КАРКЫРА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тумшугу, мойну жана буту узун келген, саздуу жерлерде жүрүүчү келгин куш. Бала кез, көктөм убак, жазгы баар, Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов). Каркыра, турналар желесин тартып, ысык жакты көздөй жөнөшкөн экен (Каимов). || Ушул канаттуунун кооздук үчүн сайына турган канаты. Эндик, упа, каркыра Кыз балага жарашат (Токтогул). Каркырасын сайынып («Саринжи-Бөкөй»). 2. Сайманын же оюунун бир түрү. Жүк үстүнө килем жайдырып, анын үстүнө каркыра сайдырган (Жантөшев).