кара I 1. чёрный; вороной; брюнет; бурый (о верблюде, у которого только чууда (см.) чёрная);
кара ат вороной конь;
кара кой чёрная овца;
кара буура бурый верблюд (жеребец);
кара ала чёрно-пегий, чёрно-пёстрый;
кара чаар чёрно-пёстрый;
кара боз см. боз I 1;
кара тору тёмно-гнедой (о масти); смуглый (о лице);
кара көз чёрный глаз; черноглазый;
көздүн карасы см. көз 1; 2. силуэт, очертания;
алыстан бир кара көрүндү вдали (неясно) показался какой-то предмет;
булбулдан чечен бир куш жок, тырмактай-ак карасы погов. нет птицы красноречивее соловья, а величиной он только с ноготь; мал золотник, да дорог; 3. без примеси чего-л.;
кара кесек или кара мясо (без жира, хотя бы и от жирного животного);
кесерге карасы жок (о скоте, мясе) сплошной жир, очень жирный;
бир жеринде кара жок - бүткөн бою баары май фольк. (у перепёлки) нет нигде мяса, всё туловище её - жир;
кара шамал ветер без осадков;
кара суук сухой мороз;
кара токоч сухой хлеб (без масла, молока);
кара бороң см. бороң;
кара жарыш см. жарыш I 1; 4. перен. опора;
кара кылып отурган жалгыз уулум мой единственный сын, на которого я возлагаю надежды;
эзелден эркек бала жок, сенден башка кара жок фольк. у меня (до этого) никогда не было сыновей, (а потому) кроме тебя (у меня) нет опоры;
как талаада калып, көзүмдөн кара учуп отурат остался я (один) в дикой степи и остро почувствовал отсутствие помощника, спутника; 5. перен. письменность, грамота;
кара тааныбайт неграмотный; 6. что-либо скверное, отрицательное; ложь, неправда;
акка кара иштесе, өзү көрөт залалды фольк. если он на добро ответит злом, то сам пострадает;
кара көңүл или кара жүрөк 1) нечестный; 2) жестокий;
ак ийилет, кара сынат погов. правда гнётся, кривда ломается;
кара жоо коварный враг;
кара ооз бран. скверный, пакостный рот;
кара оозуңа кан толгур! чтоб твой пакостный рот кровью наполнился!;
кара балакет беда неизбывная;
кара мүртөз безжалостный;
кара сана- злоумышлять; 7. траур (по мужу); горе, печаль;
кара кий- надеть траур;
кара тут-быть в трауре, соблюдать траур;
кара аш этн. поминки в день смерти;
кара болбо не горюй, не печалься; 8. миф. злой дух, нечистая сила;
кара бастыбы сени? нечистый тебя задавил, что ли? (где ты запропастился?);
кара баскыр! или кара бас! чтоб тебя (его) нечистый задавил!; 9. виновный, обвинённый;
ак жерден кара болду он оказался без вины виноватым;
ак карасын текшерип разобравшись в том, прав он или виноват;
иши акпы, карабы - текшербеген он не разбирал, справедливо дело или несправедливо;
карасы бетке тартылды фольк. его вина (преступность, позор) начертана на лице; 10. крупный скот (лошади, коровы);
бир карасы бар у него есть корова;
калың берип, кара чачып алган катыны эле это была его жена, за которую он дал калым и щедро расходовал скот (на угощение); 11. ист. простолюдин;
кара калык простой народ, простонародье;
карадан тууган рождённый от простолюдина, простого происхождения;
кара орус ист. русский крестьянин;
кара дыйкан южн. крёстьянин-бедняк; 12. простой, безыскусственный;
кара сөз проза, прозаическая речь;
карып болгон кандырмын, кара жез болгон зардырмын фольк. я хан, ставший бесприютным, я золото, ставшее простой жестянкой;
кара алачык бедная юрта (см. алачык); 13. (в эпосе) простое, фитильное ружьё;
чын бадана торгой көз бараңдын огу батпаган каранын огу какпаган фольк. настоящий кованый панцирь - пуля пистонного ружья (в него) не проникает, пуля фитильного ружья (его) не пробивает; 14. ист. распространённый эпитет раба, рабыни;
тогуз кара кул, тогуз кара күң менен мал башынан миңдеп-миңдеп байге берилген устраивались скачки с призом в два раба, две рабыни и тысячи голов скота; 15. (часто в сочетании с калың I) множество, масса;
орчун кара кол большое, многочисленное войско;
үчүнчү салам айта бар калың кара элиме фольк. третий привет передай моему миогочисленному народу;
кара аламан, кара журт простой народ, народная масса; 16. южн. не покрытое снегом место в горах;
кара тартып в поисках не покрытого снегом места (напр. о горной. куропатке зимой);
жүрөгүндө кара жок 1) (о богатыре, скаковом коне) настоящий (по старым народным представлениям, у настоящего богатыря, а также у хорошего скакового коня сердце сплошь покрыто жиром; "чернинка" - непокрытое жиром место - считается дефектом);
атасы Садырдын жүрөгүнүн башында эки эли жери кара, баласы Доскулунун жүрөгүндө кара жок, баары да май экен фольк. у отца, у Садыра, на тупом конце сердца "чернинка" в два пальца (см. эли), а у сына его, Доскулу, "чернинки" нет, сплошь жир (т.е. сын превосходит отца в богатырских качествах);
туягында тура жок, жүрөгүндө кара жок фольк. (о коне) в копыте у него нет (излишне отросшей) стрелки, на сердце у него нет "чернинки"; 2) на сердце у него нет лукавства;
катыкдын карасы ист. вира вдове за убитого мужа;
эртеден кара кечке с утра до поздней ночи;
кара шрифт жирный шрифт;
кара башыл киши человек, живой человек;
кара башыл кишини байгеге саяр ою бар фольк. у него есть намерение выставить в качестве приза на скачках живого человека;
кара көө южн. куколь;
кара таман см. таман 1;
кара күчкө см. күч;
кара кашка кедей см. кедей I 1;
кара желин см. желин;
кара борчо см. борчо. кара- II 1. смотреть, глядеть; осматривать; обращать внимание; смотреть за кем-л., заботиться о ком-л.; ждать, ожидать;
асманды карады он посмотрел на небо;
жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара погов. не смотри на самого молодца, а смотри на то, что он говорит;
бала чоңоюп, ата-энесине карабай кетпейт ребёнок, став взрослым, не может не заботиться о родителях;
жер кара- 1) смотреть вниз; опустить голову, понурить голову;
катын эрди карайт, ар жерди карайт погов. если жена на мужа взглянет (намекая на нехватки. в доме), муж голову опустит;
жер карабай, ачык-айрым жүрөт он голову не вешает, ведёт себя бодро; 2) перен. быть пристыженным, посрамлённым;
жер карабасаңар эле болду хорошо, если вам не придётся краснеть;
абаны карай вверх, в воздух;
абаны карай атты он выстрелил вверх, в воздух;
эшик жакты карады он посмотрел в сторону двери (обратив внимание);
эшик жакка карады он повернулся лицом к двери;
мени карап глядя (именно) на меня;
мага карап 1) посмотрев на меня (не имея именно меня в виду); 2) направляясь ко мне;
ала караган алыска барбайт погов. кто лицеприятно смотрит, тот далеко не уйдёт (напр. о начальнике, неодинаково относящемся к подчинённым); 2. прям. , перен. иметь направление;
базарга карай или базарга карап в направлении базара;
төрт дөңгөлөгү асманды караган машина (авто) машина, перевернувшаяся вверх колёсами;
жаңы ийгиликтерге карай к новым успехам; 3. принадлежать, быть в зависимости;
жер кимге карайт? кому принадлежит земля?
эл колун кара- быть в зависимостн от других, нуждаться в чужой помощи;
күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан өлөт погов. кто на солнце надеется, тот замёрзнет, кто на бая надеется, тот с голоду умрёт; 4. (о жеребце) быть в ярости; покрывать кобылицу; (иногда о мужчине) оплодотворять;
айгыр бээни карады жеребец покрыл кобылицу;
айгыр карап, бээ тууган фольк. жеребец покрыл, кобылица ожеребилась;
эркек карап, катын тууп фольк. мужчина породил, а женщина родила; 5. с вспомогательными глаголами тур- или жат-
оставаться безучастным;
ал да карап турган жок он тоже не остался безучастным, не сидел сложа руки; он тоже принял свои меры, не бездействовал;
ал сени жамандап жатканда сен карап турасыңбы? он тебя будет хаять, а ты останешься к этому безучастным?
ал иштеп жатканда сен карап турасыңбы? он работает, а ты будешь сложа руки сидеть?
6.: бери карай с предшеств. исх. п. начиная от..., вот уже...как;
жүз жылдардан бери карай вот уже сотни лет как...;
буга карабастан несмотря на это;
тамакка карагыла прошу кушать (обращаясь к гостям);
караган түнү или караган түндө с предшеств. дат. п. в ночь на...;
үчүнчү мартка караган түнү в ночь на третье марта;
жашы он алтыга карады ему пошёл шестнадцатый год;
караганда по сравнению с..., сравнительнос...;
мага караганда сен жакшы билесиң ты знаешь лучше меня;
жашка карай в зависимости от возраста;
мындан ары карай впредь;
карап гана турарлык прямо загляденье;
карап ганатурарлык ат конь - прямо загляденье;
бери карачы послушай-ка (обращение);
муну карасаң! или муну кара! подумаешь!, вот ещё что выдумал!;
муну карасаңыз! скажите, пожалуйста!;
карап эле отуруп калдым я прямо опешил.
Iзат. Ири мал, бодо мал (кой-эчкилерден башка мал). Алтоо сага алты кара берсин, Менин берерим башка (Аалы). Элемандын сан кара Ушунда жаткан көрүнөт («Эр Төштүк»).
КАРАIIзат.1. Тирек, жөлөк, медер, таяныч. Жабдык салып ат минип, Жака салып тон кийип, Жанымда болгон карам жок («Манас»). Аттанып жоого чыкканда,. Ала-Тоодой карасы («Семетей»).
2.Караан. Эл карасын көргөндө, Эси чыгып бөгүптүр («Манас»).
IIIсын.1. Көмүргө, көөгө окшош түс, актын карама-каршысы. [Алтынайдын].. кийгени чолок жеңдүү кара баркыт бешмант (Жантөшев).
2.өт. Күнөөлүү, айыптуу. Ак жерден кара болуу. Ак-карасын текшер. ¨Каракер— ачык кара эмес түс (жылкынын түсү жөнүндө). Арыктын угунан өтө берерде кара кер мүдүрүлүп кетти (Касымбеков). Караторук. тору. Каракуурайк.куурай. Карамүртөз — орой, терс кыял, мүнөзү терс. [Атабек].. айтканынан кайтпаган кара мүртөз киши (Жантөшев). Карасаноо — арамдык ойлоо, жамандык ойлоо, кара ниеттик кылуу. Анын эмне мага кара санай турган жөнү бар (Байтемиров). Каражолтой к. жолтой. Жүрөгүндөкаражок — баатыр, эр жүрөк. Каражаакк. жаак. Каракурт к. курт. Оюндакаражок — бирөөгө кара санабаган, жамандык ойлобогон, ак пейил. Оюнда кылдай кара жок Дүйшөнкулду кампачы кылып шайлашты (Бөкөнбаев). Карасөзк. сөз. Каракесек — майы жок эт. Максым жамбаштын кара кесек этин арыдан-бери кайсап жиберип.. колун чөпкө сүрттү (Жантөшев). Караалтынк. караIII. Караөзгөйк. өзгөй. Карабашы — керт башы, жеке эле өзү. Кара башыбыздын камын ойлосок биерде жүрөт элек (Абдукаримов). — Алтыным элим, силерге кара башымсадага (Жантөшев). Карабасуу — 1) миф. төрөт мезгилинде болуучу кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн кара күчтөрдүн таасири астында эсинен тануу, эч нерсени билбей калуу; 2) өт. акылынан адашуу, кырсык басуу. Канды кара басканда Калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саранжи—Бөкөй»). Бетикараже жүзүкара — арсыз, уятсыз, адамгерчилиги жок. Бети кара шум кемпир Бизге жалаа жапканың (Жантөшев). Бизге каршы кара ниет, Жүзү кара жаттарды Тосо чыгып жалтанбастан, Далай мөрөй алганбыз (Осмонкул). Каракөсөө к. көсөө. Каракийүү — эри өлгөндө кара кийим кийип, аза күтүү. Кара кийип олтурсам, Ошондо курса боло кеңешти! (Жантөшев). Карааш — киши өлгөн учурда берилүүчү аш. Кайран атам өлдү деп, Кайгыланып бакырып, Калайыктын баарысын Кара ашына чакырып («Манас»). Каражумуш — кол эмгеги менен иштелүүчү ар кандай жумуш. Кара жумуштун кайсынысы болсо да, менденкутулчуэмес (Абдукаримов).
КАРАIVэтиш.1. Бир нерсеге көз жүгүртүү, көрүү, көз салуу, байкоо. Адыл ордунан турду да, олтургандарга.. карады. Динар чоң энени аянычтуу карады (Сыдыкбеков).
3. Тийиштүү болуу, карамагына өтүү. Жер кимге карайт?
4. Жашка чыгуу, келүү Касейин.. быйыл жыйырма төрткө карады (Сыдыкбеков).
5. Текшерип көрүү, талкууга алуу, Кечээ Садык жыйналыш чакырып, Татыбектин маселесин караган (Байтемиров).
¨Жеркароок.жер. Көңүлгөкароожекөңүлүнкароо — ою менен болуу, көңүлү менен болуу. Көзүнкароо — бирөөнүн колун кароо; бирөөнүн бийлигинде болуу, баш ийүү Жалтак болот эр жигит, Өз колунда жок болуп, Бирөөнүн көзүн караса (Осмонкул).
кара (өң) кара аксак (ылаң) кара ала кара аламан кара алтын кара аш (этн.) кара барпы кара басуу кара баш кара баштуу кара башы кара башыл кара бет кара беттик кара боз кара боор (зоол.) кара бороң эт кара бороон кара борчо кара буулантма (а. ч.) кара буура (суу бөгө- гүч) кара буурул кара бүргөн (бот.) кара далы кара дары кара долу кара дөң кара жаак кара жаактык кара жал кара жама кара жамынуу кара жан кара жаны кара жарма кара желин кара жемсөө кара жер кара жин кара жол кара жолтой кара жолтойлук кара жоо кара жумуш кара жүрөк кара жүрөктүк кара жыгач кара инген кара иңир кара иш кара кагаз кара каз (зоол.) кара казан кара каптал кара карга кара каш (куш) кара кашка (карагашка эмес) кара кер (карагер эмес) кара кесек кара килең кара кол кара кой кара коо кара кочкул кара көбөлөк (миф.) кара көз кара көк кара көңүл кара көө (бүркүт түрү) кара көсөө (илдет) кара кулак кара кулак шер кара кунас кара курт кара куурай кара куурдак кара кучкач (канаттуу) кара күрөң кара күрүч (гречиха) кара күч кара күчкө кара кызыл кара кыргыз кара кыяк (бот.) кара мал кара моюн (бот.) кара мурч кара мүртөз кара мүртөздүк кара ниет кара ниеттик кара нөшөр кара ой кара өзөк кара өзгөй кара өпкө (вет.) кара өрүк (бот.) кара сакал кара сан (вет.) кара сана- кара санатай кара санатайлык кара саноо кара саноочулук кара сойлок кара солок кара сөз кара сулу кара сур кара суу кара суук кара так кара тал кара талаада калуу кара таман (эск.) кара тамга кара таш кара тер кара терек кара тил кара тоо кара топурак кара тору кара төбөл (сын а.) кара төш таркылдак кара туз кара тумоо (оору) кара тут- кара үй кара чаар кара чай кара чач кара чыйырчык кара чымын кара шакылдак кара шыбак кара эгин кара эт кара эттүү (мал)
КАРА — элдик оозеки чыгармаларда, эпостордо эпитет жана символдук маааниде колдонулат. Кара кан, Кара дөө, Кара жер, Кара кабылан, Алп кара куш өңдүү энчилүү аттардын тутумунда келген К. сөзү өң-түскө байланыштуу эмес, күчтүү, өтө зор, опсуз айбаттуу, алп, каардуу, тайманбас, эр жүрөк же анын тескерисинче терс кыял, кырс, орой, ой-санаасы арам, мүнөзү жаман деген мааниде айтылган. Мисалы, «Кара оозуңа кан толгур, Кандай неме айтты экен» (Саякбай Каралаев, 1. 138). Этноним сөздөр менен бирге келгенде өтө көп, сан жеткис, эсепсиз, опсуз көп, быкылдаган, бүткүл деген мааниде айтылган: «Ойроттон чыккан жол менен, Орчун кара кол менен». К. тирек, жөлөк, таяныч, медер тутуу символу катары келет: «Кабар уккан сөзүмдөн, Жакшы келдиң кандарым Кара учканда көзүмдө» (Сагымбай Орозбаков, 2. 77). К. эпосто тарыхый термин иретинде калайык, эл, будун, кул, күң сыяктуу сөздөр менен тутумдашып келип (кара калайык, кара калың эл, кара будун, кара күн, кара кул) элдин төмөнкү катмарын билдирет. К. элдин же адам башына түшкөн катаал кезең, азап-муң, оор турмуш же коомдогу алааматты билгизген: «Кара түшүп башына, Качкан кыргыз мындан көп». К. эпосто бодо мал деген мааниде да айтылат: «Канды булоон болушуп, Кара малдан союшуп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 216).
С. Сыдыков
КАРААТ — Чынкожонун укмуштуу канаттуу аты. Саякбай Каралаевдин варианты нда төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чынкожонун Кара аты
Кара атынын бар экен,
Капталында канаты.
Ажайыптан дуба окуп,
Уча жүргөн адаты.
Кыйын зээрчи жадыгөй,
Кылганы ушул Кожонун —
Астында бедөө
Кара аты Кара жанга күч келсе,
Кармашкан жоону көргөндө
Калкылдап учаар адаты (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 134).
Канаттуу К. а. минип, асмандап учуп урушкан Чынкожо Семетейлерге үстөмдүк кылат. Качан гана Күлчоро канатка атканда К. а. жерге түшүп өлүп, Чынкожо жеңилет, к. Канаттуу аттар.
А. Жайнакова
Азыркы кыргыз тилиндеги көр жана кара этиштери бирдей эле маани берет. Ошондой болсо да болор-болбос айырмасы бардыгы байкалат. Көр этиши «бир жолу гана көз чаптырып өтүү» дегенге жакын маани берсе, кара сөзү «бир нече ирет көз жүгүртүү, байкоо» дегенге жакын маани берет. Мисалга «Мен жоголгон атты көрдүм» менен «Мен жоголгон атты карадым» дегенди алалы. Көрдүм сөзү катышкан учурда сүйлөөчү аны кайсы бир жерден бир жолу көзүнө учуратканын айтса, карадым сөзү катышканында болсо жоголгон атты табуу үчүн көп убакыт бою бир топ жерлерге көз чаптырганы айтылат. Мына ушуга карап кара этишинин аягындагы -а – мүчө, ал көп кайталанган кыймыл-аракетти билдирет дешке болот. Ал эми кар уңгусу көр этишинин бир варианты болуп эсептелет. Болжолу, маанилериндеги өзгөчөлүктү дааналаш үчүн алардын тыбыштарын өзгөртүп жиберүү аркылуу формасы боюнча да айырмаланып тургандай кылуу талабы боюнча ушундайча иштелген.
1. Абдан каардуу, кишиге тайманбай кол салма, коркунучтуу (жырткычтарга карата). Кара ооз аюуга катылса, чайнап салат («Ала-Тоо»). 2. Тили суук, албуут, ажаан. Кандай кара ооз неме эле, жаагын басып койсоңорчу. Ак кемпир жалакор, кара ооз катындын сөзүн кулагына илген жок (Укаев).
1. Ири мал, бодо мал (майда жандыктардан башка мал). Байгенин артын айталы: Тогуз кара, токсон кой («Манас»). Он карадан, бир кара кесими бар дечү эле (Токтогул). Азыр деле анча кедей эмесмин, Жүздөй жандык, ондон артык кара бар (Токомбаев). 2. диал. Уй (бул кара мал болуп да айтыла берет).
Кыйынчылык учурда, башына иш түшкөндө таяныч кылар, бел тутар жөлөк, тирек. Аттанып жоого чыкканда, Ала-Тоодой карасы («Семетей»). Жабдык салып ат минип, Жака салып тон кийип, Жанымда болгон карам жок («Манас»). 2. Көзгө элестелген, көрүнгөн караан, сөлөкөт, элес. Байгеге жакын барганда, Карасы жакын калганда (Тоголок Молдо). Беш жыл бою тентип кеттим дайынсыз, Сагындың го бир көрө албай карамды (Турусбеков).
1. Көмүргө, көөгө окшогон түс, өң. Кара жоолук. Кара көйнөк. Кара козу. 2. Ушул түстүн башка өң менен аралашкан, кошулган түрүн атоо үчүн колдонулат. Кара кочкул. Кара сур. Кара күрөң. Кара ала. Кара көк. Кара чаар. 3. Жалаң, башка эч нерсе аралашпаган, катышпаган, карандай. Кара кесек. Кара жарма. Кара суук. Кара шамал. 4. өт. Жазуу. Кара тааныбаган адам. 5. Адаты, ой-санаасы, адамга кылган мамилеси ж. б. жагынан терс мүнөздө экендигин көрсөтүүдө колдонулат. Кара көңүл. Кара ниет. Кара санатай. Кара бет. Ичи кара адам. Бирөөгө кара саноо. Пейли кара уулума бере албаймын атымды («Курманбек»). Кара жүрөк Канчоро, Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). 6. Өлүмгө байланыштуу түшүнүктөрдү атоодо колдонулат. Караны башка салынып, Карагымдын түшөт мээнети («Эл адабияты»). Кара аш. Кара тутуу. 7. Айыбы, күнөөсү бар, ак эмес. Азыркы заманда бирөөнү ак жеринен кара деп айта турган ким экен? («Ала-Тоо»). Карага иши айланды, Кастыгы жок кармады («Семетей»). 8. Кары жок, кар жатпай, карарып турган абал. Алайда быйылкыдай жер кара болчу эмес эле («Ала-Тоо»). Жер карада мал колду карабай, жайыттан оттойт («Ала-Тоо»). 9. Башкалардан өзгөчөлөнбөгөн, даражасы, мансабы жогору деп таанылбаган, жөнөкөй, карапайым кара калк. Кара дыйкан. Кара букара. 10. Эл, көпчүлүк масса. Калың кара жедигер Калбай кел деп чакырды («Сейтек»). 11. Кулдарды, күңдөрдү же башка бейбечараларды кемсинтүү, «кем» деп баалоо маанисинде айтылган эпитет. Кара кулдан тогузду, Кара күңдөн тогузду, Байгесине сайыптыр («Манас»).
