Толковый словарь кыргызского языка (1969)
1 сын. 1. Таза, нукура, бүт. Казына оозун ачпайбы, Карк алтыным чачпайбы (Токтогул). Кара башың карк алтын, Хан Курманбек аманбы («Курманбек»).
2. Абдан, мыкты, өтө; жык, мол. Алтымыш сарай карк толгон («Манас»). Капчыгай карк толду, Канча түрдүү кол болду («Манас»). Быйыл малчылар аң этине карк болушту (Убукеев).
КАРК II: карк-карк туур. Каз, карга, каркыра сыяктуу куштардын чыгарган дабышын туурап айтууда колдонулат. Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов).