КАРООЛ-ТООСУ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАРООЛ-ТООСУ, Кароолдун тоосу — топоним. Эпос боюнча Алтайдан Ала-Тоого жаңы көчүп келген Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыккан тоо:
Кароолдунун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара кулжадан
Көбүн атып салыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170),
— деп баяндалып, ал тоо ошондон кийин Кара-Кулжа аталган имиш. Географиялык реалияда Алайкудагы жер.