1. Бирөөнү же бир нерсени көрүү үчүн көз жүгүртүү, көз салуу, көрүү сезими аркылуу байкап чыгуу. Адыл ордунан турду да, отургандарга кыдырата карады (Сыдыкбеков). Элик эдиреңдеп жүгүрүп келип, маңдай жагыбызга тура калды да, эки жагын карады («Ала-Тоо»). || Белгилүү бир тарапты, багытты карай баш буруу, багытталуу. Башы ылдый, аягы асманды карап калганын көрчү («Чалкан»). Терезелери батышты караган чатырлуу тамдан түтүн бурулдайт («Ала-Тоо»). 2. Кандайдыр бир ишти, маселени талкууга алуу, текшерүү жүргүзүү. Кечке Садык правления чакырып, Татыбектин маселесин караган (Байтемиров). 3. Малдын куутун билдирүү үчүн колдонулат. Айгыр бээни карады. 4. Белгилүү бир убакыттын, мезгилдин өтүшү же бирөөнүн канчага келгенин, канча жашка чыкканын ж. б. билдирүү үчүн колдонулат. Биздин үй-жайлуу болгонубуз качан, мына быйыл он жылга карап калды («Ала-Тоо»). Үчүнчү мартка караган түнү болгон окуя («Чалкан»). Касейин быйыл жыйырма төрткө карады (Сыдыкбеков). 5. Карамагына өтүү, тийиштүү болуу. Бул жайыт жерлер көптөн бери биздин колхозго карайт эмеспи, андыктан башка жактан келгендерди кондурбай, коруй турган акыбыз бар («Ала-Тоо»). 6. Көңүл буруу, көз салуу, кам көрүү, каралашуу, асыроо. Үй-жайына, бала-чакасына карабай бет алды кете берген ким бар, биз да алардын камын жеп жүрөбүз («Ала-Тоо»). Ышкынаалыны аялы карабайт, карабаган сайын эри буулугуп баратат (Бейтемиров). Тууганына карабаган жигитпи?! («Ала-Тоо»). Ата-энесине карай турган адам сендей болобу? («Чалкан»). 7. Сарп кылууну, коротууну же кандайдыр бир керекке жаратууну каалабоо, аёо, сараңдык кылуу. Акчага карап отуруп куру калдыкпы, ала турган малды баасы келгенде алып коюш керек эле («Ала-Тоо»). 8. Тамак-аштан алгыла, жегиле деп сунуш кылуу, өтүнүү маанисинде айтылат. Курбум, чайга кара! – деди Иса чай сунуп жатып (Сасыкбаев). Кана, Чүкө, нанга караңыз (Баялинов). 9. Кандайдыр бир ишке, окуяга таң калуу, өкүнүү же аны мактоо, кубаттоо маанисинде айтылат. Эртеден бери алам деп отуруп, кетеримде унутуп калганымды кара («Ала-Тоо»). Кубалап жетпей калганымды кара («Чалкан»). Э-эй, тетиги аюунун карагайга чыгып баратканын кара («Жаш ленинчи»). Ишибиз оңдой берди болуп, бүгүн күн ачылып кеткенин кара («Ала-Тоо»).
1. кароол менен бирдей. Караалга алуу. Боз дөңгүлдүн ары жакта, Караал дөбө көрүнөт («Эр Төштүк»). 2. карал менен бирдей. Ошону караал тутат (Байтемиров).
1. Жөнөкөй эл, карапайым букара эл, көпчүлүк. Кара аламан бары өлдү («Семетей» С. К.). Кара аламан калганы («Манас» С. О.). 2. Көпчүлүк катышкан чаң-тополон, будун-чаң. Кара аламан чабуулда Кайсы экени билинбей («Эр Табылды»). Наркы күңгөйгө чыгышса, быяктагыдан өткөн кара аламан (Бейшеналиев).
Чаң-тополоң, будун-чаң. Кара аламан чабуулда, Кайсы экени билинбей («Эр Табылды»), Наркы күңгөйгө чыгышса, бияктагыдан өткөн кара аламан (Бейшеналиев).
КАРА-АЛМА — топоним. Шоорук кан Алайда жаткан окчу кыргыз уруусун чаап алганда Манас кол курап, элге кабар жибергенде кыргыздар жашаган жер катары эскерилет: Кара-Кулжа тарынан, Көкүрөк, Көгарт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен, Калба деп кыргыз элинен (Сагымбай Орозбаков, 2. 206). Географиялык реалияда Көгарт алабындагы өзөн, өрөөн.
1. неясные очертания, контуры (виднеющегося вдали предмета); силуэт; эрбейген караан көрүнөт (вдали) что-то (маленькое) шевелится; бириндеген караандар көрүно баштады начали показываться едва заметные одиночные силуэты; караанын көрүп завидев его силуэт; карааны көрүнбөй кетти он исчез бесследно; караанын үзүп скрывшись из виду; караан-бараан признак чего-л., что-либо виднеющееся; эч кандай караан-бараан көрүнбөдү никаких признаков чего-л. не было видно; 2. величина, количество; алардын карааны эки жүздөн артык на взгляд их было более двухсот; 3. перен. опора, защита, покровительство; сизди караан кылып келдим или сизди караандай келдим я пришёл искать у вас защиты; аз гана кыргыз элиңе, эми, качан караан болосуң? фольк. когда же ты станешь опорой своему малому киргизскому народу? калыстыктын өзү болбосо да, карааны турсун если уж нет настоящей объективности, то был бы хоть намёк на неё; караанын көргөзбөй качып жүрөт удирает, и близко не подпуская к себе; его с собаками не разыщешь.
зат.1. Нерсенин алыстан көрүнгөн сөлөкөтү. Чаргынды караанынан эле тааныды (Сыдыкбеков). Эки караан жакындап келе жатат (Жантөшев).
2. Бир нерсенин көрүнүш көлөмү, канчалык экендиги. Алардын карааны эки жүздөн артык.
3. өт. Медер, жөлөк, бел, таянч, тирек, жардамчы. Каргадай жалгыз иниңдин Караан болгун жанына («Эр Табылды»). Кырк миң колго барабар Кырк жигит менин карааным («Курманбек»).
1. Нерсенин алыстан көрүнгөн элеси, сөлөкөтү. Караанын көрүп айылдын, Суусунан өттүм Нарындын (Казыбек). Кечирээк токой четинен караан көрдүм («Ала-Тоо»). Жалгыз караан өзүнчө кыңылдап ырдап, орто көчөдө келе жатты (Убукеев). Айланада эч кандай караан же табыш билинбейт (Жантөшев). Каухарым-ай, кайдан кезиктиң, Карааның кайберендей кайып болуп (Гапаров). Айтматовдун алп карааны көрүнөт, Сөздөрүнөн Шоола шаңы төгүлөт (Акматалиев). 2. Бир нерсенин сыртынан, алыстан байкалган жалпы көлөмү, көрүнүш абалы, канча экендиги. Суук көзгө карааны, Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Удургуган көп караан, Оттоп жүргөн мал бекен? («Курманбек»). Дүмүрөйгөн көп караан, Токойбу десем, эл экен («Манас»). 3. өт. Бел кылар таяныч, жөлөк, медер, тирек. Кырк миң колго барабар, Кырк жигит менин карааным («Курманбек»). Мага караан эле болуп бер (Бейшеналиев). Айчүрөктүн баласы, Эгерде эркек уул болсо, Караан кылып алалык («Сейтек»).
заметить очертания; подойти на такое расстояние к предмету, чтобы были видны его очертания; артымдан караандай эле жүрүп отурду он ехал сзади на некотором расстоянии от меня; деги караандабайт и близко не подходит.
1. Карааны көрүнөрлүк, көзгө илешерлик абалда болуу, ошончолук деңгээлде жакындап баруу. Калмактардын артынан Кетип барат караандап («Эр Табылды»). Сен учканда карап туш-туш, Санаа жетпей, Шамал жетпей, караандабай шумкар куш (Осмонов). 2. Айрым белгилери боюнча окшош, түспөлдөш келүү, жакындашуу, туура келүү. Биздин мектептин имараты силердин мектепке караандабайт экен да («Жаш ленинчи»). 3. Караан тутуу, баш калкалоо. Суукка үшүп уча албай, Караандап торгой келди эми («Олжобай менен Кишимжан»). Келатыпсың, кулунум? Эр Манасты караандап («Эр Табылды»).
понуд. откараанда- дать возможность приблизиться к себе; подпустить к себе на такое расстояние, чтоб стать хотя бы чуть видным; караандатпай идя далеко впереди; үч жолу байгеге түштү, үчөөндө тең караандатпай чыгып келди (этот конь) трижды участвовал в скачках и во всех трёх был далеко впереди; чабышта жыйырма аттан караандатпай чыгып келген на скачках он шёл далеко впереди двадцати коней; орокчуларга караандатпайт он идёт далеко впереди (других) жнецов (т.е. жнёт быстрее всех).
караандаш I заметный, видный; мен да караандаш болчу жан элем фольк. я тоже был заметным человеком. караандаш- II взаимн. откараанда- быть близко друг к другу; экөөңүн арыз-муңуң меникине караандашпайт ваша печаль (букв. печаль вас двоих) ничто по сравнению с моей (букв. и близко не подходит к моей).
1. Бирине бири көрүнгөндөй, караандары жакын аралыкта. Алар бири-бирине караандаш бастырып келатышты («Ала-Тоо»). 2. Өз ара жакындыгы, окшоштугу бар, бири-бирине барабарлаш, тең чамалуу. Кайсы жагынан алса да силер менен биз караандаш эле болуп жүрбөйбүзбү? («Ала-Тоо»). 3. караанда этишинин кош мамилеси. Бул айткандарың чындыкка караандашпайт.
1. Дайыны жок, дайынсыз, дарексиз, белгисиз. 2. Карааны көзгө илешпес узакта, ыраакта, алыс. Ат караансыз келе жатат. 3. Караша турган, бел кылар, таянар адамы жок. Жетим калып караансыз өскөн бала.
к. КАРА ТУТУУ
Силерди киши деп, караан тутуп, ишенип жүргөн мен акмак (Медетов). Күйөөсү үйүнө келе калса, эмнегедир аны караан тутуп, ага жан тартчу болду (Медетов).
Алыстоо, жок болуп кетүү, көрүнбөй калуу. Караанын үзүп кеткиче, Карап турат Табылды («Эр Табылды»). Келгенде Алмаң жакындап, Караанын үзүп аларга, Жөнөй берди закымдап («Манас»).
КАРА АТ — Калкамандын аты. Алмамбеттин келишине арналган тойдогу ат чабышта «Жакын жерден чабылып, Жазылбай калып канаты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 341) он биринчи болуп келет. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде К. а. онунчу келип, Калкаман тагдырына буюрган Ташбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 423). Көкөтөйдүн ашында Аккуланы байгеге кошуп жиберген Манас Коңурбай менен сайышка К. а-ты минип, Алмамбеттин Сараласын жайдак коштоп чыгат. Сайыш көпкө созулуп, К. а. алсырап калгганда Манас Саралага жайдак ыргып минип, Коңурбайды сайып түшүрөт (Саякбай Каралаев, 2. 60—63). Бул окуя К. а-тын эпостук башкы каарманга тете келбеген чамалуу эле тулпар экенинен кабар берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да сайышка түшөрдө К. а-ты Кошой тандаганы айтылат, бирок Манас Алымсарыктын Жармаңдайын жактырып минип чыгат (Сагымбай Орозбаков, 3. 242 — 252).
КАРА АШ — өлгөн адамды жайына коюп келгенден кийин чогулган элге берилүүчү тамак. Адатта К. а-ка бодо мал, жылкы жана майда жандыктар да союлат:
Токсонго чыгып мен өлбөй,
Тоодоюм Манас сен көмбөй,
Алдыңкы жолду чаңдатып
Кылым журтту айдатып
Кара ашыма тойбодуң (Саякбай Каралаев, 2. 246).
Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Көкөтөйдүн К. а-ы берилгендиги баяндалат, к. Аш.
1. карабаир (помесь кровной лошади с простой; лошадь не чистопородная, но выносливая); карабайыр жылкы жок, казанат бүткүл минилген фольк. карабаиров нет, все кони, на которых они сели, породистые; 2. (о ловчей птице) простой (не очень ценный, напр. балабан).
1. Таза кандуу жылкы менен жөнөкөй жылкыдан туулган тукум. Кара байыр тобурчак, Как соорусу бир кучак («Манас» С. О.). 2. Күлүктүн бир түрү. Кара байыр казанат, Калбыр өпкө, жез билек («Манас»).
КАРА-БАЛТА — топоним. Эпосто кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүүчү жер тандаган учурда эскерилет: «Кара-Балта ашамын, Кайыңдыны басамын» (Радлов жазып алган вариант, 146). Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосундагы ашуу, анын түндүк капталындагы өзөн, өрөөн.
1. миф. Азыткы күч, жин-шайтан басып, эстен тандыруу, эс-акылынан ажыроо, адашуу. Анын төрөтү кыйын, дайыма төрөгөн сайын кара басат («Советтик Кыргызстан»). Катынын кара баскандай, Айкырыкты салды Карагул («Сейтек»). Кыйкырыгы баш жарып, катынын кара баскансып, куугуну жаңы качкансып (фольк.). Канды кара басканда, Калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып, мен эмне үчүн ушундай ишке бардым экен («Ала-Тоо»). 2. Кырсык басуу. Канды кара басканда калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саринжи-Бөкөй»). Кара басып, кайдан гана бардык экен (Бердикеев).
1. Көзү бозоруу, эс-учунан тануу. Анын төрөтүү кыйын, дайыма төрөгөн сайын кара басат («Советтик Кыргызстан»). Катынын кара баскандай, Айкырыкты салды Карагул («Сейтек»). Кыйкырыгы баш жарып, катынын кара баскансып, куугуну жаңы качкансып (фольк.). 2. Кырсык басуу. Канды кара басканда калыстыктан адашат (Жантешев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саринжи-Бөкөй»), Кара басып, кайдан гана бардык экен (Бердикеев).
Өз керт башы, жеке өзү. Сүйүнчүгө эрмегим, Кара башым ал деди («Эр Табылды»). Жан соогалап комуз чертип берип зорго кара башы кутулду (Бейшеналиев). В.: Коколой башы. Тазабек коколой башы жүргөн молдокенин сазайын окутуп коюсу ыктымал (Сыдыкбеков). Кара жаны. Өздөрүнүн кара жанын ала качышты (Саатов).
Адам, адамдын өзү. Мен азыр кара башыл киши издеп чыктым (Сыдыкбеков). Кара башыл адамдан байге сайышы да ыктымал (Жантөшев). Кара башыл кишини, Байгеге саяр ою бар («Манас»).
Киши экендигин (адамдык касиетин) өзгөчө белгилөөчү эпитет катарында колдонулат. Мал турмак, кара башыл кишибизден айрылып кала жаздабадыкпы? («Ала-Тоо»). Мен азыр кара башыл киши издеп чыктым (Сыдыкбеков). Кара башыл адамдан байге сайышы да ыктымал (Жантөшев). Кара башыл кишини, Байгеге саяр ою бар («Манас»).
Кырсык, жамандык башкага эмес өзүңө тийсин, керт башыңа болсун деген мааниде колдонулат. Калп айтышса, алардын кара баштарына көрүнсүн («Ала-Тоо»). В.: Кара башыңа көрүнгүр! Андай кара башыңа көрүнгүр, төрөлөр күнү асман жарылып кетчүдөй күркүрөйт имиш (Осмоналиев).
КАРАБЕК — эпизоддук кейипкер. Манас Кортукту өлтүрүп, калмактар кун кубалап Жакыптын жылкысын тийип, элин чаап алмак болгондо Жакып казак бийи К-ке да кабар жөнөтүп, К-тин Айдаркан, Күнөс балбандар менен чогуу келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 146, 218).
1. Шерменде, маскара, жүзү кара (жазалоонун эски салтынан пайда болгон сөз. Кылмышкердин бетине көө сүйкөлүп, эл алдында маскараланган). Кара бет болуп кантип барам? (Абдукаимов). 2. Эри өлгөн аял, куда түшкөн күйөөсү өлгөн кыз (күтүүнүн белгиси катары бетти тытуудан беттин карттанып карарышы, таалайсыз болуунун белгиси). Карабеттин таалайга, Жазып койгон эри экен («Манас» С. К.). Кара бет болдуң, эриңди жалмадың (Жантөшев). Кара жолтой, кара бет болдуң, эшиктен үйгө башың кире электе эриңди жалмадың (Жантөшев). Анда ата-энеси кара бет болуп, өзү тозокто жалбырттайт да (Осмоналиев).
к. БЕТИ КАРА
Кара жолтой, кара бет болдуң, .. эшиктен үйгө кире электе эриңди жалмадың (Жантөшев). Мени гана чанат ээ, томаяктын кызы. Кергиле кара бетти (Сыдыкбеков).
Уят болуу, маскара болуу, шермендеси чыгуу. Кара бет болуп кантип барам? (Абдукаимов). Кара жолтой, кара бет болдуң, эшиктен үйгө башын, кире электе эриңди жалмадын, (Жантешев). Анда ата-энеси кара бет болуп, өзү тозокто жалбырттайт да (Осмоналиев).
КАРАБОЗ — эпизоддук кейипкер, шибээ элинин баатыры. Бакайдын Кардыгач тууралуу айткан баянында Кардыгачтын кытайлар менен болгон согушка катышкандыгы айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 262).
КАРАБОЗ — Атайдын байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы жар тандоо ат чабышында он үчүнчү болуп келет Сагымбай Орозбаков, 2. 424).
1. Бөлөк өсүп, өзүнүн тууган-туушкандарына кайдыгер болуп калган. Жаман чапан кийгиздим, Катыгып адам болсун деп, Кара боор жүргүздүм (фольк.).-Аялыңда кеп жок, кеп кара боор жолдоштордо (Алышбаев) Бир көргөн киши жеткен түнт, кишиге ымаласы жок, кара боор дегидей (Алышбаев). 2. Таш боор, ырайымсыз, боору таш, адамкерчилиги жок. Адамдын тагдырын кандай кара боор акчага сатат («Ленинчил жаш»). Артынан бала ээрчибеген кара боор как баштан опо таппайсың (Укаев). Чыныкан өзүнүн кара боор, катуулугуна ушул айткануу сөздөрүнө өкүнгөн жок (Абдукаимов). З. Кедей, колунда жок, жарды. Кара боор адамдын кызы ыпча жакта жүргөнү жакшы (Сыдыкбеков). Ага кара боор журт илгеритенбагынган(Сыдыкбеков).
1. Тез учуучу боору кара илбээсин куш. Кара боор, кекилик, Кача албай жүрөт бекинип (Тоголок Молдо). 2. Кара ниет. Кара боор залимден, Кантип алам кегимди (Токтогул).
1. Бөлөк өсүп, өзүнүн тууган-туушкандарына кайдыгер болуп калган. Жаман чапан кийгиздим, Катыгып адам болсун деп, Кара боор жүргүздүм (фольк.). – Аялыңда кеп жок, кеп кара боор жолдоштордо (Алышбаев). Бир көргөн киши жеткен түнт, кишиге ымаласы жок, кара боор дегидей (Алышбаев). 2. Таш боор, ырайымсыз, боору таш, адамкерчилиги жок. Адамдын тагдырын кандай кара боор акчага сатат («Ленинчил жаш»). Артынан бала ээрчибеген кара боор как баштан опо таппайсың (Укаев). Чыныкан өзүнүн кара боор, катуулугуна ушул баштан уу сөздөрүнө өкүнгөн жок (Абдукаимов). 3. Кедей, колунда жок, жарды. Кара боор адамдын кызы ыпча жакта жүргөнү жакшы (Сыдыкбеков). Ага кара боор журт илгеритен багынган (Сыдыкбеков).
КАРАБӨРК — каарман, Манастын биринчи аялы, Кайып даңдын кызы. Аскери жеңилип, атасы колго түшүп калганда жаа аткыч мерген кыз К. жанындагы кырк кызды баштап согушуп, Бакайды жарадар кылып, кыргыз колун бир топ зыянга учуратат. К-түн мүнөзүндө эл-жерине болгон сүйүү, ошондой эле, кан кызына таандык текебердик, баатырга таандык көктүк, кыз балага ылайык адептүүлүк бар. Атасын өлдү деп ойлогон К. Манас өзүн жактырарын билсе да ага жар болгусу келбейт. Атасынын тирүү экенин билгенден кийин гана Манаска тийүүгө макул болот. Кайып даң чоң той жасап, кызын Манаска берет. К. Бакайды жарадар кылганы үчүн уялып, ага көрүнбөй качат, кезигип калганда жүгүнүп таазим кылат. Айтуучу жүгүнүү салты ушундан калган деп баяндайт. Манаска чыккандан баштап К. бир жактуу аракетсиз каарманга айланат. Кийинки эпизоддордо Манастын аялы экендиги гана айтылат жана Манастын кийинки аялдарына болгон күнүлүгү көрсөтүлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 10—11, 342). Саякбай Каралаевдин варианты нда Кайып кан кызы делет (Саякбай Каралаев, 2. 42).
А. Жайнакова
Кара букаралар, карапайым эл. Кара будуңдардын башы көбөйүп, дүнүйөң мол болуп, казынаңда сансыз байлык жыйылып калса да көөп кетпей, чөптөн жапыз, суудан тайыз болуп жүрүү керектигин эсиңден чыгарба (Субанбеков).
