Киргизско-русский словарь Юдахина
каркыт I
этн.
бурдючок из верблюжьей кожи (отверстие его обычно украшалось серебром);
кара каркытым, ичиндеги жаркыным загадка чёрный бурдючок, а внутри него светик мой (отгадка торсуктагы кымыз кумыс в бурдюке).
каркыт- II
(ср. каргыт-)
подбадривать;
кары адамдарга бир ооз гана "карыя" деп, каркыткан сыпаа сөз керек старым людям нужно только одно подбадривающее, почтительно сказанное слово (обращения) карыя ( см.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ооз жагы күмүш же баалуу металл менен кооздолгон төөнүн терисинен жасалган идиш. Каркытка куюп арактан Жутуп ийип күү чертти (Жантөшев). Бири куюп бирине каркыттан арак сунушат (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРКЫТ, Аркыт (моңг. саба) — көөкөр сыяктанып төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же дат баспаган металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Көчмөн эл кымыз, айрандан тартылган арак жана башкалар суюктук куюш үчүн пайдаланышкан. Эпостун көпчүлүк варианттарында эскерилет. Кырк чОро жоого аттанарда же үлпөт курушканда:
Кымыз ичип кызышып
Сөөк терин сызышып
Каркыттан арак куюшуп
Арак, шарап мисалдаш
Албан түрлүү сонун аш
Адам татса болгон мас,
Ак боз бээни сойдуруп
Нарын тартып койдуруп — деп айтылат.


Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же башка жалтырак металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Эр үй бүлөлөрүнүн бири чылгыйдан ченеп кесип алып, конок, кол көөкөр, тостогон капкыт, тарамыш тарамы менен көктөп үй буюмдарын жасап, бири ат жабдыктарын көктөп тирилик камында (Абакиров). Каркытка куюп арактан, Жутуп ийип күү чертти («Мендирман»). Кош каркыт арак куйдуруп («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көөкөр ж. б. төөнүн терисинен жасалган идиштерди баалуу металл менен кооздоо. Каркыттаган көөкөр.
2. Ардактоо, алпештөө, кадырлоо, урматтоо. Каркыттап өстүрдүм эле, кандай күнгө туш болоор экенсиң («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. украшать драгоценными металлами (бурдюк, кожаное ведро);
каркыттаган көөкөр этн. украшенный бурдючок;
2. перен. дорожить; чтить, уважать; пестоватъ, лелеять;
өз жанын каркыттайт он заботится только о себе, дорожит только своим благополучием;
каркыттап бак- пестовать;
кан кызындай каркыттап, чачыңды тал-тал тарайын фольк. лелея, точно ханскую дочь, твои волосы по волоску будут расчёсывать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каркытка куюу, каркытка куюп сунуу, каркыт менен ичүү. Бири куюп бирине, Каркыттап арак сунушат («Мендирман»). 2. Көөкөр ж. б. сыяктуу тери идиштерди баалуу металл менен кооздоо, каркыт салуу. Каркыттаган көөкөр. 3. өт. Кадырлоо, урматтоо, ардактоо, алпештөө. Калк кубанып шаттанып, Каркыттап тосуп алышса, Жигиттин көркү элинде («Мендирман»). Кара жанды каркыттап, Качканым жок четтешип («Семетей»). Биз силерден «карыя» деп каркыттаган бир ооз сөздөн башка эчтеме сурабайбыз (Убукеев).