КАРАПА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаЧоподон бышырылып жасалган идиштерди билдирген карапа деген сөздөн кийин кабыл алынгандыгы жөнүндө К. К. Юдахин белги койгон эмес. Биздин оюбузча, карапа сөзү гректин кегаточ «топурак» деген сөзүнөн кабыл алынган. Кабыл алынганда биринчи муундагы е тыбышы аяккы муундагы жоон үндүүлөрдү ээрчип, а болуп өзгөрүп, м тыбышы п тыбышына алмашкан: керамос>карама>караба>карапа.