Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колу-буту же жаагы тырышуу, жазылбай жыйрылып калуу. Окоро түйгөн ак тизгин, Тарталбай колдо карышып («Манас»). Кармаган сүрдүү куралга, Карышты бекем колдору (Бөкөнбаев). Уулжан карышкан бутун сунуп, жайланып отурду. (Баялинов). 2. Ачкалыктан алы кетүү, кайышуу. Аттарыбыз ачкасынан карышып араң турат («Ала-Тоо»). 3. өт. Өжөрлөнүү, көктүк кылуу, айтканынан кайтпоо. Акмат да көп карышкан жок («Ала-Тоо»). Көп карышпаңыз, мен Орто-Жонго эле кыштатайын (Абдумомунов). Карышкан жоого кол салып, Тийбей турган жер бекен? («Сейтек») 4. өт. диал. Аңга коюлган капкан куру чабуу, эч нерсе түшпөй калуу. Тузак тартсаң үзүлүп, Карышып калсын капканың («Мендирман»).