Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө ишенүү, ага таянып бел байлоо. Аны эмнегедир жанатан бери Шааркан ичинен кара тутуп калган (Мавлянов). Токтогул кекенген манаптардан жалтанбай, аны кара туткан калың элди чыйралтып октолгон ырды жаадырды (Бейшеналиев). Жалгыз сени ээрчип, жалгыз сени кара тутуп, жалгыз сени эл да, туулган жер да тутунуп, ыргыткан ит шыбагы менен күн өткөрүп жүргөн (Касымбеков). В.: Кара кылуу. Кара кылып кармаган, Кадимки эр Чубактан айрылдым («Манас»). Эгиз козудай ээрчишкен балдары аны кара кылышат («Советтик Кыргызстан»). Караан кылуу. Сенден башка караан кыларым жок («Ала-Тоо»). Караан кылды деп уктум, Аты ургаачы Куялы... («Сейтек») Караан тутуу. Силерди киши деп, караан тутуп, ишенип жүргөн мен акмак (Медетов). Күйөөсү үйүнө келе калса, эмнегедир аны караан тутуп, ага жан тартчу болду (Медетов).