КАРЫЛЫККА БАШ КОЮУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Улгая баштоо, картайганын сезе баштоо, жашы илгерилөө. Адамкулдун сакалы ого бетер агарып, тулку-бою шүйүп, кичине эңкее тартып, карылыкка баш коюп калган экен (Алыбаев). В.: Карылыкка моюн сунуу. Бул кезде Бейше-Баатырдын жашы жетимишке таянып, карылыкка моюн сунуп калган экен (Медетов).