Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде карыш этиши болгон. Ал «1) жолугуу; 2) беттешүү, каршы чыгуу; 3) урушуу, жоолашуу» маанисин берген (ДТС, 428). Ошол сөзгө -ы же -у мүчөсү улануудан каршы сөзү келип чыгып, «1) душмандык, уруш, чатак; 2) карама-каршылык; 3) жоо, душман» жана каршу «1) карама-каршылык; 2) каршы, бетме-бет» маанисиндеги сөз пайда болгон. Кыргыз тилинде каршы сөзүнө -ма мүчөсүн жалгаш, каршы-каршы деген кош сөздү жасоого болот. Бирок бул формасы сейрек колдонулат. Жогорку -ма мүчөсү жалганганда, сөздүн -шы бөлүгү түшүп, анын ордуна а тыбышы келет да, кош сөз карама-каршы түрүнө келет. Татар тилинде эки сөздү бириктирип турган -ма мүчөсү да түшүрүлүп, кара-каршы болуп колдонулат (ТатРс, 229).