КАРАКАН
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАРАКАН — каарман. Каныкейдин атасынын ылакап аты. Өңү кара киши болгондуктан К. аталып кеткен. Өзүнүн ысмы Сагымбай Орозбаковдун вариантында Атемир, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Темиркан. Манасчы Жакшылык Сарык уулу Каныкейдин атасы К-ды дүнүйөкор, колу тар адам катары сүрөттөйт. Кызы Каныкей К-дын кара олпогун кадырын салып эки жолу сураса (биринде Манаска, экинчисинде Семетейге деп), урушуп бербей коёт, к. Темиркан.