КАРЫШКЫР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бөрү, ит түспөлдөш келген жырткыч, иттин эзелки тукуму. Койго карышкыр тийип, бир четинен бөлө качканы жаман (Жантөшев). Кабылан, жолборс карышкыр, Азуусу бар айбандар (Тоголок Молдо). 2. Ушул айбандын терисинен жасалган кийим. Суукта жүрүп, бая келер замат Барпы Асанбайга карышкыр ичигин жаба салган (Байтемиров). 3. өт. Алдым-жуттумдугу бар, элди эзген зулум, шылуун, жегич. Кой терисин жамынган карышкыр (Жантөшев). Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы). Бул иште карышкыр болуп калышкан тура.