Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРНАС, Карнас Кара — «Мажму ат-та варихтеги» каарман. Якуб - бектин (Жакыптын) бир тууганы. Жолой көп кол менен келип Кара-Кыштакты талкалап, Якуб - бекти туткундап кеткенде К. качып чыгып Манаска кабарлайт. Жортуулдарда, согуштарда дайыма Манас менен бирге жүрөт. К-тын ысымына караханийлер учурунда «улуу», «кудуреттүү» деген маанини туюнткан «кара» сөзүнүн кошо берилиши мүмкүн бул каармандын баатырдыгынын белгиси. К. кезегинде жекеге чыгып, душман менен бетме-бет кармашса, көп учурларда маанилүү кабарды убагында жеткире алган чабарман дагы.