КАРА ЖААК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Чечен, сөзмөр, жаагын жанып мыкты ырдаган төкмө акын. Кара жаак, жез таңдай, Кайраным, Током, аманбы? (Токтогул). Кара жаак, жез таңдай, Ырчы чечен аралаш, Баары келсин тоюна («Манас»). Экинчиси – Чүйдөгү кара жаак Калмурза, ал шордуу кошоматчылыгынан тапты (Бейшеналиев). Кара жаак эр Үрбү («Манас» С. О.). 2. Тилдүү, ооздуу, шакылдаган, сүйлөөк, тажаал. Мен эле жандан чыккан кара жаак бекемин («Чалкан»). Тил-ооздуу какшанган бир кара жаакка жолуксам кантет элем (Саатов). Ушундай кара жаак катын болот экен ээ? (Бердикеев). Саат баскырдын үйүнө барбаганда бул кара жаак катынга кабылбай калат белем? (Бердикеев).