понуд. откара- II 1. заставить смотреть; докторго карат покажи врачу; 2. дать направление; бери карат поверни сюда; башын жерге каратып олтурат он сидит понурив голову; дөңгөлөгүн асманды каратып перевернув вверх колёсами; 3.: карата с предшеств. дат. п. по случаю, по поводу; в зависимости от...; к...; Биринчи майга карата к Первому мая (по случаю Первого мая); маселеге карата к вопросу об...; Кипрдеги абалга карата к положению на Кипре; иштөө нормаларын кайра кароого карата к пересмотру норм выработки; жазга карата даярдануу подготовка к весне; күчүнө карата по мере своих сил; алына карата в силу своих возможностей; кылган жумушка карата акы берилет плата выдаётся в соответствии с выполненной работой; бери карата начиная от..., вот уже... как; үч айдан бери карата вот уже три месяца, как...; ошондон бери карата с тех пор; 4. (чаще в сочет. с ооз и көз) подчинять, покорять, ставить в зависимость; элди езүнө каратып алды он подчинил себе людей; элди өз оозуна караткан феодал феодал, который подчинил себе народ; феодал, который заставил людей делать то, что он говорит; 5. случать (кобылиц); бээни айгырга карат- случать кобылицу с жеребцом; жер карат- поставить в неловкое или в затруднительное положение; каратып туруп в глаза, на глазах (букв. заставив смотреть); каратып туруп калп айтат врёт в глаза; каратып туруп, атымды уурдатып ийдим лошадь мою у меня на глазах украли.
1. Барыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, ошого жараша, ошого ылайык келип чыккан натыйжаны билдирүү, баяндоо үчүн колдонулат. Жарышка карата саяпкерлердин тынчы кетип жүргөн убак (Каимов). Кийинки күндөрдө Акбардын мамилесине карата Амантурдун да кыялы бузула түшкөн эле (Убукеев). 2. Кыймыл-аракет багыт, алган тарапты, багытты билдирет. Кызыл нарды карата Көкөтай барат калдактап («Эр Төштүк»). Каныбек менен Ажар ары карата жөнөдү (Жантөшев). Алым менен Сатар тамаша иретинде жылуу сөздөрүн Абазга карата айтып жатышты (Таштемиров).
КАРАТЕГИН — топоним. Алтайдан көчүп келип Алай өрөөнүнө отурукташкан кыргыздын нойгут, окчу урууларын чапкан Шоорук канга караштуу жер, аны тоолук калчалар жердеген. Бокмурун Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн элди чогултуп кеңешкенде ылайыктуу жерлердин катарында аты аталган Алай жайлоосунун географиялык жайгашкан орду «Каратегиндин башында» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76) экенин туюндуруу үчүн колдонулган. Географиялык реалияда Тажикстандын түндүк-чыгышында, Сурхоб дарыясынын чөлкөмүндө, Алайга чектеш жаткан тоолуу аймак.
КАРАТОКО — эпизоддук кейипкер, Мажиктин атасы. Кошойго кандагай батпай калганда Ажыбай менен Чалыбайга кошулуп «Өнөр менен өткөрө Кылып койгон бир иш деп», кандагайдын жөн шым эмес экенин баамдайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 211). Башка учурларда Мажиктин атасы делип же уруунун аталышы (этноним) катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 50, 175). КАРА-ТОО — топоним. Эпостогу сүрөттөө боюнча мифтик кейипкерлердин тургун мекени. К.-Тго жортуул жасаган Жолойдун эрдигин «Кара-Тоону басып жер кылдың, Беш дөөнү байлап эл кылдың» (Саякбай Каралаев, 1. 80),— деп Эсенкан жогору баалаган.