КАРАКТА
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Тоноп алуу, тартып алуу» маанисиндеги каракта сөзү карак+та бөлүктөрүнөн турат. Сөздүн уңгусу карак азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Бирок башкыр, ногой тилдеринде карак сөзү «уруу» маанисинде азыр да колдонулат. Татар тилинде ошол эле сөз «ууру» дегенди билдирсе, караим тилинде «тоноо, талоон» дегенди билдирет (Кар-РПС, 293)- Кыргыз тилиндеги каракта этишиндеги карак сөзү мына ушул караим тилиндегидей маанидеги сөз болгон, ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, каракта сөзү келип чыккан.