КАРА ДАЛЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Турмушка чыгар маалынан өтүп калган, жашы өтүп кеткен кыз. Алда качан кара далы болуп калса да, чыдап жүргөн кыйын кыз экен (Байтемиров). Мен эсептесем, кызың кара далы болуп кетти,– деди Адыке (Сыдыкбеков). Бир эсептен сиздики туура, минтип кара далы болуп калдым (Тойбаев). Кара далы бойдон калсам да, сүйүүсүз турмуш курбайм (Борбиев). Же кара далы болуп отура бересиңби? (Борбиев).