Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КЫР — топоним. Алоокени жеңип Манасты кан көтөргөндө:
Алтын казган казына
Кенимди кошо берейин
Чай алуучу Кара-Кыр
Жеримди кошо берейин (Саякбай Каралаев, 1. 211),— деп айтылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА-КЫРЧЫН — топоним. Кытайлар менен болгон экинчи урушта атынан жана кырк жолдошунан ажырап жоонун курчоосунда жөө калган Манасты көп колу менен келген Кошой куткарат. Ошондо өз жерине кайткан жоокерлердин жолунун сүрөттөлүшүндө: «Кайра тартып Алтайдан, Кара-Кырчын, Тал-Мазар Бойлоп көп кол конду эле» (Саякбай Каралаев, 1. 161),— деп айтылат.