Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көздүн ортосундагы карасы. Динардын көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректерин жаш чайды (Сыдыкбеков).
2. өт. Баласы же өтө жакын кишисине кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Уктай койчу, карегим, Кара көзүм эрмегим (Бөкөнбаев). Кагылайын карегим, Жанып турган чырагым (Жантөшев).
¨ Көздүн карегиндей сактоо — абдан жакшы кароо, коруу, жоготпоо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көздүн ортосундагы карасы. Чала жумган кирпиктердин арасынан көздүн каректери жалт эте түшөт (Айтматов). Динардын көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректери жаш чайды (Сыдыкбеков). Көзүнүн кареги көрүнбөй, агы аңтарыла түштү («Ала-Тоо»). 2. өт. Балага же өтө жакын кишисине кайрылган учурда колдонулат. Каргадай болгон Топчубай, Кайрылып көрбөйт экенмин Карегим, сенин өзүңдү (Токтогул). Кагылайын каректи, Аман-эсен көрөмбү (Жантөшев).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Careproctus) карепроктор; конокбаш сыяктуу балыктардын бир уруусу, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: карепрокт северный (С. reinhardti) — түндүк карепрокт, к.  ультраабиссальный (С. amblystomopsis) — өтө тереңдеги карепрокт.