КАРА-КУМ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАРА-КУМ — топоним. Манастын төрөлүшүндөгү жентек тойго келген калмактардын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 76). Жакып элди чогултуп Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндө кеңеш курганда, ар бир элдин көчүп баруучу жеринин орду аныкталганда:
Жетиген жагын карасак,
Жерин өлчөп санасак
Илепси бар Кара-Кум
Күн чыгышы Сары-Арка
Күлдү баары казакта (Сагымбай Орозбаков, 2.15)
делип К. -К-дун аты аталат. Эпостогу эпикалык К. -К. Казакстандын Балкаш тараптагы чөлү менен байланыштуу.