зат.1. Кагазга, жука таарга же тактайга түшүрүлгөн живопистик чыгарма. Дивандын үстүндө Шишкиндин «Эртең менен токойдо» деген картинасы илинген (Шимеев).
2. Драмалык чыгарманын актысынын өзүнчө декорацияны түзгөн бөлүгү. Төрт көшөгө, жети картинадан турган драмалык чыгарма.
ж. 1. сүрөт (живопистик чыгарма); 2. перен. көрүнүш; картина гор тоолордун көрүнүшү; 3. театр. картина (драмадагы. бөлүктөр); драма в четырёх действиях и семи картинах төрт көшөгөлүү жети картиналуу драма; 4. разг. (кинофильм) картина.
1. Кагаздын, жука таардын, тактайдын ж. б. бетине түшүрүлгөн живопистик чыгарма. Художник А. Игнатьев «Талаадан кайткан учур» деген таасирдүү картинаны жаратты («Ала-Тоо»).