КАРАҢГЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жарыгы жок, көрүүгө мүмкүн болбогон, жарыксыз абал, түн. Күн батып, көз байланып, караңгы түшүп калды (Жантөшев). Караңгы түндө чыккан чыйылдаган үн алардын кулагына шумдуктуу угулду (Байтемиров). Үйдүн ичи караңгы болуп көзүнүн курчу кеткен байкуш кемпир казан-аягын таба албай жүрдү («Ала-Тоо»). 2. өт. Кат тааныбаган, билимсиз, түшүнүгү, аң-сезими өспөгөн, өнүкпөгөн. Караңгыны ойготуп, – Колго берген талабың («Жазгыч акындар»).