КАРА МҮРТӨЗ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кыялы терс, таш боор, кыянатчыл, адамга жакшылык кылбаган. Киши кара мүртөз, киши ак көңүл - дааналана берет (Осмоналиев). Өзүң деле байкагандырсың, жеткен кырс, кара мүртөз неме (Бердикеев). Мен кара мүртөз, таш боормун (Абдукаимов).