КАРА-БУЛАК — топоним. Кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо К.-Б-тын белинен бейшекел, коңур эли менен беттешип жеңип чыгышат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 225-б.). Аталган топоним Кичи-Кемин аймагында окшойт. Буга мындагы Бейшеке, Коңур, К-Б. өңдүү жер-суу аттарынын кезигиши далил боло алат.
Чоң башатты, тогонду, арыкты байлоонун ыкмасы. Жүргүн Керимбек, тигил чогойно-куурайлардан кара буура кылып келбесек, мунуң байлана турган жоо болбой калды (Абакиров).
КАРА-БУУРА — топоним. Манастын эли такай мекендеген жерлердин бири. Эпосто: «Кара-Буура, Чаткалда, Кайкалап кыргыз жатканда» (Саякбай Каралаев, 1. 172),— деп сүрөттөлөт. Бул К.-Б. Таластын сол алабындагы суу жана аймак. Азыркы кезде Бакай-Ата жана К.-Б. райондорун ажыратып турган өзөн. Анын боюнда К.-Б., Бейшеке, Тамчы-Булак жана башкалар кыштактар жайгашкан. Талас менен Чаткалды байланыштыруучу жол ушул К.-Б. аркылуу өтөт.
зат. 1.Кербен. Жарак-жабдык жүктөлгөн караванды эртең таң сүрө тосуп алгыла (Жантөшев).
2.Ээрчишип жүрүүчү соода кемелери. Үстүндө бир канча алп кубаттуу кемелердин каравандары тынымсыз чубашып жүрөт (Убукеев).
м. 1. (обоз) кербен; караван верблюдов жүк артылган төөлөр кербени; 2. (ряд судов) ээрчишкен кемелер; 3. перен. кырка тартып, чубаган нерсе (мис. турнанын учушу).
1. ель; еловый лес; бай карагай большая развесистая ель; кызыл карагай сосна; Сибирдин кызыл карагайлары сибирские сосны; 2. (в языке старшего поколения) горный лес (в отличие от токой; см.); карагай башы разг. лесник (лесной сторож); сым карагай уст. телеграфный столб; сым карагай жолу уст. телеграфная линия; тилим шыдыр, түздүгү сым карагай жолундай стих. (поэт о себе) язык мой гладок, его стройность подобна телеграфной линии.
зат. Дайыма көгөрүп туруучу ийне жалбырактуу жыгач. Карагай, кайың, арча, шилбилери Көйкөлүп өнүп турган бак эмеспи (Шүкүрбеков).
¨ Байкарагай— бутактуу чоң карагай. Бай карагай балаты, Тамыры менен суурулуп («Семетей»). Карагай башы — токойчу, токой сакчысы (көбүнчө карагайлуу токойго карата). Сымкарагай — электр жана телефондун сымдары керилген устун, багана. Термелтип поезд жүрдү арыш салып, Саналып сым карагай жатты калып (Турусбеков).
Карагай сөзүн кара+гай бөлүктөрүнөн турат деп эсептесек, -гай мүчөсү ыргай деген сөздө да бар деп билебиз. Торгой, чакчыгай сыяктуу канаттуулардын аттарынын аягында да жогорку эле -гай мүчөсү бар дешке болот. Анткени моңголчо шаазгай сөзү кыргызча сагызган, моңголчо халхай сөзү кыргызча чалканга туура келет. Кыргызча сөз аягында келген н тыбышы моңголчо й тыбышына алмашкан. Ушундай алмашуу алгачкы караган сөзүндө да болгон деп эсептесек, азыркы карагай сөзү экөө тектеш болуп чыгат. Кыргыз тилиндеги караган деген бадал өсүмдүгү өңү-түсүнүн каралыгынан ошондой аталса, карагай сөзү болсо байыркы түркчө кара «бийик» сөзүнөн келип чыккан. Карагай менен караганды чаташтырбоо үчүн караган деген алгачкы омонимдин биринин аягындагы н тыбышын й тыбышына алмаштыруу аркылуу экөө эки башка формага келип калган.
Тоолуу беттерде өсүп, дайыма көгөрүп туруучу ийне жалбырактуу жыгач, токой өсүмдүгү. Карагай кыюу. Карагай даярдоо. Айланасы карагай, адам айран калгандай (Тоголок Молдо).
Алтыгана бадалы өзүнүн алтын сыяктанган түсүнө карата аталган сыяктуу эле караган бадалы да сабагынын сырткы түрүнө жараша аталган. Чындыгында эле анын сырты кара болот. Кара сөзүнө өсүмдүктөрдүн атында көп учуроочу -ган мүчөсү уланган. Мисалы: бүлдүркөн, балдыркан, көбүргөн, бүргөн ж. б.
Эки нерсени бири-бирине салыштырууда, ички бөтөнчөлүктөрүн айырып айтууда же биринен кийин экинчи бир натыйжа тууларын көрсөтүүдө колдонулат. Жылдызканга караганда Уркуя тың (Байтемиров). Радионун кабарына караганда келе жаткан жума жаан-чачындуу болот экен (Каимов). Аяк ташташына караганда бул тың жылкы көрүнөт («Ала-Тоо»).
общее название некоторых диких ягод; чыны карагат или карагат чёрная смородина; карагат көз перен. глаза как смородина; чёрные глаза; черноглазая; кызыл карагат красная смородина; бөрү карагат барбарис (ягода); катын карагат сев. название несъедобной дикой ягоды; элди карагаттай сыгып выжимая из народа все соки, безжалостно эксплуатируя народ.
зат. Кычкыл же кычкылыраак таттуу даамы бар жемиш берүүчү бадал өсүмдүгү. Кара карагат. Кызыл карагат. ¨ Бөрүкарагат — сары жыгачтын ашы. Чыныкарагат — кара, кызыл карагаттар (бөрү карагаттан башкасы).
1. Кычкыл же кычкылыраак таттуу даамы бар мөмө берүүчү бадал өсүмдүгү. Кызыл карагат. Кара карагат. 2. Ушул бадалдын кара, кызыл түстөгү майда тоголок жемиши. Бул жолду нечен жолу басып, шактарга асылып, карагат терип жеген элем («Жаш ленинчи»).
КАРАГЕР — Түлөөнүн байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда өткөрүлгөн ат чабышта К. отуз бешинчи келип, Түлөө тагдырына буюрган Калемкашка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 426).
КАРАГУЛ — каарман. Коңурбайдын жылкычы башчысы. Ашынган айлакер, жеткен куу, кыйын сынчы К-дун жылкычыга башчы болгондон тышкары негизги милдети душмандан шек-шыба болсо Коңурбайга дароо кабар жеткирүү (жоокерчилик доордо жоолашуу адатта жылкы тийүүдөн башталган). Жиберген баатыр-балбандары Манасты кармап келмек түгүл колунун баарын кырдырып келгенде кароол коюп Эсенкан Манастын келер жолун тосоттогондо да К-дун аткара турган иши белгиленет: «Катаалдын уулу Карагул, Кара саат мына бул, Кайгуулга чыгаар ал болуп» (Саякбай Каралаев, 1. 165). «Карагул деген аяр бар, Кандай да болсо келет деп, Калкына кабар салгандыр» (Сагымбай Орозбаков, 4. 260),— дейт чалгында жүргөн Алмамбет жанындагы Сыргакка.
Кытайча кийинип турса да чалгында жүргөн Алмамбет менен Сыргакты көргөндө эле кексе К. алардын жоо экенин сезет, Алмамбетке жакындабай алыстан сүйлөшөт, кабар жеткирмекчи болуп, Торайгырын зыргытып жөнөп берет. Алмамбеттен найза жеп жарадар болгон К. Каспаңдын суусунан кечип баратып, атынан шыпырылып калат. Ээси жок келген Торайгырды көргөн Коңурбай жоо келгенин билет (Сагымбай Орозбаков, 4. 278 — 292). Атасынын кунун кууп Семетейдин акыры бир келерин билген Коңурбай жылкысын көргөнү келгенинде К-га «Жылкыны жакшы багыңар, Чалгынды мыктап чалыңар. Кокустан, мага жоо келсе Тезирээк кабар салыңар?!» (Курама варианты, «Семетей», 253),— деп бекеринен эскертпейт.
Жол чалып кайтмакчы болгон Семетей К-дун жаман түш көрөсүң деп от жаккан баланы кыйнап өлтүргөнүн көрүп, каарданган боюнча жанындагылардын баарын жайлап, К-дун сакалын такыр жулуп салат. Чуут К. адатынча ак көңүл Семетейди арыдан-бери алдап, атаңдын бир тууганы Жоодар баатырмын деп ишендирет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 63). Алгара деп Семетейди баспаган атка мингизип, өзү Алгараны минип алат да, Коңурбайдын жылкысын тийип алып кетип бараткан Семетейди суудан кечеринде укурук менен башка чабат. Семетейди акмалап жүргөн Тайбуурул куйругун тосо берип ээсин суудан чыгарат. Тайбуурулду минген Семетей К-ду кууп жетип, Алгараны куйруктан алып токтотмок болгондо, куйругу түбүнөн жулунуп калат. К. «Сакалы жок мултуюп, Алгара куйругу жок чултуюп», Коңурбайга барат (Курама варианты, «Семетей», 253—257). Коңурбайдын Таласка жасаган жортуулунда К. Канчоро колдуу өлүм болот.
А. Жайнакова
зат. Каралдым, медерим, чырагым деген мааниде көбүнчө балдарга карата эркелетүү, жакшы көргөндүгүн билдирүү иретинде айтылуучу сөз. Эсенсиңби, карагым, Сөзүн ук эшен бабаңдын (Токтогул).
Баласы менен тең чамалуу же өзүнөн көп кичүү адамдарга эркелетүү, жалбаруу иретинде кайрылуу формасы. Амансыңбы, карагым, Азыраак айткан кебиңе, Алсырап кетип барамын (Токтогул).
Кароого адам даай алгыс; кебетеси, көрүнүшү начар, адам бет бага алгыдай эмес. Ажал десем адамдай, Айланып адам карагыс, Айбаты бороон шамалдай («Манас»). Бети-башың ботала, кебетең адам карагыс болуптур («Чалкан»).
Турмушка чыгар маалынан өтүп калган, жашы өтүп кеткен кыз. Бир эсептен сиздики туура, минтип кара далы болуп калдым (Тойбаев). Кара далы бойдон калсам да, сүйүүсуз турмуш курбайм (Борбиев). Же кара далы болуп отура бересиңби? (Борбиев).
Турмушка чыгар маалынан өтүп калган, жашы өтүп кеткен кыз. Алда качан кара далы болуп калса да, чыдап жүргөн кыйын кыз экен (Байтемиров). Мен эсептесем, кызың кара далы болуп кетти,– деди Адыке (Сыдыкбеков). Бир эсептен сиздики туура, минтип кара далы болуп калдым (Тойбаев). Кара далы бойдон калсам да, сүйүүсүз турмуш курбайм (Борбиев). Же кара далы болуп отура бересиңби? (Борбиев).
КАРА-ДЕҢИЗ — топоним. Каныкей Тайторуну чапканда ат айдоочу Эшенчалга күлүктөрдү К. -Д -ден коё берүүнү тапшырат. Эпосто К.-Д. «Чып этип ууртар суусу жок, чымчып жээр чөбү жок, Боз мунарык, күйгөн кум» — нечен чөлдөрдүн, ашып өткүс адыр, белдердин эң наркы жагындгы жер катары сүрөттөлүп, тулпарларды алыскы жолго чабуу аркылуу,
Тайторунун чыныгы талыбас күлүктүгү көрсөтүлөт. Географиялык реалияда К. -Д. Европа менен Азиянын ортосундагы деңиз.
КАРА ДИН — исламдан башка дин. «Манас» эпосунда Кытайдан качып келип мусулман болгон Алмамбетке карата айтылат: «Кара динден ак болуп, Капырдан качып жат болуп». Бул араб тилинин «гайридин» деген сөзүнөн өздөштүрүлгөн: «гайри» — «башка, бөлөк» деген мааниде, к. Кайырдин.
Мусулман көз карашында ислам дининен башка диндин баары бузулган, булганган дин. 2. өт. Дини кара, ниети бузук, жамандык каалоочу. Кара диндүү капырга («Семетей» С. К.). Кара динден ак болуп, Калмактан качып жат болуп («Манас»).
КАРА-ДӨБӨ — топоним. Күлчоро, Каныкейлер Таласка келгенде, «Бере, Кара-Дөбө кайкаңча Берендер ордо аткан жер» (Курама варианты, «Сейтек», 165) экендиги эскерилет. Жердин рельефине байланыштуу географиялык реалияда Кыргызстандагы көптөгөн топонимдер ушундай аталат.
КАРАДӨӨ — «Сейтектеги» көрүнүктүү каармандардын бири, Кутубийдин баласы. Атасы Кутубий Манаска кандай ак кызмат өтөсө, баласы К. да Манастын урпактарына ошондой эле адал кызмат кылат. Айчүрөктү олжолоп алганда Кыяс чоң той берип, ошол тойдо «Атасы шайдоот кыраакы, Артык балбан мураапы» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 958-инв., 1099-б.) К. «эгер жеңсем Айчүрөк жеңем эркек төрөп, душмандан өч алабыз, жеңилсем кыз төрөгөнү, анда тирүү жүрбөй өлгөнүм оң», — деп төлгө кылып эр сайышка түшөт. Ошондон баштап К. Сейтектин чоңоюшун тилеп, эл керегине жарай турган күнгө күтүнүп жүрөт. Барбаган жери калбай жер кезип жүрүп дарыгер Момунжанды таап келип, Күлчоронун айыгышына да К. себепчи болот. Кайып болуп кеткен Семетейдин элге кайрылып келишинде да К. көп күч жумшайт. Кыяс өлгөндөн кийин жедигерге кан болуп калган К. коркунучтуу жоонун алдынан тосо чыгып, Желмогуз уулу Сарыбай менен кармашта курман болот.
1. Чечен, сезмер, жаагын жанып мыкты ырдаган текме акын. Кара жаак, жез таңдай, Кайраным, Током, аманбы? (Токтогул). Кара жаак, жез таңдай, Ырчы-чечен аралаш, Баары келсин тоюна («Манас»). Экинчиси –Чүйдөгү кара жаак Калмурза, ал шордуу кошоматчылыгынан тапты (Бейшеналиев). 2. Тилдүү, ооздуу, шакылдаган, сүйлөөк, тажаал. Тил-ооздуу какшанган бир кара жаакка жолуксам кантет элем (Саатов). Ушундай кара жаак катын болот экен ээ? (Бердикеев). Саат баскырдын үйүнө барбаганда бул кара жаак катынга кабылбай калат белем? (Бердикеев).
1. Чечен, сөзмөр, жаагын жанып мыкты ырдаган төкмө акын. Кара жаак, жез таңдай, Кайраным, Током, аманбы? (Токтогул). Кара жаак, жез таңдай, Ырчы чечен аралаш, Баары келсин тоюна («Манас»). Экинчиси – Чүйдөгү кара жаак Калмурза, ал шордуу кошоматчылыгынан тапты (Бейшеналиев). Кара жаак эр Үрбү («Манас» С. О.). 2. Тилдүү, ооздуу, шакылдаган, сүйлөөк, тажаал. Мен эле жандан чыккан кара жаак бекемин («Чалкан»). Тил-ооздуу какшанган бир кара жаакка жолуксам кантет элем (Саатов). Ушундай кара жаак катын болот экен ээ? (Бердикеев). Саат баскырдын үйүнө барбаганда бул кара жаак катынга кабылбай калат белем? (Бердикеев).
Бардык күч-кубатын, мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай, тынымсыз катуу иштөө. Кара жанды карч урган Жаркынбай там-таштуу, мал-жандуу, очор-бачар (Бейшеналиев). Мен биякта кара жанды карч уруп, ага акча жөнөтүп турсам (Бердикеев). Жөндөн жөн эле далбастап, кара жанды карчуруп кыйнала бергиле (Медетов). Ошого бир шыпаа болор бекен деп кара жанды карч уруп жүрүп, мобу оокатты тапты эле (Саатов). Кара жанды карч уруп канча күйбөгүн, өгөйдөн убай буйурбайт (Айтматов).
Бардык күч-кубатын, мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай, тынымсыз катуу иштөө. Кара жанды карч урган Жаркынбай там-таштуу, мал-жандуу, очор-бачар (Бейшеналиев). Кара жанды карч урдук, Атбашы, Нарын бооруна (Казыбек). Мен биякта кара жанды карч уруп ага акча жөнөтүп турсам (Бердикеев). Жөндөн жөн эле далбастап, кара жанды карч уруп кыйнала бергиле (Медетов). Ошого бир шыпаа болор бекен деп кара жанды карч уруп жүрүп, мобу оокатты таптым эле (Саатов). В.: Жанды карч уруу. Жанды карч уруп иштедик («Ала-Тоо»). Жанды карч уруп окуп, акылды байытуу керек (Бейшеналиев). Кара жанын карч уруу. Сүрөтчүлөргө дайыма иш табылат, ар бир мекемеде, ишканада жумуш чыгат, Асек кара жанын карч урду (Борбиев). Куу турмуштун айынан жердин жети түбүнөн ооп келип, кара жанын карч уруп иштеген колу жөндүү адамдар (Бейшеналиев).
к. КАРА ЖАНДЫ КАРЧ УРУУ
Сүрөтчүлөргө дайыма иш табылат, ар бир мекемеде, ишканада жумуш чыгат. Асек кара жанын карч урду (Борбиев). Куу турмуштун айынан жердин жети түбүнөн ооп келип, кара жанын карч уруп иштеген колу жөндүү адамдар (Бейшеналиев).
ар. 1. расход; жол каражат путевые расходы; 2. в разн. знач. средство; каражаттар средства; көркөм каражаттар художественные средства; турмушка керектүү болгон каражат средства к жизни; өндүрүш каражаттары эк. средства производства.
зат. 1. Жумшала турган акча, байлык. Кыргыз элинин фольклорун жыйноо үчүн совет өкмөтү эчен каражаттар берген (Бөкөнбаев).
2. Кандайдыр бир иштерди иштөөгө, иш жүзүнө ашырууга арналып жасалган предметтердин, куралдардын ж. б. жалпы жыйындысы, аталышы. Өндүрүш каражаттары. Байланыш каражаттары. Транспорт каражаттары.
1. Белгилүү бир максат үчүн сарп кылынуучу, төлөнүүчү, жумшалуучу акча же мал-мүлк, байлык. Аны Асылкан эжем менен өзүң акылдаш, ал эми каражат болсо табылат (Жантөшев). Рудольфтун каражаты такыр түгөндү (Баялинов). Төлөйүн десем, ага жетерлик каражатым жок (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир ишти жүргүзүү, ишке ашыруу үчүн керек болгон ар кандай нерселердин жалпы жыйындысы, жалпы аталышы. Өндүрүш каражаттары. Транспорт каражаттары. Кошумча каражат. 3. Тилдин сөз байлыгы. Көркөм сөз каражаты.
Сүтү аз, желининде сүтү болбогон, сүтү аз чыккан деген мааниде колдонулат. Эчкиче опо бербеген, Кара желин уйлардан, Каймак сүтүн алышат (Токомбаев). Кара желин картаң кой, Каруусуз козу бага албайт (Осмонкул).
Жегич-ичкич, алдым-жуттум, паракор. Баягы кара жемсөөлөр дагы мыкаачылыгын карматкан экен ээ! («Ала-Тоо»). Токтогул өз очогуна күл тартма, кара жемсөө, зордукчул, ырайымсыз болуш-бийлерди ачык сынакка сала баштады (Касымбеков). - Залим, кара жемсөө деп, жаңы эле бий Атпайга, болуш Атпайга кинээ айтып, күнөө коюп журөсүң (Касымбеков).
Жегич-ичкич, алдым-жуттум, паракор. Кара жемсөө ит эле, Калкка колун салат деп («Эр Табылды»). Кара жемсөө калкка зыян келтирет (Сыдыкбеков). Баягы кара жемсөөлөр дагы мыкаачылыгын карматкан экен ээ! («Ала-Тоо»). Токтогул өз очогуна күлтартма, кара жемсөө, зордукчул, ырайымсыз болуш-бийлерди ачык сынакка сала баштады (Касымбеков). – Залим, кара жемсөө деп, жаңы эле бий атпайга, болуш атпайга кинээ айтып, күнөө коюп жүрөсүң (Касымбеков).
Жемелөө, тилдөө иретинде колдонулат. – О, катының менен кара жерге кир, – деп жекирген Карасакал, анын сөзүн бөлүп кетти (Абдыраманов). Алдырар күнү жаздырар... мен кара жерге кирейин (Тойбаев).
Катуу кыйкыруу, өкүрүп-бакыруу. Калың эл өлүктү коюп кайтканда, жалпы өкүрүк кара жерди жарып кете жаздап, анан айылды бүт тымтырс каптады (Эшмамбетов).
Катуу кыйкыруу, өкүрүп-бакыруу. Калың эл, эл укту коюп кайтканда, жалпы өкүрүк кара жерди жарып кете жаздап, анан айылды бүт тым-тырс каптады (Эшмамбетов).
1. Абдан сүйүнүү, катуу толкундануу, кубанычы койнуна батпоо. Төбөм көккө жетип, кара жер тардык кылып, кайда батарымды билбей турганымды көр! (Эшмамбетов). 2. Айласы кетүү, эмне кыларын билбөө (көбүнчө уят болгон учурга карата колдонулат).
1. Абдан сүйүнүү, катуу толкундануу, кубанычы койнуна батпоо. Төбөм көккө жетип, кара жер тардык кылып, кайда батарымды билбей турганымды көр (Эшмамбетов). 2. Айласы кетүү, эмне кыларын билбөө (көбүнчө уят болгон учурга карата колдонулат).
1. Буркан-шаркан түшүп катуу ачуулануу, каарын төгүү. Айласы кеткен жаш акын эми кара жини кармаган адамга долуланып өзү мыкты деп түшүнгөн ырларын үстөккө-босток окуп кирди («Кыргызстан маданияты»). Ошондон улам ыза болгон байкуш апамдын кара жини кармай кетти окшойт (Акматов). 2. Көңүлү караруу, ниети бузулуу. Кара жини кармаса жооп да бербейт.
