каракүл
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды«1. Козуларынан баалуу көрпө алынуучу кылчык жүндүү кой тукуму. 2. Белгилүү тукумдагы койдун (каракүл коюнун) козусунан алынуучу тармал жүндүү баалуу көрпө» (КТС 2010:649). Бул сөз Өзбекстандын Бухара шаарынын жанындагы Кара-Көл оазисинен улам келип чыккан, тактап айтканда, 19-кылымда 3-4 күндүк козу терилерин ушул жерден чыгарып сата башташкандыктан, теринин аты жердин аты менен орус тилинде «каракуль» (Иссык-Куль деген сыяктуу) деп аталып калган. Кыргыз тилине каракүл болуп өткөн. Европага Астрахань шаары аркылуу кеткендиктен, каракүл немис жана француз тилдеринде «астракан» деп аталат.