КАРАН I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Азап-тозоктуу кыйын шарт, начар турмуш-абал. Кечээги каран турган айылдарда, Балбылдайт электрик күйүп-жанып (Бөкөнбаев). Жедеп күнүм каран болгондо келип отурбаймынбы (Маликов). Келин ошентип башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан каран күн түштү (Акматов). 2. Ээн калган, кароосуз, багуусуз абалда болгон. Каран калган жетимим, Каран түндү салбагын («Сейтек»). Каран калган малдарың, Каарына алса жуттуку, как баш! («Эр Төштүк»).