карк I ар. обилие; этке карк болдук у нас мясо в изобилии; карк тойдум я наелся до отвала; карк дөөлөткө баткан он утопает в роскоши, его богатства неисчислимы. карк II сплошь, сплошной; без примеси; эл жайлоого карк чыкканда когда весь народ сплошь выехал на летовки; карк алтын чистое золото; из чистого золота; күчү карк толгон он физически созрел, он достиг полной физической силы; карк токтолгон катын женщина средних лет (после этого возраста она уже кемпир старуха). карк III карк алдыман (или каргалдыман) жыгылдым я упал ниц; карк алдыман чыкты он появился прямо предо мной. карк IV звукоподражание громкому и грубому выкрику; Байжакып анда барк этип, ачууланып карк этип фольк. Байджакып тут обозлился, крикнул, гаркнул. карк V: карк-карк звукоподражание курлыканью; асманда карк-карк этип каркыралар стих. в небе курлыкают журавли; карк-карк күлүп громко и отрывисто захохотав; карк-курк сев. овцы и волки (детская игра: вереница детей держится за подол "матери", "волк" нападает, стараясь оторвать по одному, "мать" защищает).
1сын.1. Таза, нукура, бүт. Казына оозун ачпайбы, Карк алтыным чачпайбы (Токтогул). Кара башың карк алтын, Хан Курманбек аманбы («Курманбек»).
2.Абдан, мыкты, өтө; жык, мол. Алтымыш сарай карк толгон («Манас»). Капчыгай карк толду, Канча түрдүү кол болду («Манас»). Быйыл малчылар аң этине карк болушту (Убукеев).
КАРКII:карк-карктуур. Каз, карга, каркыра сыяктуу куштардын чыгарган дабышын туурап айтууда колдонулат. Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов).
1. Аралашмасы, кошулганы жок, нагыз өзүнөн турган, таза, нукура. Кара башың карк алтын, хан Курманбек, аманбы («Курманбек»). Казынасын ачтырып, Карк алтынын чачтырып («Семетей»).
Мол, жетиштүү, кемчил эмес, кең-кесири. Карк кылган дейт жалгыз уйдун майына («Ала-Тоо»). Көп дүйнөгө жедигер, Көзү ачылбай карк болду («Сейтек»). Быйыл «Малай» артели кирешеге карк болуп, жылдык азыгын күрөп алды (Элебаев).
Каз, карга, каркыра сыяктуу канаттуулардын чыгарган дабышын туурап айтуу үчүн колдонулат. Бала кез, көктөм убак, жазгы баар, Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов). Сүйгөнү канаттуудан ала карга, Карк этсе булбулум, дейт анда-санда (Шүкүрбеков).
этиш. Аркайып, тарбайып, сороюп көтөрүлүп чыгып туруу. Мүйүзү чоң каркайган, Бугу менен маралы (Осмонкул). Карагайлар каркайып, Бутактары аркайып (Үсөнбаев). Кара зоолор ар кай жерде каркайып (Осмонов).
Аркайган, аркайып чыгып турган көрүнүштө болуу. Кара зоолор ар кай жерде каркайып, Катарлашып калың тартып заңкайып (Осмонов). Мүйүзү каркайган тоо теке кулап келип, койчунун тушуна жатып калды (Сасыкбаев).
понуд. откаркай-; эки өркөчүн каркайтып, атаны алты сан болуп холощёных верблюдов с торчащими горбами (т.е. жирных) у него стало шестьдесят тысяч; кабыргаңды каркайтып, карып кылды жокчулук фольк. бедность (тебя) обездолила, доведя до исхудания (букв. выпятив твои рёбра).
полностью, целиком; каркап кырк күн болгончо фольк. до истечения полных сорока дней; каркап кырк миң кол менен фольк. с войском в целых сорок тысяч; с сорокатысячным войском; жайлоо каркап толуптур летняя пастьба в самом разгаре (травы много, она в соку, скота много и т.п.); өнөргө каркап жеткенде, жаты он сегизге өткөндө, жүрөк эти толуптур фольк. когда в ловкости стал он совершенным, когда возраст его достиг восемнадцати, сердце его достигло полноты (т.е. он стал настоящим богатырём); кайраты каркап толгондо фольк. когда он вошёл в полную силу.
1. Ашып-ташып. 2. Толук, кеңири, бүт. Күүгүмдөн кийин түн кирип, Жылдыз каркап толгондо («Эл адабияты»). Каркап бир миң кол жүрүп, Саналуу бир миң жол жүрүп (Тоголок Молдо).
Бирөөнүн эрдигин, кыйындыгын мактап, көтөрө чалып сүйлөөдө колдонулат. Баатырсынган берендер, Келишкен экен каркыбар («Манас»). Оо, каркыбарым десе, келип калдыңбы? (Маликов). Бул каркыбарым турганда биздин колдон келбей турган иш жок (Баялинов).
