Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Урулуудан, согулуудан же катуу нерсенин чорт сынып кетишинен чыккан дабыш. Сырт жактан дүк-дүк, карс-карс каалганы койгулаган дабыш удаа-удаа жаңырды (Бейшеналиев). Карс этип найза сынып, бир кулачы (Маликов). Колундагы сынык сабоо менен кашаң тору атты улам карс эттире бир чаап келаткан Ажар (Жантөшев). 2. Катуу чыккан күлкүнү билдирүү үчүн колдонулат. Мукаш карс күлүп жиберди (Сыдыкбеков). Карт жумушчу жаак сөөктөрүн оркойтуп, карс-карс күлдү (Каимов).