КАРДАР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Сатылуучу буюмдарды, товарларды керектөөчү, сатып алуучу, алууга муктаждыгы бар. Кардарларга жең ичинен соода кылып далдалчылар жүрөт (Жантөшев). Комузга кардар болгондор сатып ала коёлу деп талашат («Чалкан»). Ошол кезде биздин жасаган буюмдарга силердин кыргыздардан да кардарлар көп боло турган (Абдукаримов). Биздин кызга гана эмес, силердин кызга да кардар түшүп жатканын уктук («Ала-Тоо»). 2. Насыя берүүчү мекеменин, адвокаттын тейлөө иштерин пайдалануучу инсан.