1. каркать; гоготать; каркылдап, каздар көл сактайт фольк. гуси, гогоча, на озере живут; карга, каркылдап учуп, каз болбойт погов. ворона, гогоча во время полёта, гусем не станет; похожа свинья на быка, только шерсть не така; 2. перен. громко кричать, горланить; азан, айтып, каркылдап фольк. громко выкрикивая призыв к молитве; жасоолдун баары каркылдап, жапырылып барды эми фольк. все жасоол'ы (см.), горланя, двинулись скопом.
Келген жерин кирешелүү, ынтымак-ырыстуу кылган, артынан жакшылык келген ак жолтой, жайыл дасторкон бала-чакалуу колукту. Кадырына жете каалап, сүйкүмүн сүйүүнүн тили кылып-түшүнүп, каркыралуу колуктуу кылып кастарлап алар кадыркечи дал ушул болчу.
мощь, сила; кылымдан кыргыз ошондой: каркыны жоодон сынбаган фольк. искони киргизы таковы: их мощь не сокрушалась врагом; кардан эрип аккак суу - каркыны кыйын дайрадан фольк. мощь талой воды (там) сильнее большой реки; атымдын каркыны күчтүү мой конь силён и быстр.
1. журавль-красавка; желе тартып, каркыра чубай учкан чуркурап стих. журавли летят с криком, вытянувшись в ряд; 2. украшение из перьев журавля-красавки (на шапке девочки или девушки); каркырасын сайынып фольк. приколов себе журавлиные перья; каркыра туруна, каркыра чертмей название детских игр; каркырасы сынбаган или каркырасы бар то же, чтокаркыралуу 2.
Iзат. Буту, мойну, тумшугу узун, саздуу жерлерде жүрүүчү куш. Каркыра, турна асманда, Кайрылып конбой бактарга (Шүкүрбеков). Каркыра менен турнанын, Деги канатынын дуусу жок (Жантөшев).
2.Сайманын бир түрү. Жүк үстүнө килем жайдырып, анын үстүнө каркыра сайдырган (Жантөшев). Эндик, упа, каркыра Кыз балага жарашар (Токтогул).
КАРКЫРА — топоним. «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгындагы элге кеңири белгилүү салттык туруктуу окуялардын бири Көкөтөйдүн ашы өткөрүлгөн жер. Уруу аксакалдары кеңешип отуруп Кошой карыянын сунушу боюнча ашты өткөрүүгө ылайыктуу жер деп К-ны жактырышат. К. «Манастын» негизги варианттарынын бардыгында Көкөтөйдүн ашы өткөрүлгөн жер — өрөөн катарында сүрөттөлөт. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Көкөтөйдүн ашы эпостун башка варианттарыдай азыркы Ысык-Көл өрөөнүн өн ары чыгыш тараптагы К. жайлоосунда өтпөстөн Эртыштын боюнда өткөрүлөт. Радлов жазып алган вариант боюнча «Бокмурун» деген темада баяндалган Көкөтөйдүн ашы Кулжанын тегерегинде өткөрүлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кошойдун сунушу боюнча К. жайлоосу тандалат:
Баарыңарга эп болсо,
Бабаңар айткан кеп болсо
Күн батыш жагы Ысык-Көл,
Ар тарабы бирдей тең,
Иледен ылдый айдаса
Ат чабуучу жери кең,
Ашка ылайык ушу бар,
Ар тараптан салаалап
Аккан булак суусу бар.
Кең Каркыра атагы,
Сиркедей шакел чыкпаган
Кайнатып алма, тузу бар.
Карагай, кайың, тереги,
Канчалык жагып жатсаң да
Отунга тиер кереги.
Ат чабылар жери мол
Ашка ылайык жер ошол (Сагымбай Орозбаков, 3. 77).
Саякбай Каралаевдин вариантында:
Аты угулат Каркыра,
Артыкча башка ошо жер.
Мүдүрүлөр аңгек жок,
Суу жеген кемер жок,
Жилик чагар ташы жок,
Сай-сайынан шаркырап,
Миңден булак куюлган,
Үкүрчүнүн оюна,
Үч-Капкактын боюна
Кемегени казчуу жер.
Керилген өзөн Кеген-Суу,
Кең бойлоп атты чапчуу жер,
Кең тамаша салчуу жер.
Үч-Каркыра өзөнү
Аш берүүчү жер ошол (Саякбай Каралаев, 2. 10—11).
К-ны Кошой карыя сунуш кылат. Географиялык реалияда азыркы Алматы облусунун түштүк-чыгышындагы Кыргызстанга чектеш аймак.
Ө. Караев
Кар-кур деген үн чыгаргандыгы үчүн бул куш каркыра аталып калган. Азыркы алтай тилинде турна туркулдаган үн чыгарат делет. Ушуга караганда турна сөзү да үнүн туураган сөздөн келип чыккан.
