кароо I и. д. откара- II 1. смотрение; смотр, осмотр; рассмотрение; доктор кароосу врачебный осмотр; олимпиаданын республикалык кароосунда на республиканской олимпиаде; Генеральный Ассамблеянын кароосуна коюлган маселе вопрос, поставленный на рассмотрение Генеральной Ассамблеи; 2. надзор; присмотр; 3. защита, оборона. кароо II 1. имеющий к чему-л. большое пристрастие; падкий до чего-л., жадный; балага кароо чадолюбивый, заботливо относящийся к детям; малга кароо жадный до скота, до богатства; дүйнөгө кароо стяжатель; скупой тамакка кароо падкий на еду; козуга кароо кой овца, которая яростно охраняет своего ягнёнка; 2. (точнее катынга кароо или аялга кароо) ревнивый (мужчина); эрим кароо муж мой ревнив. кароо III (точнее көзү кароо) слепой (с открытыми, невидящими глазами).
Iсын.1. Кызганчаак. Аялга кароо. 2. Зыкым, сараң, Дүнүйөкор. Малга кароо. Тыйынга кароо. ¨Көзүкароо — суу карек, көзү ачык туруп эле көрбөгөн (киши жөнүндө). Балагакароо — баласаак, баласын өтө жакшы көрүүчү.
КАРООII кара этишинин кыймыл атоочу.
1. Кызганчаак, ичи тар. Аялга кароо экенсиң ээ? – деп, Барпы күлүп калды (Байтемиров). Эрине ушунчалык кароо болорбу, өзүң жаш эле келин экенсиң, сиңдим («Чалкан»). 2. Аяп, сараңдык кылып турма адаты бар, зыкым, кызгана берме. Тыйынга кароо. Тамакка кароо. Атакебиз Элеман Малга кароо бай экен («Эр Төштүк»). Бай Байбото кайнатам, Малга кароо өз атам (Тоголок Молдо).
1. стража, караул; 2. место, откуда можно наблюдать за врагом; караульная вышка, холм; 3. мушка (ружья), прицел; кароолго жеткир- или кароол келтир взять на прицел, взять на мушку; кароолго башын келтирип, машаа тартып калганы фольк. взяв на прицел его голову, он дёрнул спуск; кароолго илин- попасть на мушку, на прицел; кароол баш чыгарыптыр сев. хлеба выколосились.
1. Кароо, кайтаруу милдетин аткаруучу сакчы, күзөтчү. Эгер зарылчылык туулса, кезмет менен кароол коёбуз (Бейшеналиев). Бирөө кастык кылат деп, Тушунда кароол турчу экен («Манас»). 2. Сакчылык, күзөтчүлүк кызмат же ушундай кызмат орду. Солдат мылтыгын ийнине салып, кароолдо туруп жадагандай аркы-терки көңүлсүз басат (Жантөшев). Кароол карап Сарыбай Күркүрөдү мактанып («Сейтек»). Кара аргымак токулуп, Кароолго шаша жөнөдү («Эл адабияты»).
Мээлеп, түздөп атуу үчүн мылтыктын же башка атылуучу куралдын стволуна орнотулган тетик. Чоно таштын үстүндө турган жалгыз кийикти кароолго алды (Каимов). Бала Гүлүс шашпады, Кароолуна кабылтып, Машааны басып таштады («Семетей»). Чару кароолду мелтирей тиктеп, улактын такыр колтугун мээлеп жатты (Осмоналиев).
караулить, охранять; выслеживать; жетимиштеги жалгыз абышка кароолдойт караулит один семидесятилетний старик; бул жылганы өзү кароолдомо болду эту ложбину он решил охранять сам.
Кайтаруу, күзөтүү, кароолго туруу. Кербенчилер жүктөрүн түшүрүп, аларды кароолдоп жүрүшөт (Абдукаримов). Абдылда бул жылганы өзү кароолдомок болду (Байтемиров).
КАРООЛ ДӨБӨ — топоним. Кытай тарапта Ак-Сайдын оң куймасы Терек суусунун баш жагында Кереге-Саздын жээгинде Кароол Дөбө деген дөбө бар. Учурунда Манас баатыр ага кароол койчу дешет. Дөбөнүн жанында «Жалгыз үй» деп аталган анча бийик эмес дөбөчө бар. Манас: «Чалк-Өйдөнү чала кел Жалгыз үйгө бара кел», — деп кароолго киши жиберчү экен. Чалк-Өйдө — Кытай тараптан узак жол жүрүп, чарчап келе жаткан кол эс алып, аттарын тойгузуп, жатканга ылайыктуу өзөн-суулуу жер. Арпанын күн чыгыш жагынын Ак-Талаа району тарабынан орун алган. Бул жерде илгери коргошун кени көрүнө эле жердин үстүндө жатчу дешет. Колунан көөрү төгүлгөн чебер усталар коргошундан ок куюп жасаган курал-жарактары менен душмандан коргонуп турганы жөнүндө элде уламыш айтылып жүрөт.
