Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мүнөзү, жүргөн-турганы жөнөкөй, жупуну, бой көтөрбөгөн, менменсинбеген. Биздин командирибиз, Василий Мартынович, курулай чакчаңдай бербеген карапайым, ак көңүл адам эле («Ала-Тоо»). Адам канчалык карапайым болсо, элге ошончолук жагымдуу, жугумдуу болот («Ала-Тоо»). 2. Кызматы же башка даражасы боюнча өзгөчөлөнбөгөн, катардагыдай эле абалда болгон. Калтабай, эми сен мурдагыдай карапайым көптүн бири эмессиң (Токомбаев). Кечээ жакында эле карапайым колхозчу болуп жүрүп, эми бир мекемени башкарган мыкты жетекчилердин катарына кошулдуң («Чалкан»). 3. Тукуму асылдандырылбаган, зоот чалыш эмес, кадимкисинен өзгөчөлөнбөгөн (үй айбандарына карата айтылат). Карапайым кыргыз жылкысы. Карапайым ит. Илгерки карапайым уйлардын ордуна азыр зоот тукум уйларды кармоого өттүк («Ала-Тоо»).