Картель
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КАРТЕЛЬ (фр. сartel, ит. cartello , carta – кагаз, документ) – адатта бир эле тармактагы ишканалардын баалар, сатуу базары, өндүрүш жана сатуу көлөмдөрү, патент алмашуу ж. б. жөнүндөгү макулдашуулары. Монополисттик бирикменин тариздеринин бири. Көп учурда жашырын иштейт. К-ге кирген фирмалар өздөрүнүн юридикалык, каржылык, өндүрүштүк жана коммерциялык өзалдынчалыгын сактайт.