Буркан-шаркан түшүп катуу ачуулануу, каарын төгүү. Айласы кеткен жаш акын эми кара жини кармаган адамга долуланып өзү мыкты деп түшүнгөн ырларын үстөккө- босток окуп кирди («Кыргызстан маданияты»). Ошондон улам ыза болгон байкуш апамдын кара жини кармай кетти окшойт (Акматов).
КАРАЖОЙ — кытайдын кыйын мергени, Кожожаштын атасы. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын Нескара, Жолой менен болгон Алтайдагы экинчи урушунда:
Ал Каражой баатырың
Бет алганы кетпеген,
Огу сая өтпөгөн
Оңой эмес чоң мерген (Саякбай Каралаев, 1. 156).
К. Манастын жоого минип жүргөн алгачкы аты Торучаарды атып өлтүрөт. Чоң казатта Сыргактан найза жеп, жөө калган К-ду Жесе деген балбаны атка мингизип кеткенче Алмамбет жетип башын кесип кетет (Саякбай Каралаев, 2. 190).
КАРАЖОЙ — эпизоддук кейипкер, калмактын түндүкчүсү. Манас туулганда берилген тойдогу ат чабышка кошуп ийген кунаны сай тулпарды артка таштап, байгелүү орунга ээ болот (Сагымбай Орозбаков, 1. 100).
КАРАЖОЙ — топоним. Нескара менен Манастын урушун баяндаган окуяга катышкан калмактардын Даң-даң аттуу балбанынын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 201).
Жамандыкты, кырсыкты кошо ала келе турган, жолу катуу. Кара жолтой балаңды, Канча жыл башта туубадың (Казыбек). Каалабасаң кара жолтой немени талкалап сал (Медетов). Кара жолтой болдуң, эриңди жалмадың (Жантөшев). Маа калганда Чүрөктүн Орою суук кеби бар, Кара жолтой шуркуя сала турган чени бар («Сейтек»).
Жамандыкты, кырсыкты кошо ала келе турган, жолу катуу. Каалабасаң кара жолтой немени талкалап сал (Медетов). Кара жолтой болдуң, эриңди жалмадың (Жантөшев). Маа калганда Чүрөктүн Орою суук кеби бар, Кара жолтой шуркуя сала турган чени бар («Сейтек»).
Жолу катуулук, жамандыкты, кырсыкты, бактысыздыкты алып келе тургандык. Кара жолтойлуктан качан болсо жамандыкты ээрчите келесиң (Баялинов). Кожоюндарым бул кырсыкты менин кара жолтойлугуман болгондой көрүшөт (Элебаев).
Жолу катуулук, жамандыкты, кырсыкты, бактысыздыкты алып келе тургандык. Кара жолтойлуктан качан болсо жамандыкты ээрчите келесиң (Баялинов). Кожоюндарым бул кырсыкты менин кара жолтойлугуман болгондой көрүшөт (Элебаев).
Ниети бузук, кара санатай, оң санабаган, кара ниет. Кара жүрөк-залимдер, Кайыштай кести демимди (Токтогул). Кара жүрөк Канчоро, Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). Ошондо жылкы адамдын канаты болуп турганда чыгыштан селт этпес, кара жүрөк кан ичээр кол башчылар чыгат (Осмоналиев).
Ниети бузук, кара санатай, оң санабаган, кара ниет. Кара жүрөк Канчоро, Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). Кара жүрөк-залимдер кайыштай кести демимди (Токтогул). Ошондо жылкы адамдын канаты болуп турганда чыгыштан селт этпес, кара жүрөк кан ичээр кол башчылар чыгат (Осмоналиев). В.: Кара көңүл. Кара көңүл адамдан, Бөлө жүр дайым чегиңди (Жантөшев). Кара көңүл Канчоро, Байгамбардай Бакайга каарын төгүп кордуктап («Сейтек»). Кара ниет. Адам бактысын байлаган кара ниет тажаалдар чыккан (Жантөшев). Алар кара ниет эмеспи? (Медетов).
карай I южн. то же, чтокара I 1; карай көз чёрный глаз; черноглазая, черноокая, черноглазый, черноокий; карай көз деп, көп ырлап, дувана болдум быйыл жыл фольк. воспевая черноокую, в этом году стал я помешанным; карайлар чэчиң жарашкан фольк. хороши твои чёрные волосы; карай куш то же, чтокара куш (см.куш I 3). карай- II то же, чтокарар- II 1, 2; дини карайып алыптыр его всё раздражает, он на всё и на всех фыркает; его ничем не убедишь; көөнү карайды у него в мыслях дурное; жаны карайды см.жан II; каш карайганда см.каш I.
Iжанд. Көздөй, карата. Колду баштап, Мендирман жоону карай жөнөдү (Жантөшев).
КАРАЙIIэтиш.1. Кара болуу, кара түскө айлануу, караруу. Жаткан жеринин кары эрип, Карайып, кургап да калат (Шүкүрбеков).
2. Кара болуп көрүнүү, карарып дүмпүйүп, калың болуп көрүнүү. Карайган дарак чарбагым, Карааның көрбөй зарылдым (Токтогул).
3. өт. Абдан ачуусу келүү, кыжыры кайноо. Карайды жаныч ушундай, Каныма тоюп жутса да (Токтогул).
¨ Кашкараюу— күүгүм кирип, көз байлануу, караңгы түшүү. Каш карайгыча [Бектендикинен] эл аягы үзүлгөн жок (Байтемиров). Өзөгүкараюу — абдан ачка болуу, кургагы ачуу.
1. Караруу, кара түскө айлануу. Жер бети карайып, ак кар, көк муздан арылган кез («Ала-Тоо»). Карайган калың булуттар ары-бери сүрүлүп отуруп, көлдүн үстүндө самсаалап турган кезде, биз чатырларды көздөй дыр коюп жөнөдүк («Ала-Тоо»). 2. Калың, жыш болгон нерселер алыстан түнөрүңкү тартып, карарып көрүндү. Маңдайынан көрүндү, Карарган шаардын барааны («Курманбек»). Карайган дарак чарбагым, Карааның көрбөй зарладым (Токтогул). Алыстагы карайган чоң караанды көздөй түз жылып отурдук (Баялинов). 3. өт. Аябай ачуусу келүү, кыжыры кайноо, түнөрүү. Атаңдын мүнөзүн билесиң го, бир карайганына экинчи агарбайт (Каимов). Карайды жаным ушундай, Каныма тоюп жутса да (Токтогул). 4. диал. Кара. Карай көз. Карай куш.
Көздөй, карата. Калмакты карай түз барып, Кан төгүшүп чуу салып («Курманбек»). Дасторкондой жайылган узун шоссе жол менен батышка карай чимирилип бир машина келе жатат (Баялинов).
этиш. 1.Көзү көрбөй, бүдөмүктөп калуу. Кан агып суудай шарылдап, Карайлап көзү тунарды (Бөкөнбаев). Карайлап көзүм тунарат, Караңгы түн баскандай (Бөкөнбаев).
2. Эмне кыларын билбей кайсалоо, айласы кетүү. Баш буруп басалбай, карга камалган малдар катуу карайлады (Убукеев).
1. двигаться или действоэать ощупью, шарить впотьмах; карайлаган там сүзөт погов. ощупью идущий стену бодает; 2. перен. быть в сильном горе и растерянности (гл. обр. о человеке, потерявшем единственного ребёнка).
1. Көзү жакшы көрбөй бүдөмүктөп калуу. Жалгыз көзүң карайлап, Жардан учуп өлөсүң (Токтогул). Карайлап кара көз көрбөй, Кайырсыз катаал түн беле? (Абдыраманов). 2. өт. Эмне кыларын билбей кайсалоо, карбаластай берүү, айласы кетүү. Каныш байкуштун, күнү карайлады го (Сыдыкбеков). Кайда барарын, кимден сураарын билбей, карайлап турбайбы (Байтемиров). Баш буруп баса албай, карга камалган малдар катуу карайлады (Убукеев). Калчаса тагдыр кайратым кетип карайлап, Кайгырып келип, кубанып чыгам үйүңдөн! (Бегимкулова).
понуд. откарайла-; калган элин кубалап, карайлатып, жөөлөтөм фольк. остальных (букв. остальной народ его) я буду преследовать, поставлю в безвыходное положение, оставлю пешими (см.жөөлөт-); аны карайлатып талаага айдап жиберген он его выгнал на все четыре стороны в жалком состоянии; кудай карайлаткыр! чтоб тебе ослепнуть!
Согушта курман болгондорду билдирүү үчүн жиберилген кабар. Касымдын кара кагазы жарым ай мурун колхозго келген экен (Айтматов). Балдарынан кара кагаз алгандан кийин таенем алма багына карабай, айыл арасына көчүп барды («Советтик Кыргызстан»). Кырк үчүнчү жылы күйөөсүнөн кара кагаз алган (Мырзаев). Жакында эле кара кагаз алып, күйөөсүнөн айрылып (Айтматов).
сүйл. Согушта курман болгондорду кабарлоо, угузуу үчүн жиберилген билдирүү кагазы. Касымдын кара кагазы жарым ай мурун колхозго келген экен (Айтматов). Балдарынан кара кагаз алгандан кийин таенем алма багына карабай айыл арасына көчүп барды («Советтик Кыргызстан»). Кырк үчүнчү жылы күйөөсүнөн кара кагаз алган (Мырзаев).
КАРАКАЛПАК — этноним. «Манас» эпосунда эскерилген элдин аты Ар кандай эпизоддордо кездешет. Мисалы, Чубактын Бакайга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө мындай деп айтылат:
Ногойдон Манас, нойгут мен,
Ойлонгун Бакай, муну сен!
Кара калпак, думара,
Карап турсаң буларга,
Атабыз бир экен деп,
Ар качандан бир качан
Катарыңдан калбастан
Бу да жүрөт убара (Курама варианты, 2. 240).
Бул саптарга караганда К-тар кыргыздарга тууган эл. Ал эми тарыхый даректерде, кыргыздардын арасында айтылган санжыра боюнча К-тар Адигинеден тарайт. Кээ бир санжырада тескерисинче, К-тардан саяктын ичиндеги каба уруусу чыгат. С. М. Абрамзондун А. Чоробаевден жазып алган маалыматтары боюнча бир кездерде кыргыз жергесинде К-тардын жетекчиси (же уруу башчыларынын бири) Эшмат өлтүрүлгөн. Ушул окуядан кийин К. душмандашып кеткен. Ошондон улам кыргыздардын айрым бир бөлүктөрүндө мындай ылакап сөз калган: «Кара калпак Эшматтын кунундай болду».
Кыргыздар менен К-тардын туугандыгына далил болгон Түш. Кыргызстандан жазып алган санжыралар бар. Мисалы, ал санжыралардын биринде Адигине, Тагайдын түпкү аталарынын бири катары — Ак-Чолпон деген адамдын аты эскерилет. Ал эми К-тардын санжырасында да Есим кандын кызы Ак-Шолпан Муйтен уруусунун негиз салуучусу катары белгилүү.
«Манаста» К-тардын кыргыздарга жакындыгы бозек аттуу уруунун эскертилиши менен бышыкталып турат. Себеби, бозан, бозек формасында К-тардын санжырасында кездешет. Дегинкиси «Манас» эпосунда жана кыргыз санжырасында кезиккен учурлар менен К-тардын санжырасына тиешелүү болгон кыпчак, коңурат, каңгы, катаган, курама, уйгур, түркмөн, мангыт, эштек (өстөк) аттуу уруулардын жалпылыгын белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары эки элге жалпы болгон асан, байбиче, (каракалпакча — байбише), бакы, бешкемпир (бес кемпир), жаман, казак, калмак, кара курсак, кара моюн, кара тай, кызыл аяк, сарт, сары, сегизбек (сегизек), суу мурун, тогузак, тубай жана башкалар майда уруулардын аттары белгилүү.
Ошентип, «Манас» эпосу К-тар жөнүндөгү маалыматтарды тарыхый чындыктын негизинде чагылдырган. Бир кездерде К-тар менен бирге ак калпак кыргыз болуп жашаган. Бул мезгил «Алтын ордонун» убактысына туш келет. Эпостун Орто Азияда калыптанган мезгили болуп эсептелет.
И. Молдобаев
КАРАКАН — каарман. Каныкейдин атасынын ылакап аты. Өңү кара киши болгондуктан К. аталып кеткен. Өзүнүн ысмы Сагымбай Орозбаковдун вариантында Атемир, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Темиркан. Манасчы Жакшылык Сарык уулу Каныкейдин атасы К-ды дүнүйөкор, колу тар адам катары сүрөттөйт. Кызы Каныкей К-дын кара олпогун кадырын салып эки жолу сураса (биринде Манаска, экинчисинде Семетейге деп), урушуп бербей коёт, к. Темиркан.
КАРАКАН — «Манас» эпосунун бардык варианттарында кезигүүчү салттык туруктуу каарман. Айрым манасчылар (Сагымбай Орозбак уулу, Жакшылык Сарык уулу) Манастын түпкү аталарынын бири десе, айрымдары (Саякбай Карала уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Актан Тыныбек уулу) Манастын чоң атасы дейт. Саякбай Каралаевдин варианты нда катылганды жайлап, душманга намыс бербеген баатыр, эл коргогон эр болгондугу жана К. олгөндөн кийин Алооке менен Молто кан кыргызга көп кордук көрсөткөндүгү айтылат (Саякбай Каралаев, 1.27—28, 35, 114). Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында «күчтүү кан», «улуу кан» деген маанидеги титул ат катары кеңири кезигет. Айрым изилдөөчүлөр Манастын чоң атасы (түп атасы) К-дын прототиби катары азыркы Кыргызстандын аймагында 10—12-кылымда өкүмдарлык кылышкан Караханийлер сулалесин карашат.
КАРА-КАШАТ — топоним. Кыястын өлүмү окуясында: «Кара-Кашат тоосуна, Кароол-Таштын боюна, Чыгып Кыяс караса» (Курама варианты, «Сейтек», 122) Тооторуну минип Күлчорого келген Чүрөктүн көрүнгөнү айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстандын аймагында К.-К. аттуу бир нече топоним кездешет.
КАРА КАШКА АРГЫМАК — Каныкейдин кыз кезинде минген аты. Эпосто «Кара кашка аргымак, Кармап оозун бурду эле» (Саякбай Каралаев, 1. 229),— деп эскерилет.
КАРАКЕСЕК — эпизоддук кейипкер, окчу уруусунан. Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке катышат жана Кер-Көлдөгү Орго канды көздөй жөнөгөн аскердин ичиндеги баатырлардын катарында аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 14, 68).
КАРА КИЙҮҮ — аза күтүү салты. Күйөөсү же башка тууганы каза болгон аял кара түстөгү кийим кийип, чачын жайып, башына кара жоолук салынып жүрүшү аза күтүү белгисин билдирет. К. к. көбүн эсе күйөөсү өлгөндөргө карата айтылат. Элдик оозеки чыгармаларга, этнографиялык эски материалдарга караганда илгери кара кийген, өлгөн эринин кебетесин элестеткен сөлөкөт (тул) жасап, ага анын чапанын жаап, баш кийимин үстүнө коюп, көшөгө тартып, аза күтүп ыйлаган. «Манас» эпосунда да кара кийген, каралуу же кара жамынган, тул калган, кара элечек болгон деген сөздөр К. к. менен бирдей маанини билдирет: «Айкөлгө тулду тарттырып, Кыз Сайкал келип түштү дейт, Асемин журттан арттырып, Кара кийип, кан жутуп, Кабыланга аза күттү дейт» (Курама варианты, 1. 303). «Ошондо кайран катын Каныкей, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу Калдайган кара башында» (Курама варианты, 1. 307), к. Тул.
1. Аза күтүү. 2. Күйөөсү өлгөн аялдын кара жоолук салынып, кара кийим кийип аза күтүү. Мен жыйырма тогузумда кара кийингемин (Медетов). Жалгыз бой калган Зейнеп кара кийип бир аз отурган соң, жан багыштын аракетинде баласын колдон жетелеп алып тамчыларга кошулган болчу (Айтматов). 3. өт. Мүшкүл, оор кайгы, оор. Кара кийген тулдарын («Манас» С. О.).
Кара жоолук салынып, кара кийим кийип аза күтүү. Мен жыйырма тогузумда кара кийингемин (Медетов). Жалгыз бой калган Зейнеп кара кийип, бир аз отурган соң, жан багыштын аракетинде баласын колдон жетелеп алып тамчыларга кошулган болчу (Айтматов).
КАРАКОЖО — эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аргын уруусунун билерманы, эл аксакалы. Манастын бала чагын жана анын Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишин баяндаган окуяларда К. казактын чоң урууларынын бири аргындардын башчысы катары уруу аксакалдарынын кеңештерине, ар түрдүү иштерине активдүү катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 104, 164, 232, 250; 2. 14, 23, 25, 39, 68, 94). Манас жолдоштору менен салбырынга баргандагы эпизоддо Калдардын атасы делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 255). Кийин Манастын кырк чоросунун катарында «Аргын Каракожосу, Акылга бирге кошосу» деген туруктуу стилдик форма менен сыпатталган, акылман, чечкиндүү кейипкер катары көрүнөт. Чоң казат мезгилинде, он башы болгон Тазбаймат өз тобундагы Манасты унутуп койгондо, К. душмандын босогосунда турганда он кишини жакшылап көзөмөлдөй албаган мындай башчы шек жок жаза тартыш керек деп чечкиндүүлүк кылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 169 —170). Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Желтаман он бешинчи келген К. тагдырына буюрган Кусабүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 424).
А. Жайнакова
КАРАКОЖО — этноним. Эпос боюнча казак урууларынын бири: «Алчын, Үйшүн, Найман бар, Аргын, Кара кожо бар» (Курама варианты, 1. 69). К. казактардын аргын уруусунун ичине кирген же болбосо аларга жакын уруунун аты. Эпосто К. кээде уруунун, кээде кейипкердин аты катары колдонула берет. Реалдуу турмушта казак, кыргыз жана башкалар элдердин курамындагы уруулардын бири катары адам аттарынан пайда болгонун көрөбүз. Казак окумуштуу лары К. аргындардын урааны катары колдонулганын белгилеп жүрүшөт. Буга караганда К. уруусунун аты адам атынан алынып коюлган жана ал «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган.
КАРАКОЛ — топоним. Манас башта кытай-калмак басып алган ата-журтун бошото баштаганда анын Үрбү, Мунаркан башкарган колу Кочкор өрөөнүн бийлеген калмак Арсы жаң-жуңдун кол башчылары Таргыл жайсаң, Дангабылды жеңген жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 536— 539-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түндүк -батышындагы аймак.
Дүмпүлдөк, кыргыздын улуттук оюндарынын бир түрү (эки жаат болуп бөлүнүп, бир тараптын кароолчудан башкалары ортодо бир нерсе жамынып жатышат, экинчи тарап аларды эшилген жоолук менен уруп качат, кароолчу болгон киши аларды кууп кармайт, кармаган болсо, экинчи тараптагылар ортого келип жатып, биринчи тарап аларды жоолук менен чаап качат). Кыргыздын улуттук оюндарынын бири – кара коюн, аны биз бала кездерде ойночубуз (Сыдыкбеков).
Оор кырсыкка, чоң жоготууга дуушар болуу. Балам өлүп, кара көзүм кашайгандан бери, ошонун досторун эш тутуп жүрөм (Бердикеев). Бизди кудай урду, кара көзүбүз кашайды (Казакбаев). Соо калтырбайт ко, кудурет, кара көзүмдү кашайтып (Бердикеев).
Чоң кырсыкка учуратуу, шорун катыруу, түбүнө жетүү. Ач бел, куу жондо жат көзүнө бир тууган болбосок, катын жандуу сарттар кара көзүбүздү кашайтат (Сыдыкбеков). «Кокууй, кара көзүмдү кашайтып кеткенбии, кокуй?!» деген жаман ою менен ичкери жулунуп кирди (Касымбеков).
Чоң кырсыкка учуратуу, шорун катыруу, түбүнө жетүү. Ач бел, куу жондо жат көзүнө бир тууган болбосок, катын жандуу сарттар кара көзүбүздү кашайтат (Сыдыкбеков). «Коку-уй, кара көзүмдү кашайтып кеткенби-и, кокуй?!» деген жаман ою менен ичкери жулунуп кирди (Касымбеков). В.: Көзүн кашайтуу. Маа караба, балам, кутулуп кеткиле, колго түшсөңөр көзүңөрдү кашайтат (Сыдыкбеков).
1. Айтканынан кайтпаган көк адам (психологиялык өтө чымыркануудан бетти кан тээп чыгып кара көк тартышынан улам айтылган). 2. өт. Беттегенин жеңмейинче тынбаган өтө кайраттуу, баатыр. Шер атанган кара көк («Манас» С. К.). Алп каракуштай кымпыйган, аскар тоодой заңкайган Күйүк Теңгир Кут өлдү, эми жаман уйсундардын таянган тоосу, ишенген кара көктөрү жок деп ойлошконун (Субанбеков).
КАРА-КӨЛ — топоним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жана Радлов жазып алган вариантта кездешкен көл. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн кырк ашында байгеге чабылган аттар айдалып барып, кайра коё берген жердин чеги катары айтылат.
Барганы деңиз Кара-Көл
Мага ишенбей барып көр...
Камышы көп жер экен,
Камышы үйдөн жоон экен,
Кайтарар жери шол экен (Сагымбай Орозбаков, 3. 62—63).
Жүрөгү айланып, өзүн начар сезүү, көңүлү айнып кускусу келүү. Энем эки күндөн бери кара көңүл болуп, эч нерсеге кызыкпайт, көлөкөдөн чыкпайт («Ала-Тоо»).
Жүрөгү айланып, өзүн начар сезүү, көңүлү айнып, кускусу келүү. Энем эки күндөн бери кара көңүл болуп, эч нерсеге кызыкпайт, көлөкөдөн чыкпайт («Ала-Тоо»).
