КАРА ТЕР БАСУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Катуу кыйналып, көл-шал түшүп тердеген абалда болуу. Сөөктөрү кара тер басып, бирок уйкуга карамыгып, көзү бир аз илине калды (Бердикеев). Кайра аркасына чыгып бастыра албай кара тер басты (Абакиров). В.: Кара терге түшүү. Мени кыздын ыры шердентип ийди, кара терге түшүп кар күрөдүм (Жусупов). Ит үрсө терезеден көчө карап Калича кара терге түшүп турган (Абакиров).