картина
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Кагазга, жука таарга же тактайга түшүрүлгөн живопистик чыгарма. Дивандын үстүндө Шишкиндин «Эртең менен токойдо» деген картинасы илинген (Шимеев).
- 2. Драмалык чыгарманын актысынын өзүнчө декорацияны түзгөн бөлүгү. Төрт көшөгө, жети картинадан турган драмалык чыгарма.
- 3. сүйл. Кинофильм.