Белгилүү бир ишти, оюнду ж. б. баштоо жагы кимге ыйгарылат дегенди аныкташ үчүн таякты же жипти бир учунан экинчи учуна чейин биринен сала бири кармап чыгуу. Кара көтөн кармашканда мага кара фигуралар, начальникке ак фигуралар тийди («Чалкан»).
«Тоноп алуу, тартып алуу» маанисиндеги каракта сөзү карак+та бөлүктөрүнөн турат. Сөздүн уңгусу карак азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Бирок башкыр, ногой тилдеринде карак сөзү «уруу» маанисинде азыр да колдонулат. Татар тилинде ошол эле сөз «ууру» дегенди билдирсе, караим тилинде «тоноо, талоон» дегенди билдирет (Кар-РПС, 293)- Кыргыз тилиндеги каракта этишиндеги карак сөзү мына ушул караим тилиндегидей маанидеги сөз болгон, ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, каракта сөзү келип чыккан.
Бирөөнүн дүнүйөсүн, кийим-кечесин ж. б. тоноп кетүү, тартып алуу, каракчылык кылуу. Куршаб дарыясынын өйүз-бүйүзүндө карактап кетүү өнөкөтү көп болор эле (Абдукаримов). Жолдон өткөн кишинин, Атын сойгон карактап (Барды).
1. Арстан. Карагай, арча ичинде, Кара кулак шери бар (Токтогул). 2. өт. Баатыр, эр жүрөк. Сынай бил адам уулун, туура баалап, Бул өңдүү чындык сүйгөн эр жигиттен, Заманга кара кулак шер туулат! (Осмонов).
КАРА-КУЛЖА — топоним. Эпосто сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: «Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына» (Сагымбай Орозбаков, 2. 163); «Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй Кара-Кулжа Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кара -Кулжанын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет:
Кароолдуктун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара Кулжадан,
Көбүн атып салыптыр.
Акыр заман журтуна
Кара-Кулжа атагы
Так ошого калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170)...
Капкара болгон Кулжадан
Элүү төртүн атышып...
Баатырлар жолго салыптыр,
Кара-Кулжа атакка
Жер атагы калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).
Географиялык реалияда Кара-Кулжа азыркы Ош облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү.
небрежно, неразборчиво написанная буква, неразборчиво нарисованный значок // Я стоял подле него и смотрел, как он выводил каракули. И. А. Гончаров, «Фрегат «Паллада»», 1855 г. Айрым этимологдордун ою боюнча, бул сөз түрк тилдеринен алынган: кара «чёрный; плохой» кул//кол «почерк». Кол сөзүнүн «почерк» деген мааниси кыргыз тилинде да бар: Кат уулум тарабынан жазылганына көзүм жетти, колунан тааныдым («Алат-Тоо») (КТС 2010:721).
КАРА-КУМ — топоним. Манастын төрөлүшүндөгү жентек тойго келген калмактардын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 76). Жакып элди чогултуп Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндө кеңеш курганда, ар бир элдин көчүп баруучу жеринин орду аныкталганда:
Жетиген жагын карасак,
Жерин өлчөп санасак
Илепси бар Кара-Кум
Күн чыгышы Сары-Арка
Күлдү баары казакта (Сагымбай Орозбаков, 2.15)
делип К. -К-дун аты аталат. Эпостогу эпикалык К. -К. Казакстандын Балкаш тараптагы чөлү менен байланыштуу.
Жөргөмүш түркүмүнө кирген, уусу өтө күчтүү, түсү кара, жонунда бир нече кызыл темгилдери бар, шыбактуу жерде жашоочу курт. Эгин чаап жүргөндө Тойлукени кара курт чагып, эс-учун билбей жыгылган (Айтматов). Кара курту бармактай, Кымыздыгы билектей («Манас»).
КАРА-КУРУМ — топоним. Эпостун сүрөттөөсү боюнча Каар аярдын баласы Култаң баатыр качып, Терс-Маёодогу Текес канга барып К.-К. талаасына Манас көп кол менен келгенин айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 34).
«1. Козуларынан баалуу көрпө алынуучу кылчык жүндүү кой тукуму. 2. Белгилүү тукумдагы койдун (каракүл коюнун) козусунан алынуучу тармал жүндүү баалуу көрпө» (КТС 2010:649). Бул сөз Өзбекстандын Бухара шаарынын жанындагы Кара-Көл оазисинен улам келип чыккан, тактап айтканда, 19-кылымда 3-4 күндүк козу терилерин ушул жерден чыгарып сата башташкандыктан, теринин аты жердин аты менен орус тилинде «каракуль» (Иссык-Куль деген сыяктуу) деп аталып калган. Кыргыз тилине каракүл болуп өткөн. Европага Астрахань шаары аркылуу кеткендиктен, каракүл немис жана француз тилдеринде «астракан» деп аталат.
1. Козуларынан баалуу көрпө алынуучу, кылчык жүндүү кой тукуму. 2. Белгилүү тукумдагы койдун (каракүл коюнун) козусунан алынуучу тармал жүндүү баалуу көрпө.
КАРА-КҮНГӨЙ — топоним. Кытай-калмактар басып алган ата журтун бошотуу үчүн Алтайдан Манас баш болуп аттанып чыккан кыргыздардын Мунаркан баштаган колу Кочкор өрөөнүн башкарган калмак жаң-жуңу Арсы менен беттешип, анын аскерин талкалаган жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 514—520-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы аймак, тоо жана өзөн.
Акыл эмгеги менен эмес, кол күчү менен иштөө жөндөмдүүлүгү. Колу-бутундагы чорлору, кийген кийими анын Маманазардын кара күчүнөн башка эч нерсеси жок экендигин көрсөтүп турат (Жантөшев).
Калп эле, курулай. Кайын атам кара күчкө жайымды сураган болду да чыгып кетти («Ала-Тоо»). Кара күчкө каткырып күлдү («Советтик Кыргызстан»). Мунуушаната-эне уулун кара күчкө кыстап, адабият китептерин күнүгө эки маал окушат («Чалкан»). Ал бир жаман ой ойлоп, кара күчкө күлдү (Абдукаимов).
Калп эле, курулай. Кайын атам кара күчкө жайымды сураган болду да чыгып кетти («Ала-Тоо»). Муну уккан ата-эне уулун кара күчкө кыстап, адабият китептерин күнүгө эки маал окутат («Чалкан»). Ал бир жаман ой ойлоп, кара күчкө күлдү (Абдукаимов).
1. грабитель, разбойник; ууруну каракчы урат погов. вор у вора дубинку украл (букв. вора бьёт грабитель); аба каракчылары воздушные разбойники; 2. то же, что карачкы; таң каракчысы предрассветное время; Жети Каракчы то же, чтоЖети Аркар (см.жети).
зат.1. Талоончу, тоноочу, карактап тартып алуучу. Илгери жети каракчы болгон экен («Жомоктор»). Каракчы болуп мал уурдап, Канча бир жылы жашаган («Эр Табылды»).
2. Эски кийимден, чүпүрөктөн ж. б. жасалган короонун же огороддун четине коркутуу үчүн коюлган сөлөкөт. Ичи жаргак бешманттан Каракчы кылып жасады (Жантөшев).
3. Жаман көргөндө же эркелеткенде айтылуучу сөз. Итирейген каракчы.. дарыядан барып суу алып кел (Турусбеков). — Садагаң болоюн, жаман каракчым (Сыдыкбеков).
4. Кир, булганч, таза эмес, кебете-кешпири кеткен. — Каракчыдай болуп кантип барам (Сыдыкбеков).
1. Талоончу, карактап кетүүчү, каракчылык кылуучу, Каракчылардын колунан эмне келет? (Сасыкбаев). Каракчылар кол салышып, жүгүбүздү талап алышты («Жомоктор»). 2. Эски кийимден, чүпүрөктөрдөн ж. б. жасалып, таранчыдан же башка нерседен эгинди, бакчаны ж. б. коруу максатында сайып коюлган сөлөкөт. Карга, кузгун келбеске, Эт менен тери бар жерге, Каракчы кылып салалы («Эл адабияты»). 3. Кебетеси жаман, булганч, жүдөө кишиге карата же бирөөнү кодулоо, кемсинтүү иретинде айтылат. Селпейген каракчы деп уруп-согуп, Ажаандар айбандарча алды кекти (Турусбеков). Кармалаба, селпейген каракчы (Жантөшев). Каракчыдай болуп кантип барат элем (Сыдыкбеков).
«Киши сөлөкөтүнө окшотуп эски кийим-кечеден жасалып, короонун же огороддун четине орнотулган нерсе» маанисиндеги каракчы сөзү метатезаланып, кээде карачкы болуп да айтылат. Бул сөз карак+чы бөлүктөрүнөн куралган. Анын карак уңгусу – азыркы кароо деген кыймыл атоочтун байыркы кездеги формасын сактаган варианты. Ага кесипти билдирген -чы мүчөсү уланган. Келип чыккан каракчы сөзү «кароочу» маанисин берген.
Каракчы жаман-жуман нерселерден жасалып, коркунучтуу көрүнгөн. Ошондуктан анын алгачкы «кароочу» деген түз мааниси өзгөрүп, «кейпи суук нерсе» деген өтмө мааниси жаралган.
КАРАКЧЫЛЫК – КР кылмыш-жаза укугундагы менчикке каршы кылмыштын бири; уурдоонун эң коркунучтуу зомбулук түрү. К. башка бирөөнүн менчигине ээ болуу максатында, өмүр менен денсоолукка коркунучтуу зордук-зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоно тургандыгы менен коркутуу аркылуу жасалган колсалуу.
Абдан калыс, бардыгына бирдей калыстык кылган, эч кимге жан тартпаган адилет. Кара кылды как жарган, Калыс болчу неме го («Семетей»). Сатаров кара кылды как жарган калыс адам (Байтемиров). Бердиштей кара кылды как жарган калысты кайдан табасыңар? (Ш.Үмөталиев). Кара кылды как жарып акыйкатты туу кармаган бийлер, Аргын менен Тезекбайдын мээнети сиздердин колуңуздарга түштү (Өгөбаев).
Бардыгына бирдей калыстык кылган, эч кимге жан тартпаган. Ушул Алапайдын бир ыгын келтирип бергиле, эмгегиңер эсте. Кара кылды как жарган калыссыңар (Өгөбаев). Бердиштей кара кылды как жарган калысты кайдан табасыңар? (Ш. Үмөталиев). Кара кылды как жарып акыйкатты туу кармаган бийлер, Аргын менен Тезекбайдын мээнети сиздердин колуңуздарга түштү (Өгөбаев).
КАРА-КЫР — топоним. Алоокени жеңип Манасты кан көтөргөндө:
Алтын казган казына
Кенимди кошо берейин
Чай алуучу Кара-Кыр
Жеримди кошо берейин (Саякбай Каралаев, 1. 211),— деп айтылат.
КАРА-КЫРЧЫН — топоним. Кытайлар менен болгон экинчи урушта атынан жана кырк жолдошунан ажырап жоонун курчоосунда жөө калган Манасты көп колу менен келген Кошой куткарат. Ошондо өз жерине кайткан жоокерлердин жолунун сүрөттөлүшүндө: «Кайра тартып Алтайдан, Кара-Кырчын, Тал-Мазар Бойлоп көп кол конду эле» (Саякбай Каралаев, 1. 161),— деп айтылат.
КАРА КЫТАЙ — этноним. «Манас» эпосунда кыргыздардын кытай деген этноним менен аталган эпикалык башкы душманы. «Кыргыз элинин бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып сүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя 10-кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн Кара-Кытайлардын (алардын дагы бир аты — кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет... Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын «кара кытай», «кытай» деп аталышы, тилде да «кара кытайдай каптап» деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес» — деп Б. М. Юнусалиев көрсөтсө, Б. Жамгырчинов да «Манас» эпосунун алгачкы тарыхый негизи К. к-лардын чабуулдарына каршы күрөшү мезгилинде пайда болгондугун белгилейт. Орхон-Эне-Сай жазууларында К. к. түрктөрдүн чыгышында жайгашкан күчтүү душманы катары бир нече ирет эскерилген. Ал кытай жазмаларында 8-кылымдан тартып белгилүү. К. к-лар алгач Манжуриянын түштүгүн мекендеген эл. Мусулман жазууларында К. к. жалпы эле кытай деген түшүнүктө колдонулган. 10-кылымдын башында 916-ж. ченде (тунгус, кээ бир булактарда моңгол тилинде сүйлөгөн эл К. к-лар Тынч океандан тартып, түндүгү Байкөл (Байкал), түштүк - батышы Тянь-Шанга чейинки аралыкты ээлеген күчтүү империяны түзгөн. В. В. Бартольд менен А. Г. Малявкиндин маалыматгары боюнча К. к. сулалесинин борбору Түндүк Кытайда болуп, ал Ляо (Кытай жазмаларында) деп аталган. Сулалени негиздеген Абаоцзи (Ила-Абула) 840-ж. эне-сайлык кыргыздардын карамагында болгон Түн. Моңголияны басып алып, Ордо Балыкты талкалап, бийлигин чыгыш Түркстанга чейин кеңейтет. Орхондогу Билге канга арнап тургузулган эстеликти бузуп, өзүн даңазалаган жазууну чегүүгө буйрук кылат. Кытайда кыйла мезгилге чейин бийлик жүргүзгөндүктөн, кытай маданиятын дээрлик кабыл алат. Түш. Кытайдагы Сун сулалесинен алман алып да турган. 1125-ж. тунгус тилинде сүйлөгөн чжурчжендер Сун сулалеси менен биригип К. к-лардын сулалесин жок кылат. Елюй Да-ши башчылык кылган К. к-лардын тобу Орто Азияны басып кирип, Си Ляо (Батыш Ляо) деген мамлекетин түзөт. К. к. империясынын башында Гуркан аттуу башкаруучусу болгон. Мусулман жазууларында Гуркан « Кандардын каны» деген маанини билгизген. К. к-лар маникей дининде болушкан. К. к-лардын батышка карай келиши эки жол менен өтөт.
К. к-лардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан аркылуу өтөт. Бирок ал Табгач кан Хасандын уулу Кашкарлык Арслан кан Ахмедден сокку жеп, кол башчысы анда өлгөн. Бул согуш 1128-ж. болгон деп болжолдонот. Араб жазуу булактарында мусулман элдеринин ичинен К. к-ларга биринчи болуп Баласагун кан баш ийген деген кабар айтылат. Ибн Ал-Асирунын маалыматында 16 миңден турган К. к-лардын бөлүгү Жети-Сууга Арслан кандын (Сулеймандын) мезгилинде эле келип орношуп, кийин жергиликтүү көчмөн калктар менен сиңишип кеткен. К. к-лар эпосто кыргыз элинин айыгышкан жоосу иретинде сүрөттөлөт:
«Биздин кыргыз аз болот,
Кара кытай, манжу журт
Биздин журтка кас болот» (Саякбай Каралаев, 2. 8).
Тегерегин карабай
Алоокенин Коңурбай
Чымын жанын аябай
Каңгайдын дөөсү өлгөндө
Мен эмне болом — деп,
Кара кытай көп журтум
Кай бетим менен көрөм — деп (Курама варианты, 2. 217).
К. к-лар 10-кылымда Чыгыш Түркстандагы көчмөн калктар сыяктуу эле Чынгыз кандын мамлекетине туруштук бере албай, өзүлөрүнүн мамлекеттик абалынан ажырап, кийин казак, кыргыз элдеринин калыптанууу процессинде аралашып кеткен. Балким, кыргыз элинин уруулук курамында кытай, манжу деген эски аттардын сакталып калышы, ушул тарыхый факты менен да түшүндүрүлүшү мүмкүн.
К. к-лардын «Манас» эпосунда эпикалык душман катарында чагылгандыгына колубузда болгон анын көптөгөн варианттарына караганда 16-кылымдын башында жазылып калган «Мажму ат-таварих» кол жазмасы көбүрөөк ишенимдүү маалыматтарды берет. Кол жазмадагы Манас баатыр жөнүндөгү окуялар менен кыргыз уруулары тууралуу тарыхый-этнографиялык маалыматтар эпостун тарыхый жана анын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоо боюнча маанилүү фактыларды берет. «Мажму ат-таварих» боюнча Манас баатырдын негизги душманы Жолойдун тарабында солон, шибе элдери катышкандыгы айтылат. «Манас» эпосунун кийинки варианттарында да кыргыздын башкы душмандары болгон калмак-кытайлар жаатында солон, шибе деген элдин өкүлдөрү катышат. Демек, солон, шибе деген конкреттүү элдердин ысымдары салттык түрдө сакталып келатышы да бекеринен эмес. Бул элдердин өткөндөгү тарыхы да К. к-лар менен байланышат. Мына ошол «Мажму ат-таварихте» сүрөттөлгөн Жолой менен К. к-лардын башчысы Елюй Да-шини бир адам деп эсептөөгө болот. К. к-лардын негизги бөлүгү (жаңы келишкенде) азыркы Түн. Кыргызстандын аймагына жайгашып калышкан. Алардын калдыгы «кара-кытай», «кытай» деген ат менен кыргыз элине кошулган. Чаткал кыргыздарынын арасында «кара-кытай» уруусунун басымдуу болушу бекеринен эмес, уламыштарга караганда алардын Чаткал өрөөнүндө Күлбөскан деген башкаруучусу болгон экен. Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп турган кезде (9—10-к.) баскынчылык кылган К. к-лардан жапаа тартышы, быты рандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы «Манас» жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн.
Ө. Караев, С. Сыдыков
КАРАКЫШ — топоним. Эпос боюнча кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндөгү кеңешине К-тан да келишет:
Анын арка жагынан
Каракыш шаардын Бурчагы
Каркап кырк миң кол менен
Каптап келди бу дагы (Сагымбай Орозбаков, 2. 30).
Географиялык реалияда Синьцзяндагы Каракаш шаарчасына туура келет.
КАРА-КЫШТАК, Кара-Кишлак — топоним. «Мажму ат-таварих» боюнча К. -К. Манас баатыр мекендеген жер катары айтылат. Калмактар менен кыргыздардын урушунда Манас он үч жеринен катуу жарадар болуп, калмак каны Жолой К.-К-ты талап, Якуб-бекти (Жакып) туткундап кетет. Жолойдун кол алдындагы Тубай деген киши К. -К-ка келип Манасты ууландырат. Тубай дагы Көзкаман сыяктуу калмактан аял алып, алардын динине кирип, кыргыздарга келип чыккынчылык кылат. Тубайдын Манасты ууландырышы, башкы баатырдын өлүп, тирилиши жөнүндөгү окуя К.-К-та өтөт. «Манас» эпосунун негизги варианттарында да К.-К. кыргыздардын байыркы мекендеген жерлеринин бири катары айтылат. Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, азыркы Мерке районунун аймагында жайгашкан өрөөн. Баш жагы кенен, түндүк-батышта Терек суусу кошулгандан кийин, Кара-Дөбөнүн тушунда кууш капчыгайга айланат. К.-К. мал-жанга ыңгайлуу; жайкысын — жайлоо, кышкысын кары аз болгондуктан кыштоо катары пайдаланылат.
К. Сейдакматов
КАРА-КЫЯ — топоним. Туткундардын кайра кошулушу окуясында Күлчоро «Кара-Кыя капчалга Жол салганда бир өлбөй» (Курама варианты, «Сейтек», 66),— деп арман кылат. Географиялык реалияда Кыргызстанда К.-К. сыяктуу тоо беттерин кыялап кесип өткөн чыйыр жолдор өтө көп.
карал I то же, чтокаралды. карал II ар. обещанный срок; каралым үч ай өттү ден фольк. обещанный мною трёхмесячный срок (оказался) мал, прошёл. карал III раб. карал- IV страд. откара- II 1. подвергаться рассмотрению, рассматриваться; эки маселе каралды рассмотрено два вопроса; 2. предусматриваться; мектепти ремонттоого үч миң сом каралган эле на ремонт школы было предусмотрено три тысячи рублей.
Iзат.1. Медер, бел, тирек, таяныч. Карал кылган, Олжобай, Калкыңа кетип сен калсаң («Олжобай менен Кишимжан»). Жанындагы беш жолдош Жанга.. карал эш жолдош («Саринжи — Бөкөй»).
карала I то же, чтокара ала (см.кара I 1). карала- II 1. смотреть, посматривать; 2. заботиться, присматривать за кем-чем-л.; малга каралап, жайлоого көчтүм заботясь о скоте, я откочевал на летовку; жумушка каралап, жакада калдым в заботах о работе (полевой) я остался на равнине (не выехал на джайлау); мага каралап, ал кетпей калды ради меня (заботясь обо мне, ожидая меня) он остался; менин каралай турган кишим человек, который заботится обо мне. карала- III 1. чернить; 2. перен. порочить, обвинять.
Iэтиш. Кароо, күйүү, күтүү, айланчыктоо. Малга каралап, жайлоого көчтү. Мага каралап, ал кетпей калды. [Чүрөк].. баласына каралап.. айылга чейин. келди (Жантөшев).
КАРАЛАIIэтиш.1. Күнөөлөө, жаманатты кылуу. — Белекке байланыштырып Сыдыкты да каралаптыр (Жантөшев).. Кармады мени Керимбай Каршылык менен каралап (Токтогул).
2. Карартуу, карайтуу, чиймелөө, жазуу, кара кылып боёо. Ак кагазды каралап,. Кат билбеген айыбым (Токтогул).
Таштап кете албай айланчыктоо, кармалып калуу, айланышуу. Бээ кулунуна каралап токтой калды («Ала-Тоо»). Жакшы болсо жолдошуң, жаныңдан чыкпай каралайт (Осмонкул). 2. Кароо, кам көрүү, күтүү. Малга каралап мына ушул жайыт жерлерге көчүп келбедикпи («Ала-Тоо»). Үй оокатка каралап, отун-сууга кол тийгизип коёр кимибиз калды? («Чалкан»).
1. Бирөөгө күнөө коюу, жамандоо, кара кылуу, айыптоо. Каралап мени залимдер, Кармалып элден кеткемин (Токтогул). Силерди каралап жатпайбы? (Жантөшев). Актай башын каралап, Айдай бетин жаралап («Саринжи-Бөкөй»). 2. Карага боёо, карартуу, кара кылуу, чиймелөө. Ак кагазды каралап, Кат билбеген айыбым (Токтогул).
