карыш
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. 1. Бармак менен ортонду кергендеги аралык. Бою бир карыш, сакалы миң карыш (табышмак). Кере карыш салаңдап, Ак буудайдын баштары (Осмонкул).
2. өт. Алыс эмес, жакын. Карыш турган нойгутка Барбай кантип кетебиз (Тоголок Молдо). Карыш жерге баса албай Картайганың билинет (Токтогул).
КАРЫШ II этиш. 1. Тырышуу, жазылбай жыйрылып калуу. Кулунду көтөрөйүн деп өйдө кылганда, Оң колум карышып калса болобу. Араң жазылды (Байтемиров).
2. өт. Өжөрлөнүү, көктүк кылуу, айтканынан кайтпоо. Эненин сөзү кайсы деп, Балалык кылып карышпа (Жантөшөв). Көп карышпаңыз, мен Орто-Жонго эле кыштаймын (Абдукаримов).