КАРА КЫЛДЫ КАК ЖАРГАН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бардыгына бирдей калыстык кылган, эч кимге жан тартпаган. Ушул Алапайдын бир ыгын келтирип бергиле, эмгегиңер эсте. Кара кылды как жарган калыссыңар (Өгөбаев). Бердиштей кара кылды как жарган калысты кайдан табасыңар? (Ш. Үмөталиев). Кара кылды как жарып акыйкатты туу кармаган бийлер, Аргын менен Тезекбайдын мээнети сиздердин колуңуздарга түштү (Өгөбаев).