КАРОО II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кызганчаак, ичи тар. Аялга кароо экенсиң ээ? – деп, Барпы күлүп калды (Байтемиров). Эрине ушунчалык кароо болорбу, өзүң жаш эле келин экенсиң, сиңдим («Чалкан»). 2. Аяп, сараңдык кылып турма адаты бар, зыкым, кызгана берме. Тыйынга кароо. Тамакка кароо. Атакебиз Элеман Малга кароо бай экен («Эр Төштүк»). Бай Байбото кайнатам, Малга кароо өз атам (Тоголок Молдо).