КАРА СААТ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Кара санатай, кара ниет. Каргышы ката кетпеген, Кара саат жан экен («Эр Төштүк»). Каап, кайдан кара саат сенин «мөлтүрөгүнө асыл» деген тилиңе кирдим эле (Бейшеналиев). 2. Кырсык, кесепет, жолтоо. Карыспандын кара суусу бар, Кара саат ушу бар (фолък). Кара саат жолу бар (фольк.). Кара сааттай болуп кайдан келе калды. – Молдо дос, дагы кара саат чырмады (Бейшеналиев).