КАРА ЧАБУУЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өтө тез жүрүш, чапкылаган ылдам жүрүш. Мурункудай кара чабуулга салбай, аттарды теминише зыпылдатып бастырып баратышат (Жантөшев). Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал). 2. Байгесиз ат чабыш. Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал).