КАРЫП
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тентиген, элинен ажыраган. Алыстан келе жаткан карып элем, сизден жай сурайын деген элем! (Жантөшев). Даниярга боору ачып, үйү-жайы жок, эптеп жан сактап жүргөн бечара карып дешет (Айтматов). Карып болуп сандалып, Кекенген душман калгандыр (Казыбек). 2. өт. Кедей, бечара, байкуш. Сандыргалуу эр Кошой, Санап туруп малдарын, Карыптарга бергени («Манас»). 3. өт. Адам жаны, тирүү адам (алсыз адам маанисинде). Кандайлыктан өлтүрбөй, Карып жан аман калдыңыз («Манас» С. О.). Жети күнү урушуп, Карып көзү киртийип. («Манас» С. К.).