КАРА БАСУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. миф. Азыткы күч, жин-шайтан басып, эстен тандыруу, эс-акылынан ажыроо, адашуу. Анын төрөтү кыйын, дайыма төрөгөн сайын кара басат («Советтик Кыргызстан»). Катынын кара баскандай, Айкырыкты салды Карагул («Сейтек»). Кыйкырыгы баш жарып, катынын кара баскансып, куугуну жаңы качкансып (фольк.). Канды кара басканда, Калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып, мен эмне үчүн ушундай ишке бардым экен («Ала-Тоо»). 2. Кырсык басуу. Канды кара басканда калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саринжи-Бөкөй»). Кара басып, кайдан гана бардык экен (Бердикеев).