КАРООЛ-ТООСУ, Кароолдун тоосу — топоним. Эпос боюнча Алтайдан Ала-Тоого жаңы көчүп келген Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыккан тоо:
Кароолдунун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара кулжадан
Көбүн атып салыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170),
— деп баяндалып, ал тоо ошондон кийин Кара-Кулжа аталган имиш. Географиялык реалияда Алайкудагы жер.
КАРООЛЧУ ЖАНДЫКТАР — эпос боюнча кытай-калмак чек арасын кайтарган мифтик жандыктар. Алар «Манас» эпосунда: «Түлкүсү жатат белинде, Өрдөгү жатат көлүндө, Кулжасы жатат каңкайып, Коймого койгон жеринде» (Саякбай Каралаев, 2. 126),— деп сүрөттөлгөндөй жоонун колу келе жатканын Коңурбайга кабар салышат.
Мисалы, Чоң казат мезгилинде чалгындап барган Алмамбет, Сыргак баатыр тарабынан Куу Кулжа менен Куу Түлкү ажал табат да, амалдуу Куу Өрдөк кутулуп Коңурбайга кыргыз колу келгенин кабарлайт. Сыйкырдын жардамы менен иштелип, душман сакчыларынын милдетин аткарышкан Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн образдарына негизинен ашкере куулукту туюндурган амалкөйлүк, митайымдык сапаттар топтоштурулган. Буларды Манастан чочулаган Коңурбай сыйкырдын күчү менен кыргыздардын жолуна атайы кароолго койдурган. Мындай образдардын түпкү тегинде жаратылыштын ээси жөнүндөгү («Кожожаш» эпосундагы Суречки тибиндеги) ишеним жатат. Небак унутулган маанисин билбеген айтуучу элести поэтизациялоонун негизги жолу деп ага чектен тыш, өзгөчө сапат, касиетти таандыкташтырууну түшүнөт. Натыйжада кароолчулук милдет аткарган жандыктар каармандарга жардамын тийгизүүчү касиеттүү күч катарындагы абалынан өзгөртүлүп, адамдар өз акыл күчүнүн жардамы менен жасап алган куралга айландырылып берилип калган. Ошондуктан, кытай баатыры Коңурбайдын кароолго Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн образдарынын негизинде байыркы адамдардын адам баласына жат, оңго карама-каршы турган сырдуу күчтөр жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн өз формасын өзгөрткөн үлгүлөрү жатат да, «Манас» эпосунун алгачкы жомоктук-мифологиялык абалына тиешелүү болот. «Семетей» эпосунун да байыркы катмарын К. ж-тар жөнүндөгү түшүнүктөр түзүп, адамдардын магиялык, анимизмдик ишенимдер менен байланышта сүрөттөлөт. Бээжинге бет алган төрт баатыр (Семетей, Күлчоро, Канчоро, Бакай) Кытай чек арасына жеткенде ар кандай тоскоолдуктарга учурайт. Мындай тоскоолдуктар камырабастыктан, Бакайдын айткандарын так аткарбагандыктан келип чыгат. Бакай Семетейге Коңурбайдын сакчы айбанаттары жөнүндө түшүндүрүп, («Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизодунда өлтүрүлгөн) Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн балдары калгандыгын эскертет. Манастын кунун кууп, өчүн алуу үчүн Коңурбайга каршы аттанган Семетей баатыр алды менен Бакай эскерткен сакчы айбанаттарды жайлайт. «Манас» бөлүгүндө сакчылык милдет аткарган К. ж-дан айырмаланып «Семетей» бөлүмүндөгү сакчы жандыктар негизинен кийинки экинчи муундун өкүлдөрү. Демек, эпикалык душман баатырларынын чек арага койгон ушул кабарчылары эпостун эки бөлүмүндө тең бирдей сакчылык милдет аткарган мифтик образдардан болуп саналат. Түрк, моңгол элдеринин эпосторунун өнүгүшүнүн алгачкы этабында магиялык мүнөздөгү айбанаттардын ролу айрыкча маанилүү орунду ээлейт. Мисалы, мифтик образ Эрликтин айбанаттардан (кузгун, төө жана башкалар) жардамчылары болгондугу Алтай эпосторунда баяндалат.
С. Алиев
КАРООСУЗДУК – жашы жетелек баланын өзгөчө социалдык абалы. Ал: а) туруктуу жашаган ордунун жоктугу (үйсүздүк); б) ата-эне (аларды алмаштыруучу адамдар), туугандар, педагогдор, тарбиячылар ж. б. менен болгон мамилелердин үзүлгөнү; в) баланын жана өспүрүмдүн инсанын социалдаштыруунун баардык институттарынан (үйбүлө, окутуп-тарбиялоочу, маданий, медициналык ж. б. мекемелерден) ажырап калганы; г) коомдук пайдалуу эмгек (окуу, иш) менен алектенбегени менен мүнөздөлөт. К. олуттуу криминогендик түрткү болуп саналат.