Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗКОР – жарандык укуктагы бир тарапка – кредиторго карата белгилүү бир аракет жасоого (мүлк берүү, кандайдыр бир жумуш аткаруу ж. б. у. с.) же белгилүү бир аракетти жасоодон карманууга милдеттүү болгон тарап. Жарандык укук менен милдеттерди алып жүргөн, т. а. укук алып жүрүүгө жарактуу жеке жана юридикалык жактар, мамлекет К. катары чыга алат. Бир тараптуу келишимде бир гана тарап (м.: зайым келишиминде – зайым алуучу), эки тараптуу келишимде эки тарап тең К. болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗКОРГО КАРАТА КЫЗЫКДАР ТАРАП – 1) КР мыйзамдарына ылайык, карызкорго карата негизги же туунду болуп саналган юридикалык жак; 2) карызкордун жетекчиси, ошондой эле карызкордун директорлор кеңешине (байкоочу кеңешине) кирген адам, карызкордун акылдаштык аткаруу органы, башкы бухгалтер (бухгалтер ), анын ичинде ага кудуретсиздик жүрүмү жарыяланган маалга чейинки 1 жыл ичинде өз милдетин аткаруудан бошотулган адамдар да кирет. Карызкорго карата кызыкдар тараптардын катарына жогоруда саналып өткөн жеке жактар менен туугандыгы боюнча туугандык мамиледе турган жактар да жатат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗКОРДУН АЙЫПТУУЛУК ПРЕЗУМПЦИЯСЫ – жарандык укукта милдеттенмесин аткарбаган же аны талаптагыдай эмес аткарган адам айыптуу катары шектенилген жобо, ага өзүнүн айыпсыздыгын далилдөө түйшүгү жүктөлөт.