1. Тумшугу, мойну жана буту узун келген, саздуу жерлерде жүрүүчү келгин куш. Бала кез, көктөм убак, жазгы баар, Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов). Каркыра, турналар желесин тартып, ысык жакты көздөй жөнөшкөн экен (Каимов). || Ушул канаттуунун кооздук үчүн сайына турган канаты. Эндик, упа, каркыра Кыз балага жарашат (Токтогул). Каркырасын сайынып («Саринжи-Бөкөй»). 2. Сайманын же оюунун бир түрү. Жүк үстүнө килем жайдырып, анын үстүнө каркыра сайдырган (Жантөшев).
1. (о шапке девочки или девушки) украшенный перьями журавля-красавки; каркыралуу кыз девица с украшением из журавлиных перьев на шапке; 2. перен. держащий себя с достоинством; пользующийся авторитетом; каркыралуу жигит парень, держащий себя с достоинством, независимо, самостоятельный парень.
КАРКЫРАЛУУ КЫЗ — тебетейинин, бөркүнүн төбөсүнө каркыранын канат-куйругунан тагынган бойго жеткен кыз. Кыздардын турмушка чыга электигинин белгиси. Мисалы, калмак каны Кайыпкандын кызы Карабөрктү Манас алганы жөнүндө: «Ырас, каркыралуу кыз алдым» (ЩЗ, 1. 253),— деп эскерилет.
КАРКЫРАНЫН САЗЫ — топоним. Калмак тардын жылкысы жайлаган жайлоо. Эпосто кыргыздардын К. С-ндагы калмактардын «каймап жаткан жылкысынан» тийип алышы жоокерчилик доордун шарт, талабына ылайык келген согушуу ыгынын бир түрү болуп эсептелет жана кыргыздын жерин басып алган калмактарга каршы жүргүзүлгөн адилеттүү күрөштүн көрүнүшү катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 72).
каркыт I этн. бурдючок из верблюжьей кожи (отверстие его обычно украшалось серебром); кара каркытым, ичиндеги жаркыным загадка чёрный бурдючок, а внутри него светик мой (отгадка торсуктагы кымыз кумыс в бурдюке). каркыт- II (ср. каргыт-) подбадривать; кары адамдарга бир ооз гана "карыя" деп, каркыткан сыпаа сөз керек старым людям нужно только одно подбадривающее, почтительно сказанное слово (обращения) карыя ( см.).
зат. Ооз жагы күмүш же баалуу металл менен кооздолгон төөнүн терисинен жасалган идиш. Каркытка куюп арактан Жутуп ийип күү чертти (Жантөшев). Бири куюп бирине каркыттан арак сунушат (Жантөшев).
“Төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же башка жалтырак металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Каркытка куюп арактан, жутуп ийип күү чертти («Мендирман»)» (КТС 2015:716).
КАРКЫТ, Аркыт (моңг. саба) — көөкөр сыяктанып төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же дат баспаган металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Көчмөн эл кымыз, айрандан тартылган арак жана башкалар суюктук куюш үчүн пайдаланышкан. Эпостун көпчүлүк варианттарында эскерилет. Кырк чОро жоого аттанарда же үлпөт курушканда:
Кымыз ичип кызышып
Сөөк терин сызышып
Каркыттан арак куюшуп
Арак, шарап мисалдаш
Албан түрлүү сонун аш
Адам татса болгон мас,
Ак боз бээни сойдуруп
Нарын тартып койдуруп — деп айтылат.
Төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же башка жалтырак металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Эр үй бүлөлөрүнүн бири чылгыйдан ченеп кесип алып, конок, кол көөкөр, тостогон капкыт, тарамыш тарамы менен көктөп үй буюмдарын жасап, бири ат жабдыктарын көктөп тирилик камында (Абакиров). Каркытка куюп арактан, Жутуп ийип күү чертти («Мендирман»). Кош каркыт арак куйдуруп («Мендирман»).
этиш.1. Көөкөр ж. б. төөнүн терисинен жасалган идиштерди баалуу металл менен кооздоо. Каркыттаган көөкөр. 2. Ардактоо, алпештөө, кадырлоо, урматтоо. Каркыттап өстүрдүм эле, кандай күнгө туш болоор экенсиң («Ала-Тоо»).
1. Каркытка куюу, каркытка куюп сунуу, каркыт менен ичүү. Бири куюп бирине, Каркыттап арак сунушат («Мендирман»). 2. Көөкөр ж. б. сыяктуу тери идиштерди баалуу металл менен кооздоо, каркыт салуу. Каркыттаган көөкөр. 3. өт. Кадырлоо, урматтоо, ардактоо, алпештөө. Калк кубанып шаттанып, Каркыттап тосуп алышса, Жигиттин көркү элинде («Мендирман»). Кара жанды каркыттап, Качканым жок четтешип («Семетей»). Биз силерден «карыя» деп каркыттаган бир ооз сөздөн башка эчтеме сурабайбыз (Убукеев).