1. темно; тьма, темнота, мрак; караңгы эмес түнү бейм фольк. для него, видно, ночь не темна (напр. для грабителя, вора); айдын караңгысы период, когда нет луны, когда ночи безлунные; 2. перен. невежественный, тёмный; караңгы эл тёмный народ; караңгынын көзү жок в темноте ничего не видно; караңгыда көзүм жок название детской игры; караңгы жай могила.
1. Жарыгы жок, көрүүгө мүмкүн болбогон, жарыксыз абал, түн. Күн батып, көз байланып, караңгы түшүп калды (Жантөшев). Караңгы түндө чыккан чыйылдаган үн алардын кулагына шумдуктуу угулду (Байтемиров). Үйдүн ичи караңгы болуп көзүнүн курчу кеткен байкуш кемпир казан-аягын таба албай жүрдү («Ала-Тоо»). 2. өт. Кат тааныбаган, билимсиз, түшүнүгү, аң-сезими өспөгөн, өнүкпөгөн. Караңгыны ойготуп, – Колго берген талабың («Жазгыч акындар»).
Өтө кыйын, айлакер, амалкөй. Бир үйдө караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан чечен бу түшкөн дүйнөнүн бир жери кем, бир жери сөлпүк экенин байкады (Көчкөнов).
Өтө кыйын, айлакер, амалкөй. Бир үйдө караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан чечен бу түшкөн дүйнөнүн бир жери кем, бир жери сөлпүк экенин байкады (Көчкөнов).
1. Караңгы түшүү, караңгы боло баштоо, көз байлануу, күүгүм кирүү. Күн караңгылагандан караңгылап, катуулап соккон желге ыргалган карагайлар күүлдөгөн болот (Жантөшев). Аңгыча болбой айлана да караңгылай баштады («Ала-Тоо»). Күн батып, күүгүм кирип бара жатты, Көрсөтпөй караңгылап эки жакты (Үмөталиев). 2. Жарыкты бир нерсе менен тосуп караңгы түшүрүү, караңгы кылуу. Үйдү караңгылап алып, үч күн бою дым тартай уктай берсем да өзүм билем («Чалкан»).
1. Жарыгы жоктук, түн болгондук, жарык эместик. Асман улам барган сайын түнөрүп, жер бетиндеги караңгылык коюулана берди (Абдукаримов). Күн батып, уламдан-улам жер бети караңгылыктын кучагына кирди (Жантөшев). Караңгылык тоонун аппак жүзүн да көрсөтпөдү (Каимов). 2. өт. Кат тааныбагандык, окубагандык, билимсиздик, түшүнүгү, аң-сезими өнүкпөгөндүк. Окуу – жакшылык, окуусуз –караңгылык (макал). Караңгылыгыман ушул күнгө туш келдим (Бектенов). Караңгылык курусун, болуштун лампасына көрүндүк бергенибиз да ырас (Сыдыкбеков).