КАРКЫТТА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Каркытка куюу, каркытка куюп сунуу, каркыт менен ичүү. Бири куюп бирине, Каркыттап арак сунушат («Мендирман»). 2. Көөкөр ж. б. сыяктуу тери идиштерди баалуу металл менен кооздоо, каркыт салуу. Каркыттаган көөкөр. 3. өт. Кадырлоо, урматтоо, ардактоо, алпештөө. Калк кубанып шаттанып, Каркыттап тосуп алышса, Жигиттин көркү элинде («Мендирман»). Кара жанды каркыттап, Качканым жок четтешип («Семетей»). Биз силерден «карыя» деп каркыттаган бир ооз сөздөн башка эчтеме сурабайбыз (Убукеев).