыш жерге баса албай Картайганың билинет (Токтогул).
КАРЫШ II этиш. 1. Тырышуу, жазылбай жыйрылып калуу. Кулунду көтөрөйүн деп өйдө кылганда, Оң колум карышып калса болобу. Араң жазылды (Байтемиров).
2. өт. Өжөрлөнүү, көктүк кылуу, айтканынан кайтпоо. Эненин сөзү кайсы деп, Балалык кылып карышпа (Жантөшөв). Көп карышпаңыз, мен Орто-Жонго эле кыштаймын (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бармак менен ортонду кергендеги аралык өлчөмү. Кызыл буудайдын ар биринин башы кере карыш (Абдукаримов). Ийгиликтин эрте-кечи жок: сөөмдү жакын, карышты алыс көрбө (Жантөшев). Кайруусу кере карыш кундуз тебетейдин төбөсүнө сеңселтип, бур тутам үкүнү тагып койгон (Убукеев). 2. өт. Өтө жакын, алыстыгы жок, жапжакын жерде. Бир-эки жолу кат жазууну ойлосо да, ушул карыш турган жерден кат жиберүүнү намыз кылды (Байтемиров). Карыш жылууга чоло тийбейт (Бейшеналиев). Карыш жер көрүнбөй, бат эле жер жүзү түнөрүп, улуган сүрдүү доош Сабийранын эсин чыгарды (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колу-буту же жаагы тырышуу, жазылбай жыйрылып калуу. Окоро түйгөн ак тизгин, Тарталбай колдо карышып («Манас»). Кармаган сүрдүү куралга, Карышты бекем колдору (Бөкөнбаев). Уулжан карышкан бутун сунуп, жайланып отурду. (Баялинов). 2. Ачкалыктан алы кетүү, кайышуу. Аттарыбыз ачкасынан карышып араң турат («Ала-Тоо»). 3. өт. Өжөрлөнүү, көктүк кылуу, айтканынан кайтпоо. Акмат да көп карышкан жок («Ала-Тоо»). Көп карышпаңыз, мен Орто-Жонго эле кыштатайын (Абдумомунов). Карышкан жоого кол салып, Тийбей турган жер бекен? («Сейтек») 4. өт. диал. Аңга коюлган капкан куру чабуу, эч нерсе түшпөй калуу. Тузак тартсаң үзүлүп, Карышып калсын капканың («Мендирман»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
волк (в именах личных и в качестве положительного эпитета не встречается; ср. бөрү);
миң койлууга карышкыр чапса, бир койлуу бычак алып чуркаптыр погов. на (стадо) владельца тысячи овец волк напал, а владелец одной овцы с ножом побежал (полагая, что его овцу задрал волк);
малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар погов. если у скота есть хозяин, то у волка есть бог;
карышкыр ичик волчья шуба;
карышкыр-марышкыр всякие там волки и им подобные;
карышкыр сот ист. осуждение на административную высылку по "волчьему паспорту", "волчьему билету" (букв. волчий суд);
карышкыр сот кескен осуждён на высылку по "волчьему паспорту";
карышкыр соттун убагында в царские времена (букв. во время волчьего суда).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Итке окшош келген жырткыч, бөрү. Карышкыр тийди кой короого, Түн жарымы болгондо (Борбугулов).
2. өт. Зулум, алдым-жуттум, шылуун, жегич. Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы).
¨ Карышкырга кой кайтартуу алдым-жуттумдарга, жегичтерге, шылуундарга жол берүү, иш берүү, ишке коюу. Биз көп учурда өзүбүз байкабайбыз. Карышкырга кой кайтартып койдук (Байтемиров).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жырткыч айбанды каргоо иретинде ат койгонун сөздүн өзү эле айтып турат. Элдин айтымында кээде карышкыр ачкалыктанбы же нервдерине күч келгендиктенби, айтор, койду качырган менен, өлтүрө албай калган учуру болот. Андай учурда оозу карышып калат дешет. Ошентип, «карышып калсын» деген тилек менен бөрү деген атын айтпастан, карышкыр деп атоодон улам азыр кеңири колдонгон аты келип чыккан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөрү, ит түспөлдөш келген жырткыч, иттин эзелки тукуму. Койго карышкыр тийип, бир четинен бөлө качканы жаман (Жантөшев). Кабылан, жолборс карышкыр, Азуусу бар айбандар (Тоголок Молдо). 2. Ушул айбандын терисинен жасалган кийим. Суукта жүрүп, бая келер замат Барпы Асанбайга карышкыр ичигин жаба салган (Байтемиров). 3. өт. Алдым-жуттумдугу бар, элди эзген зулум, шылуун, жегич. Кой терисин жамынган карышкыр (Жантөшев). Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы). Бул иште карышкыр болуп калышкан тура.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алдым-жуттумдарга, шылуундарга жол берүү, аларга ишеним кылып, мүмкүнчүлүк, шарт түзүп берүү. Кыскасы, карышкырга кой кайтартыптырбыз дечи. Биз көп учурда өзүбүз байкабайбыз. Карышкырга кой кайтартып койдук дейт Татыбек (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Алдым -жуттумдарга, шылуундарга жол берүү, аларга ишеним кылып, мүмкүнчүлүк, шарт түзүп берүү. Кыскасы, карышкырга кой кайтартыптырбыз дечи («Советтик Кыргызстан ). Биз көп учурда өзүбүз байкабайбыз. Карышкырга кой кайтартып койдук (Байтемиров). Карышкырга кой кайтартып койдук дейт Татыбек (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
карышта- I
мерить пядью (см. карыш I);
карыштасам, - нукумум фольк. я мерила (наше родство) пядью, (а ты оказался) на вершок (т.е. близким родственником);
жан карыштап решившись на всё; отважно;
кара жанын жаш Манас карыштап кетип баратыр фольк. молодой Манас едет отважно.
карышта- II
ар.-кирг. тяньш.
расходовать;
бир топосту былтыр сатып карыштадык в прошлом году мы продали одного яка и (деньги) израсходовали.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жашап калган, жашы улгайган, кары киши. Кулагын түрө шырдак үстүндө комдонгон карыя (Бейшеналиев). Мамбет карыя уландар менен бирге иштей берүүнү каалады (Сасыкбаев). 2. Жашы улуу, кары адамдарга (эркектерге) улуулугун урматтап кайрылуу түрү. Камыкпа, Бектур карыя, Каскактуу найза аларбыз (Турусбеков). Карыя болуш Кулбарак, Касиеттүү курагы (Казыбек).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
карьер I
м.
(ход лошади) аттын катуу текиреңи;
с места в карьер салган жерден катуу кетүү, эч кандай даярдыксыз эле.
карьер II
м. горн.
карьер (тайыз жаткан кендин казылып жаткан жери; таш казылып алынып чукурайган жер).