КАРАҢГЫЛА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Караңгы түшүү, караңгы боло баштоо, көз байлануу, күүгүм кирүү. Күн караңгылагандан караңгылап, катуулап соккон желге ыргалган карагайлар күүлдөгөн болот (Жантөшев). Аңгыча болбой айлана да караңгылай баштады («Ала-Тоо»). Күн батып, күүгүм кирип бара жатты, Көрсөтпөй караңгылап эки жакты (Үмөталиев). 2. Жарыкты бир нерсе менен тосуп караңгы түшүрүү, караңгы кылуу. Үйдү караңгылап алып, үч күн бою дым тартай уктай берсем да өзүм билем («Чалкан»).