то же, чтокара аламан (см.аламан); караламан киши эмес, нускасы турат улуктан фольк. он не простой человек, в нём видна осанка начальника; караламан букара или караламан эл или караламан калк (в эпосе) народные массы, простой люд; караламан черүү (в эпосе) рядовые бойцы (в отличие от предводителей и богатырей); караламан уруш (в эпосе) общая свалка, побоище (не богатырский поединок); катуу чаап салбаңар, караламан урушта кайраттуусун тандаңар фольк. в общей свалке не переусердствуйте, (среди врагов) выбирайте (и убивайте) наиболее сильных.
каралаш I проявляющий заботу, пекущийся о ком-чём-л. каралаш- II взаимн. откарала- II помогать; помогать друг другу; өз балдарыңа каралашасыңар вы поможете своим детям.
Бирөөгө жардамдашуу, жардам берүү, кол кабыш кылуу. Өз эрки өзүндө эмес, Канымбүбү байкуш бөбөктөрүнө канткенде каралашат (Сыдыкбеков). Досумдун бала-чакасына кез-кез каралашкан болом (Жантөшев).
1. близко расположенный, живущий в близком соседстве; алты зубун калмактан, жердеп турган жер бар дейт; так ошого каралдаш кыргыз деген эл бар дейт фольк. говорят, есть место, где обитают шесть калмыцких родов; как раз рядом с ним, говорят, есть народ, называемый киргизами; 2. оказывающие друг другу помощь; 3. близкие друг другу (по качествам, состоянию); байге аты-каралдаш погов. скаковые кони (в общем) одинаковы (о людях или о делах, когда они не очень выделяются и нё очень отстают).
~: жан каралдуу то, что, по поверью, является выкупом за душу, за жизнь; жакшы мал жан каралдуу погов. хороший скот душу спасает (чтобы спасти человека, можно пожертвовать хорошим животным).
опора, надежда (чаще в отношении детей); каралды кылганым - жалгыз бала моя надежда - мой единственный ребёнок; жаныңа каралды кылып ал возьми (его) себе в качестве спутника (на которого можешь положиться); каралды болгун, энеке, мен бир жетим начарга фольк. будь опорой мне, матушка, слабому сироте.
Бел кылар медер, тирек, жөлөк (көбүнчө балага карата айтылат). О кагылайын тентегим, Каралды болчу, Сейтегим («Сейтек»). Каралдым ай, кимге барып зарылдың экен! (Бейшеналиев). Кайдыгер жоого кетирбе Каралдыңдын намысын! («Курманбек»).
Анча кара эмес, карараак, карага жакын. Каралжын тарткан булгаары шапке кийген бирөө эшиктен салам айтып кирди («Ала-Тоо»). Кара алтындан уютма, Каралжын ыраң тон менен («Манас»). Павел Семенов келбеттүү чоң киши чачы каралжын (Жантөшев).
1. Айыптоочу (жоопко тартылган адамдын айыбын мойнуна коюу милдетин аткаруучу). 2. Оң, туура ишти тескери, ак ниет, таза адамдарды кара көрсөткөн адам.
каралуу I носящий траур; каралуу катын вдова (до года после смерти мужа); каралуу көч похоронная процессия (кочевая); жоо аяган - жаралуу, катыны - каралуу погов. кто жалеет врага, тот ранен, а жена его в трауре. каралуу II имеющий крупный скот, обладатель крупного скота; бирин-экин каралуу, бардар адам у него есть несколько голов крупного рогатого скота, человек он зажиточный. каралуу III и. д. откарал- IV; каралуучу маселе вопрос, подлежащий рассмотрению.
Кара кийген, эри өлгөн жесир. Каралуу калган Каныкей, Көрбөгөндү көргөн дейт («Семетей»). Жесир калган каралуу Агача аттуу энеңден («Эр Табылды»). Каралуу башың эр кылгын, Катын башың туу кылгын («Сейтек»).
1. чернота; 2. перен. нечестность; каралык бар го оюңда фольк. у тебя в мыслях нечестность; ты задумал недоброе; айылды алалык бузат, араны каралык бузат погов. аул портят раздоры, отношения портит нечестность; каралыкка салын- предаться скверным, недобрым делам; каракчы болуп, мал уурдап, каралыкка салынып фольк. став грабителем, воруя скот, он предался делам скверным; бети каралык или жүзү каралык гнусность, коварство.
1. Адамга ак санабаган кара ниеттик, арамдык, жамандык, арам ойлуулук. Каракчы болуп мал уурдап, Каралыкка салынып («Эр Табылды»). Айылды алалык бузат, араны каралык бузат (макал). 2. Күнөөлүүлүк, айыптуулук. Каралыгын калыс адамдар текшерип көрөр («Ала-Тоо»).
~: бет карама или жүз карама несамостоятельный, действующий по чужой указке; көз карама зависимый, находящийся в зависимости (от другого); жер карама забитый, запуганный; застенчивый, замкнутый; жеме угуп жүрүп эле, жер карама болуп калыптыр всё время слыша (по своему адресу) брань, он стал запуганным; күн карама 1) подсолнечник; 2) сума перемётная, "и нашим и вашим".
ведение; кимдин карамагында? в чьём ведении?, кому подчиняется? университет агартуу министерствосунун карамагына өттү университет перешёл в ведение министерства просвещения.
КАРАМАК – башкаруу, жетектөө. КР Конституциясындагы КР бийликтеринин үч бутагын бири-биринен ажырата билүү үчүн колдонулган түшүнүк: мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтери.
Кандайдыр бир мекеменин, уюмдун же айрым бирөөнүн өзүнө таандык экендиги, ээлиги, ошого карай тургандыгы. Колхоздун карамагындагы жайыт аймактар. Министрликтин карамагындагы мекемелер. Мал кимдин карамагында болуу керек? («Эркин Тоо»). Булар кимдин карамагына өтмөкчү? («Чалкан»).
1. Бетме-бет, тике маңдай. Карама-каршы жолуга калган шахтёрлор Ашырды ичке үнүнөн тааный калышчу (Сасыкбаев). 2. Бири-бирине туура келбеген, эки башка, бирине бири окшош эмес, кайчы, айырмалуу. Карама-каршы пикирлер. Ар бир кубулуштун өзүнө жараша карама-каршысы бар (Абдукаримов).
этиш. Айланчыктоо, күйүү, күтүү, каралоо. Сен бизге карамалабай кете бер (Абдукаримов). Саандан бошогон бээлер кулундарынын жанынан кеталбай, бир топко чейин карамалап, улам жанына барып жыт берет (Абдукаримов).
Кете албай айланчыктоо, каралап туруп калуу, кармалуу. Саандан бошогон бээлер, кулундарынын жанынан кете албай, бир топко чейин карамалап, улам жанына барып жыт берет (Абдукаримов). Сен бизге карамалабай кете бер (Абдукаримов).
КАРА МАНАС Өзбек ССРинин Бостон районунундагы айыл. Элдик уламыш боюнча бир замандарда бул жерди Манас баатырдын бир жээни бийлеп турган экен. Ал жээни той берип, Манасты чакырбай коёт. Тойго келген кытай-калмактар тике карап каяша айтар баатырлардын жоктугун көрүп, тойдун чаң-тополоңун чыгарышыптыр. Ошондо карыялар, айыл аксакалдары жашыруун кеңешип, Манаска кабар беришет. Баатыр Манас колу менен келатканын кытай-калмактар алыстан көргөндө эле «Кокуй, кара Манас келип калды качкыла!», — деп чуру-чуу түшүп качкан экен. Ошондон улам бул жер К. М. аталып калыптыр.
ни с чем, без ничего (без средств, без крова, в тяжёлом положении и т.п.); караманча кал- остаться без ничего; энем экөөбүз таптакыр караманча калдык мы вдвоём с матерью остались ни с чем; жетим-жесир, эчтемеси жок караманчалар сироты и вдовы, у которых нет ничего; акча жок эле, караманча отуруп калдык денег не было, и мы ничего не могли сделать (купить, поехать и т.п.); жалгыз ую өлуп, караманча отуруп калды у него пала единственная корова, и он остался без ничего; кетер эмес караманча, тигилерди кармаганча стих. он не уйдёт ни с чем, пока вон тех не поймает.
такт. 1.Таптакыр, түк. Үйгө барып келүүдөн Шарип караманча баш тартты (Бейшеналиев).
2. Эч нерсесиз, такыр эч нерсеси жок, так катып. Караманча куру калды.
1. Эч нерсесиз, такыр эчтемеси калбай, так каткан боюнча. Үй жайынан, мал-мүлкүнөн айрылып, караманча калган кедейлер үркүндө катуу азап тартканы эсибизден кете элек («Эркин Тоо»). Ириде жетим-жесир, караманча эчтемеси жокторду эсиңе ал (Жантөшев). Тапкан-ташыганын бүт көтөрүп алып, бизди караманча калтырып кете берген экен да! («Ала-Тоо»). 2. Таптакыр, түк. Мени караманча эчтеме билбеген келесоо деп турасыңбы?! («Чалкан»). Үйгө барып келүүдөн Шарип караманча баш тартты (Бейшеналиев).
КАРАМАР (иранча мар — жылан) — өтө чоң, зор жылан, ажыдаар. Эпосто К. Алооке кандын ажайыпканасын сүрөттөөдө учурайт: «Байкап көргөн кишинин Акылы жобоп, дал кылган, Төө кийиктен төртөө бар, Жыйырма жылан — карамар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 184).
Кимдир бирөөнүн (мис, ата-энесинин, тууганынын) оокатына, турмушуна ж. б. карашып турган, кам көргөн, жардам кылган, күйүмдүү. Энеге карамдуу мындай мыкты кыз болорбу («Ала-Тоо»). Тууганыңа карамдуу болоюн десең, аялың ажылдап балааны кылгыдай. Ошон үчүн туугандар деле таарынганын коюп, кеп-сөз кылбай калышты, досум («Чалкан»).
КАРА МЕРГЕН — эпизоддук кейипкер, мергенчи. Манас боюнда барында жолборстун жүрөгүнө талгак болгон Чыйырдыга Беделбай аттуу жылкычы Каңгайдын К. м-и аткан жолборстун жүрөгүн алып келип берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 69).
Кыялы терс, таш боор, кыянатчыл, адамга жакшылык кылбаган. Киши кара мүртөз, киши ак көңүл – дааналана берет (Осмоналиев). Өзүң деле байкагандырсың, жеткен кырс, кара мүртөз неме (Бердикеев). Мен кара мүртөз, таш боормун (Абдукаимов).
Кыялы терс, таш боор, кыянатчыл, адамга жакшылык кылбаган. Киши кара мүртөз, киши ак көңүл - дааналана берет (Осмоналиев). Өзүң деле байкагандырсың, жеткен кырс, кара мүртөз неме (Бердикеев). Мен кара мүртөз, таш боормун (Абдукаимов).
карамык I 1. куколь (сорная трава); 2. название накожной болезни (при которой всё тело покрывается зудящей сыпью). карамык- II направить свои помыслы на что-л. (гл. обр. на то, чтобы поспать, не замечая всего остального); уйкуга карамыгып отуруп, тамак ичалбай койду он так хотел спать, что не мог есть; уйкуга карамыгып, турбай койду он никак не мог проснуться, не хотел расстаться со сном; уйкусуна карамыгып, бат эле корулдап кетти его одолел сон и он быстро захрапел.
Уйкуга берилүү, уйкусу келүү, уйкуга мас болуп кыйналуу.– Барбаймын, кеткиле! – деп, уйкуга карамыгып, Кабыл чатырды башына чүмкөй түштү (Элебаев). Ширин уйкусуна карамыгып жатып калды (Сасыкбаев). Токтогул уйкуга карамыкса да, эски кементайын тартып жамынды (Токомбаев).
каран I то же, чтокараан; караның аман көрүндү фольк. вид у тебя хороший. каран II 1. несчастье, беда; каран күн или каран түн 1) несчастный день; день, который приносит несчастье; 2) проклятая жизнь; күнү каран болду он попал в тяжёлое положение; башыма каран түн түштү я попал в большую беду, со мной случилось большое несчастье; каран түн сал- или каран түн түшүр- обрушить беды, несчастья; учинить разгром; башыма каран түн түшүрөбүз мы ему учиним разгром; каран дүйнө злосчастный мир; мир, полный несчастий и бед; 2. оставшийся без присмотра, оставшийся без помощи; каран кал- остаться без крова; оокаты каран калды он совершенно обеднел; он очень бедно живёт. каран- III возвр. откара- II осматриваться, оглядываться; рассматривать себя (напр. в зеркале); эки жагыңды каранып бас иди, оглядываясь по сторонам; иди осторожнее; кара чачын таранып, жан-жагына каранып фольк. расчёсывая свои чёрные волосы и по сторонам поглядывая; өз боюна каранып коюп оглядев себя (напр. взглянув, как сидит платье); жол каран- всматриваться вдаль; смотреть на дорогу с ожиданием; жерди каранат он стыдливо опустил голову; каранган-карманганым то, что я имею.
1. Азап-тозоктуу кыйын шарт, начар турмуш-абал. Кечээги каран турган айылдарда, Балбылдайт электрик күйүп-жанып (Бөкөнбаев). Жедеп күнүм каран болгондо келип отурбаймынбы (Маликов). Келин ошентип башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан каран күн түштү (Акматов). 2. Ээн калган, кароосуз, багуусуз абалда болгон. Каран калган жетимим, Каран түндү салбагын («Сейтек»). Каран калган малдарың, Каарына алса жуттуку, как баш! («Эр Төштүк»).
1. без какой-л. примеси; карандай чай чай без молока; карандай суу вода без всяких добавлений и примеси; карандай жала сплошная клевета, наглая ложь; карандай шамал сухой ветер (без снега, без дождя); карандай ысык ничем не смягчаемая жара (напр. совсем без ветра); 2. совершенно, окончательно; карандай бузуп совершенно разрушив, испортив; окончательно развратив, совратив.
Жалаң гана, аралашмасы, кошулмасы жок. Карандай чай. Карандай суу. Бүгүн аба ачык болгону менен карандай суук болуп турду (Убукеев). Каңгырап жаткан талаа эле, Карандай шамал чаң эле (Үсөнбаев).
Жаан-чачын болбой, кар жаабай, күн ачык болуп тургандагы өтө катуу суук, ызгаар. Кыймылсыз селдейип тура калсаң өпкөдөн өткөн карандай суук колдоруңдун учтарын, беттериңдин отун ийне менен сайгандай тызылдатып иет (Кыдырмышев).
Жаан-чачын болбой, кар жаабай, күн ачык болуп тургандагы өтө катуу суук, ызгаар. Кыймылсыз селдейип тура калсаң өпкөдөн өткөн карандай суук колдоруңдун учтарын, беттериңдин отун ийне менен сайгандай тызылдатып иет (Кыдырмышев). В.: Кара суук. Тү деген түкүрүк жерге түшпөй тоңуп, жаланган кара суук колу-бетти аймалайт (Бердикеев).
1. Жыгач таякчанын ичине графиттен же кургак боёк затынан өзөк салынып жасалып, жазуу, чийүү, сүрөт тартуу үчүн колдонула турган курал. Боёк карандаш. Сыя карандаш. Инженер-майор картаны столдун үстүнө жайды да карандашын колуна алып, сүйлөй баштады (Сасыкбаев). Столдогу карандашты алып, жаза баштады (Токомбаев). 2. Графит, күмүш, коргошун менен аткарылган сүрөт тартуу техникасынын аталышы.
(или көз каранды) 1. смотрящий просительно, с ожиданием; 2. зависимый; көз каранды өлкөлөр зависимые страны; көз каранды бол- быть в зависимости; сага көз каранды болбоймун я от тебя зависеть не буду.
зат.1. Тамыры дары катарында колдонулуучу өзөктүү, жалбырактуу жапыз өскөн өсүмдүк.
2. Бою бийик, сары гүлдүү, чоң-чоң жалбырактуу тоого чыгуучу куурай.
1. Тамыры дары катары колдонулуучу, өзөктүү, жалбырактуу, жапыз өскөн өсүмдүк. 2. Бийик өскөн, сары гүлдүү, чоң-чоң жалбырактуу, тоодо өсүүчү куурай өсүмдүгү.
Кара санатайлык, ою бузуктук, ниети жамандык. Алар кара ниеттик кылышып, азык-түлүктөрүн катып коюшкан (Бектенов). Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Ал эми арамзалык, кытмырлык, кара ниеттик сыяктуу уюткусу күчтүү болсо, андайлар деги эле өзгөчө өгөй учурап кыйын-кыстоо учурунда жамандыкка өлчөбөй койбойт экен! (Медетов).
Кара санатайлык, ою бузуктук, ниети жамандык. Алар кара ниеттик кылышып, азык-түлүктөрүн катып коюшкан (Бектенов). Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Ал эми арамзалык, кытмырлык, кара ниеттик сыяктуу уюткусу күчтүү болсо, андайлар деги эле өзгөчө өгөй учурап кыйын-кыстоо учурунда жамандыкка өлчөбөй койбойт экен! (Медетов).
(Сагапх) — каранкстар; ставрида балыктарынын бир уруусу, буларга кыйла түрлөр кирет: каранкс большой (С. hippos) — ири каранкс, к. гавайский (С. cheilio) — Гавай каранксы, к. длинноперый (С. armatus) — узун канат каранкс, к. золотистый (С. crysos) — сары каранкс, к. малабарский (С. malabaricus) — Малабар каранксы, к. сенегальский (С. senegalensis) — Сенегал каранксы, к. черный (С. lugubris) — кара каранкс, к. шестиполосый (С. sexfasciatus) — алты түшкүндүү каранкс.
Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат. Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди... Каран күн түштү биздин үйгө (Мырзаев). -Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колу буз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков).
Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат. Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди... Каран күн түштү биздин үйгө (Мырзаев). Каран күн, эмне болуп кетти! («Ала-Тоо»). – Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колубуз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков). В.: Кокуй күн! Кокуй күн турбайсыңбы! (Бейшеналиев). А, кокуй күн, дагы эмне болуп кетти! – ыя, кокуй күн, көңүл иши куруп кетсин! (Бердикеев). Алат күн. Атыңдын оозун бура тур, Алат күн, Чүрөк, тура тур («Сейтек»).
Кырсык чалуу, балакет басуу, кайгы каптоо, азап чулгоо. Келин ошентип башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан каран күн түштү (Акматов).
КАРА НОГОЙ — этноним. Эпосто кыргызга канатташ жашаган уруулардын бири. Көпчүлүк эпизоддордо К. н. белгилүү каармандардын уруусу катары сүрөттөлөт: «Кара Ногой Жамгырчы, Сары Ногой Эр Манас (Радлов жазып алган вариант, 7). «Манаста» К. н. жана Сары ногой тууралуу маалыматтар, тарыхый болмуш көркөм формада чагылдырылган. К. н. тарыхта Жуучу кандын чебереси болгон Ногойго (13-кылымда жашаган) караштуу эл. Кийинчерээк ногойлор деген эл жалпы аталып өзүнчө болуп калыптанган. Бул түрк-моңгол элдеринен куралган калк. Алтын-Ордонун жана ал кулаганда Ногой ордосунун курамына кай бир кыргыз уруулары киргенин эсепке алганда «Манас» эпосундагы К. н. тууралуу билдирүүлөр тарыхый чындыкты чагылдырган дешке болот.
И. Молдобаев
зат.1. Жугуштуу оорулар таралып кетпес үчүн жугуштуу оорулуу кишилерди же айбандарды бир жерге бөлүп коюп, ага эч кимди киргизбөө, андан эч кимди чыгарбоо чарасы. Айдан ашык карантинде жаттык (Сыдыкбеков).
2. Жугуштуу оору бар жерлерден келген адамдарды, товарларды текшерип көрүүчү санитардык пункт.
м. карантин (1. жугуштуу оорулар таралып кетпес үчүн жугуштуу оорулуу кишилерди же айбандарды бир жерге бөлүп коюп, ага эч кимди киргизбөө жана чыгарбоо; 2. жугуштуу оору бар жерлерден келген адамдарды, кемелерди, товарды текшерип көрүүчү санитардык пункт).
ТОСОТ (КАРАНТИН) (ит. quaranta giorni – кырк күн) – жугуштуу оорулардын эпидемиялык чордондон (келүүгө жана кетүүгө тыюу салуу, оорулуу же алар менен аралашкан адамдарды аныктоо же бөлүү ж. б.) же эпизоотиялык чордондон (сезимтал жаныбарларды киргизүүгө, чыгарууга жана топтоого тыюу салуу, ылаңдаган малдарды бөлүү ж. б.) таралуусун алдыналуу үчүн чаралар тутуму.
1. Жугуштуу оорулардын таралышын (соолорго да жайылып кетишин) токтотуу үчүн оорулуу адамдарды же малдарды башка чөйрө менен катыштырбай, изоляциялап бөлүү чаралары. Айдан ашык карантинде жаттык (Сыдыкбеков). 2. Жугуштуу оорулар тараган жерлерден келген жүктөрдү, кемелерди жана адамдарды текшерип көрүүчү санитардык пункт.
КАРАНТИНДИК МАТЕРИАЛДАР – жыйноочу жайлар, транспорт каражаттары, контейнерлер жана башка кандай гана болбосун зыяндуу организмдердин таралуусу мүмкүн болгон заттар жана материалдар.
ТОСОТ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛУУ – өлкөгө жугуштуу оорулар менен айыл чарба зыянкечтеринин каптап кирүүсүн токтотуу боюнча мамлекеттин санитардык ишчараларды жүргүзүүсү. Ушу тапта түпкүлүгү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдөн келип чыккан жүктөр, таңгактар, унаа каражаттары тосот көзөмөлүнө алынат.
ТОСОТ ОБЪЕКТИСИ – КР аймагында али жок же чектелүү гана таралган, бирок өсүмдүктөр менен өсүмдүк өнүмдөрүнө кыйла залал келтире турган зыянкечтердин түрү, өсүмдүк илдеттерин козгоочулар же отоо чөптөр.
