карек
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Көздүн ортосундагы карасы. Динардын көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректерин жаш чайды (Сыдыкбеков).
2. өт. Баласы же өтө жакын кишисине кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Уктай койчу, карегим, Кара көзүм эрмегим (Бөкөнбаев). Кагылайын карегим, Жанып турган чырагым (Жантөшев).
¨ Көздүн карегиндей сактоо — абдан жакшы кароо, коруу, жоготпоо.