каркай
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Аркайып, тарбайып, сороюп көтөрүлүп чыгып туруу. Мүйүзү чоң каркайган, Бугу менен маралы (Осмонкул). Карагайлар каркайып, Бутактары аркайып (Үсөнбаев). Кара зоолор ар кай жерде каркайып (Осмонов).