КАРАНДАШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жыгач таякчанын ичине графиттен же кургак боёк затынан өзөк салынып жасалып, жазуу, чийүү, сүрөт тартуу үчүн колдонула турган курал. Боёк карандаш. Сыя карандаш. Инженер-майор картаны столдун үстүнө жайды да карандашын колуна алып, сүйлөй баштады (Сасыкбаев). Столдогу карандашты алып, жаза баштады (Токомбаев). 2. Графит, күмүш, коргошун менен аткарылган сүрөт тартуу техникасынын аталышы.