Кыйынчылык, чоң кырсык, өтө оор абал. Калдайган калктын башына каран түн мынча келе элек («Манас»). Туйгундардан айрылып, Каран түн түштү Манаска («Манас»). Аларга каран түн болуп, Агарып таң аткан жок (Тоголок Молдо). Карындашым Зууранын башына каран түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»). В.: Кара түн. Жалпы эле Журттун башына кара түн түшүптүр (Бектенов),
Кыйынчылык, чоң кырсык, өтө оор абал. Калдайган калктын башына каран түн мынча келе элек («Манас»). Туйгундардан айрылып, Каран түн түштү Манаска («Манас»). Карындашым Зууранын башына каран түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»).
(или караң-сураң или караң-караң или караң-кураң) едва заметно, чуть видно (о далёком предмете); көзүнө караң-сураң болду ему было (издали) чуть видно; караң-сураң бир неме, караң этип жоголду фольк. что-то неясное показалось (вдали) и скрылось; караң-караң эткен эки адамдын шаңы едва виднеющиеся силуэты двух человек.
1. темно; тьма, темнота, мрак; караңгы эмес түнү бейм фольк. для него, видно, ночь не темна (напр. для грабителя, вора); айдын караңгысы период, когда нет луны, когда ночи безлунные; 2. перен. невежественный, тёмный; караңгы эл тёмный народ; караңгынын көзү жок в темноте ничего не видно; караңгыда көзүм жок название детской игры; караңгы жай могила.
1. Жарыгы жок, көрүүгө мүмкүн болбогон, жарыксыз абал, түн. Күн батып, көз байланып, караңгы түшүп калды (Жантөшев). Караңгы түндө чыккан чыйылдаган үн алардын кулагына шумдуктуу угулду (Байтемиров). Үйдүн ичи караңгы болуп көзүнүн курчу кеткен байкуш кемпир казан-аягын таба албай жүрдү («Ала-Тоо»). 2. өт. Кат тааныбаган, билимсиз, түшүнүгү, аң-сезими өспөгөн, өнүкпөгөн. Караңгыны ойготуп, – Колго берген талабың («Жазгыч акындар»).
Өтө кыйын, айлакер, амалкөй. Бир үйдө караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан чечен бу түшкөн дүйнөнүн бир жери кем, бир жери сөлпүк экенин байкады (Көчкөнов).
Өтө кыйын, айлакер, амалкөй. Бир үйдө караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан чечен бу түшкөн дүйнөнүн бир жери кем, бир жери сөлпүк экенин байкады (Көчкөнов).
1. Караңгы түшүү, караңгы боло баштоо, көз байлануу, күүгүм кирүү. Күн караңгылагандан караңгылап, катуулап соккон желге ыргалган карагайлар күүлдөгөн болот (Жантөшев). Аңгыча болбой айлана да караңгылай баштады («Ала-Тоо»). Күн батып, күүгүм кирип бара жатты, Көрсөтпөй караңгылап эки жакты (Үмөталиев). 2. Жарыкты бир нерсе менен тосуп караңгы түшүрүү, караңгы кылуу. Үйдү караңгылап алып, үч күн бою дым тартай уктай берсем да өзүм билем («Чалкан»).
1. Жарыгы жоктук, түн болгондук, жарык эместик. Асман улам барган сайын түнөрүп, жер бетиндеги караңгылык коюулана берди (Абдукаримов). Күн батып, уламдан-улам жер бети караңгылыктын кучагына кирди (Жантөшев). Караңгылык тоонун аппак жүзүн да көрсөтпөдү (Каимов). 2. өт. Кат тааныбагандык, окубагандык, билимсиздик, түшүнүгү, аң-сезими өнүкпөгөндүк. Окуу – жакшылык, окуусуз –караңгылык (макал). Караңгылыгыман ушул күнгө туш келдим (Бектенов). Караңгылык курусун, болуштун лампасына көрүндүк бергенибиз да ырас (Сыдыкбеков).
1. Абдан каардуу, кишиге тайманбай кол салма, коркунучтуу (жырткычтарга карата). Кара ооз аюуга катылса, чайнап салат («Ала-Тоо»). 2. Тили суук, албуут, ажаан. Кандай кара ооз неме эле, жаагын басып койсоңорчу. Ак кемпир жалакор, кара ооз катындын сөзүн кулагына илген жок (Укаев).
Жаман, жагымсыз сөз айткан, жашыруун сырды сыртка чыгарып жиберген кишиге карата жек көрүү маанисинде колдонулат. – Бул кандай кара оозуңа кан толгур эле?! Кайдагы торпок?! (Өгөбаев). Ушундан кийин катуу айтсам, кара оозума кан толсун, – деди (Бердикеев). Кара оозуңа кан толгур, Кайрылгысыз күн болгур («Манас»).
Чыр, чатак, кыянатчыл, кара санатай, уят-сыйыты жок, жандими. Маркум атасы жакшы киши эле, уулу кайрымы жок кара өзгөй чыкты (Жусупов). Салыймага Бозгунчудай кара өзгөй күйөө керек беле? (Егиналиев). - Кийин кол бошогондо куран окутарбыз, -деп кара өзгөй жардыгын ашырды (Бейшеналиев).
Кыянатчыл, кара санатай, чыр, уят-сыйыты жок. Маркум атасы жакшы киши эле, уулу кайрымы жок кара өзгөй чыкты (Жусупов). Салыймага Бозгунчудай кара өзгөй күйөө керек беле? (Егиналиев). – Кийин кол бошогондо куран окутарбыз, – деп кара өзгөй жардыгын ашырды (Бейшеналиев).
Кара санатайлык, катаалдык, кыянатчылык, уятсыздык. Ушул жерде да кара өзгөйлүк кылдым, наадандык кылдым (Мырзаев). Тазабек кара өзгөйлүгүн карматса, өз элинен алыста, бөтөн жерде коколой башы жүргөн молдокеңдин сазайын окутуп коюшу ыктымал (Сыдыкбеков). Кара өзгөйлүк менен алган акчасын кайтарып төлөй турган болгондо Молдакунов прокурор Жумабаевге мөгдүрөп барган («Чалкан»).
Кара санатайлык, катаалдык, кыянатчылык, уятсыздык. Ушул жерде да кара өзгөйлүк кылдым, наадандык кылдым (Мырзаев). Тазабек кара өзгөйлүгүн карматса, өз элинен алыста, бөтөн жерде коколой башы жүргөн молдокеңдин сазайын окутуп коюшу ыктымал (Сыдыкбеков). Кара өзгөйлүк менен алган акчасын кайтарып төлөй турган болгондо, Молдакунов прокурор Жумабаевге мөгдүрөп барган («Чалкан»).
1. Абдан жугуштуу эчки оорусу. Кара өпкө болгон эчки көздөнүп (Жантөшев). 2. Эчкилерге карата тилдөө, каргыш иретинде айтылуучу сөз. 3. Күйүгүү. – Базарга жете электе эле кара өпкө болуп күйүгүп калды, – деди Элебес (Мидин).
КАРА-ӨТКӨЛ — топоним. Манас баатыр баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөр алдында казактардын уруу башчысы Көкчө жер чалып кайра кайткан учурда «Кара-Өткөл деңиз көл менен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 154) өткөнү айтылат.
КАРА-ӨТӨК — топоним. Алооке кандын Анжыяндан качып кетишин баяндаган окуя боюнча бош калган Анжыянга Манас колу менен келип, К. -Ө. жерине кыштайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 230).
ар. разрушенный, разгромленный; карап кылам элиңди фольк. я разгромлю твой народ; карап болот каныңыз, курман болот жаныңыз фольк. хан ваш будет разгромлен, сами вы погибнете; кана карап обездоленный, несчастный (букв. разрушенный дом); кана карап кыл- обездолить, сделать несчастным; күнү карап болот он пропадёт, погибнет; иш карап дело дрянь.
Бүлүнгөн, талоонго түшкөн абал, бүлгүн, кыйроо. Толкуп кетсе тозогуң, Толгон жандын баарысын, Карап кылып салгандай («Сейтек»). Калктын баарын коркутуп, Карап кылып таштадың («Семетей»).
Чоподон бышырылып жасалган идиштерди билдирген карапа деген сөздөн кийин кабыл алынгандыгы жөнүндө К. К. Юдахин белги койгон эмес. Биздин оюбузча, карапа сөзү гректин кегаточ «топурак» деген сөзүнөн кабыл алынган. Кабыл алынганда биринчи муундагы е тыбышы аяккы муундагы жоон үндүүлөрдү ээрчип, а болуп өзгөрүп, м тыбышы п тыбышына алмашкан: керамос>карама>караба>карапа.
Чоподон жасалган идиш, кумура. Аздан соң бир жигит чоң карапага куюлган бирдемени алып кирди («Жаш ленинчи»). Карапага өстүрүлгөн канча түрдүү гүлдөр терезелердин текчесинде жайнап турганын көрөсүң («Ала-Тоо»).
простой, безыскусственный; карапайым жылкы простая (непородистая) лошадь, лошадь киргизской породы; карапайым ит простая (непородистая) собака, дворняга; карапайым киши заурядный человек (ничем не примечательный); карапайым тил простой, безыскусственный, невычурный язык.
1. Мүнөзү, жүргөн-турганы жөнөкөй, жупуну, бой көтөрбөгөн, менменсинбеген. Биздин командирибиз, Василий Мартынович, курулай чакчаңдай бербеген карапайым, ак көңүл адам эле («Ала-Тоо»). Адам канчалык карапайым болсо, элге ошончолук жагымдуу, жугумдуу болот («Ала-Тоо»). 2. Кызматы же башка даражасы боюнча өзгөчөлөнбөгөн, катардагыдай эле абалда болгон. Калтабай, эми сен мурдагыдай карапайым көптүн бири эмессиң (Токомбаев). Кечээ жакында эле карапайым колхозчу болуп жүрүп, эми бир мекемени башкарган мыкты жетекчилердин катарына кошулдуң («Чалкан»). 3. Тукуму асылдандырылбаган, зоот чалыш эмес, кадимкисинен өзгөчөлөнбөгөн (үй айбандарына карата айтылат). Карапайым кыргыз жылкысы. Карапайым ит. Илгерки карапайым уйлардын ордуна азыр зоот тукум уйларды кармоого өттүк («Ала-Тоо»).
Башкалардан өзгөчөлөнбөгөн жөнөкөйлүк, жупунулук, менменсинбегендик. Сенин карапайымдыгыңа карап, кыз-келиндер да катуу тамашага алып, эрмек кылышчу болду го («Ала-Тоо»).
быть не в своём уме, помешаться, тронуться (по мнению знахарей, это происходит тогда, когда в организме человека развивается суук; см.суук 3); суугу ашып, караптап кетти в нём возобладал суук, и он помешался; караптаган адамдай, карбаластап жөөлуйсүң! фольк. ты мечешься и бредишь, подобно тронувшемуся человеку!
Оору адамдын алы кетип жөөлүп, башы айланып, эс-учунан танган абалда болуусу. Суугу ашынган байкушум караптап, ойду-тоону сүйлөп жөөлүй баштаганда, балдарынын эси чыкты («Ала-Тоо»). Караптаган адамдай, Карбаластап жөөлүйсүң («Мендирман»). Жаш козунун сорпосу, ооба, жаш эт, жаш козунун сорпосу, антпесе караптап кетет (Токомбаев).
(Carapidae) карапус сымалдуулар; треска балыктарынын бир тукуму, буларга төмөнкү уруу жана түрлөр кирет: карапус (Carapus) — карапустар (уруу), к. красный (С. homei) — кызыл карапус, к. средиземноморский (С. acus) — Жер-Орто деңизинин карапусу.
browse (verb)
A sequence of shades ranging from black through white, used in computer graphics to add detail to images or to represent a color image on a monochrome output device.
browsing history (noun)
A user’s private information such as temporary files, history, passwords, web form entries, and cookies that captures Internet surfing and other online activities.
карар I ар. 1. решение; карар чыгар- вынести решение; 2. южн. успокоение; карар тап- успокоиться. карар- II 1. чернеть, темнеть, тускнеть; виднеться чернея; карарып турган кара үңкүр чернеющая пещера; карарган бойдон түн турбайт, калкылдап тийип күн турбайт фольк. не может неизменно оставаться тёмная ночь, не может неизменно, плавно двигаясь, светить солнце; ай карарды луна затмилась; күн карарды солнце затмилось; 2. перен. быть во множестве, чернеться (напр. о людях, лесе); карарган жыйын огромное сборище, собрание с огромным числом народа; 3. перен. быть опозоренным, посрамлённым; карарып, уурум чыккыча, саргарып жаным чыксын погов. чем мне, опозорившись, оказаться вором, лучше в печали пусть выйдет душа моя (т.е. лучше смерть, чем позор); 4. перен. рассвирепеть, остервенеть; задумать недоброе; силерди шерменде кылууга карардым эле я, было, замыслил недоброе против вас; караргандай түнөрүп замыслив коварство; жамы карарды он рассвирепел; жүзү карарып калган он опозорился; оозу карарган язык у него пакостный; дини карарды см.дин.
эск. Токтом, чечим, бүтүм. Мал зооту Орто Азиядагы улут республикаларынын пайдасына калсын деген карар болду («Эркин Тоо»). Алдын-ала сөз менен эмес, кат менен карар чыгарып ич ара акысын берсек болот. (Абакиров).
понуд. откарар- II; карартып, калың алып, кызартып, той жеймин фольк. я возьму бесчисленный калым (скотом), буду резать без числа и есть свадебное угощение; калың кошуун алайын, катаган элин каптатып, карарта чаап салайын фольк. возьму я большое войско, пущу лавиной на катаганское племя и разгромлю; карартып күйгөн чок (о мальчике) озорной; карарта көрбө бетимди фольк. не осрами ты меня.
1. Ак санабаган, кара санатай, кара ниет, шум. Каргышы ката кетпеген кара саат жан экен («Эр Төштүк»). Каап, кайдан кара саат сенин «мөлтүрөгүнө асыл» деген тилиңе кирдим эле (Бейшеналиев). 2. Абдан кыйын, кырсыктуу, татаал, азаптуу деген мааниде. Карыспандын кара суусу бар, Кара саат ушу бар (фольк). Кара саат жолу бар (фольк.).
1. Кара санатай, кара ниет. Каргышы ката кетпеген, Кара саат жан экен («Эр Төштүк»). Каап, кайдан кара саат сенин «мөлтүрөгүнө асыл» деген тилиңе кирдим эле (Бейшеналиев). 2. Кырсык, кесепет, жолтоо. Карыспандын кара суусу бар, Кара саат ушу бар (фолък). Кара саат жолу бар (фольк.). Кара сааттай болуп кайдан келе калды. – Молдо дос, дагы кара саат чырмады (Бейшеналиев).
КАРАСАЕВ Хусаин Карасаевич (1902, Түп району, Кең-Суу айылы) — кыргыз совет адабиятчысы. Профессор (1966). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1992), Кыргыз Республикасынын Илимдер акдемиясынын ардактуу академиги (1992). «Манас» эпосун изилдөөчүлөрдүн бири.
1914—16-ж. Пржевальск орус-тузем мектебинде окуган. 1922 — 23-ж. Кең-Суу кыштагындагы ревкомдун төрагасынын орун басары. 1923 — 27-ж. Ташкендеги казак, кыргыз эл агартуу институтунда билим алган. 1924-ж. кыргыздын туңгуч «Эркин-Тоо» газетасын чыгаруучулардын бири. 1928—31-ж. Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш таануу институтун бүтүргөн. 1961 — 74-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгектенген. Эмгектери: «Жаңылык» туңгуч кыргыз алиппеси (1928, И. Арабаев менен бирге), «Сабат ачкыч» алиппеси (1927), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1928, И. Батманов менен бирге), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1938, И. Батманов менен бирге), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1944), «Орфографиялык сөздүк» (1966), «Накыл сөздөр» (1984), «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1987) жана башкалар Кыргыз элинин биринчи агартуучусу Осмонаалы Сыдыковдун «Тарых кыргыз Шадмания» аттуу китебин (1990) азыркы тамгага өткөрүп, ага баш сөз жазган. 1931-ж. улуу манасчы Саякбай Карала уулу менен биринчи жолу таанышкан. Анын оозунан «Манас» эпосун жаздырып алууга көп эмгек сиңирген. «Манасчы» деген терминди биринчи болуп манастаанууга киргизген. К. «Накыл сөздөр» китебинде кыргыз тилиндеги, ошондой эле «Манас» эпосунда жолуккан көптөгөн накыл сөздөргө түшүндүрмө берип чечмелеген. «Өздөштүрүлгөн сөздөрдө» кыргыз тилине жана «Манаска» башка тилдерден (орус, араб, иран, моңгол, кытай жана башкалар) оошуп кирген сөздөрдүн маанисин ачып берген. 1990-ж. жарык көргөн «Камус наама» («Манас» сөздүгү) эмгеги эпостогу көөнөрүп бараткан сөздөргө түшүндүрмө берүүгө арналган.
3. Бектенов
Бирөөгө ак санабаган, жакшылык каалабаган, бирөөнүн ишин тескери кылганды, бүлдүргөндү жакшы көргөн кыянатчыл. Көпүрөнү кандайдыр бир карасанатайлар гана кулатып жибергендиги билинип турат (Жантөшев). Хандар ошончолук карасанатай болушчу турбайбы (Убукеев).
КАРАСАНАТАЙ АКТЫ – бир мамлекеттин, болбосо анын юридикалык же жеке жактарынын башка мамлекетке каршы, сөзсүз эле укукка каршы келбеген, бирок достук эмес болуп эсептелген аракеттери (м.: башка мамлекеттин юрисдикциясына таандык өз адамдарынын дипломаттык иммунитетин коргоону ишке ашырып жаткан мамлекеттин негиздүү дооматтарын канаттандыруудан баш тартуусу).
Бирөөгө оң санабаган, жакшылык каалабаган карасанатай адамдарга мүнөздүү жорук-жосун, ошолор тарабынан болуучу иш. Карасанатайлык кылып, сууну жыгып жибериптир («Чалкан»). Карасанатайлык, көрө албастык, душман болуу мамлекеттин ишине зыян келтирет («Ала-Тоо»).
Бирөөгө жамандык издөө, кара ниеттик, кыянаттык кылуу. Анын эмне мага кара санай турган жөнү бар? (Байтемиров). Бардыгыңар кулагдар болуп койгула, бизге кара санап, көпүрөөнү бузган ким? (Жантөшев). Кара санаганды өлгөндөй жек көрөм (Бектенов).
Бирөөгө жамандык издөө, кара ниеттик, кыянаттык кылуу. Анын эмне мага кара санай турган жөнү бар? (Байтемиров). Бардыгыңар кулагдар болуп койгула, бизге кара санап, көпүрөөнү бузган ким? (Жантөшев). Кара санаганды өлгөндөй жек көрөм (Бектенов).
(Carassius) таман балыктар; каңылтыр балыктардын бир уруусу, буларга төмөнкү түрлөр таандык: карась золотой (С. carassius) — алтынсары таманбалык, к. круглый — к. к. золотой, к. обыкновенный — к. к. золотой, к. серебряный (С. auratus) — күмүштөй таман балык.
КАРАСМАН — эпизоддук кейипкер, калмак балбаны. Манас төрөлгөндө берилген тойдогу балбан күрөштө казак балбаны Калдардан жыгылып калат (Сагымбай Орозбаков, 1. 97).
Чыгарманын ыр түрүндөгү эмес, жөнүнчө, кадыресе сүйлөө түрүндөгү формасы же анын тили. Кара сөзгө караганда ырдын айырмасы эмнеде? («Кыргызстан маданияты»).
Саздак жерлерден сызылып чыгып чогулган суу. Мойнуна кара таш байлап, Кара сууга салган ким? (Токомбаев). Асты жагы Ит кечпес, Имерилген кара суу («Манас»).
КАРА-СУУ — топоним. Эпосто Алтайда, ошондой эле Ала-Тоодо да кезигет. Манастын жентек тою К. -С-нун боюнда өткөрүлгөн.
Жакып бай жайнай конуптур
Үч-Аралдын түзүнө,
Каңды тоонун оюна,
Кара-Суунун боюна.
Карап тургун калайык
Кан Жакып кылган тоюна (Сагымбай Орозбаков, 1. 77).
Географиялык реалияда Алтай тараптагы жерлердин бири.
Өтө эпчилдик, айлакерлик иш кылуу, ар нерсенин ыгын, амалын таба билүү. Бирок элдин мүлкүнө суук колун салып, кара суудан каймак алгандардын машинасы биринчи эле бурулушта бузулду («Советтик Кыргызстан»).
Өтө эпчилдик, айлакерлик иш кылуу, ар нерсенин ыгын, амалын таба билүү. Бирок элдин мүлкүнө суук колун салып, кара суудан каймак алгандардын машинасы биринчи эле бурулушта бузулду («Советтик Кыргызстан»).
этн. Жыл маалына жеткенден кийин аза күтүү убагында кийген кийимин чечтирип, башка кийим кийгизүү (көбүнчө күйөөсү өлгөн аялдарга карата). Салт ушундай, төркүндөрүн чакыртып, Айзааданын карасын алып, кааласа башын ачып, уруксат кылышы ыктымал (Касымбеков).
этн. Аш берилгенден кийин жесирдин аза күтүү убагында кийген кийимин чечтирип, башка кийим кийгизүү. Салт ушундай, төркүндөрүн чакыртып, Айзааданын карасын алып, кааласа башын ачып, уруксат кылышы ыктымал (Касымбеков).
понуд. откара- II 1. заставить смотреть; докторго карат покажи врачу; 2. дать направление; бери карат поверни сюда; башын жерге каратып олтурат он сидит понурив голову; дөңгөлөгүн асманды каратып перевернув вверх колёсами; 3.: карата с предшеств. дат. п. по случаю, по поводу; в зависимости от...; к...; Биринчи майга карата к Первому мая (по случаю Первого мая); маселеге карата к вопросу об...; Кипрдеги абалга карата к положению на Кипре; иштөө нормаларын кайра кароого карата к пересмотру норм выработки; жазга карата даярдануу подготовка к весне; күчүнө карата по мере своих сил; алына карата в силу своих возможностей; кылган жумушка карата акы берилет плата выдаётся в соответствии с выполненной работой; бери карата начиная от..., вот уже... как; үч айдан бери карата вот уже три месяца, как...; ошондон бери карата с тех пор; 4. (чаще в сочет. с ооз и көз) подчинять, покорять, ставить в зависимость; элди езүнө каратып алды он подчинил себе людей; элди өз оозуна караткан феодал феодал, который подчинил себе народ; феодал, который заставил людей делать то, что он говорит; 5. случать (кобылиц); бээни айгырга карат- случать кобылицу с жеребцом; жер карат- поставить в неловкое или в затруднительное положение; каратып туруп в глаза, на глазах (букв. заставив смотреть); каратып туруп калп айтат врёт в глаза; каратып туруп, атымды уурдатып ийдим лошадь мою у меня на глазах украли.
1. Барыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, ошого жараша, ошого ылайык келип чыккан натыйжаны билдирүү, баяндоо үчүн колдонулат. Жарышка карата саяпкерлердин тынчы кетип жүргөн убак (Каимов). Кийинки күндөрдө Акбардын мамилесине карата Амантурдун да кыялы бузула түшкөн эле (Убукеев). 2. Кыймыл-аракет багыт, алган тарапты, багытты билдирет. Кызыл нарды карата Көкөтай барат калдактап («Эр Төштүк»). Каныбек менен Ажар ары карата жөнөдү (Жантөшев). Алым менен Сатар тамаша иретинде жылуу сөздөрүн Абазга карата айтып жатышты (Таштемиров).
Абдан көп, сан жеткис, жайнаган. Күндө кара таандай ылайчы, бакчачыларга союш, суусун жеткирүүнү токтотушту (Бейшеналиев). Эмне эле кара таандай чогулуп, ажылдап калгансыңар? (Мырзаев). Кара таандай жайнаган колду баштап, алоолоп батышка түрүлөт (Осмоналиев).
Бирөөнүн жардамын күтүп, жанын калкалоого, кыйынчылыктан кутулууга аракеттенүү, жан аргасын издеп далбасалоо. Эл кара талашып, алактап кетип баратып, Муз-Арттын күркүрөгөн суусуна көч-мөчү менен чуркурап киришти (Элебаев). Ал кара талашып жуушап жаткан койду аралай чуркады (Аалы).
Бирөөнүн жардамын күтүп, жанын калкалоого, кыйынчылыктан кутулууга аракеттенүү, жан аргасын издеп далбасалоо. Эл кара талашып, алактап кетип баратып, Муз-Арттын күркүрөгөн суусуна көч-мөчү менен чуркурап киришти (Элебаев). Ал кара талашып жуушап жаткан койду аралай чуркады (Токомбаев).
Кедей-кембагал, жарды адамдарга карата айтылуучу эпитет. Кара таман эмгекчилерди кылымдар бою эзип келген бай-манаптарды аягына чейин жеңдик (Элебаев). Алдыраак жакта отурган Калыбай Мырзаматов деген кара таман томаяк ордунан турду (Абдукаримов). Мандикерликке баруу кара тамандардын иши («Ала-Тоо»). Кара таман кедейлер, жалпы түшкүн оң жолго (Тоголок Молдо). Кара тамандар Тоозактын сөзүнөн чыгышпайт (Абдукаримов).
Кедей, кембагал, жарды, колунда жок, томаяк. Мандикерликке баруу кара тамандардын иши («Ала-Тоо»). Кара таман кедейлер, жалпы түшкүн оң жолго (Тоголок Молдо). Кара тамандар Тоозактын сөзүнөн чыгышпайт (Абдукаримов).
КАРА-ТАШ — топоним. Эпосто Манас Бээжинге кол топтоп аттанганда басып өткөн жерлердин бири:
Как Чөмүчтүн башына,
Кашага, Кара-Ташына
Кымкаптаган чатырга,
Чай кайнатып нан салып,
Сары аякка бал салып,
Чатыраш ойноп даң салып (Сагымбай Орозбаков, 4. 112 — 113).
Географиялык реалияда Чүйдүн Чөмүч өрөөнүндөгү микротопоним.
КАРА-ТАШ — топоним. Манастын кытай-калмактар менен болгон экинчи жолку урушунда душмандардын Каражой мергени (Кожожаштын атасы) «Алачыктай кара таш Кара-Таштан Манасты» (Саякбай Каралаев, 1. 156) тосуп, анын Торучаар тулпарын атып өлтүрөт.
Бир нерсенин орундалбай, ордунан чыкпай тургандыгын күчөтүү, таасындоо маанисинде колдонулат. Карганы күйкө кара ташты алсынбы? Кара ташына арман кыласыңбы? Заман азыр кедейдики (Каимов). Кенде кара ташты бычак болсунбу?
Балакеттиби! (бир нерсенин орундалбай, ордунан чыкпай тургандыгын күчөтүү, таасындоо маанисинде колдонулат). Карганы күйкө караташты алсынбы? Кара ташына арман кыласыңбы? Заман азыр кедейдики (Каимов). Кенде кара ташты бычак болсунбу?
КАРАТЕГИН — топоним. Алтайдан көчүп келип Алай өрөөнүнө отурукташкан кыргыздын нойгут, окчу урууларын чапкан Шоорук канга караштуу жер, аны тоолук калчалар жердеген. Бокмурун Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн элди чогултуп кеңешкенде ылайыктуу жерлердин катарында аты аталган Алай жайлоосунун географиялык жайгашкан орду «Каратегиндин башында» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76) экенин туюндуруу үчүн колдонулган. Географиялык реалияда Тажикстандын түндүк-чыгышында, Сурхоб дарыясынын чөлкөмүндө, Алайга чектеш жаткан тоолуу аймак.
КАРА ТЕЙИТ — этноним. Эпосто кыргыздын белгилүү урууларынын бири: «Катарлаш болуп Кошойго, Кара тейит Найманга Кабардаш болуп ошого» (Сагымбай Орозбаков, 2. 230). К. т. бир катар каармандардын уруусу катары да сүрөттөлөт: «Казактан бар Жоорунчу, Кара тейит журтунан Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу» (Курама варианты, 2. 178). Кыргыздардын санжырасы боюнча К. т-тер тейит уруусунун курамына кирет.
Ойдо жок жерден кокустук болуп, кырсыктап, бузулуп, ордунда болбой калуу. Кара теке сүзгөндө, каргашалуу куржунду кайдан ала койдум эле (Саатов). Жетимиштеги пенсионерди кайсы кара теке сүзүп жүрөт? («Советтик Кыргызстан»). Бул жерге кайсы кара теке сүзүп келдим экен («Чалкан»).
Ойдо жок жерден кокустук болуп, кырсыктап, бузулуп, ордунда болбой калуу. Кара теке сүзгөндө, каргашалуу куржунду кайдан ала койдум эле (Саатов). Жетимиштеги пенсионерди кайсы кара теке сүзүп жүрөт? («Советтик Кыргызстан»). Бул жерге кайсы кара теке сүзүп келдим экен («Чалкан»).
Катуу кыйналып, көл-шал түшүп тердеген абалда болуу. Сөөктөрү кара тер басып, бирок уйкуга карамыгып, көзү бир аз илине калды (Бердикеев). Кайра аркасына чыгып бастыра албай кара тер басты (Абакиров). В.: Кара терге түшүү. Мени кыздын ыры шердентип ийди, кара терге түшүп кар күрөдүм (Жусупов). Ит үрсө терезеден көчө карап Калича кара терге түшүп турган (Абакиров).
Катуу кыйналып, көл-шал түшүп тердеген абалда болуу. Сөөктөрү кара тер басып, бирок уйкуга карамыгып, көзү бир аз илине калды (Бердикеев). Кайра аркасына чыгып бастыра албай кара тер басты (Абакиров).
к. КАРА ТЕР БАСУУ
Мени кыздын ыры шердентип ийди, кара терге түшүп кар күрөдүм (Жусупов). Ит үрсө терезеден көчө карап Калича кара терге түшүп турган (Абакиров).
КАРАТОКО — эпизоддук кейипкер, Мажиктин атасы. Кошойго кандагай батпай калганда Ажыбай менен Чалыбайга кошулуп «Өнөр менен өткөрө Кылып койгон бир иш деп», кандагайдын жөн шым эмес экенин баамдайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 211). Башка учурларда Мажиктин атасы делип же уруунун аталышы (этноним) катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 50, 175). КАРА-ТОО — топоним. Эпостогу сүрөттөө боюнча мифтик кейипкерлердин тургун мекени. К.-Тго жортуул жасаган Жолойдун эрдигин «Кара-Тоону басып жер кылдың, Беш дөөнү байлап эл кылдың» (Саякбай Каралаев, 1. 80),— деп Эсенкан жогору баалаган.
Бактысыз, байкуш, ырысы жок, шордуу. Уйкучулугуна жараша бул кара тумшуктун соргоктугун кантейин (Убукеев). Ошо кара тумшук, куу аяк, Качырып жоого кире элек («Сейтек»). Кара тумшук жайнагыр, «Калк меники» деп чыгат («Семетей»).
Бактысыз, байкуш, ырысы жок, шордуу. Уйкучулугуна жараша бул кара тумшуктун соргоктугун кантейин (Убукеев). Ошо кара тумшук, куу аяк, Качырып жоого кире элек («Сейтек»). Кара тумшук жайнагыр, «Калк меники» деп чыгат («Семетей»). В.: Куу тумшук. Баягы куу тумшук бала энесине кетип калган тура! – деп Сыпай жеңе арыздана кетти (Убукеев). Кем тумшук. Бул кем тумшуктун кылганын кара («Ала-Тоо»). Тумшугу жок. О, тумшугу жоктор, тургула! – деген Бурманын катуу дабышы менен селт ойгонуп кеттим (Элебаев). Тумшугу тайкы. Туулгандан жалгыз кыз, тумшугу тайкы мен элем («Курманбек»).
Бирөөгө ишенүү, ага таянып бел байлоо. Аны эмнегедир жанатан бери Шааркан ичинен кара тутуп калган (Мавлянов). Токтогул кекенген манаптардан жалтанбай, аны кара туткан калың элди чыйралтып октолгон ырды жаадырды (Бейшеналиев). Жалгыз сени ээрчип, жалгыз сени кара тутуп, жалгыз сени эл да, туулган жер да тутунуп, ыргыткан ит шыбагы менен күн өткөрүп жүргөн (Касымбеков). В.: Кара кылуу. Кара кылып кармаган, Кадимки эр Чубактан айрылдым («Манас»). Эгиз козудай ээрчишкен балдары аны кара кылышат («Советтик Кыргызстан»). Караан кылуу. Сенден башка караан кыларым жок («Ала-Тоо»). Караан кылды деп уктум, Аты ургаачы Куялы... («Сейтек») Караан тутуу. Силерди киши деп, караан тутуп, ишенип жүргөн мен акмак (Медетов). Күйөөсү үйүнө келе калса, эмнегедир аны караан тутуп, ага жан тартчу болду (Медетов).
Бирөөгө ишенүү, ага таянып бел байлоо. Аны эмнегедир жанатан бери Шааркан ичинен кара тутуп калган (Мавлянов). Токтогул кекенген манаптардан жалтанбай, аны кара туткан калың элди чыйралтып октолгон ырды жаадырды (Бейшеналиев). Жалгыз сени ээрчип, жалгыз сени кара тутуп, жалгыз сени эл да, туулган жер да тутунуп, ыргыткан ит шыбагы менен күн өткөрүп жургөн (Касымбеков).
м. 1. караул, кароол, күзөтчү, сакчы; почётный караул ардак караулу; 2. (обязанности по охране) караул, кароол; нести караул кароолго туруу; 3. в знач. межд. жан соога!, кокуй, жеп салды!; хоть караул кричи разг. айлаңды кетирет, жаныңды койбойт; взять на караул воен. мылтык менен честь берүү.
несов. кого-что 1. (охранять) күзөтүү, кайтаруу, кайтарып тура туруу, карап туруу, көз сала туруу; караулить стадо мал кайтаруу; 2. разг. (ожидать, подстерегать) сактап туруу, аңдып туруу; я караулил его целый день мен аны бир күнү кечке сактадым; кошка караулит мышь мышык чычканды аңдыйт.
КАРА УСТА — эпизоддук кейипкер. Аккелтени жасаган уста. Бакай Манаска Аккелтени тартуу кылганда «Дөөтү досу Кара уста» (Саякбай Каралаев, 1. 189) жасаганын айтат.
1. чёрный (обычно о верблюде); карача төө чёрный верблюд; карача нар чёрный одногорбый верблюд; карача нардан суу чыкты загадка из чёрного верблюда вода пошла (отгадка жаш слёзы); 2. ист. простолюдин.
КАРАЧА — кейипкер. Кыз Сайкалдын атасы. Бул каармандын образы эпостун варианттарында ар башкача чечилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында калмак доотайы, эл билерманы. Бул вариантта Каткалаң деген ылакап ат менен да айтылат. Текес кан жеңилгенде сексенге таяп калган К-ны эл кандыкка каалайт, көңүлдөнүп калганында кызы Сайкал каршы болуп К. кайра кандыктан айнып калат. Ошондо эл бизге катаалдык кылдың деп, Каткалаң атка конуп кетет. К. Текестин иниси Тейишти кандыкка көрсөтөт. Тейиш кандын тоюндагы эрөөлдө Манастан найза жеген Сайкал сайышка кайра чыкпай койгондо, Манаска К-нын айтуусу боюнча Сайкалдын атын тартуу тартышат. Манас Сарыбуурулду К-га берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 46—48, 64—67). Саякбай Каралаевдин варианты нда кырк уруу кыргыздын бири нойгут элинин каны делет. Атасы Жакыпка таарынып, өзүнө ылайык жолдош издеп чыккан Манас Баба дыйкан менен ортоктошуп айдаган буудайын эли ачарчылыкка учурап, эгин издеп жүргөн К-га берип, акысына «Кулатайды» алып, ал кийин баатырдын айтылуу тулпары Аккула болуп чыгат. Акылы жетик, эл камын ойлогон К.:
Ал абалың кандай деп,
Картайганда Карача
Ал-абалын сурай жүр!
Эрендирсиң, эрдирсиң
Күтүп алчу сендирсиң!
Элди байкап чала жүр,
Менин жерим Лоп дайра
Ошондон кабар ала жүр!
— деп Манаска анын жалпы кыргыз элине арка-бел экенин айтат (Саякбай Каралаев, 1. 172 —182). Манас өлгөндө кызы Сайкалга алтымыш катын кошокчу менен тул салдырып берет (Саякбай Каралаев, 2. 253).
А. Күрөгөнов, С. Төлөгөнова
1. Кара (көбүнчө төөгө карата айтылат). Миң карача төө сайдым, Миң кара кашка бээ сайдым («Эр Төштүк»). Элге өкүм чачты эми Миң карача төө бер деп («Сейтек»). 2. сейр. Кара өңдүү, карасур адам.
Чапкылаган катуу жүрүш. Мурункудай кара чабуулга салбай, аттарды теминише зыпылдатып бастырып баратышат (Жантөшев). Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал).
1. Өтө тез жүрүш, чапкылаган ылдам жүрүш. Мурункудай кара чабуулга салбай, аттарды теминише зыпылдатып бастырып баратышат (Жантөшев). Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал). 2. Байгесиз ат чабыш. Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал).
Дүрбөлөңгө түшүү, бүлүнүү, бүлүк түшүү. Адамдар кара чабуулга түшүп издебесе, менин дагы конгум келер эле. - деди Абдылас (Эсенканов). Убаданы бек аткарган ал уйчу Нускени кара чабуулга түшүп издегендерге төртүнчү күнү айтат (Осмоналиев).
Дүрбөлөңгө түшүү, бүлүнүү, бүлүк түшүү. Адамдар кара чабуулга түшүп издебесе, менин дагы конгум келер эле, – деди Абдылас (Эсенканов). Убаданы бек аткарган ал уйчу Нускени кара чабуулга түшүп издегендерге төртүнчү күнү айтат (Осмоналиев).
Балакеттүү жалаадан, башка түшчү кырсыктан сакта деген маанидеги тилек. О жараткан! Карачанын дооматынан сакта, Кандын касабынан сакта! (Кыргыздардын байыркы батасынан).
КАРАЧАЧ — эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейди күтүп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47). Кийин Кыяс Айчүрөктү олжолоп алып кеткенде К. Айчүрөк менен кошо жүрөт. Айчүрөк толготуп жатканда эркек төрөсө баласын билгизбей өлтүрүп келгиле деп, Кыястын жети кемпирди жөнөтүп жатканын К. угуп, Айчүрөккө айтып келет. Айчүрөк К-тын жардамы менен жети кемпирди өлтүрүп, Сейтекти аман алып калат.
Ченемсиз көп болуп жабыла кирүү, быкбырдай кайнап басып калуу, өтө көп болуп жайнап кетүү. Сибирь жактан актардын колу кара чегирткедей каптап кирди (Эшмамбетов).
Ченемсиз көп болуп жабыла кирүү, быкбырдай кайнап басып калуу, өтө көп болуп жайнап кетүү. Сибирь жактан актардын колу кара чегирткедей каптап кирди (Эшмамбетов).
Абдан, өтө жакын, өз көзүндөй болгон, анык, чыныгы (туугандык, жакындык жөнүндө). Мен, Аманбектин кара чечекей агасы Кожекемин («Чалкан»). Мен сени кара чечекей бир тууганымдан артык көргөмүн. (Бердикеев). Байымбет кара чечекей боордошундай кам жеп, үйрүлгөн досуна ыраазылыгын айкындады (Бейшеналиев).
Абдан, өтө жакын, өз көзүндөй болгон, анык, чыныгы (туугандык, жакындык жөнүндө). Мен, Аманбектин кара чечекей агасы Кожекемин («Чалкан»). Мен сени кара чечекей бир тууганымдан артык көргөмүн (Бердикеев). Байымбет кара чечекей боордошундай кам жеп, үйрүлгөн досуна ыраазылыгын айкындады (Бейшеналиев). Жаныңа ала турган кишилериң өзүңдүн кара чечекей жакының болсун (Жантөшев). В.: Кара чечекейдей. Кара чечекейдей болгон, өзүнүн көздөй кишисин алып келди («Бишкек шамы»).
КАРА ЧОЮН — эпизоддук кейипкер, калмак балбаны, Эсенкан Манасты кармап келүүгө Жолой менен Дөңгө аттуу баатыр-балбандарын баш кылып жиберген согушта Жолойдун он эки жайсаңынын бири экени айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 94).
Кыраан бүркүттөрдүн бири. Акылдын түбүн байкаган, ак сакалы жайкалган аксакал ак өргөөдөн чыгып, ажардуу канышанын жанында Карачыктын кара аласындай кымпыйып турган баланы карап, сакалын сылап койду (Субанбеков).
Мамилени бузуу, ортосуна от жагуу, араздаштыруу. Таттыгүл кантсе да Мубарек экөөбүздүн ортобузга кара чычкан аралатып, студенттик кезден берки сыйлуу-сыпайы аралыгыбыздын бекем дубалынын кайырын чайыр кылып, заматта бузду да кетти окшойт (Казакбаев).
Мамилени бузуу, ортосуна от жагуу, араздаштыруу. Таттыгүл кантсе да Мубарек экөөбүздүн ортобузга кара чычкан аралатып, студенттик кезден берки сыйлуу-сыпайы аралыгыбыздын бекем дубалынын кайырын чайыр кылып, заматта бузду да кетти окшойт (Казакбаев).
караш- II взаимн. откара- II 1. совместно смотреть; 2. совместно принадлежать; 3. помогать, оказывать помощь; малга караш- помогать ухаживать за скотом; мал караш- совместно искать пропавший скот; карашары жок у него нет никого, кто бы о нём позаботился, ему помогал.
1. кара IV этишинин кош мамилеси. 2. Жардам берүү, каралашуу, көмөк көрсөтүү. Кабылдын Базарбайдан башка карашар эч кимиси жок (Элебаев). Кыйшаң-куйшаң дебестен, Жоксузга балдар карашсын («Мендирман»).
КАРА-ШААР (Чоң шаар маанисинде) — топоним. Эпостун негизги варианттарында учурайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: «Жери Шыйкуу, Суушаңда, Калаасы Кара-Шаар болуп, Жердеген экен ошондо» (Сагымбай Орозбаков, 1. 155),— деп Жакыптын жердеген мекени катары айтылса, кээде кытайдын жери (шаары) катарында да учурайт:
Беш калааны айланып,
Бээжин минер мал экен.
Кара-Шаарды айланып
Калдайлар минер мал экен (Сагымбай Орозбаков, 3. 191).
Чоң казатка аттанган Манастын колу Бээжинге бараткан жолдо К.-Ш. аркылуу өткөну айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 92).
понуд. откараш- II искать, изыскивать, присматривать, подыскивать; караштырып, акча таап бериңиз поищите у кого-нибудь (для меня) денег; тияк-биягын караштырып көрчү ты там кое-где посмотри (может быть, есть что-л. подходящее).
Эр бүлөсүнүн баарын өлтүрүп, аялдарын жесир калтыруу. Каптап журтун кырамын, Кара элечек кыламын («Манас»). Кыргыз бүткөн баарысы, Кара элечек болду де («Манас»).
Эр бүлөсүнүн баарын өлтүрүп, аялдарын жесир калтыруу. Карсылдашып урушуп, Кара элечек кылайын («Манас» С. О.). Каптап журтун кырамын, Кара элечек кыламын («Манас»). Кыргыз бүткөн баарысы, Кара элечек болду де («Манас»).
КАРА-ЭМИЛ — топоним. Нескара менен болгон урушта бошотулган маңгулдарга Манас баатыр кыргыз эли менен канатташ жашоону сунуш кылып «Кара-Эмилди, Кажырты Как ошону жердеңер» (Сагымбай Орозбаков, 1. 211),— деп аларды Эсенкандын баскынчыларына каршы күрөшүү үчүн дайым даяр турууга чакырат.
Семиз эмес, бирок эттүү, чымыр (тирүү малга карата), майлуу эмес, бирок эттүү (союлган малга карата). Байлаган мал болбогондон кийин, койлорунун ичинен кара эти толугунан бирди союп, конокторун сыйлады («Ала-Тоо»).