этиш. Тоноо, тартып алуу. Жолдон өткөн кишинин Атын сойгон карактап (Барпы).
грабить;
бир адамды карактап жаткан бир бандит колго түштү пойман бандит, который грабил какого-то человека.
«Тоноп алуу, тартып алуу» маанисиндеги каракта сөзү карак+та бөлүктөрүнөн турат. Сөздүн уңгусу карак азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Бирок башкыр, ногой тилдеринде карак сөзү «уруу» маанисинде азыр да колдонулат. Татар тилинде ошол эле сөз «ууру» дегенди билдирсе, караим тилинде «тоноо, талоон» дегенди билдирет (Кар-РПС, 293)- Кыргыз тилиндеги каракта этишиндеги карак сөзү мына ушул караим тилиндегидей маанидеги сөз болгон, ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, каракта сөзү келип чыккан.
Бирөөнүн дүнүйөсүн, кийим-кечесин ж. б. тоноп кетүү, тартып алуу, каракчылык кылуу. Куршаб дарыясынын өйүз-бүйүзүндө карактап кетүү өнөкөтү көп болор эле (Абдукаримов). Жолдон өткөн кишинин, Атын сойгон карактап (Барды).
каракта этишинин аркылуу мамилеси.
каракта этишинин аркылуу мамилеси.
каракта этишинин кош
мамилеси.