Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРТКҮРӨҢ — Ажыбайдын аты. Эпосто К. аркасы бийик, маңдайы калың, туягы чулу, кайыптын тукуму, чаалыкпас тулпар катары сүрөттөлөт. Анын «Бир изин жаза баспаган, Азар-түмөн жылкы алып, Кошуп ийсе жылкыга Бир жаңылбай баштаган» (Сагымбай Орозбаков, 4. 177) айбандан башка акылдуу мал экенин байкап, Алмамбет Чоң казатта чалгынга жөнөгөндө К-дүн күчүн сурайт. Коңурбайдын жылкычысы Карагул Алмамбет менен Сыргактын өздөрүнөн гана эмес сыны башка тулпар К-дөн да «Тулпардык шаңы көрүнгөн, Биздин элдин малы эмес Коштоп жүргөн атыңыз» (Сагымбай Орозбаков, 4. 283),— деп шек санаганда Алмамбет аны «Макел баатырдын буруттардан олжого түшүргөн малы», — деп жүгөнүн шыпырып жылкыга кошуп жиберет.
Б. Жумабаев. Карткүрөң (Ажыбайдыкы).
Б. Жумабаев. Карткүрөң (Ажыбайдыкы).
Ошентип, К-гө баштатып жылкы тийип алышат. Ажыбайдын ар кандай баатырдык аракеттери К. менен жүргөндүгү Саякбай Каралаевдин варианты нда кеңири сүрөттөлөт (Саякбай Каралаев, 2. 170, 176).